Кыргыз гезиттер архиви

  ЖаҢы вариант

ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ
(Башы өткөн санда )
Кырк Электин сыны бар,
Кыркалай таккан кылы бар.
Сөөрүнө* алтын жалаткан,
Сөөгү * таза агачтан*.

Анан,
Абаңыз Бакай кеп айтат,
Атаңдын көрү деп айтат.
Кечөө,
Кубанып жердин үстүндө,
Кут-таалай тегиз желелеп,
Куюлуп нурдай жебелеп,
Кууратып кайгы жей элек,
Куралып душман жеңелек,
Кутурганды тебелеп,
Кудайга курдаш эл элек.

Ошо,
Кудайдын журту кем болгон,
Кулагы дүлөй кер болгон,
Куу тумшук болгон, кем болгон.
Куюгуп кетип канча доор,
Кул боло жаздап эл болгон.
Кургурдун сөөгү кайда жок,
Кузгунга тарпы жем болгон.

Ошо,
Тегерек жердин үстүндө,
Телегей тегиз желелеп,
Термелип нурдай жебелеп,
Теңселтип кайгы жей элек,
Тентитип душман жеңелек.
Теңирсип ушул ааламга,
Теминген чыкса тебелеп,
Теңирге теңтуш эл элек.

Ошо,
Теңирдин журту мант* болгон,
Теминги* болгон, дарт болгон.
Тепсенди болгон, далк* болгон,
Тебилип кетип канча доор,
Темселеп барып калк болгон.
Текөөрү* сынып кыргыздын,
Тектири сайын тарп болгон.

Ошо,
Түгөбөс жердин үстүндө
Түмөнү түгөл желелеп,
Түрлөгөн нурдай жебелеп,
Түнөртүп кайгы жей элек,
Түрүлүп душман жеңелек,
Түшүнө кирип ааламдын,
Түбүнө чейин тебелеп,
Түтөгөн кыргыз эл элек.

Ошо,
Түтөгөн журтуң мант болгон,
Түрткүнчүк болгон, дарт болгон,
Түлөгөн иттей далк болгон.
Түлөөсү түшпөй канча доор,
Түгөнө жаздап калк болгон.
Түндүгү кыйрап кыргыздын
Түтүнү сайын тарп болгон.

Алат күн анан ошондо
Азган кыргыз биз элек.
Алоокеден алактап,
"Аттан!" кыргыз биз элек.
Алтай, Саян кайдалап,
Аккан кыргыз биз элек.
Саман учса сап кетип,
"Сактан!" кыргыз биз элек.
Чокко салбай Манасты,
Чоң Жинди деп жашырып,
Каткан кыргыз биз элек.
Кенебеген дүйнөнү
Кенен кыргыз биз элек.
Тегине акыл бойлобос,
Терең кыргыз биз элек.


Муңканган элдин ошондо
Муңу музду эзгенде.
Муруттагы эшек курт
Мурдубузга жеткенде,
Кырк уруу кыргыз бат келип,
Кылымды көздөй тап берип.
Кырк уруудан бирден кыл,
Кыркып алып апкелип.
Кыямат бирге болсок деп,
Кырк Элек деген ат берип.
Атаңдын көрү дүнүйө,
Алайган таңдын астында,
Агарган жердин үстүндө,
Ай туяк чалып ант берип:

- Араздашсак Кыргызды,
Асман урсун! Күн урсун!
Ай караңгы Түн урсун!
Ак жамгырдын Оту урсун!
Ак кыяндын Тосу урсун!


Төрт бөлүнсөк Кыргызды,
Төрөбүз көкжал Бөрү урсун!
Төбөлөшсөк Төр урсун!
Төшөгү төмөн Көр урсун!
Төшү түктүү Жер урсун!
Төбөсү бийик Көк урсун!-
Деген кыргыз биз элек...

Абакең антип алган соң,
Айбар* салып абага,
Арбагы күч Кырк Элек
Агып чыкты балкылдап.
Аты кымбат жеңгис күү,
Алты миң кылым келгис күү,
Ааламды каптап калкылдап...

Анын арка жагынан
Ыбызгысы* ышкырып,
Сырты салкын, ичи аптап,
Сыбызгысы* сызгырып.
Чыңыроону* чыңырып,
Чымчык конгон талдары
"Чыйп" эталбай тыйылып.
Бул керемет уланып,
Булак таңдай Ырнайы*
Бу да бугун чыгарып.
Жылаажыны* жымыңдап,
Жылга менен жыбыты
Жыргап угуп кымыңдап.
Кыл кыягы кылкылдап,
Кылыктанып кылтылдап.
Темир комуз термелип,
Тескейине күнгөйү
Телегейи тең келип.


Күүкара* деген эмеси,
Күүгө толгон денеси.
Күнү-түнү күкүктөп,
Күүлөп туру жел өзү.
Баш жагында семиз кыл,
Байланганы эгиз кыл.
Баш-аягы сегиз кыл,
Баары бирдей тегиз кыл.

Түтүк* деген эмеси,
Түшкө чейин күндү алып,
Түштөн кийин түндү алып,
Түлкү шимшир калтырбай
Түмөн-түмөн үндү алып.
Арбак ургур жанды алып,
Аалам нурга айланып,
Агып турган булактын,
Агалбай тили байланып.

Түтүк-түтүк дечү экен,
Түтөктөп жанды жечү экен.
Түтүгүн түшкөй ойносо
Түтүнү сайын жан калбай,
Түгөлү менен келчү экен.
Дүрбүсүн салып кулакка
Дүлөйлөр угуп берчү экен.

Жезнайы* чаңкылдап,
Жеңкөөдөндөр* балкылдап.
Жетимиш миң комуздун
Жетик үнү шаңкылдап.
Желип өткөн өткүндөн
Жебилгелер* жалпылдап.
Жетименден* түшкөн нур,
Желесин тартып жошулуп.
Абылайдын Арууген*
Ал да кирди кошулуп.
Алтымыш миң аалам бу,
Ошондо,
Агып бир-а турду то-ос ур-ууп!...
ЖАР ЧАКЫРУУ
Бу буруттун түгөнгүр,
Булуту көктөн чууруп,
Булбулдун үнү буулуп.
Күлкүсү көктөн чууруп,
Күкүктүн үнү буулуп,
Ошо,
Алтымыш пилдин терисин
Астыга салып ийлеген.
Абаты* бышык болсун деп,
Алты жүз катын жыңайлак,
Алты жылы бийлеген.

Жетимиш пилдин терисин,
Жерге салып ийлеген.
Жердиги бышык болсун деп,
Жети жүз катын жыңайлак,
Жети жылы бийлеген.

Ышкын түпкө ыштаткан,
Ызы-чууга ыктаткан.
Ыштооосу бышык болсун деп,
Ыйыгына кыт таккан.
Ынды кара дөөлөргө
Ыйынгыча тыштаткан.

Ойбут* жерге ыштаткан,
Ок-дарыны жыттаткан.
Обозу* бышык болсун деп,
Оборуна кыт таккан.
Орою ынды дөөлөргө
Оосургуча тыштаткан.

Ошол,
Айкөл Манас көкжалдын
Ала жүргөн добулбас.
Карты* келген кезинде
Кага жүргөн добулбас.
Сан кытайга санатты
Сала жүргөн добулбас.
Балтабайдын балбан уул,
Бала жүргөн добулбас.
Кармай калып имерди,
Капталга тартып жиберди.
Ала калып имерди,
Аянбай тартып жиберди.
Арбак урган ал добул,
Ай, Күндү бузуп заңк этти.
Алачыктай жорулар,
Аңгелин* көздөй талп этти.


Атагы улук бул добул,
Ааламды бузуп заңк этти.
Анжыяндан бул жакка
Аш басканы келаткан,
Айгөлөк* сакал төрт миң сарт
Ажалын көздөй жалп этти.

Атаңдын көрү дүнүйө,
Андай-мындай дегенче,
Аш оокатын жегенче.
Токто-токто дегенче,
Той оокатын жегенче.
Ыр Амандын Ырчы уулу,
Ычкыры бапик кырк мууну.
Үмөт уулу Жайсаңы,
Үлпөт тойдун шайтаны.
Жайылган элге нени айтат,
Жар чакырып момундай,
Жабыратып кеп айтат:

- Жамы кытай-манжулар,
Жатып уккун деп айтат.
Жаргагы* катуу жарандар,
Жазып уккун деп айтат.
Жагаалыңын* жакасын
Ачып уккун деп айтат.
Куйма туяк* атыңды
Такалап ук деп айтат.
Кулагыңдын кулкусун
Тазалап ук деп айтат.

Көп жыйындын өзү бул,
Көкөтөйдүн көр басып,
Көрбөй калган көзү бул.
Көйрөң кытай угуп ал
Көкжал Манас сөзү бул.

Уламалап келген соң
Укуругуң салып кал.
Уулуң болсо кыргыздан
Уятыңы алып кал.
Уялбасаң уу жутуп,
Уругуң жолго агып кал.

Бакбурчундан* келген соң,
Балбаныңды салып кал.
Балаң болсо кыргыздан
Балакетиң алып кал.
Алалбасаң уу жутуп,
Ала Дөңдө калып кал.

Көкөтөйдүн көп сыйын
Көрсүн деди силерди.
Көкшүнүн* басып келгин деп,
Көкжал бизди жиберди.
Маңдайына кыргыздын
Мактансын деди силерди.
Мазар басып келди* деп,
Манас бизди жиберди.

Уюп жаткан сан кытай,
Улуп жолдо калбай кал,
Укмуш балбан тандай кал.
Багалекке чалынган,
Бас кишиден салбай кал.
Мансабына чиренген
Мас кишиден салбай кал.
Ташка мээси жайылат,
Таз кишиден салбай кал.

Мыктысынган дөбөнү,
Мыкчыганда ун кылган,
Мыткыганда буй кылган.


Аскасынган дөбөнү,
Апчыганда ун кылган,
Аткыганда буй кылган.

Тегиз жерди кыр кылган,
Темирди чийдей сындырган.
Тектир-тектир тоолорду
Тебетейдей жылдырган.

Билимдүүнү шылкыйткан,
Билектүүнү тыркыйткан.
Бил, керикти тим эле,
Бит сыккандай былчыйткан.


Дөөкөрү* күч жөкөдөн*,
Дөө жеңелек бөкөдөн*.
Кытай менен кыргыздан
Эки балбан чыксын де,
Эл ушуну уксун де.
Өлбөгөнү күрөшүп,
Өкчөп* байге алсын де.
Өлүп калса тырайып,
Өлүгү жолдо калсын де.
Деп ошентип заңкылдап,
Ыр Амандын Ырчы уулу
Ырдап айгай салганы.
Үмөт уулу Жайсаңы
Үндөп айгай салганы...
(уландысы бар)
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

*
Сөөрү - муз. аспаптын төр жагы

Сөөгү - аспаптын тулку бою, денеси
Агач - жыгач
Мант - мант берди, жоголду деген мааниде
Теминги - денедеги жара
Далк - дарттын тагы
Текөөр -дымак, кайрат деген мааниде
Айбар - сөөлөт

Ыбызгы - муз. аспап
Сыбызгы -муз. аспап
Чыңыроон - муз. аспап
Ырнай - муз. аспап
Жылаажын -муз. аспап
Күүкара - муз. аспап.
Түтүк - муз. аспап.
Жезнай - муз.аспап.
Жеңкөөдөн - ала көөдөн адам
Жебилге - кооздук үчүн тагылуучу чачы
Жетимен - күн желе
Арууген - муз. аспап
Абаты - орду, теги
Ойбут - оюк жер, жапсар
Обозу - үнү, добушу
Карты - учуру, удулу, маалы
Айгөлөк сакал - тегерек сакал
Жаргагы - кулагы
Жагаалы - Кытайдын жакасы тик тону
Куйма туяк - алыс-жуукка чыдамдуу ат
Бакбурчун - Кытай шаарынын аты
Мазар баскан - алыстан келген
Дөөкөрү - шамдагай, чапчаң
Жөкө - жеке кармашка кыйын киши деген мааниде
Бөкө - аябагандай күчтүү
Өкчөп - жеңип деген мааниде