Кыргыз гезиттер архиви

  Күлазык

Бир өмүр чак келбес өнөр

Бул актерду Семетейдин образынан улам билебиз. Балким, "Ак гүл саткан адамдан" да көргөндөр бардыр. Же улуу муун бул актерду Чолпонбайдын, Олжобайдын ролунан улам тааныйт чыгар. "Күлазыктын" төрүндө - КР эл артисти Замир СООРОНБАЕВ.

Он жылдан бери Кыргыз улуттук академиялык театрында штаттагы режиссерлукту аркалап келатам. 1999-жылы ыраматылык Бообек Ибраев шакиртиме бошотойун деп мага ордун берген. Өзү музейге директор болуп, театрдын тарыхын жазам деген жакшы ойлору бар эле. Ал кыялына жеткирбей шум ажал алып кетпедиби. Актердукта жарым штаттамын. "Сахнада роль аткарып турбасам жок болуп кетишим мүмкүн" деп өзүм сурангам. Жандүйнөмдө актермун. Кээде спектаклдерде ойноп, көбүнесе оюн коем.
* * *
…Ойдо көп нерсе бар. Пьеса жазсам, сахнага койсом дейм. Бирок, көп учурда ички дүйнөңдө ошол тилегиңдин орундалышына даярдык жок же жетишсиз болуп калабы, айтор, ар кандай себептер болот. Бүгүнкү күн тууралуу чыгарма жараткым келет. Карапайым адамдын турмушунан. "Адамды терезеден ыргытып жибериш оңой, бирок кол сунуп кайра тартып алыш азап, - деп калчу мугалимим, анан жолдон өтүп бараткан адамды терезеден көрсөтө. - Ошол үчүн чыгарма тээтиги карапайым киши жөнүндө болуш керек". Ошол жөнүндө көп ойлоном. Ким билет, балким, бир күн пьеса да жазылар. Драматургия жаатында азыр жаңыча көз караштагы жаштар чыкпай жатканы кейитет. Аз-маз чыкканы менен 60-70-жылдардагыдай эмес. Агездеги корифейлер Токтоболот Абдумомунов, Бексултан Жакиев, Мар Байжиев, ж.б. сыяктуу жоон топ азыр бул жаатта жокко эсе. Андай драматургдар болгондо театрдын өсүп-өнүгүшүнө да бир топ өбөлгө болот эле.
* * *
Баягыда жаштардын "Бүгүнкү күндө театрдын кереги барбы?" деген талкуусун теледен көрүп калдым. Ошондо келечек муундун басымдуу бөлүгү: "Үйдө телевизор бар. Дискти алып келип, каалаган кинобузду көрүп алабыз, театрга убакыт кетирип эмне. Театрда эч кандай шарт жок" дейт шылтоолоп. Бирок, алар бир нерсени эске албай жатышат. Театрда көрүүчү менен сахна ортосунда тирүү байланыш бар. Бүгүн көргөн спектаклди эртең келип көрсөң башкача болушу мүмкүн. Экран менен сахнанын айырмасы ушунда. Жаштардын театр боюнча түшүнүктөрүнүн тардыгы кейитпей койбойт. Бул бала бакчадан университеттерге чейин театр боюнча маалыматтардын жетишерлик берилбегендигинен. Анткени, көрүүчү да профессионалдуу театрга келиши үчүн кандайдыр бир деңгээлде даярдыгы болушу кажет. Убагында айылдан кишилер келсе, шаардыктар театрга алпарууну салтка айланткан. Көрүүчүлөрдүн деңгээли да азыркыларга караганда бир топ жогору эле. Муну моюнга алыш керек. Азыркы жаштардын көбү театр имараттары кай жерде жайгашканын да билбейт. Заманбап технологияларга эч каршылыгым жок, бирок, театр өзгөчө искусство. Ал бөтөнчө мамилени талап кылат. Театрга келсе, өсүп келаткан муун жашап аткан коомундагы көп нерселерге көзү ачылмак.
* * *
"Театр - жандүйнөнүн күзгүсү" деп бекеринен айтылган эмес. Жандүйнөбүздү биз башка кайсы күзгүдөн карай алабыз. Интеллигенция, интеллектуалдык деңгээл дейбиз. Мунун баары көркөм өнөр, көркөм дүйнө менен толукталат. Азыркылар батыштын музыкасын угуп, аларды туурап, кайталоого аракет кылышат. Тамара ханымдын бир сөзү бар: "Өз маданиятыңдын туу чокусуна жетпей туруп, дүйнөлүк маданияттан орун алалбайсың". Сыртка чыксаң, сөзсүз эл-жериңдин өзгөчөлүгүн сурайт. Аларга жооп бералбай турсаң, сен не деген атуулсуң?! Бул жагынан терең тарбияланууга театрдын да мааниси чоң.
* * *
25 жылдан бери болочок актерлорго сабак берип келем. Педагогика да өзүнчө түйшүк. Өз билимиңди келечек муунга толук түшүндүрүп, нукка салуунун өзү күчтүү касиетти талап кылат. Таланттуу балдар-кыздарга өз тажрыйбамдан, билгенимден бөлүшүп атып, актер, режиссер катары алардан да үйрөнөм. Камырды кандай ийлесең, ошондой ийлене берет эмеспи. Алардын штампка бериле элек, назик, таза кездери. Сабак бизде башка окуу жайлардай эмес. Окутуучу менен студенттин ортосундагы тыгыз байланыш болушу шарт. Ошондо гана экөөнүн ортосунда чыгарма, роль жаралат.
* * *
Шоу-бизнес, кино, айтор, чыгармачыл чөйрөдөгүлөрдүн өзүнүн "талантын" баса белгилеп "талантым" деп сүйлөгөнүн жактыра бербейм. Себеби, талант башкалар тарабынан, 10, 20, 30 жылдык эмгектен кийин гана бааланышы зарыл. Өзүнө өзү баа берип, "мен таланттуумун" дегендерди түшүнө албайм. Жараткандан шык берилет. Аны өмүр бою тарбиялап отурат. Анан артында из калтырып кеткен болсо, ошол изинен улам талант деңгээли бааланат.
* * *
80 жылдык тарыхы бар биздин Кыргыз улуттук академиялык театрында не деген гана залкарлар өтпөдү. Көзү барында балким, бир тобунун баркын билбедик. Өткөн жолуңа кылчайып карасаң, алар менен бирге иштеген процесстерден эскерсең, шумдук корифейлер өтүптүр. Өтө чоң таланттар деп ошол адамдарды айт. Театрга жаңы келгенимде Муратбек Рыскуловдун каза болгонуна жарым жыл болгон экен. Ошол кишини гана көрбөй калдым, калганы менен бирге иштешип, баталарын алып калдым. Бүгүнкү күндө да алардын эмгегин эскергендер арбын. Кечээ эле көзү өткөн Советбек Жумадылов театрда да, кинодо да не деген образдарды жаратып кетти. Жаныбызда жүргөндө байкабастык менен пендечиликке алдырат экенбиз. Көздөрү өткөндө жоктоп калабыз. Ошол эле Жекшен Арзыгулов, Күнболот Досумбаев, Болот Шалтаев, Мамбет Асанбаев, Асанбек Кыдырназаров деген чоң таланттарчы?! Көч баштаган ушул адамдар театрды улуттук даражага жеткиргендер. Көбүнүн көзү өтүп кетти. Ойлоп алып зээним кейийт…
* * *
Көбү 70ке чыкпай калды. Пендечилик деген ушул экен, убагында залкардын залкардыгын айта албайт экенбиз. Көзү өткөндөн кийин кайсалап таппай калат турбайбызбы. Эл артисти Мамбет Асанбаев агай быйыл күздө 70 жылдык мааракесин өткөрөм деп жүрдү эле. "Кыргызфильмдеги" алгачкы "Жоро" тасмасында Жоронун ролун ойногон. Кыргыздын жүзүн бир көрсөткөн ошол тасмада. Күнболот Досумбаев 60тан жаңы ашканда кете берди. Тургун Бердалиев бир эле образы менен - "Ак мөөрдөгү" "Ата, катын алам" деген каармандын образын жаратуу менен кыргыз-казакка таанылган. Анын залкардыгы ошондо. Буларды айтканым - алар бүт өмүрүн театрга арнап, ден соолугун да аяшкан эмес. Дагы башка, түркүн, түрдүү себептери бар. Чыгармачыл адамдар, анын ичинде актерлор өтө сезимтал, бала кыял, жакшыны да, жаманды да бат кабылдашат эмеспи. Кээде эмгек-мээнети бааланбай калганына капа болуп, денсоолугун бузуп алган учурлары болот. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Кара жанын карч уруп жүрүп биздин корифейлер кыргыз маданиятына көөнөрбөс мурас калтырып кетишти. Ошолор өмүрүн сайып тургузуп берген театрды биз сактап, кийинки муунга калтыра алабызбы, кеп мына ошондо.
* * *
"Семетейди" 24 жашымдан 50гө чыкканча ойнодум. 48 жашымда курсташым Үсөн Мурадиллаев деген курсташымдын Москвадан бүтүп келген уулу Азизге расмий түрдө өткөрүп бергем. Бир ирет Азиз колун кокустатып алып, спектаклди үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 50 жашымда дагы бир ойнодум. Жаш кезиңде ойногон ролдорду сагынасың. Ностальгияга батасың. Карап алып, башкачараак ойнойт элем деген да ойлор болбой койбойт. Анткени, өзүмө сын көз карашта карай алган адаммын. Семетей, Олжобай, Масадык, Чолпонбай - бул жаш кезде ойногон, эң жакшы көргөн ролдорум. Азыр деле картайдым дебейм, бирок, 25те эмесмин. Чыгармачылыктын түйшүгү, дегеле чыгармачылык, театрдан ажырап калбасам экен деп тилейм. Менимче, чыгармачыл адам үчүн андан ашкан азап, андан татаал трагедия болбосо керек.
* * *
"Сооронбаевдин монологу" деп китеп баштагам. Соңуна быйыл чыгамбы же эмки жылыбы билбейм. Театр, чыгармачылык, корифейлер, устаттарым, кесиптештерим, дегеле театрдын орду жөнүндө жеке көз карашым, ой жүгүртүүлөрүмдү топтоп атам. Бош убактымда ошол китепти жазуу менен алекмин. Өзүм тынчы жок адаммын. Бош жүрө албайм. Кино тартсамбы деп кыялданам. Бирок, анүчүн анын да азбукасын өздөштүрүшүм керек.
* * *
Мен өлүмдөн коркпойм, корком деген кишиге да коркпоого кеңеш берет элем. Коркуп кереги жок. Кыргызда айтылгандай, өлүмдүн кечинен берсин. Түркияга барганда Стамбулдун мэри менен жолуккан элек. Ал киши кыргыз аз санда болсо да, рухун, улутун сактап калганына таң берет. Ал киши Кыргызстанда болгон экен. "Бирок бир нерсеге капа болгом, - дейт ал киши, - кийинки муун орусча сүйлөйт экен". Түрктөр орустарды жаман көрөт да дегендей кабылдап койгом. Анан мейманканага келгенде ойлонуп отуруп, тигил түрк туугандын айтканын аңдадым. "Ушунча сакталып келипсиңер, эми келечек муун ошону улап кете алабы, эми жоголуп кетпейсиңерби?" деген ойдо берилген собол экен да көрсө. Тил билген жакшы. Бирок, аны менен кошо рух-дөөлөтүңдү экинчи планга таштаган болбойт да… Кары-картаң, Россияга иштеп кеткендерди, базарда тачке түрткөндөрдү алып салалы, ошондо ишке жарамдуу бир миллионго жетпеген кыргыз калат. Ушул нерседен корколу. Анан түндүк-түштүк деп бөлүнгөнүбүзчү?! Албетте, тегиңди билген жакшы, бирок, аны коомдо курал катары пайдаланган болбойт. Быйыл жайда Европадагы кыргыздардын курултайына катышып келдим. Юнескодо "Манас" айттым. А бул жерде аны угайын деген киши жок. Ал жерде ыйлап отуруп угушту. Бул эмне деген руханий азык. Кыргыз таланттуу калк. Бизде эзелтен куйма кулактык өнүккөн. Ошол куйма кулак өнөрдүн арты менен бул руханий азык ооздон-оозго өтүп келген. Мындай кайсы элде бар? Булардан кеп салсаң, азыркы балдар "караңгы кыргызчылык" деп текебер мамиле кылышса, ичиңден кан өткөндөй болот. Улуттун патриоту катары "Манасты" көкүрөккө түйүп жүрүшүбүз абзел. Ошондо ал кийинки муунга берилет. Эгерде өзүңдө угут, көрөңгө болбосо кантесиң? Анда ал сени менен бүтөт…
Жазып алган Айнагүл САПАРБЕК кызы