presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

Осмонакун ИБРАИМОВ, коомдук ишмер:
"Азимбек Бекназаров - коррупционер-лердин "рекордсмени"
- Оппозиция лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровду Аксы окуясынын башкы күнөөкөрү катары көрсөткөн макалаңыз интернет сайттарга жарыяланды. Мындан улам, Азимбек мырза басылмалардын бирине кенен маек куруп, Аксы окуясынын башкы күнөөкөрү катары сизди баса белгилептир. А киши:"Жети жыл мурдагы трагедиялуу окуяны кайрадан козгоп чыкканына караганда, айрым адамдар Осмонакунга ушундай тапшырма бергендей, сыягы" маанисинде божомолдойт. Сиздин пикир?
- Интернетке чыккан материал - макала эмес, тарыхый очерк. Каалайбызбы-каалабайбызбы, Аксы окуясы биздин жаңы тарыхтын бир бөлүгү. Бул окуянын чын-бышыгына жетиш дагы эле чечиле элек маселе бойдон калууда. Себеби, ар түрдүү божомолдор, атайын айтылган калптар, түрдүү мифтер Аксы окуясын отоо чөп сыяктуу чырмап кеткен. Мен очеркте эки нерсеге: популизмдин баткагына кулак-мурдуна чейин батып кеткен Бекназаровдун каражолтой кесепетине жана агездеги бийликтин чечкиндүү чечим жасабай, маселени ырбатып жибергендигине басым жасадым. Анда Бекназаровдун кантип аксылыктардын башын айлантып, "зомбировать" этип, натыйжада алты кишинин убалына калганын жаздым. Ошондой эле Азимбек коррупция менен күрөшөм демиш болуп, өзү "рекордсмен" коррупционер болгонун ачык көрсөттүм. Акаевдин убагында 18 млн. доллар "жеп" кеткен Жайсаңбаевден тартып, Рыспек Акматбаев, "Рентон-групптун" жетекчиси Пак сыяктуу ууруларды аппак кылып бошотуп жибергенин элдин баары билет. Албетте, алардын бардыгы каш кагып койгону үчүн эмес, Азимбекке көрсөткөн кызматы үчүн бошотулганы жалпыга маалым. Ал эми Башпрокурор кезинде Аксы трагедиясынын чын-бышыгына жетип, кимдин канча күнөөсү бар экендигин такташ үчүн эч нерсе жасабаганы очерктин негизги темасы болду. Мен бир да фактыны бурмалап, Азимбекчесинен көрүнгөндү айыптабадым. Анын эч кимге кереги да жок.

Бегалы НАРГОУЗЕВ, ЖК депутаты:
"Парламенттин түбүнө жетпейбиз!"
- ЖоКеде Ормонов-Наргозуев тиреши күчөп баратканы жөнүндө имиштер тарады. Эки адамдын ортосундагы пикир келишпестиктин айынан парламенттин келечегине балта чабылбайбы? Дегеле, бул каңшаардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Экөөбүздүн ортобузда эч кандай тирешүү болгон эмес жана болбойт дагы. Мен Улугбек Зулпукаровичти кесиптешим, фракциянын лидери катары сыйлайм. Кандайдыр бир маселе боюнча фракция жыйынында талашып-тартышып калганыбызды танбайм. Менимче, жумушка байланышкан ишти саясатташтыруунун кажети жок. Мындай дискуссия бардык эле коллективде орун алса керек. Андыктан, "Ормонов-Наргозуевдин тиреши бүгүнкү парламенттин түбүнө жетпесе болгону" деп божомолдогондор чоң жаңылышат.

Мураталы ажы ЖУМАНОВ, Кыргызстандын азирети муфтийи:
"Кудайга койдум"
- Маматкадыр Суранов аттуу аксакалдын жазган арызына караганда, сиз кызматка келгени чыр-чатактар токтобой, мусулмандардын ортосунда ырк кетиптир. Ошондой эле мечитке сарпталуучу каражаттын бир бөлүгү дайынсыз дейт. Бул маселе боюнча өкмөткө, прокуратурага кайрылган адамдардын арызын басып коет экенсиз. Ушулар муфтий кыла турган ишпи?
- Арыздагы айтылгандардын бардыгы калп. Мен чыр-чатакты ырбатып, мусулмандардын ортосуна чок салганым жок. Бул Маматкадыр аксакалдын жеке пикири болсо керек. Муфтияттын финансылык маселесине кызыккандар болсо, келип текшерип көрүшсүн. Кимдир бирөөдөн жаап-жашыргыдай уурулук кылбадык. Кыскасы, мага жалган жалаа жапкандарды Кудайга койдум. Кимдин ак, кимдин кара экенин Кудай гана таразалайт.

Суроо бар, жооп жок…
- "Либерал прогрессивдүү" аталыштагы жаштар партиясын жетектеп турганыңызда: "Парламенттеги карыган саясатчыларды кетириш керек. Алардын ордун жаш муун басышы абзел. Жаштар үчүн кам көрөм" деп кат-кат убада берип, бирок, анын өтөөсүнө чыкпаптырсыз. Мындай пикирин "Либерал прогрессивдүүнүн" экс-мүчөсү Асел Султанова эркин гезиттердин бирине курган маегинде билдирди. Өзүңүз депутат болгондон кийин эле убаданы унуттуңузбу?
Соболго жооп алуу үчүн "ак жолчу" депутат Максат КУНАКУНОВдун чөнтөк телефонуна чалдык. Эл өкүлүнүн "сотогою" өчүк экен. Андан соң кабылдамасына байланышка чыксак, Алишер аттуу жардамчысы суроону жазып калган. Тилекке каршы, депутаттын жообун күтө берип чарчадык…
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Реформабы же сырткы формабы?
Турдумамбетовдун күнү дагы тууду…

Башкаруу системасын реформалоо менен айрым бир министрликтер, кээ бир кызматтар президентке түздөн түз баш ийип калды. Айрыкча Тышкы иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматынын өлкө башчысына карап калганын ар ким ар кандай жоромолдоп жатат. Муну көбүнчө азыркы өкмөттүн алсызданганы катары карашууда.
Негизи, реформанын шары менен өкмөт майлуу булактардан ажырап, президенттин бийлиги көбөйгөнү чын. Анткен менен башынан эле Кыргызстанда президенттин бийлиги дайыма эле көп болуп келген. Бирок кетирилген кемчиликтерге жооп берүүгө келгенде эле өкмөттүн гана башы кетип, президент таптаза боюнча калчу. Тышкы иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматы өкмөткө караган күндө деле президенттин көзөмөлүндө болгон. Кыскасы, президент мурдатан эле өкмөттүн саясый жана экономикалык иштерине дайыма киришип, бирок ошол эле убакта эч нерсеге жооп берген эмес. Бул жолку башкаруу реформасында президент менен өкмөттүн ортосундагы ошол мамиле аныкталып, президент мындан ары Тышкы саясатты, Улуттук коопсуздукту, инновацияларды, инвестиция тартууну, бирдиктүү каттоого алууну жана кадр саясатын толук өзүнө алуу менен бирге жоопкерчилигин да көтөрүүгө милдеттенди.
Өкмөттүн структурасы боюнча азыр да түшүнүксүз жагдайлар бар. Жергиликтүү саясый серепчилердин пикиринде президент башкаруу реформасын жарыялоодо анын структурасын так аныктады, бирок кээ бир кызматтардын иш аракеттери кандай болорун айткан жок. Мисалы, бир вице-премьер-министр өкмөттүн аппарат башчысы болуу менен бирге бардык министрлердин координациялары айтылды. Бирок ушул убакка чейин премьер-министрдин эмне иш кылары, анын ролу кандай болору, өкмөт мүчөлөрүн тескеген вице-премьер-министрлер менен кантип иштешери, эмне үчүн премьер-министрдин өзү өкмөттү координациялай албасы түшүндүрүлгөн жок. Негизи, азыркы мыйзам боюнча өкмөттүн жалпы ишине премьер-министр жооп бериш керек эле. Ал эми Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин статусу өкмөттүн статусунан жогору турат. Мындай шартта премьер-министр кандайдыр бир тышкы иштерди жүргүзүүдө Мамлекеттик Тышкы иштер министринин уруксатын алып иш жүргүзөбү же башкача болобу, бул да белгисиз. Андыктан реформанын оош-кыйыштары дагы да каралып, бул түшүнбөстүктөр мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип атканда жолго коюлуш керек.
Баса, президент бул реформанын аркасы менен бирин-бири кайталаган өкмөттүк структуралар жоюлат деген эле. Бирок эмнегедир бирин-экиндеп дагы деле бирин-бири кайталап түзүлүп калган министрлик, департамент, кызматтар бар. Мисалы, Табигый ресурстар министрлиги жана ага маани-маңызы окшош Айлана-чөйрөнү коргоо жана Токой чарбасы агенттиги иш учурунда бири-бирин кайталап калары турган иш. Ал эми Мамлекеттик мүлк министрлиги кайсы кыйраткан мүлк үчүн министрлик статуска ээ болуп отурат? Анын чоңу Турсун Турдумамбетов буга чейин эле мамлекеттик мүлктүн сатканын сатып, менчиктештиргенин менчиктештирип бүтпөдү беле. Мына ушундай мисалдардан улам айрым чиновниктер президенттин тилин таап, өз кызмат ордун сактап, атургай чоңойтуп алды окшойт деген ой пайда болот.
Бирде Билим берүү министрлигине кошулуп, бирде жоюлуп кетип, айтор, бар болбой же жок болбой келаткан маданият тармагына кыйын болду. Бул багытта президент тарабынан сүйлөнгөн сөздөрдү, жүргүзүлүп жаткан иштерди, кабыл алынган долбоорлорду эстесек, Маданият министрлигин ким бирөө мамлекет башчысынан сурабай эле жыга чапкансыйт экен. "Лөлүдөн баатыр чыкса өз чатырын чабат" дегендей, эми башы көрүнүп келаткан маданият тармагынын кичирейип кеткени көпчүлүккө түшүнүксүз боюнча калды.
Азыркыдай коомчулуктун бир бөлүгү улуттун тарыхын терең изилдеп, малдүйнөнү эмес жандүйнөнү биринчи орунга, экинчи бөлүгү малдүйнөнү биринчи орунга коюп жаткан учурда маданият тармагы министрлик статусунда калганы оң болмок. Министрликтин башында турган адамдардын иштей алар-албасы башка маселе эле. Ушу кезде кайра министрлик статусун алууга аракет болору бу тармакта айтылып жатат. Эмнеси болсо да акыркы бүтүмдү чыгарууга али эрте.
Зайырбек АЖЫМАТОВ,
т.: 38-67-73, zairajimatov_76@mail.ru




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
6-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Эртең маалымат жана басма сөз күнү
2-бет
Турсунбаев Америкага эмнеге баргысы келбейт?
3-бет
Оп, майда
4-бет
Будур-будур тоолордон Бука минип мен келдим…
5-бет
Карабы, акпы мышык чычкан кармаса болбодубу
6-бет
Осмонакун ИБРАИМОВ, коомдук ишмер:
"Азимбек Бекназаров - коррупционер-лердин "рекордсмени"

7-бет
Парламентке кыскартуу эмес, реформа зарыл
8-бет
Жараткан бирөө эле, аны бөлүшө албагандар көп
9-бет
Малдүйнө алдыга озуп, жандүйнө дагы аксады
10-бет
"ШЕРИНЕ"
13-бет
ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ
14-бет
Кызганычтан кыйылган өмүр
15-бет
Сөз кадыры түшпөсүн
17-бет
"Кыргызстандын музыкалык билим берүүсү мыкты"
18-бет
КР эл артисти Замирбек ҮСӨНБАЕВ:
"Атамдын эки аялынын сүймөнчүгү болгом"
19-бет
Бир өмүр чак келбес өнөр
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
22-бет
Тып… тып… тамчы кабар
23-бет
"Сумерки" фанатизми эмнеден башталды?
24-бет
Атагы аалам жарган Акира Куросава
25-бет
Жаңы тамсил
26-бет
Кыргызстан бир алпты бага албайбы?
29-бет
Пейджер





??.??