presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Китепкана

  Интернет имне дейт?

"Сумерки" фанатизми эмнеден башталды?
Триллер, мелодрама жанрындагы "Сумерки" аталыштагы фильм өткөн жылы жарыкка чыккан. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде тасма дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, миллиондогон күйөрман топтой алды. Тасманын жаралыш тарыхы, ага кеткен каражат, башкаармандардын тандалуу таржымалынан учкай кеп.

37 млн. доллар 551 млн. доллар "тууганда"
"Сумерки" Стефани Майер айымдын чыгармасынын негизинде жаралган. Тасманы тартуу иштери 2007-жылдын февралында башталып, 2-майда аяктаган. Жалпы жонунан фильмге 37 млн. доллар сарпталган. Кинонун популярдуулугун ушундан билиңиз, ага кеткен чыгым 15 эселеп акталып отурат. Маселен, россиялыктар аталган кинону көрүш үчүн 3 575 902, башка өлкөлөр 383 693 303 доллар сарпташса, DVD дисктерди сатуудан 163 775 902 доллар пайда түшкөн.
Мына ушундай ийгилик коштогон фильмге башкаарман табуу оңойго турган эмес. Стефани айым алгач башкы кейипкер катары Генри Кавилланы тандайт. Тилекке каршы, ал жарабай калган. Андан соң Томмас Старридж менен Роберт Паттинсон башкаармандыкка ат салышат. Жыйынтыгында Эдварддын образын жаратуу бактысы Паттинсонго буйруптур.
"Эгерде сен түбөлүккө жашагың келсе, анда кайсы максатты көздөп жашап атасың?"
Фильмдин негизги өзөгү - идеясы ушунакай. Тасма таржымалы 17 жаштагы Белла Свондун Форкста жашаган атасыныкына көчүп келиши менен башталат. Анын мындай кадамга барышына апакесинин башка адамга турмушка чыгышы түрткү болгон. Тактап айтканда, ал жаңы "атасы" менен бир үйдө батыша алган эмес.
Ошентип, жаңы конушта Свонду оор сыноолор күтүп турду. Форкста ал табышмактуу жана өтө ажарлуу каллендердин (өздөрүн вегетарианец эсептеген каллендерлер болгону жаныбарлардын канын ичишет) үй-бүлөсүнө кезигет. Фильмдеги башкы каармандардын бири Эдвард Каллен кансоргуч (вампир) экенине карабастан Беллага өзгөчө мамиле жасайт. Алсак, Белланы жүк ташуучу машине коюп кетүүсүнөн сактап, көчөдөгү тентек балдардан коргоп калган.
Эки жаштын ортосундагы жылуу мамиле махабат отунун тутанышына алып келди. Жалындаган сүйүү сезими үй-бүлө мүчөлөрүнө чейин жетип, натыйжада Свон Калленди атасы менен тааныштырат. Күндөрдүн биринде каллендерлер бейсбол оюнун уюштуруп, ага Белланы да чакырышат. Накта кызык ошондо башталды. Үч көчмөн вампир, алардын ичинен айрыкча Джеймстин Свонго болгон кызыгуусу артты. Анын аңкыган жыты вампирдин каңылжарын жарып, жылуу канынан татсам дегенде эки көзү төрт. Мына ушул жерде Эдвард өзүнүн санаалашы Джеймстин таламын колдоп, же Белланы ажалдын оозунан алып калышы керек. Бул Каллен үчүн турмушундагы оор сыноо эле. Кыскарта чапканда, "жети өлчөп, бир кескен" Эдвард экинчи жолду тандап алды.
Тасманын негизги идеясы ушунда. Каллен түбөлүктүү жашоодон да (вампирлер өлбөстүктө күн кечирет деген түшүнүк бар), сүйүү сезимин жогору койду. Менимче, фильмдин жаратуучулары Каллендин образы аркылуу кансоргучтар да башкалар сыяктуу махабат дартына чалдыгарын, адамдар сыяктуу ойлонуп, чечкиндүү кадам жасай аларын баса белгилегиси келгендей. Айтор, окуу жылы аяктаганына байланыштуу мектепте салтанаттуу кече өтүп, анда Эдвард менен Белла сүйүү вальсын бийлеп атышы менен фильм соңуна чыгат. Тактап айтканда, башкы кейипкер вампирден кадимки жашоо образына өтөт…




Дүйнөлүк басма сөз беттеринен

Бу жумада дүйнөлүк маалымат каражаттары Араб өлкөлөрүнүн илимпоздору кантип ачылыш жасаганы, Россия лидери Дмитрий Медведев "мыйзамдагы ууруларга" "согуш" ачканы, америкалык ак халатчандардын жосунсуз жоруктарын ашкерелеген макалаларды басты. Мына ушул жана башка жаңылыктар төмөндөгү кабарлар токтомунда.
АКШ. Род-Айленд штатындагы белгилүү оорукананы сот 150 миң доллар айыпка жыгып, операция бөлмөлөрүнө видеокамераларды орнотууга милдеттендирди. Буга чейин оорукана нейрохирургдары жаңылышып, оорулуунун мээсинин соо жерине операция жасашып 50 миң доллар айып тартышкан. Бирок, аз өтпөй хирургдар дагы эки жолу жаңылыштык кетиришкен. Акыркы жолу оорукана "билермандары" адамдын бир эле манжасына операция кылыш керек болсо, жаңылып алар төрт манжасын тең кескилешкен. Муну эске алып, штаттын саламаттык сактоо кызматынын башчысы Девид Гиффорд аталган бейтапканага дагы олчойгон айып салып, операцияларды дыкат текшерген көзөмөлдөөчү коерун билдирди. Мындан тышкары, атайын коюлган видеокамералар эми ар бир хирургдун ишин тартып турат.
Россия президенти Дмитрий Медведев Кылмыш кодексине кылмыштуу топторду түзгөндөргө, "мыйзам ууруларына" болгон жазаны күчөтүүгө өзгөртүүлөрүн киргизген мыйзамга кол койду. Президент криминалдык чөйрөнүн башында тургандар 15 жылдан 20 жылга чейин же түбөлүк эркинен ажыратылышы керектигин баса белгиледи. "Кылмыштуу топтун арасында жүргөндүн өзү эле чоң кылмыш" дейт өлкө башчысы. Буга чейин Кылмыш кодекси уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн шарттуу түрдө эркинен ажыратууга жол бербей келген. Эми кылмыштуу топтун катарындагылар өзүнө берилген жаза мөөнөтүнүн төрттөн үч бөлүгүн өтөмөйүнчө боштондукка чыгарылбайт.
Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айне университетинин кызматкерлери араб тилинде сүйлөй турган робот жасашты. Ага арабдар белгилүү философ, окумуштуу Ибн Синанын атын ыйгарышкан. Сыртынан караганда робот Ибн Синанын дал өзүн элестетет. Аль-Айне университети эми соода түйүндөрүндө, маалымат күркөлөрүндө жардамчы, сатуучу болуп иштей ала турган роботторду чыгарууну пландаштыра баштады. Азыр алгачкы робот - темир Ибн Сина ар кандай суроолорго жооп берип, интернетке өзү туташып, кардар сураган маалыматтарды издеп, экранга даяр кылып чыгарып бере алат. Мындан сырткары, Ибн Сина классикалык араб тилинде так сүйлөп, жүзүнөн анын кайгырганы, кубанганы, ойго батканы билинип турат.
Индия борбордук банкы жума башында Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) сатыкка койгон 200 тонна алтынды сатып алды. Мындай байлыкты сатып алууга Индия 6,7 миллиард доллар жумшаган. Эскерте кетсек, 2009-жылдын сентябрь айында аталган фонд топтолгон алтынынын 403,3 тоннасын сатыкка коерун жарыялаган. Фонд алтындын баасы дүйнөлүк рынокто түшүп калбагыдай кылып сатарын, сатыктан андан түшкөн каражатты жарды өлкөлөргө жардам кылууга жумшарын билдирген. ЭВФтин бул максаты ачыкка чыгары менен алтынды Кытай борбордук банкы сатып алары тууралуу маалыматтар пайда болгон. Эгер рыноктук орто баа менен эсептесек Кытай бул 403,3 тонна алтынга 13 млрд. доллар сарптамак.





Көктө эмес, жерде жүргөн жылдыздар жаңылыгынан

Бээ десе, төө деп
Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Кристина Орбакайте менен Руслан Байсаровдун ортосунда бала талаш чатагы чыккан. Анын арты сотко айланып, Кристина менен Руслан маалымат каражаттары аркылуу "согуш" баштаганы маалым. Алардын ар бирине токтолуп отурбайлы. Айтор, узакка созулган чатак Орбакайте-Байсаров "тандеминин" жаралышы менен аяктады. Алсак, өткөн жумада эрди-катын ОРТ каналы аркылуу "биз урушкан эмеспиз. Үй-бүлөбүздүн чеби бекем, очогубуз өчкөн жок. Журналист журтчулугу көбүртүп-жабыртып атып экөөбүздү айыгышкан "душманга" айландырып коюшту" сыпатында бежиреди. Муну уккандардын оозу Ошту карап турганы. Демек, көгүлтүр экран аркылуу ашатып, бири-бирине жугунду куймай жолоюна түшкөндөр Кристина менен Байсаровдун "клону" экен да?!
Крузга тийишпе, өлөсүң!
2007-жыл Американын "мен" деген актеру Том Круз үй-бүлөлүк альбомун жоготуп жиберген. Анда үйлөнүү үлпөтүндө тартылган сүрөттөр бар болчу. Альбомду "согуп" кеткен эргул Томдон 1 млн. доллар талап кылган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында 47 жаштагы Дэвид Ганс Шмидт колго түшкөнү маалым. Ал буга чейин Пэрис Хилтон менен Колина Фарреланын төшөк оюндарын тасмага түшүрүп, коомчулукка жарыялаганы менен атагы алыска тараган. Мына ушундай "эрдиги" менен эсте калган кылмышкер өз каалоосу менен о дүйнөгө аттанды. Өзүн-өзү өлтүрүүгө не себеп болгону азырынча белгисиз. Ошондой эле маркум Голливуд жылдызынын альбомун кайтарып берген-бербегени туурасында так маалымат жок.
Боря чын эле эркекпи, ыя?
Орустун абройлуу ырчысы Борис Моисеев 55 жашты багынтканына карабастан, расмий үйлөнө элек. Ошентсе да, анын бир уулу, жадагалса небереси бар. Бойдокчулуктан жададыбы, же үй-бүлөлүк жашоонун чыныгы даамын таткысы келдиби, айтор, Боря америкалык сулууга баш кошууну чечти. Моисеев болочоктогу жубайы менен мындан төрт жыл мурда таанышкан. Борис мырза чындап эле америкалык периге баш кошобу же аны да боозутуп таштап коебу, аны убакыт көрсөтөт.
Волочкованы ким "эрмектеди"?
Атактуу балерина Анастасия Волочкова Украинадан кызыктай кырдаалга тушукту. Катардагы чегара кызматкерлеринин бири балеринанын документтерин жүйөсү жок тартып алган. Анастасия айым Львов шаарына концерт койгону бараткан. Кыскасы, Волочкованы чегарачылар бир сутка бою "эрмектешти". Балеринанын пикиринде, Санкт-Петербургдагы квартирасынын тегерегиндеги соттук иштер мындай күтүүсүз жагдайдын жаралышына түрткү болуптур. Деген менен, Анастасия көздөгөн жерине жетип, концертин ийгиликтүү өткөрүп алды. Эң кызыгы, билеттер ал ойлогондон да он эсе кымбат баада сатылып, балеринанын чөнтөгүн кампайтты.
Жөн жүр десе болбой
Ырынан да чыры көп Бритни Спирс коомчулукка дагы бир "сүйрүприз" тартуулады. Эки баласын багуу укугунан ажыраганы аз келгенсип, бейтааныш адамдын машинесин сүзүп алыптыр. Анын айынан алты ай темир тор артына кетип, 1000 евро өлчөмүндө айып пул төлөшү ыктымал. Бритнинин жосунсуз жоруктарынан жадаган менеджери менен адвокаты мындан ары ырчы менен кызматташпай тургандыгын билдиришти. Ишенген адамдарынан айрылган Спирс эми кантер экен?








кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
6-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Эртең маалымат жана басма сөз күнү
2-бет
Турсунбаев Америкага эмнеге баргысы келбейт?
3-бет
Оп, майда
4-бет
Будур-будур тоолордон Бука минип мен келдим…
5-бет
Карабы, акпы мышык чычкан кармаса болбодубу
6-бет
Осмонакун ИБРАИМОВ, коомдук ишмер:
"Азимбек Бекназаров - коррупционер-лердин "рекордсмени"

7-бет
Парламентке кыскартуу эмес, реформа зарыл
8-бет
Жараткан бирөө эле, аны бөлүшө албагандар көп
9-бет
Малдүйнө алдыга озуп, жандүйнө дагы аксады
10-бет
"ШЕРИНЕ"
13-бет
ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ
14-бет
Кызганычтан кыйылган өмүр
15-бет
Сөз кадыры түшпөсүн
17-бет
"Кыргызстандын музыкалык билим берүүсү мыкты"
18-бет
КР эл артисти Замирбек ҮСӨНБАЕВ:
"Атамдын эки аялынын сүймөнчүгү болгом"
19-бет
Бир өмүр чак келбес өнөр
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
22-бет
Тып… тып… тамчы кабар
23-бет
"Сумерки" фанатизми эмнеден башталды?
24-бет
Атагы аалам жарган Акира Куросава
25-бет
Жаңы тамсил
26-бет
Кыргызстан бир алпты бага албайбы?
29-бет
Пейджер





??.??