presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Талкууда танапис болбойт

"ШЕРИНЕ"
Ушул жылдын 22-сентябрынан тартып "Азаттык" үналгысынын сайтында ( www. Azattyk. kg ) тил маселелери боюнча "шерине" ачылган. "Шериненин" демилгечиси жана уюштуруучусу "Азаттыктын" кыргыз кызматынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Тынчтыкбек Чоротегин эле. Ачылганына аз убакыт өткөнүнө карабастан "шеринедеги" талкуу кызуу башталды. Биз талкууну мындан ары "Агымга" алып чыгуу менен анын чегин дагы кеңейтип, тил тагдырына кайдыгер карабаган замандаштарыбыздын баарын буга катышып турууга чакыралы деп чечтик. Ой-пикириңиздер, сунушуңуздар болсо гезит редакциясына "Шеринеге" деген ат менен жөнөтсөңүздөр болот. Эне тилдин тагдыры-элдин тагдыры, андыктан кайдыгер карабаңыздар дээр элек.
"Шерине" гезиттин өткөн (№43 (671) Жума, 30-октябрь,2009-жыл) санынан баштап жарык көрө баштады.
25.09. 2009
"Удалить" дегенди менимче "жоготуу" десе да болчудай, "настройканы"- "кураштуруу" десе болор. А "сканирования" дегенди "көчүрүп алуу" десе болобу?
Жунуш, Баткен
26. 09. 2009
Анатайдын "Дүжүр чалдар" ырын окуп боорум эзилген. Дүжүрлөрдүн кошоматтанган лексиконунун да сөздүгү керек го дейм. Баса, Юморалиссмус (Жаныбек) которгон сөздөр да сөздүктөргө кире элек: "делевой" - "деле гой", ж.б. Бизде юмор катылган жана башка таамай айтылган сөздөрдүн жыйындысы да алигиче жарыялана элек.
Азиз-Несин-2, аркайсыжер
28.09. 2009
"Отмена" деген орусча "менять" деген сөздөн келип чыккан, демек бул мааниси боюнча бир нерсени "отмена" кылып, ордун башка бир нерсеге алмаштыруу. Ошондуктан сүйлөмгө жараша кыргызча "алмаштыруу" деп, же болбосо "жокко чыгаруу" деп да колдонсо болот. "Статусту" - "макам" деп которгондорун мен биринчи жолу угуп жатам. Бул кайсы тилде? Биздин тилчилер ушундайларга көз салышпайбы? Конституцияда дагы бар го, 1-берененин 1-бөлүгүндө "КРсы..., лайык... мамлекет" деген, көрсө "правовое" дегенди ушундай которушуптур. Өмүрүмдө уккан эмесмин мындай сөздү, билбегендер түшүндүрүп койсоңуздар, сураныч? Ал эми "статусту" - "укуктук абал" деп койсо туура да, түшүнүктүү да болот да. "Настройка" Санжар көрсөткөндөй "оңдоп-түздөө" десек жөнөкөй да, уккулуктуу да болчудай. Мыйзам талаптары аткарылыш үчүн ал түшүнүктүү, кыска, жөнөкөй тилде жазылышы керек.
Аман
28. 09. 2009
Урматтуу Аман! Менимче, биз пост-советтик доордогу энциклопедияларды, публицистикалык эмгектерди, тармактык сөздүктөрдү жана жаңы окуу китептерди, алар аркылуу келген сөздүк табылгаларды эч жерибешибиз керек. "Макам" деген сөз, менимче биздин саясый лексиконго жакшы эле кирген. Маселен, Муратбек Кошоевдин "Кыргыз эли" китебинде да "макам" ("статус") сөзү (Бишкек, 2006.689-бет,ж.б.) байма-бай колдонулат. Бул тек гана, колго биринчи тийген мисал.
"Укук" (хакк") сөзү деле "макам" ("жайгашкан орду") сыяктуу эле араб тилинен кирген. Тек гана айрым терминдер тармактык деңгээлде арбын колдонулат, бирок жалпы калайык тарабынан сейрек айтылат. "Секулярдык" (орусча"светский" ) сөзү айрым учурда "лайык" (түркиялык түркчө) деп колдонулуп жүрөт, анын деле эч зыяны жок. Бизде "сүйүү" сөзүн деле "махабат", "мухабат", "ашыктык", "ашыглык", "сүйүү" деп ар кыл варианттарда колдонуп жүрүшпөйбү. Алардын бирине эле тыюу салсаңыз, анда сөз байлыгыбыз кунарынан кете түшөр эле.
Т.Чоротегин
29.09.2009
Дагы бир нерсе. Көпчүлүк шаарда жазылган нерселерди орусчадан кыргызчага туура эмес, одоно которулуп калса, ким которду экен деп мыскылдап күлүшөт. А которгон адамдар болсо кетип калышат. Менимче, биринчи орусча жазып убара болбостон эле адегенде эле кыргызча жазыш керек, анан аны орусчага которуу керек.
Дүйшөн, Бишкек
29. 09. 2009
Дүйшөнгө кошумча айтарым, кээде маалымат технологиясына байланыштуу жаңы терминдерди орусчадан эмес, түздөн-түз англисчеден кыргызчага которуу алда канча натыйжалуу. Анткени, орусчага термин маанисин эптеп жакындатып которгон учурлар да жок эмес.
"Дигитал" сөзү деле жакындатылып "цифровый" деп которулган. Бул сөздү айрым кыргыз илимпоздору 2000-жылы "экилик" деп да которгон учур ("экилик" -нөл жана бир деген сандан улам жаңы айкалышы аркылуу маалыматты ташуу) болду. Демек алар "сандык" - "цифровый" деген терминди "дигитал" сөзү үчүн так котормо эмес деп санаган экен, азыр болсо "санарип" сөзүн бирибиз кабылдап, экинчибиз сындап жатабыз.
Т.Чоротегин
29. 09. 2009
Урматтуу Т.Чоротегин мырза, сиз булак катары колдонгон М.Кошоев канчалык деңгээлде илимий негиз боло алат? Тарыхчылар илимий булактарды тастыктоого абдан көңүл бурушат да.
Мөлмөл
29.09.2009
Урматтуу Мөлмөл, менимче, бир ууч эл экенбиз, ушу тапта ар бир кыргыз интеллектуалы саналуу болууга тийиш. Биздин "шерине" ар ким үчүн ачык, ар кимдин табылгасы үчүн да ачык. Бирөөнү эр көрүп, башкасын шер көрүп, ар кимдин эмгегин, жаш муундар ойлонсун, ойгонсун деп жазып жүрүп короткон көзмайын сыйлаганыбыз дурус го дейм.
Мурда булак катары К.М.га (Маркска) гана шилтеме кылсак, эми М.К.га да, сизге да шилтеме кыла алабыз (бул тамашанын чындыгы да бар).
30. 09. 2009
Көп жылдар бою орус тили аркылуу дүйнө тааныбадыкпы. Ошол себептен орусча кандай айтылса так ошондой кайталап калганбыз. Эми ошолорду оңдойлук. Маселен, армениялыктар өз өлкөсүн Аястан деп аташат экен. Пекинди - Бээжин, Кытайды -Жуңго (байыркы элибиз айткан жуңгарлар болуп жүрбөсүн?), Чыңгызхан - Чыңгызхан эмес Жеңгисхан десек кандай болот?
Аваз Жокей, Талас
30.09. 2009
Аваз мырза, "Чыңгыз-хан" сөзү дурус эле го дейм. Түбү ал чыгыш түрктөрдүн "Теңиз-хан", "Деңиздей (терең) "хан" деген сөзүнө барып такалат, бирок монгол ханы катары анын ысмы бизде "Чыңгыз-хан" катары мурдатан кабыл алынып калган. "Бээжин" дегениңиз туура, анын тууралыгын "Манас" дастаны да тастыктайт. "Жуңго" ("Чжуңго") - чордондук мамлекет дегенди түшүндүрөт, ал ханзулардын "биздин өлкө дүйнөнүн ортосунда жайгашкан" эски чактагы түшүнүгүнө негизделген, ал эми "жуңгар" сөзү - ойроттордун (батыш монгол урууларынын) хандыгынын аталышынан улам келип чыккан. Бул сөздүн ханзуларга эч тиешеси жок. Тескерисинче кытайлар (ханзулар) жана Цин-Манжур сулалеси (династиясы) ойроттордун (батыш монгол урууларынын) хандыгынын аталышынан улам келип чыккан, бул сөздүн ханзуларга эч тиешеси жок. Тескерисинче, кытайлар (ханзулар) жана Цин-Манжур сулалеси (династиясы) ойроттордун жуңгар хандыгын ойрон кылган. Кыргызстанга келип отурукташкан сарт калмактар ошол жуңгар мамлекетин негиздеген уруулардан болгон.
Т.Чоротегин
01.10. 2009
Тынчтыкбек мырза, эгерде "Манастагы" Бээжин деген сөз туура болсо чын эле бир кезде кыргыздар Кытайды чапканбы? Же Кытайды чапкан гунндардын арасында кыргыздар да болгонбу? Анан жакында дагы бир кеп уктум. Ысык-Көл ХVI кылымга чейин калмактардыкы болгон, калмактар жердеген деп, ошол чынбы? Деги Ысык-Көлгө кыргыздар качан келген?
Касым
01.10. 2009
Урматтуу Касым мырза, орто кылымдарда кыргыздар Бээжинге (же Кытайдын Бээжинге чейинки башка ордо шаарларына) элчи катары же билим, тажрыйба арттыруу үчүн байма-бай барган. Хун мамлекетин негиздеген элдин өкүлдөрү кыргызга да жуурулушкан. Ушул сыяктуу тарыхый фактылар кыргыз дастанына Манас бабабыз Бээжинди чапкан окуя катары кирип калган. Ал эми бутпарас калмактардын негизги калкы (Жуңгар хандыгын түзгөн ойроттор) Орто Азиянын батышына - азыркы Түркмөнстандын түндүк аймактарына чейин сүңгүп барган учурлары болгон, Ысык-Көлгө да убактылуу кирип келишкен. Ал эми мусулман болуп калган сарт калмактар Чыгыш Түркстандан Кыргызстанга XIX кылымдын соңку чейрегинде гана журт которуп келишкен.
Азыркы Ысык-Көл аймагынын түпкү калкы кыргыздар. XVI кылымдын башында Кашкардагы моголдорго жана Мавераннахрдагы, Ташкендеги башка өкүмдарларга каршы күрөшкөн Мухаммед Кыргызды эле эстесеңиз болот го дейм. Караханийлер учурунда Ысык-Көлдү жердеген түрк уруулары (чигил, ж.б.) да кыргыздардын арасына жуурулган.
Т.Чоротегин
01. 10. 2009
Кыргыз элге эң жакын элдердин бири - бул хакас, туба, шор жана алтай элдери. Манасты алсак ошол жерлерден келген дешет кыргыз элин. (Энесай, Минсуу, Кызылжар ж.б. Бул элдердин арасында КЫРГЫЗДЫН уруулары бар. М: Алтай элинде - мундуз, кытай, Туба элинде - кыргыз, мунгуш ж.б. Демек биздин ыйык каныбыздын тамчысы ушул жакта калган. Дагы бир нерсе - булар (тубадан башкасы) башка элге сиңип, жоголуп бара жатышат. Демек булар100 жылдан кийин жок болушат. Ошолордун кээ бир сөздөрүн биздин тилге кошсок - элибиздин, арбактардын, бабалардын аябай чоң милдетин аткарабыз.
Мындан тышкары, мен бир жактан окугамын - немис эли кылымдын башында өз тилиндеги чоочун сөздөрдү (прансуз, слабян, инглиз сөздөрдү)- баарын башка немис тилдүү элдердин сөзүнө же жаңы ойлоп тапкан сөздөргө алмаштырган.
Биз улуу тилибизди өнүктүрүп, байытып жана таза сакташыбыз керек. Мына бул сөздөр хакас тилинен мисалга алынган сөздөр: Хакас тилинде майда карагат - сайзанг, орустун "плот" деген сөзүн- сал, гипнотизер -ырымчы, кувшин -ырага, охра -чоза, волчья ягода - чода, лопасть -калак, мускус - кайыр дешет.
Искен, Орусия
03.10. 2009
Искен мырза, сизге толук кошулам. Ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бир тамчыдан болсо да ылайыктуу сөздөрдү чогулта беришибиз керек. Бирок сунуш кылынган сөздөрдү жыйнап, иргеп, тактаган ким бар? Тынчтык мырза, сиздин абройуңуз бар эмеспи, кандай кылсак? Ушинтип эле айтылган сөз айтылган бойдон калабы? Менин сунуш кыла турган көп сөздөрүм бар. "Азаттык" атайын бет ачпайбы? Жалаң кыргыз тили жөнүндө. Жок дегенде силердин архивиңерде сакталып турсун. Айтмакчы, архивди - мураскана деп которобузбу? Анан, Искен мырза, ырымчы, сал деген сөздөр бизде да бар, кувшин - кумара, охра - жошо, весла -калак ж. б. Бирок баары бир тапкан сөздөрдүн баарын "шерине" аркылуу "Азаттыктын" "Кыргыз тил" бөлүмүнө жөнөтө берелик. Жыйнай берсек акыры бир жыйынтык чыгар, туурабы туугандар?
Аваз Жокей, Талас
03.10. 2009
Аваз мырза, көңүл көтөргөн сөзүңүзгө чоң ыракмат. Буюрса бул шериненин маалыматтары узакка сактала берет. Бир гана жагдай - башкалардын пикирин да сыйлап, кээде котормону бир нече вариантта берсе да болот. Кыргыз терминкому да коомдук интернеттик сөздүк ачып, коомчулук менен байланышты жандандыраар.
Т.Чоротегин
04. 10 2009
Жакында мамлекеттик тилибиздин 20 жылдыгы белгиленди. Салтанатта эне тилибиздин эртеңине эмгек кошкон атуулдар сыйлык алышты, макталып-даңкталышты. Мени өкүндүргөнү "Азаттык" үналгысынын чыныгы патриот жамааты да бул багытта опол тоодой салым кошуп келаткандыгы айтылыш керек эле. Туура "Азаттыктын" азаматтары кимдир бирөөнүн мактоо-алкоосу үчүн иштеп аткан жери жок. Бирок ошондой болсо да кыргыздын нукура көөнө сөздөрүнө жан киргизип, маалымат айдыңында кеңири колдонуп, анын кубаттуулугун, көркөмдүүлүгүн, уккулуктуулугун жана ойду таамай жеткирүүгө боло тургандыгын далилдеп келе жатышат.
Бул "шерине" болсо кыргыздын тарыхына кубанычтуу жаңылык киргизе турган демилге болуптур. Учурдан пайдаланып, "бала тили - бал" демекчи, 4 жашар баламдын которгон сөзүн сунуштайм: коньки - бутчана.
Тургунбай, Ош
04. 10. 2009
Урматтуу Тургунбай, жылуу сөзүңүз үчүн ыракмат. Постсоветтик кыргыз бийлиги, болгондо да кыргыз президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия "Азаттык" үналгысынын "Кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү чоң салымын тээ 2005-жылдын январында эле жогору баалап, Ардак кагазын салтанаттуу түрдө тапшырган. 1989-жылкы мамтилмыйзамынын 20 жылдык мааракесин белгилеп жатып, калыстык үчүн ошол сыйлыкты да эскере кеткенибиз жөн. Ал сыйлыкка мурдагы Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов кол койгон. Мурдагы президент Аскар Акаев өзүнө карата сын-пикирлер "Азаттыктан" байма-бай чыгарылып тургандыгына карабастан, өзү чет өлкөгө расмий сапар менен чыкканда "Азаттыктын" кабарчыларын да ала-тоолук башка журналисттер тобуна кошуп ээрчитип алчу. Албетте, Кыргызстандагы жагымдуу өзгөрүүлөрдү да "Азаттык" биринчилерден болуп дүйнөгө сүйүнчүлөп, жар салып келген жана азыр да ошентип келүүдө.
Бийликтен жана коомдук уюмдардан сыйлык алган-албаганыбызга карабастан "Азаттык" үналгысы объективдүү, калыс, так маалымат менен камсыздоо ишин жана эне тилди өркүндөтүү үчүн салым кошуусун ырааттуу уланта берет.
"Бала тили - бал" дейт, педагог жана илимпоз Бермет Бусурманова бир ирет кызынын жоругун эскерип: "Аюунун баласын "мамалак" дешсе, анда "папалак" кайсы жаныбардын баласы?" деп сураганын айтып күлдүргөн. Кээ бир терминдерди жеткинчектер деле өтө орундуу которушу мүмкүн. "Бутчана" дегенге неге болбосун? Түрк туугандар деле "автомашинаны" - "араба" деп колдонуп жүрөт.
Т. Чоротегин
Р.S: Урматтуу окурмандар, мына ушул каттардагы айтылган сунуштарга да ой-пикирлерди күтөбүз. Кыргыз тилин тил комиссиясы, анда иштеген он чакты адам гана өнүктүрөт, тил маселелерине ошолор гана милдеттүү деген калпыс түшүнүктөрдөн арыла турган учур келди.
"Шеринени" гезит үчүн даярдаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
6-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Эртең маалымат жана басма сөз күнү
2-бет
Турсунбаев Америкага эмнеге баргысы келбейт?
3-бет
Оп, майда
4-бет
Будур-будур тоолордон Бука минип мен келдим…
5-бет
Карабы, акпы мышык чычкан кармаса болбодубу
6-бет
Осмонакун ИБРАИМОВ, коомдук ишмер:
"Азимбек Бекназаров - коррупционер-лердин "рекордсмени"

7-бет
Парламентке кыскартуу эмес, реформа зарыл
8-бет
Жараткан бирөө эле, аны бөлүшө албагандар көп
9-бет
Малдүйнө алдыга озуп, жандүйнө дагы аксады
10-бет
"ШЕРИНЕ"
13-бет
ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ
14-бет
Кызганычтан кыйылган өмүр
15-бет
Сөз кадыры түшпөсүн
17-бет
"Кыргызстандын музыкалык билим берүүсү мыкты"
18-бет
КР эл артисти Замирбек ҮСӨНБАЕВ:
"Атамдын эки аялынын сүймөнчүгү болгом"
19-бет
Бир өмүр чак келбес өнөр
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
22-бет
Тып… тып… тамчы кабар
23-бет
"Сумерки" фанатизми эмнеден башталды?
24-бет
Атагы аалам жарган Акира Куросава
25-бет
Жаңы тамсил
26-бет
Кыргызстан бир алпты бага албайбы?
29-бет
Пейджер





??.??