Кыргыз гезиттер архиви

  Силер кандай дейсиңер?

Жүрөгүнөн кан, башынан баңгизат кетпеген Ооганстан санаасы

2001- жылдын
11-сентябрында АКШ аба мейкиндигиндеги шумдуктуу трагедияга күбө болгон дүйнө солк этти. Террорист-жанкечтилер абада жүргүнчүлөрү менен самолетторду басып алып, алар түз эле Американын стратегиялык объектилерине багыт алышты. Жүргүнчүлөр жана миңдеген бейкүнөө адамдар курман болушту. Ырайымсыз акциянын маани-маңызын түшүнүү кыйын, бирок дал ошо беймаани болгону менен бул окуя коркунучтуу сезилет. Ошондон кийин жер шарында жашаган эл биринчи жолу терроризмдин мыкаачылыгын, кай учурда болбосун фанатик-террористтердин туткуну болуу ыктымалдыгын өз башынан кечиргендей болду.
Дүйнөлүк коомчулук мындай акциядан өч алууга түшүнүү менен мамиле кылды. Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан НАТОнун коалициялык күчтөрү үчүн өз эрки менен аймактарынан орун беришти. Мындай чечим алардын жеке коопсуздугун коргоонун бирден бир куралы эле. Анткени Ооганстанда бирдиктүү тажик оппозициясы жана Өзбекстандын Ислам Кыймылы (ӨИК) орун алган эле. Булар жалаң гана Фергана өрөөнүнө эмес, бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрүнө таасир тийгизе ала турган Ислам идеологиясындагы реалдуу аскердик-саясый күчтү түзүшөт. Алардын күчүн 1998-99-жылдары ӨИК согушчандарынын Кыргызстандын Баткен облусу аркылуу Өзбекстанга өтүү аракетинен байкаса болот. Ошондой эле Ооганстандын лагерлеринде уйгур жана чечен сепаратисттери аскердик даярдыктан өткөнүн унутпоо керек. Бир сөз менен айтканда, өч алуу акциясы Борбор Азия өлкөлөрүнүн эле эмес, Россия жана Кытайдын да кыбаасын кандырды. Эгерде азыр бул аймактарда тынчтык өкүм сүрүп турса, бул да болсо коалициялык күчтөрдүн аскердик операцияларынын баштапкы активдүү аракетинен деп билсе болот. Анткени мындай аракеттердин аркасы менен куралдуу оппозициянын негизги күчтөрү жок кылынган же чачыратылган.
Ооба, Ооганстандагы согуштан бери сегиз жыл өтсө да, бул өлкөдө принципиалдуу өзгөрүүлөр болгон жок. Тынчтыкты жөнгө салуу процесси оңой эмес, көптөгөн курмандыктар да бар. Бирок, бул НАТОнун аскердик күчтөрүнүн турушуна эч шек келтире албайт. Себеби Ооганстан ушу кезге чейин Азия региону үчүн эле эмес, жалпы дүйнөлүк цивилизацияга келтирилген коркунучтун негизги булагы болуп калууда.
Бир мүнөткө коалициялык күчтөр Ооганстанды тагдырдын тайкы жолуна таштап чыгып кетти деп элестетип көрөлүчү. Алсыз, туруксуз Ооганстандын өкмөтү кырдаалды көзөмөлдөй албайт, демек, хаос башталат. Мындайда өлкөнүн территориясы Колумбиядагыдай эл аралык терроризмдин жана дүйнөлүк наркомафиянын борборуна айланат. Легалсыз миграция, баңгизаттардын аткезчилиги, курал-жарак, булардын бардыгы диний экстремизм менен терроризмге кошулуп, биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрүн каптайт. Андан ары булар ого бетер жайылат. Жаш, өзүнө ишенген Борбор Азия өлкөлөрү мындай агрессивдүү кысымга туруштук бералбасы да бештен белгилүү. Себеби, аларды колдоп кете турган бул өлкөлөрдүн өзүндөгү өкмөт-кө каршы маанайдагы электорат да биртоп. Бул болсо, азыркы өлкө түзүмдөрүн жок кылуунун реалдуу коркунучу. Балким, ушундан кийин гана дүйнөлүк цивилизацияга коркунуч келтирүү үчүн сөзсүз эле ядролук куралдын ээси болуу зарыл эместигин түшүнүүгө болот.
Мындай шарттарда Кыргызстандын НАТОнун аскердик аба базасынын орун алуусу боюнча алдын ала айтууга таптакыр мүмкүн болбогон карама-каршы саясаты өлкөнү эле эмес, дүйнөлүк коомчулукту да туңгуюкка кептеди. Тилекке каршы, мындай жеңил ойлуу туруксуздук эл аралык коомчулукта ишенбөөчүлүктү жаратат. Бул өлкөнүн кадыр-баркына олуттуу доо кетирет.
Менимче, ички карама-каршылыктарга жана бүтпөс согуштарга толгон бечара Ооганстанды кош көңүл карап турууга болбойт. Эл аралык коомчулук, анын ичинде ШОС өлкөлөрү өз цивилизациясын коргоо жана Ооганстанга позитивдүү таасир көрсөтүү үчүн бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүүлөрү абзел. Бул өлкөдө баңгизаттарды өстүрүүнү чектеген альтернативдүү экономикалык долбоорлорду ишке киргизип, жаш адистерди даярдоого жардам берип, ишкердүүлүктү активдештирип жана коомдук пайдалуу эмгектин зарылдыгын колдоо керек. Ошол эле учурда баңгизат бизнеси менен күрөштү күчөтпөсө болбойт. Анткени баңгизат бар жерде зордук-зомбулук сөзсүз болот. Булар бири-бирине чырмалышкан нерселер. Ошентип, акырындап болсо да Ооганстанды коомдук пайдалуу иштерди жасоого оодарып, өнөкөт болуп калган коркунучтан кутулууга болот.
Мирослав НИЯЗОВ,
коомдук ишмер




  А дүйнөдө да, бу дүйнөдө да

Суунун сурагы болот
"Эл башы болгуча суу башы бол" дегендей, Кыргызстандын суунун запасы жетиштүү жерден орун алып калгандыгына тобо дейли. Бул да болсо ата-бабалардын акылман, көрөгөчтүгү менен ушундай телегейи тегиз, жер шарынын бардык алкактарынын климаты бар жерди байырлап калышкандыгынан болсо керек. Суунун запасынын молдугу боюнча Кыргызстан дүйнөнүн алдыңкы 20 өлкөсүнө кирет. Ооба, XXI кылымда суунун баасы алтынды артка калтырат дегенге ишенсек, анда Кыргызстанды жакшы келечек күтүп турат.

Бирок сууну билгичтик, сарамжалдуулук менен, өзгөчө Өзбекстан, Казакстан менен тең салмактуулукта пайдалана билүү гана жакшы ийгиликтерге алып келмекчи. "Эшигиңдин алдында агып жаткан суунун баркы жок" болуп, биз сууга өтө эле чарбасыздык менен мамиле кылып жатабыз. Бир жерде сууну алыстан ташып ичүүгө мажбур болуп жатышса, бир жерде таза суу дайынсыз агып, адам менен кошо мал ичип атат, ит ичип атат. Араб өлкөлөрүндө адам иче турган таза суунун бир литрин эки-үч доллардан сатып алышат экен. А бизде болсо "Таза суу" программасын 8-9 жылдан бери жөнгө сала элекпиз. Суу башы болуп туруп иче турган сууга зарбыз, айдоо жерлерге суу жетпей көп жерлерден жарым-жартылай түшүм алынууда.
Бул маанилүү маселеге бизден мурда коңшу мамлекеттер олуттуу маани берип жатышат. Өткөн жылдын декабрь айындагы ОБСЕ жыйынында Өзбекстандын тышкы иштер министри суу маселесин көтөрүп, Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи, Тажикстандагы Нурек, Кайраккум ГЭСтери адегенде ирригациялык максатты көздөп курулгандыгын, андан кийин энергетикалык режимге өткөндүгүн, бул Өзбекстанга өтө жагымсыз, атүгүл зыяндуу шарттарды жаратып жаткандыгын белгилеген. Анын айтымында, кыш мезгилинде суунун көп агышынан улам айдоо жерлерди, айыл-кыштактарды суу басып, зыянга учуратууда. Ал эми жай мезгилинде суу сактагычтарды суу толтуруш үчүн суу толук өлчөмдө берилбей, миңдеген гектар жерлерге суу жетпей, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттары кыскарууда. Мунун натыйжасында адамдардын жашоо-шарттары төмөндөөдө. Дарыялардын, өзөн сууларынын табигый агышын өзгөртүү менен, алардын бассейндериндеги экологиялык абал өзгөрүп, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жапа чегүүдө.
Өзбек тарап минтип тынчсызданып жатса биз суудан жарытылуу электр энергиясын алалбай жатабыз.
Өзбекстан акыркы мезгилдерде суу ресурстарын биргелешип пайдалануунун принциптерин бир жактуу гана кызыкчылык үчүн бузуп жатасыңар, ал келечекте суу ресурстары гана эмес, энергетика боюнча да талаш-тартышты туудуруп, акыры мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүштөрүнө, саясый стабилдүүлүккө терс таасирин тийгизээрин министр ачык эле билдирди. Тактап айтканда, бул өлкө Сырдарыя, Амударыянын жогор жактарында Кыргызстан менен Тажикстандын коңшу мамлекеттер менен макулдашпай эле Камбар-Ата, Рогун, Яван ГЭСтеринин эң ири курулуш долбоорлорунун иштелип жаткандыгына нааразылыгын жашырбайт. Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясынын талаптарына ылайык, суу ресурстарын пайдалануунун бардык чечимдери, анын ичинде суу-энергетикалык курулуштарды куруу маселелери коңшу өлкөлөр менен макулдашылып, жаратылышка, ал аймакта жашаган элге зыяны тийбегидей ишке ашырылышы керек. Эгерде кайсы бир тарапка зыян көбүрөөк келтириле турган болсо ага компенсация төлөө маселеси да көтөрүлмөкчү. Көрдүңүзбү, өзбек тарап эмненин башын кылтыйтып турганын.
Азыр курулуп жаткан Камбар-Ата - 2 ГЭСи СССРдин тушунда эле башталып 30%ы бүткөрүлүп калган. Курулуштун долбоору СССРдин учурунда иштелип чыккандыктан, бардык эл аралык нормалар, сакталып, ошонун негизинде аткарылгандыгы белгилүү. Демек, Өзбекстандын да талаптары, кызыкчылыктары өз деңгээлинде корголгону шексиз. Кырк жылдай убакыттан бери эч кандай экологияны бузбай, айылдарды каптабай, айдоо жерлерин сугарууга жетип турган суунун аз убакытта эле эл аралык чоң маселеге айланып олтурушу да өтө шектүү. Себеби, союз мезгилинде мамлекеттик пландаштыруу тыкыр жүргүзүлүп, бардыгы план-ченемдүү иштешкен. Суунун бир кубометрине чейин так эсептелип коңшу өлкөлөргө ашык да эмес, кем да эмес берилип турган. Эки тизгин бир чылбыр колго тийгенден кийин мурдагы пландаштыруу системасы бузулуп, азыркы абалга туш келгенибиз турмуштун айныгыс чындыгы. Бул тармактагы көшөгөнү эртерээк ачып, териштирип, тартипке келтирбесе суубузду бергенибиз аз келгенсип өзбек туугандардын компенсациясын да кошо көтөрүп кокуйлап жүрбөйлү. Ошондуктан саткандан мурда сак болуу жана так болуу милдет. "Суунун да сурагы болот" деп элибиз бекер айтпаган чыгар.
Жума МАМБЕТОВ