Кыргыз гезиттер архиви

  Дартка даба барбы?

Онкология десе ойлонбой көрүнгүлө
Онкология деген сөз адамдын психологиясына дайыма чочулоо алып келет. Бирок жан кыйналып турганда дартка даба издеп, аталган ооруканага баргандар аз эмес. Онкология борборуна көп учурда айыккыс дартка чалдыккандар жатышат. Акыркы мезгилде рак оорусуна чалдыгып, көз жумгандардын саны арбын. Бул оорунун алдын алууга болобу, толук айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо да адам өмүрүн узартууга мүмкүнбү? Ушул сыяктуу суроолор менен Улуттук онкология жана радиология борборунун директору, профессор Накен КАСИЕВ менен баарлаштык.


- Акыркы кезде онкология оорусунан өлгөндөр көбөйүп, оору да жашарып баратканын байкайсызбы?
- Саламаттык сактоо министрлигинде он жылдан ашык эмгектендим. Ошол убакта эле онкология проблемалары курч болчу. Себеби, акыркы убактарда дүйнө жүзү боюнча онкология оорусунун саны көбөйүп келатат. Эгемендүүлүктүн убагында социалдык көйгөйлөр көбөйдү. Буга тамак-аштын тартыштыгы, андан тышкары экологиялык, социалдык проблемалар, психологиялык кырдаалдын өрчүшү адамдын ден соолугуна залакасын тийгизүүдө. Онкология оорулары Кыргызстанда акыркы убакта жашарып кетти десем жаңылышпайм. Себеби, онкология борборунда төрт жүздөн ашуун керебет бар. Алардын ичинен кырк керебет балдар бөлүмүнө тиешелүү. Жаңы төрөлгөн наристеден он төрт жашка чейинки балдар дарыланышат. Бешиктен бели чыгалек балдардын рак оорусу менен ооруганын көрүп кейийсиң. Чындыгында рак оорусунун түздөн-түз себеби такталбаганы менен, ага таасирин тийгизе турган факторлор эчак эле табылган. Адамдын нерв системасы, экологиянын өзгөрүшү түздөн-түз ушул оорунун пайда болушуна шарт түзөт. Бул жерде эң негизгиси, дарттын дабасын эрте аныктоо болуп саналат. Онкология оорусун канчалык эрте аныктаса, ошончолук алдын алып айыктырууга өбөлгө түзүлөт. Бүгүнкү күндө эң өксүткөнү, оору алдын-ала аныкталбай өрчүп, 3-4-баскычка өтүп кеткенде кайрылышкандары өкүнүчтүү болуп атат. Ошондуктан, оорулуунун бир жылдын ичинде эле көз жумушу ушул көрсөткүч менен түздөн-түз байланышта болууда. Эгерде оорулуу 1-2-баскычтарында көрүнүп калса, алар толугу менен какыс айыгып кетсе болот. Мисалы, кечээ эле Сокулуктан 85 жаштагы аксакал келиптир. Ал рактын эң алгачкы баскычын мындан 25 жыл мурда дарылаткан экен. Ошондон бери бир да жолу козголгон эмес. Онко борборуна бир сыйра текшерилүү үчүн гана келиптир. Рак жаңы башталганда бир врач дайыма келип, көзөмөлдөн өтүп турушуң керек деп айткан экен, текшерилгени келдим дейт. Ооруну операция, нур, химия жолу менен дарылоо онкологдордун таасирдүү куралы. Ошол эле учурда аялдардын эмчегинин рак оорусу көп катталууда. Бул оору сыртынан байкалса да, көңүл бурбай, билинген убактан кийин да жарым жыл, бир жылга чейин созуп жүрө беришет. Кээ бири айылдагы эмчи-домчуларга барып, оору акыркы баскычка өтүп, кайрылбас түргө айланганда айласыздан келгендер бар. Мындайда онкологдордун жасаган ишинин жыйынтыгы өтө төмөн деңгээлде болуп атат. Бул ооруну өнүгүп-өскөн өлкөлөрдө кырк жаштан кийин жылына эки жолу алдын ала текшертип, көрүнүп турат. Мисалы, Японияда адам кырк жаштан өткөндө ашказанын, өпкөсүн жана башка органдарын текшертет. А кээ бир мамлекеттерде бул оорулардын 3-4-баскычтарга өткөндүгү жокко эсе. Ошондуктан химия, нур менен дарылагандын жыйынтыгы жакшы. Дагы бир бизди аксатып аткан нерсе, оорулуулардын дартка болгон кайдыгер мамилеси. Экинчиден, элдин арасында бул оору тууралуу түшүнүктү кенен жайылтуу зарыл. Тамеки тартпагыла деп башкаларга айтканыбыз менен врачтардын арасында эле тамеки чеккендер көп. Мисалы, өпкөнүн рак оорусу менен он киши ооруса, алардын тогузу тамеки чеккендер болуп саналат. Эгерде жүз киши ооруса, токсону тамеки чеккендер. Ал эми аялдардын рак боюнча жалпы ооруларынын он беш пайызын эмчек оорусу түзөт. Чындыгында эл тараптан да, дарыгерлер тараптан да жасалбай аткан мүчүлүштүктөр көп. Бизге бул ооруну өз убагында изилдей турган аппараттар керек. Жаңы технология менен жабдуулар начар. Жакында онкоборборго болгону бир аппарат алдык. Союздун убагында алынган аппараттардын баары керектен чыгып калган. Мындай аппарат болбогондон кийин диагноз коюу процесси начар. Бир эле рентген менен баарын көрүүгө болбойт. Дагы бир чоң көйгөй, ошол ооруну тапкан күндө да дары-дармек маселеси тартыш. Мисалы, химия жолу менен дарылоодо орто эсеп менен бир курс дарылануу үчүн үч миң доллардын тегерегинде каражат керектелет. А мынча каражат бюджетте жок. Ооругандардын баары эле мынчалык каражатты табалышпайт, ошондуктан толук кандуу дарылануу да болбой атат.
- Рак оорусунун алгачкы белгилери кандай?
- Мисалы, аялдардын эмчек оорусу жан кыйнап оорутпаса да аны сыртынан көрүүгө болот. Оорулуу адам өзүнүн денесине көңүл бөлүп караса рактын алгачкы белгилерин билүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андан тышкары ашказандыкы же өпкөнүкү түз эле рак болуп кетпейт. Өнөкөт оорудан өрчүп кетиши мүмкүн. Мисалы, өпкөнүкү жөтөл түрүндө башталып, адам арыктайт, ашказандыкы болсо тамакка болгон табит начарлайт. Тилекке каршы азыркы жапайы рыноктун убагындагы күнүмдүк көр оокаттан улам, адамдар ден соолукту экинчи орунга коюуда.
- Бул ооруканада өлүм-житимдер да көп болсо керек...
- Биз үч ыкма менен дарылайбыз. Рак оорусу башка оорулардай курч мүнөздө болбойт. Өнөкөт оору катарында кээде айлап, жылдап ооруйт. Рактын акыркы баскычын дарылаган жыйырмага чукул керебет бар, бул жерде өлүм-житим көп эле болот. Чынында бул оорукананын аты да заты да оор, психологиялык жактан терс таасири көбүрөөк. Онкологияга барып текшерилип кетпейсиңби десек эле чочулашат. Бирок, ошондой болсо да онкологиядан коркпой, текшерилип турганы жакшы. Жакында биздин борборго дарттын дабасын аныктай турган бөлүм ачтык. Эгерде рак оорусу бар деп шектенип келгендер болсо, бекер текшерүүдөн өтө алышат. Ал эми жөнөкөй оору болсо аз өлчөмдөгү акы төлөйт. Негизи бул оору менен кырк, элүү, алтымыш жаштагылар көбүрөөк ооруйт. Рак менен кээде бешиктеги бала деле ооруй берет. Бирок, негизги ооругандар кырктан кийинкилер. Азыр бул борбордо региондогу врачтарды да окутуп туралы деген оюбуз бар.
- Ооруканага жатуу үчүн кошумча акы төлөнөт, а бул ооруканада мындай акы төлөнөбү?
- Онкология борборуна кошумча акы киргизилген эмес. Мунун жакшысы да, жаманы да бар. Жакшы жагы чөнтөгүндө акчасы жок эл каалаган убакта келип көрүнөт. Бирок, оорулуу жаткандан кийин башка ооруканалар сыяктуу эле ар бир оорулууга 35 сомдон каражат каралат. Бул дарыланууга эч жетишсиз. Ошондуктан көпчүлүк дарыларды оорулуулар өзүлөрү сатып алууга туура келет. Эгерде кошумча төлөм болсо ошонун кандайдыр бир пайызын анын дары- дармегине жумшайт элек. Бирок, азырынча, кошумча акы киргизилген жок. Быйыл биздин борборго өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлө баштады. Азыркы учурда жети миллион сомдон ашык каражат бөлүп берди. Учурда ооруканада оңдоо иштери жүрүп атат, аппаратура алдык, бирок, бул албетте жетишсиз. Биздин депутаттар келерки жылдын бюджетин карап атат. Жылдын башында онкология борборуна эки жылдын ичинде 24 миллион сом беребиз деп кабыл алган токтом бар. Ошол каражат толугу менен берилсе жакшы болот эле.Себеби быйылкы жылы берген 10 миллион сом биздин көп көйгөйдү чечпейт. Келерки жылы 14-15 миллион сом берсе, биртоп аппаратура алууга мүмкүнчүлүк болуп, калган акчасына оорукананы оңдоо иштерин бүтүрөт элек. Келерки жылдын август айында онкология институтунун уюшулганына элүү жыл болот. Ал мааракеге Европадан, КМШ өлкөлөрүнөн көп адистер, онкология борборунун директорлору келишет.
- Кыргызстандын кен чыккан жерлеринде рак оорусу басымдуулук кылат дейт, ушул чынбы?
- Түздөн-түз ушул региондон мынча пайызга көп деп айталбайм. Бирок, чындыгында Майлы-Сайдан, Миң-Куштан, Кажы-Сайдан келген адамдардын саны көбүрөөк. Башка региондорго караганда кичинекей балдардын ак кан болуп ооругандары ушул аймактардан көбүрөөк келүүдө. Ошондуктан бул ооруга экологиянын, радиациянын таасири бар деп ойлойм.
- Рак оорусун адамдын канын алмаштыруу жолу менен толук айыктырууга болот деп уктук эле?..
- Канды алмаштыруу менен рак оорусун толук айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок, химиялык дарылоо методу негизинен ошого түптөлгөн. Организмдеги рак клеткаларына таасир тийгизе турган дарылар менен дарылаганда алар өсүшүн токтотот, же өлөт, же кайрадан өсүүгө алып келет. Рак клеткаларынын ар кандай түрлөрү бар. Ошондуктан дары-дармектер да кээсине жакшы таасир тийгизсе, кээсине тийбейт. Операция жолу менен да алып салса болот, бирок, кичинекей эле рактын клеткасы калып калса, кайрадан өсүп чыга берет.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку
тел.: 38-67-13,
agym-tagdyr@mail.ru