presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

  Эй, Манастын тукумдары!

Кыргызстан бир алпты бага албайбы?

Кыргызда кылымда бир Жеңишбек РАИМБЕКОВ аттуу алп жаралса, аны баалай, асырай албай жатканыбыз өтө өкүнүчтүү. Ооруганына эки жыл болсо да ага жылуу пикир айтып, адамча жардам берген кыргыздар аз болуптур. Дүйнөдө эң узун делген беш-алты адамдын бири, уникалдуу мекендешибиз Жеңишбекке Воронцовка курортологиясынан кезиктик.

- Жеңишбек, качантан бери ооруп калдыңыз?
- Кант оорусу менен ооруганыма эки жыл болуп калды. Буга чейин Бишкекте бир аз дарыланып жүрчүмүн. Катуу ооруй баштаганыма эки-үч ай болду.
- Айрым ММКлар айылдагы жашоо шартыңыз өтө начар, тамак-аш жетишсиз экендигин жазышыптыр. Бул чынбы?
- Ошентип жазып коюшуптур. Кудайга шүгүр, айылда тамак кенен эле. Оору ушундай болсо айла жок тура. Эт, майды көп жегенге болбойт экен.
- Ооруп жатканда сизге эч ким жардамга келген жокпу?
- Жок. Болгону Конок байке кокусунан мага келип, акыбалымды көрүп, бул жакка алып келди.
- Эшикке чыгып басып калганыңызга канча күн болду?
- Буга чейин коридордо эле ары-бери басып жаткам. Бүгүн күн жылуу болуп, врачтардын уруксаты менен эшикке чыктым. Диеталык тамактарды жеп жатам.
- Сизди ичимдик ичип ооруп калыптыр дешкендер бар…
- (Күлүп) Мен ичимдик эмне экенин билбесем, кантип ичем? Ушундай ушактарды укканда таңгалам. Жакында Көлгө барсам, ата-апалар "биз гезиттен сени өлүп калды деп окуганбыз. Өмүрүң узун болот экен" деп бата беришти. Ал гезит мындан эки жыл мурун чыгыптыр. Кайсы гезит экенин биле албай калдым.
- Бетиңиздеги шишикпи же?..
- Сөөк. Бул мурун эле бар болчу.
- Азыр басканда башыңыз айланбай, буттарыңыз оорубай калдыбы?
- Жок. Буюрса, өзүмдү жакшы сезип калдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мени дарылаган, жуунткан курортологиядагы врач байке-эжелердин баарына ыракмат айтам. Мага күйүп-бышкан Өскөнбаев Конок, Тургунбаев Асылбек, Токтоболотов Кубан, Шабдан, Кылыч, Алмаз, Базаркул, Айбек, Азамат байкелерге миң мертебе ыраазымын. Кийим, бут кийим тигип берген Бахтияр, Стас өмүрлүү болушсун. Элимде дайыма тынччылык, токчулук болсун. Мени ойлогон элиме ыракмат.
- Айыгып чыккандан кийин эмне кылсам дейсиз?
- Кудай буюрганын көрөбүз да. Азырынча Бишкекте болуп турам го.
- Канча жылдык билимиңиз бар? Китеп окуп, телевизор көрөсүзбү?
- 9-классты бүткөм. Зериккенде китеп окуйм. Телевизор көрөм, саясатка кызыгам.
- Бутуңуздун өлчөмү канча? Буга чейин үйлөнгөн белеңиз?
- Мурун 57 деп жүрчүбүз. Батиңке тиккендер 52 экен дешти. Үйлөнгөн эмесмин.
Шермамат САТЫБАЛДИЕВ, Кыргыз курортология илим-изилдөө институтунун санатория бөлүмүнүн башчысы:
- Жеңишбектин буту баспай калгандыктан жети күн чоң заара кылбай, ичи катып калыптыр. Үч күн бою клизма жасап, ичин жумшарттык. Акырындап тамак иче баштады. Бошоңдоп кеткен организмин калыбына келтирдик. Анализ тапшыртып көрсөк, экинчи типтеги кант оорусу өтүшүп кетиптир. Каны бузулуп, гемоглобини 80-90го араң жетет экен. Азыр минтип өзү басып калды. Тамакты жакшы ичип жатат. Чынын айтканда, алпты үч-төрт күн кеч алып келгенде арты жаман болуп калмак экен.
- Ак-Талаа алпынын кант диабетинен башка да оорулары барбы?
- Жамбашында, далыларында ириңдеп кеткен шишиктери (фурункул) бар экен. Аларды дарылап, тазаладык. Буттарынын манжаларына жара чыгып кетиптир. Аппаратка салып көрсөк бөйрөктөрүнө, жыныс бездерине, өтүнө суук тийиптир. Дарыгерлер колдон келишинче дарылашып, азыр алп жигит өзүн жакшы сезип калды. Кудай буюрса, он күндө чыгаралы деп турабыз.
- Дарылоо каражатын азыр ким көтөрүп жатат?
- Бул жерге дарылангандар атайын 20 күндүк жолдомону сатып алышып, ошонун негизинде дарыланышат. Жеңишбектин алгачкы 20 күнүн Өскөнбаев Конок төлөп берген. Андан берки дарылануусу, тамак-ашы биздин мекеменин директору Молдоташев Ишенбайдын, Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен ушу күнгө чейин бекер болуп жатат.
- Жеңишбекке сиздерге келгенден бери кимдер материалдык жардам көрсөтүштү?
- Депутаттардан Бегалы Наргозуев, Гүлнара Дербишова, Алтынбек Сулайманов, Чолпон Абдуллаева келишип, акчалай жардам кылышты. Жеңишбекке жайкы, кышкы кийимдерин эки сыйрадан тиктирип беришти. Саламаттык сактоо министрлиги таяк жасатып берген. Эми кесиптештер, министрлик балдактарын жасатып берели деп чечтик. Социалдык камсыздоо агенттигинин гуманитардык жардам кылуу бөлүмүнүн бир кызматкери менен Орто Азия жаштар фондунун президенти Илхами келишип тамак-аш, кийим беришкен. Ак-Талаа районунун акими колдон келишинче жардам кыларын, буга чейин Жеңишбектин үй-бүлөсүнө көмүр, отун жагынан жардам кылып келатканын айтты. Мен райондун акиминен Жеңишбек ооруканадан чыгары менен депутаттарга, өкмөткө, президентке кирип, ага Бишкектен бир үй алып берерин суранат элем. Азыр алп жигит кичи мекенине барса кайра ооруп калары турган иш. Анткени, ал жакта бул жууна турган, диета кармай турган шарт жок. Анүстүнө Жеңишбекти бир айда бир анализ тапшыртып, эки айда бирден аппараттар менен текшерип туруш керек. Жогорку квалификациялуу врачтардын кароосунда болушу зарыл. Ушундай көзөмөл болсо Жеңишбектин өмүрү узун болуп, ден соолугу чың болот. Нарын облусунун губернатору да буга кайдыгер карабай, облус элинен жардам алып берсе жакшы болот эле. Кыскасы, кай жагынан жардам болбосун, эң негизгиси, күн сууктаганча Бишкектен бир жай табылса экен. Чынын айтканда, Жеңишбек Кыргызстанда эле эмес, Орто Азия боюнча жалгыз уникалдуу адам. Бою 2 метр 32 сантиметр, салмагы 150 килограмм. Бул адамды баалап, ден соолугун оңдоп алышыбыз милдет. Азыр алпты Алматыга, башка чет өлкөлөргө чакырып жатышат. Ошого чейин Жеңишбекти жакшылап дарылабасак болбойт.
Бакытбек РАИМБЕКОВ, Жеңишбектин биртууган агасы:
- Мен кечээ эле келдим. Буга чейин иним багып жаткан. Жеңишбек үй-бүлөдө бешинчи бала. Ал катуу ооруй баштаганда Конок байке барып көрүп, "шаарга алып келгиле, дарылаталы" деп кеткен. Мына-ана барабыз деп жатып бир күнү иним баспай калды. Биз коркуп Конок байкеге чалсак, "эптеп алып келгиле, мен тосуп алам" деди. Анан айылдан "Ауди" машинесинин арткы орундуктарын алып салып, жаткан калыбында шаарга алып келдик. Бул жердеги врачтар өздөрү көтөрүп чыгышып, ушу кезге чейин жакшы дарылашты. Буту-колу көтөрүлбөй калды эле, азыр басып калыптыр. Дарыгерлерге жараткан жар болсун деп кубанып отурам. Эми кайра Ак-Талаага алып баргандан коркуп отурабыз. Эли-журтубуз, өкмөт Жеңишбекке шаардан бир үй алууга жардам берсе деп үмүт кылып турабыз.
- Айылда турмушуңуздар кандай?
- Кудайга шүгүр эле. Кээ бир гезиттер Жеңишбек ачка калып ооруп жатыптыр деп жазып жиберишти. Андай эмес. Тамак жетиштүү. Болгону айылда мүнөздүү тамактар жок да. Ошондон кыйналып калып жатат.
- Жеңишбектин атынан эсеп ачууну ойлонгон жоксуздарбы?
- Баарыбыз эле айылдык болгондон кийин аны деле ойлогон жокпуз. Конок байке эсеп ачсакпы деп жатат. Буга чейин Жеңишбекке далай адамдар барып, биз кыйратабыз деп кетишип, кайра кайрылышкан жок. Жаңы жылда, майрамдарда аянтка келип, эл менен сүрөткө түшүп, кийимине бир аз акча таап кетчү элек. Байпагынан, баш кийимине чейин заказ менен тиктиребиз. Анын баары кымбат. Бут кийим тиктире албай кыйналабыз. Бут кийимине шаарда да таман табылбайт экен. Эми болсо минтип ооруп калды. Өкмөт шаардан бир там берсе жакшы болот эле. Айылга алып кетсек, ооруп калса кайра алып келиш кыйын экен.
- Буга чейин Жеңишбекке жөлөк пул чектелген эмес беле?
- Жок. Быйыл эле II топтогу майып катары 950 сом чектелди. Ал эч нерсеге жетпейт. Колдогон киши, акча болбосо ооруканаларда деле жакшы карашпайт экен. Воронцовканын врачтары жакшы жардам беришти. Мен инимдин жанында жатып үч маал бекер тамак ичип жатам. Абдан ыраазымын.
- Жеңишбек тууралуу ар кандай кептер бар. Буларга кандай карайсыздар?
- Гезиттерде Бакыт Мамаев деген ырчы Жеңишбек тууралуу ушактарды таратыптыр. Ошентпей эле койсо болмок. Анан айрым журналисттердин көбүртүп-жабыртып жазып жибергендери өкүндүрөт. Ак-Талаанын акими 10 миң сом бердим десе, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Калматов Жолдошбек 1000 сом бердим деп айтыптыр. А чынында аким беш миң сом, айыл өкмөт башчысы 500 эле сом бериптир. Анан Калматов Жолдошбек Жеңишбекке көмүр, отун, буудай жагынан жардам бердим дептир. Жолдошбек Жеңишбекке карыз болуп калып, аргасыз эки тонна көмүр берген. Эмнеге калп айтышат, таңгалам. Бергендерин бергендей эле айтышса болмок.
Мелис СОВЕТ уулу, тел.: 38-67-13, е-mail:molybden2703@mail.ru




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
6-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Эртең маалымат жана басма сөз күнү
2-бет
Турсунбаев Америкага эмнеге баргысы келбейт?
3-бет
Оп, майда
4-бет
Будур-будур тоолордон Бука минип мен келдим…
5-бет
Карабы, акпы мышык чычкан кармаса болбодубу
6-бет
Осмонакун ИБРАИМОВ, коомдук ишмер:
"Азимбек Бекназаров - коррупционер-лердин "рекордсмени"

7-бет
Парламентке кыскартуу эмес, реформа зарыл
8-бет
Жараткан бирөө эле, аны бөлүшө албагандар көп
9-бет
Малдүйнө алдыга озуп, жандүйнө дагы аксады
10-бет
"ШЕРИНЕ"
13-бет
ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ
14-бет
Кызганычтан кыйылган өмүр
15-бет
Сөз кадыры түшпөсүн
17-бет
"Кыргызстандын музыкалык билим берүүсү мыкты"
18-бет
КР эл артисти Замирбек ҮСӨНБАЕВ:
"Атамдын эки аялынын сүймөнчүгү болгом"
19-бет
Бир өмүр чак келбес өнөр
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
22-бет
Тып… тып… тамчы кабар
23-бет
"Сумерки" фанатизми эмнеден башталды?
24-бет
Атагы аалам жарган Акира Куросава
25-бет
Жаңы тамсил
26-бет
Кыргызстан бир алпты бага албайбы?
29-бет
Пейджер





??.??