Кыргыз гезиттер архиви

  Күйгөндөн айтам бир сабак

Малдүйнө алдыга озуп, жандүйнө дагы аксады

Төрт жыл мурда маданият министрлиги кайрадан ордуна келгенде ажобуз баш, министрибиз төш болуп, "маданиятты сактап калдык" маанисинде бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой мактанышты эле. Маданият тармагында эмгектенгендер тебетейлерин көккө ыргытып ыраазы болушкан. Министрликтин бюджети жыл өткөн сайын өйдөлөп, күргүштөгөн миллиондорго борбордогу бир нече маданий жайлардын имараттары ремонттолуп, негизинен театралдык фестивалдар, сөзсүз министрдин калеминен жаралган спектаклдин катышуусу жана анын жеңиши менен өткөрүлүп, ар кандай маданий долбоорлор түзүлүп, акыры быйыл жазында маанисин бир дагы маданият кызматкери түшүнбөгөн "Маданият мыйзамын" кабыл алуу менен күз келгенде министрликтин өмүрү үзүлүп, агенттикке айланып тынды. Министрликти кантип колдорунан жулдуруп жибергенин мурдагы министр, азыркы деректир С.Раев өзү да түшүнбөй калган өңдүү. Айрым бир массалык маалымат каражаттарына берген маектеринде "эчтеке деле өзгөргөн жок, мурда кандай көлөмдөгү иш аткарып келген болсок, ошол эле ишти аткара беребиз" деп жүрөт. Ылайым эле ошондой болсун. Ал эми агенттикке бюджеттен канча каражат бөлүнөрүн алдыда көрөрбүз.


Ач калган айыл маданияты
"Жөжөнү күзүндө санайт" дечү беле. Кеч күз да келип жетти. Санак баштап көрөлүчү. Сан жагынан көп иш аткаргансыды мурдагы министрлик. А сапатычы? Маселе ошерде. Ааламга жол айылдан башталат дешет эмеспи. Мурдагы маданият министри үч орунбасары менен айылда эле төрөлүп-өсүп, маданияттуулуктун очогун ошол жерден тутантып, билимин Бишкектен улантып, акыры министрликтин төрүнө чейин жетишкен да. Анан ошол "төрдө" олтуруп "улаганы" көрбөй, унутуп же унчукпай коюш маданияттуулукка жатабы? Болбосо "Айыл маданиятын көтөрүү жылы", "Китепканалар жылы" деген сыяктуу куру кыйкырык ураандан башка урунттуу эмне калды эсибизде. Айылдык маданият үйлөрүнүн, китепканаларынын, музыкалык мектептеринин абалын айылдын ар бир жашоочусу эле эмес, шаардагы биз да көрүп-билип турабыз. Мурдагы министр эл аралык фестивалдар менен ар кандай жолугушуу-симпозиумдардан колу бошобой келсе, анын орун басарлары айыл маданиятына олуттуу көз салганы деле байкалган жок. Элет маданиятын көтөрмөйүн элибиздин жалпы маданияты көтөрүлбөсүн тарых эбак эле тастыктап койгон. Ошону унуттук. Маданият үйлөрү менен мектептерге караганда ар бир айылда экиден мечит курулуп кеткени эле эмнени каңкуулайт. Мектепти таштап коюп сөзүн түшүнбөгөн намазды кыңылдап окуганды үйрөнгөн бала кыяк менен кыргыз ырын кыйкырып ырдап турса жаман болот беле. Ушундай жагдайларга мурдагы министрликтин көз салганы көрүнгөн жок. Байкашымда, өлкө башчыга караганда маданият министри чет элге ат тезегин суутпай чыгып жүрөт, өлкө ичиндеги маданиятты укмуш деңгээлге көтөрүп салгансып.

Каңгыраган кароо-сынак
Министрлик жаңы түзүлгөндөн көп өтпөй айылдык таланттардын фестивалын өткөрөбүз деп, же жарытылуу жатакана, тамак-аш менен камсыз кыла албай, эптеп-септеп өткөрүлдү аты менен кутулушуп, андан кийин андай фестиваль өткөрүүгө даай албай калышты. Эки жыл мурда айылдардагы музыкалык мектептердин хорлорунун республикалык фестивалын өткөрө коёбуз деп, жол-жобосун иштеп чыгып, жер-жерлерди дарбытып-дүрбөтүп, район, облустар өз күчтөрү менен өткөрүп, республикага жөнөтөлү дегенге чейин жеткенде, акча жок деген шылтоо менен ал фестиваль орто жолдо тамам болду. Мына ошентип келечегибизге, балдарга "катуу камкордук" кылды министрлик. Хор деген эң кеминде 15-20 баладан турган коллективдер, борборго барабыз деген канчалаган боз балдардын делебеси сууп, бозорду. Ошол эле убакта баягы бүтпөгөн ремонттор күргүштөп жүрүп турду борбордо. Негедир ага каражат табылып жатты. 50 жыл мурда жазылган, улутубуз туу туткан комуз боюнча окуу китеби басмаканада жатканына үч жыл болду. Атүгүл миллиондорду чыгым кылып, басмакананын бардык тетиктерин сатып алып, быйыл ачылган "Маданият" басма үйү жана басмаканасынын да колунан бу китепти чыгаруу келбегени таңгалыштуу. Китеп чыгарууга далалаттанган маданият кызматкерлери менен жазуучулар "Маданият" басмасынын эшигин эчен ирет кагып көрүп, кагуу жегенден кийин супсуну сууп, өз каражаттарына ар кайсы басмакана менен тил табышып китептерин чыгарып келишет. Министрлик көп эле иш-чараларды баштаган болот. Бирок, же аягына чыкпайт, же чала иштелип, иренжитип салат. Ал эми искусство тазалыкты, тактыкты талап кылат. Маданият тармагында тазалык, тартип жоголуп калганы оркоюп эле көрүнүп турат. Ээрге отурганда эле фонограмманы жоём деп ач айкырык салган министрдин бул жоругу али күнгө чейин эл ичинде анекдотко айланып келет.

"Бечаралар" качан тоюнушат?
Үч жыл мурда министрликтин алдында 60 адамдан турган штаты бар "Улуттук маданий борбор" аталган "кичи министрлик" түзө салышып, министрликтин "кара жумушун" аткаруу вазийпасы ошолорго жүктөлгөн болучу. Ал эми экинчи кабатта отурган чиновниктер келечек стратегиясы сыяктуу олуттуу маселелерди чечүүнү өз моюндарына алгандай түр көрсөтүшөт. Улуттук маданий борборунун 60 адамынын ичинен алтоосу толук кандуу иш менен алектенип, калганы каңгып эле басып жүргөнүн маданият жаатындагылар жакшы билет. Алардын эмне иш аткарарын министр өзү деле түшүнөрүнө көз жетпейт. Чиновниктердин санын кыскартуу тууралуу байма-бай айтылып келе жатса да мурдагы маданият министрлиги учурунда азаматтык кылып санын 60 адамга көбөйтүп алган. Маданият муңканган абалда турса, министр баш болуп, орунбасарлары менен маданий мекемелердин деректирлери ар кандай ардактуу наамдарды жана сый-ургаалдарды алып жатканына айран таңгалып, калың эл калдая карап туру. "Бечаралар" колунан келип турганда алышсын, "жеп-ичип тоюнушсунчу" деп коюшат айрымдар. "Бечаралардын" көл боюна салган особняктарын сүрөтү менен салып жиберебиз дегендер да бар. Албетте, ал үйлөр башка бирөөнүн наамына катталгандыр. Бирок кимдер кирип-чыгып жүргөнүн кошуна-колоң, айыл-апа, эл билет. Элден эчтеке жашыра албайсың. Эртели кеч, канча бир убакыт өткөн соң өз наамдарына катталаары шексиз. Аны да көрө жатарбыз. Элдин маданияттуулугунун көрсөткүчү катары анын жандүйнөсү эмес, малдүйнөсү болуп калган заманда заманбап үй салып, акыркы маркадагы алкынган машине минүү экендигинин "үлгүсүн" ошол баштыктар өздөрү көрсөтүп жатышат бүгүн.

"Кайыр" сураган композиторлор
Быйыл композиторлор союзунун 70 жылдыгы эле. Маданияттагы бул маанилүү окуя министрликтин көңүлүнүн сыртында калды. Албетте, Композиторлор союзунун башкармалыгынын шалаакылыгы да көз көрүнөө. Искусствого кайсы бир деңгээлде салым кошкон (көзү бары да, көзү жогу да аралаш) инсандарыбыздын ар кандай юбилейлери жана башка иштиктүү демилгелери маданият министрлиги тарабынан колдоо таппаган соң, ар кандай эл аралык фонддордон "кайыр" сурап, чөнтөгү калыңдарга арзыматтык кылып акча табуунун жолун издеп жүрүшөт. Айткылачы, чыныгы бийик искусствонун ошол абалга жеткенине ким күнөөлүү? А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестр ары-бери тепкиленип, футбол тобуна айланып, жабылып калабы деген коркунучка такалышы, жазуучулардын эки-экиден чабышы, театр коллективдери бөлүнүп-жарылганын ж.б. маданият майданындагы толгон-токой ыйкы-тыйкыларды көрүп-билип туруп, өз позицияларын билдирбестен, баягы эле ремонт менен, жеке бир гана автордун спектаклин байма-бай ойноткон фестивалдарынан баштары бошобойт. Себеби, ал жакта акча көп...

"Чала" болду
Бир ууч чиновниктерди багып жаткан министрликтин барынан жогу жакшы, агенттикке айлантып салып туура кылды деген маданият кызматкерлери четтен табылат. А балким ажобуз алардын алкымынын обу жок ачылып кеткенин байкап, ооздуктайын деп агенттикке айлантып салдыбы деген пикирлер да бар. Мааниси жок маданият министрлигисиз эле айтышты "Айтыш" коому, манасты "Манасчылар" коому, жазуучуну, композиторлорду, сүрөтчүлөрдү алардын союздары, салттык музыканы анын түзүлгөн фонду (Р.Аманова жетектеген), эстраданы эл көтөрүп турса, маданият министрлиги эмне иш аткарат деген ой келет экен аргасыздан. Күркүрөгөн министрлик болуп турганда маданиятты көтөрүүгө алы келбеген эми агенттикке айланганда кантээр экен деген күмөн ой калкып турат.
Турдубек ЧОКИЕВ, композитор