Кыргыз гезиттер архиви

  Австриялык өнөр өргөсүнөн

"Кыргызстандын музыкалык билим берүүсү мыкты"
Тагдыр адам баласын ар кандай калчап, бирөөнө мекенинен бак берсе, дагы бирине ата-бабасы көрбөгөн, билбеген жерден ырыскы, шыбага берет тура. Бүгүн биз тагдырдын буйругу менен австриялык жигитке турмушка чыгып, 13 жылдан бери Австрияда жашап келаткан атактуу скрипач мекендешибиз Райкан Карагулованы кепке тарттык. Ар жылы мекенине келип турган Райкан айым бул сапар Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка япониялык достору берген 500 миң иенди ала келиптир. Бул каражатты Япониядагы "Soroptimist International of Ikeda Minoo" аялдар клубундагы Райкандын, күйөөсү Андреастын достору беришкен.


- Музыка дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз?
- Эстесем, бала кезимден бери эле музыка мени коштоп келатыптыр. Чоң атам, атам Жапар комуз чертип, үйдө ыр дайыма жаңырып турчу. Кийин 1-класстан 8-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы мектепте окудум. Москвага барып Чайковский атындагы консерваториянын орто окуу жайын, андан соң консерваториянын өзүн, аспирантурасын да бүттүм. Бул жактагы 8 жыл, Москвада 12 жыл, туура 20 жыл музыкалык билим алыптырмын. Ошентип музыкасыз жашоомду элестете албай калдым.
- Жолдошуңуз Андреас менен кантип баш кошуп калдыңыз?
- Биз Москвада студент кезибизде таанышканбыз. Ал дагы скрипач. Андреас экөөбүз Кыргызстанга келип концерт берип жүрдүк. Кийин Японияда "Осака симфоникер" оркестринде бирге иштеп калдык. Ошол жактан жылдызыбыз келишип, Австрияга келип баш кошконбуз. Кийинчерек Бишкекке кайненем, кайын сиңдим менен келип кыргызча той кылдык.
- Чет тилдерди эркин билсеңиз керек?
- Кыргыз, орус, немис тилинде эркин сүйлөйм. Англис, япон тилин да бир аз билем. Австрияда немис тилинде сүйлөшөт. Япон тилин болсо ал жакта иштеп жүргөндө үйрөнгөм.
- Австрия менен Кыргызстандын билим берүүсүндөгү кандай айырмачылыктарды байкадыңыз?
- Кыргызстандын музыкалык билим берүү системасы Европаныкына караганда мыкты. Анткени, Европада балага музыкалык билим берүү бир топ татаал. Бир мектепте теориясын окуса, практикалык сабактар башка мектепте окутулат. Бала 16га чыккычакты ар бир сабагына өз өзүнчө төлөп, ар кайсы жерге алып барып окутуш керек. А европалыктардын көбү иштегендиктен буга убакыттары болбойт. Бишкектеги атайын музыкалык мектеп-интернаттарда атайын орто билим, музыканын теориясы, практикасы, сольфеджио, гармония, баары бир жерде окутулуп жатпайбы.
- Жолдошуңуз, уулуңуз Максимилиан кыргызча билеби?
- Андреас бир аз сүйлөйт. Уулума болсо эми үйрөтүп жатабыз.
- Кыргызстанга, кичи мекениңиз Ат-Башыга канча жылда бир келесиз?
- Бишкекке жылына бир жолу келгенге аракет кылабыз. Ат-Башыга бара элегиме көп жыл болду. Келген сайын мектеп, концерт деп жүрүп ал жакка бара албай калам. Бирок туугандарым, апам менен борбордон жолугуп турам. Жолдошум шашпай бир келип, Нарынды кыдырып келсек болот эле деп жүрөт.
- Кайын журтуңузда кыргыздын кайсыл улуттук тамактарын жасайсыз?
- Бешбармак, палоо, манту, оромо, сорпо жасайм. Андреас буларды жакшы көрөт.
- Андреас мырза кымыз ичип, эт жесе керек?
- Ал биз тааныша электе эле кымызды татып көрүптүр. Казакстанга келип сүт экен деп кымыз сатып алып ичип, абдан жактырыптыр. Азыркыга чейин кымызды жакшы көрөт.
- Кайрадан музыка темасына келсек. Азыр кыргыз музыкасына эмне жетишпейт деп ойлойсуз?
- Биринчиден, музыкалык окуу жайдын шартын жакшыртып, мугалимдердин даражасын, кадырын жогорулатышыбыз керек. Менин угушумча, Бишкекте маянанын аздыгынан жакшы мугалимдер чет өлкөлөргө кетишет, же үч-төрт жерде иштешет экен. Муну токтотпосок келечегибизге кыйын болуп калат. Балдарга жакшы, сапаттуу билим берилсе, алардын кийинкиси да жакшы болот эле.
- Жолдошуңуз экөөңүз тең музыкант экенсиздер. Австрияда алган маянаңыздар жашоого кенен эле жетеби?
- Ал жакта музыканттар абдан көп. Эң негизгиси, жумушка илинүү керек. Жакшы оркестрде бир орунга конкурс жарыяланып, ага 250 адам кабыл алынат. Конкурстун жыйынтыгында 40 адам тандалат. Үч турда алардын ичинен бирөө гана кызматка алынат же эч кимиси жарабай калат. Ошондуктан биздин балдарды да ошондой сыноолорго даярдаш керек. Бишкекте деле филармониялык, опералык, камералык оркестрлер бар. Мен чет өлкөлөрдөн биздин оркестрлерге да иштейбиз, конкурска катышабыз деп келгендер болсо деп тилейт элем. Анткени, башка шаарларга салыштырмалуу Бишкектин инфраструктурасы жакшы, жашоо ыңгайлуу.
- Демек, ал жакта кадрларды электен тыкан өткөрүп, анан жумушка алат экен да?
- Ооба. Мисалы, бир мугалимдин орду бошосо ага да конкурс жарыяланат. Иштейм деп келгендер алгач маектешүүдөн өтүп, аспаптарда ойношот. Андан соң алардын ар бири окуучуларга сабак берип көрөт. Сабактарга атайын комиссия катышып, жакшы билим бере ала турганын тандап алат.
- Негизи скрипка кыргыздын кыл кыягынын көчүрмөсү деп айтышат. Буга кандай карайсыз?
- Илгери Италияга араб өлкөлөрүнөн скрипкага окшош, смычогу бар аспап келген экен. Ошондон баштап Италиядан бул аспап таркалган дешет. Балким Орто Азияга ошол жактан келгендир деп ойлойм.
- Андреас кыргыздын комуз, чопо чоор, кыл кыягына кызыгабы?
- Улуттук консерваторияда окуган иним Талант биз келген сайын улуттук аспаптар менен бизге "концерт" коюп берет. Бул жолу балабызга иним мобул чоң комузду белек кылды.
- Австриянын жаратылышы кандай экен?
- Биз жашап жаткан батыш тарабы тоолуу, токойлуу келип Кыргызстанга окшоп кетет. Ошондуктан ал жак мага жагып, кетким келбей калды. Австриялыктар жүзүмдү көп өстүрүшүп, ак винолорду жасашат.
- Сизди кайната-кайненеңиз кандай кабыл алды?
- Андреас менен дос болуп жүргөн жылдары анын ата-энеси менен таанышкам. Ошондо эле мени алар өз кызындай кабыл алышты. Абдан ачык кишилер экен. Кайнатамдын көзү өтүп кетти.
- Австриядагы үйүңүздөрдө кыргыздын улуттук буюмдары барбы?
- Биз он биртууганбыз. Апам ар бирибизге шырдак, ала кийиз жасап берген. Азыр үйүбүздө шырдактар, туш кийиз бар. Үйгө келген адам дароо менин башка улуттун өкүлү экенимди түшүнөт.
- Кыргыздын чыгаан инсандарынан кимди баалайсыз?
- Албетте, Чыңгыз Айтматов агабызды, Насыр Давлесов, Муратбек Бегалиев, Гүлсүн Молдокулова, Сүйүн Муктаров, Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Болот Миңжылкыев, Айсулуу Токомбаеваны урматтайм. Ушундай адамдарды тарбиялаган кыргыз элим менен сыймыктанам.
- Бул жолку сапарыңыздын негизги максаты эмне болду?
- Биринчиден, өзүм окуган мектебиме досторумдун белегин жеткирип, экинчиден, баламды таенесине, тайларына жолуктурайын деп келдим. Япониялыктар берген каражаттын жарымына кыл, үйлөмө аспаптардын жабдыктарын, телевизор, муздаткыч, күзгүлөрдү алып келдик. Буюрса, калган каражатка бул жактан дагы керектүү нерселерди алып беребиз. Ошентсе да мектеп үйлөмө, урма аспаптар жагынан өтө аксап жатат. Ушул жагынан кыргыз мыктычыкмалары жардам берсе дээр элем.
Мелис Совет уулу, сүрөттөр автордуку