Кыргыз гезиттер архиви

  Жаңы тамсил

Кечээ жакында бир Истриказа иттей жыргал жашоо өткөзүптүр дейт. Жайды жайлата гастролдо жүрүп, үй-жай дегенди караманча унутат. Гитарасын дыңылдатып, ганарарын туш-тушка чачып, достору менен арак ичип, шашлик жеп, кыздарга барып чардайт. Эртең эле берем деп карыз үстүнө карыз алат.
Ал ортодо Кумурска эмгек биржага барып, күнү-түнү иштеп, чай-чамегин кышка камдайт. Шаардын чет жакасынан ээси жок деген бетарчыдай жерди басып алып, тоокканадай болгон беремянка салып алат. Эртеси күнүле беш-алты тоок ээрчиткен Короз келип, "үй меники" деп талашат. Кетпесең чийки жумуртка менен урабыз деп коркутат. Ошентип куураган Кумурсканы үйүнөн кууп чыгышат. Бечара Кумурска жолдо ыйлап келатса, көлөкөдө Истриказа гитара чертип жаткан болот. "Куке, эмне болду сага? Ким ыйлатты?" дейт ырын саамга токтотуп. "Үйүмдөн кууп чыгышты. Эми кантем, кыш да келип калды, ү-ү-ү!.." деп ыйлайт Кумурска. "Ыйлаба, Куке. Кыштан бийлеп гана чыгып кетебиз. Андан көрө мага кел. Мен "Дихлофос" деген ыр-бий группасын түзүп атам, ка-акрас бир орун бар, кеттик!" дейт далыга таптап. "Же ырдаганды билбесем, же бийлегенди билбесем, кантип сени менен кыштан чыгам, ы-ы-ы…" деп ыйлайт Кумурска. "Үйрөтөм, Куке, бир коркпо!" дейт Истриказа ишенимдүү. Ичинен болсо "…илгери менин атам Ийнеликти диссидент кылып Шиберге айдап башын жуттуңар эле, эми өткөрүп туруп өчүмдү ала турган кез келди, баатыр" деп ойлонот.
Ошентип экөө жөнөп калышат. Байкуш Кумурсканы Истриказа үйүнө алып барып, бир жума бухайтын кылат. Ичкиликке иммунитети жок Кумурска бир жумадан кийин иштегиси келбей, ичкиси эле келип калат. Ушуну гана күтүп аткан Истриказа Ийнеликов башы ооруп, калтырап басалбай калган Кумурсканы жүз грамм жуткузбастан сахнага сүйрөп келип айтат: "Мына, кыш да келди. Бүгүн сенин бийлей турган күнүң!" "Жок дегенде элүү грамм куюп берчи, өлүп баратам!" дейт Кумурска жалбарып. "Азыр куюп берем" деп Истриказа чөнтөгүнөн дихлофос сууруп чыгат. "Ач оозуңду!" дейт. Кумурска "а-ө" дээри менен оозуна дихлофосту пышылдата чачып жиберип, сахнага түртүп ийет. Бечара Кумурска полго кулап түшүп, ичи ооруганынан түйүлүп атат дейт, туйлап атат дейт, чимирилип атат дейт. Тура калып, отура калып, көмкөрөсүнөн, чалкасынан жата калып буттарын тыбырчылатат дейт…
Эртеси күнүле бүт гезиттер: "Дихлофос" деген группа, Ку-Мурка деген жаңы бийчи чыгыптыр. Илибой бийди эз-зип коет экен! Брэйктин жаңы түрүн ойлоп тааптыр! Кечээ филармонияда жыгылып калганча бийлептир! Көргөн да, көрбөгөн да арманда!" деп чуру-чуу түшүп калыптыр дейт.
Ал эми куураган Кумурсканын абалы өтө начар. Кыштан чыгабы-чыкпайбы, белгисиз дейт…