Кыргыз гезиттер архиви

  Ата-бала тасмачылар

Эрнест АБДЫЖАПАРОВ:
"Уулумдан адам чыгабы деп санаага батчумун"

Кино дүйнөсүндө ата-бала режиссерлор пайда болду. Эрнест жана Санжар Абдыжапаровдор. Ата режиссердун тасмалары таажыдан таажы кийип жүрсө, бала режиссер кыска метраждуу тасмаларды тартып тажрыйба топтоп, чоң киного толук кандуу кинорежиссер атыгууга кам уруп жүргөн чагы. Ата-бала туурасында кеп кылууну максат кылып барып, Эрнест мырзанын тасмадагы биртоп жаңылыктарынан да билип алдык.

- Казак сериалын тартып жүрөт деп уктук эле сизди…
- Казак кесиптештер Казакстандын Улуттук биринчи каналы каржылаган сериал баштап, бирок иштери оңунан чыкпай баратканда мага кайрылышкан. Эски тааныштардан элек. Жайдан бери ал сериалды тартып бүтүрүп, ушул тапта монтажда отурабыз. 12 сериядан турат. Буюрса, ноябрда соңуна чыгарып, алардын колуна тапшырып келем. Кыргыз-казак аралаш тартылган сериал чыкты. Кыргызстандыктар актерлор арасында да, съемкалык топ ичинде да бар.
- Ал сериалга сизди толук кандуу режиссер деп атасак болобу?
- Режиссерлукту толугу менен мен аткардым. Биз сүйүп көргөн "Кызжибектеги" Бекежан менен Кызжибекти ойногон актерлор, биз сыйлаган Венера Нигматулина башкы ролдордо. Баш-аягы 29 каарман ойнойт. Арасында казак шоу жылдыздары да бар.
- Кайсы тематиканы камтыйт?
- Жанры боюнча мелодрама. Казактардын өнүгүп, оргуштап атканы чагылдырылып, сериалдын жүрүшүндө баягы "Байлар дагы ыйлашат" дегендей пикир бар. Бирок, өйдө-ылдый болуп жүрүп отуруп, акыры жакшылык менен аяктайт.
- Биздин өлкөгө таандык кандай жаратмандык менен алексиз?
- Жай башынан бери Алматыда жүрүп, Кыргызстандан оолак болуп калганым менен эл менен бөлүшчү жаңылыгым арбын. "Уурунун махабаты" тасмасынын премьерасы 28-августта Москва шаарында болуп өттү. 26-октябрда Алматы шаарында көрсөтүлөт. 29-октябрда Бишкекте прокатка чыкканы турат. Андан сырткары, англис тилине которуп, эмки жылдан тарта фестивалдарга чыгаруу ниетибиз бар. Ал эми "Боз салкын" тасмасын россиялык "Культура" каналы келишим менен сатып алышты. Өткөн жекшембиде элге алгач ирет бул тасма орус тилинде көрсөтүлдү.
- Айтмакчы, орусиялыктар менен да тыгыз иштеше баштаганыңыздан кабардарбыз. Жаңылышпасам, алар менен да сериал жаатында.
- Азырынча оозеки макулдашканбыз, буюрса, келишим түзгөнү жатабыз. "Гаишники" деген сериалы бар орустардын. Россия телеканалында жүрөт. Лавров менен Астахов башкы ролдордо ойнойт. Жол кыймылын көзөмөлдөө менен бир окуяга кабылып калып, укмуштай ири ишти ачып чыгышат. Башкы каарман болгон эки гаишник машинесин уурдатып, Кыргызстанга чейин издеп келишет. Кокусунан дагы бир окуяга кабылышат. Биздин МАИдеги кыздар тобу менен бирге чоң террористтик актынын алдын алышат. Анын натыйжасында Кыргызстанда өтүп аткан саммиттеги беш президентти аман алып калышат. Ушундай сюжет боюнча азыр сүйлөшүү жүргүзүп, тиешелүү жерлерге кайрылып атабыз. Чоң долбоор. Мамлекет үчүн да мааниге ээ. Ошол себептен, мамлекет тарабынан да көңүл бөлүнүшүн күтөөр элек. Кыш түшкөнчө үлгүрөлү деп турабыз. Биздин чөлкөмдө Кыргызстандын мааниси чоң. Ошол нерсени даңазалагым келет. Кудай буйруп, максатыбыз ишке ашып калса, көркөм-саясый кино чыгат. Биринчиден, биздин актерлордун жүзү россиялык телеканалдан көрүнөт, эл-жерибиз, тоо-көлүбүз көрсөтүлөт. Андан тышкары, биздин куралдуу күчтөрдүн иш-аракеттери да чагылдырылат.
- Кайсы актерлор "Маичилерге" тартылат?
- Азырынча кастинг жүрүп атат, эч кимисин беките элекпиз. "Уурунун махабатында" башкы ролду ойногон Кубанычбек Адылов, Элина Абай кызы, Зареманы тартсак деген ойлор бар.
- Беш президенттин образы кандай берилет?
- Хроникалар камтылат. Беш президентке окшош адамдарды издеп атабыз. Журналисттерге да кайрылайын деп турам, балким, алар беш өлкө президентине окшош адамдардан кабары бардыр. Д.Медведев, И.Каримов, Н.Назарбаев, Э.Рахмонов жана К.Бакиевге түспөлдөш адамдар болсо, бизге билдирип же байланышууну суранат элек.
- Былтыр кино күнүнө карата сизден сабак алгандар арасында фестиваль өткөн эле. Быйыл уланабы?
- Албетте, ал нерсени салтка айлантып, быйыл да Эрнест Абдыжапаровдун чеберчилик классынан өткөндөрдүн фестивалын өткөрөлү деп жатабыз. Быйыл жаздагы, былтыркы бүтүрүүчүлөрү 15-ноябрда өздөрүнүн көркөм кыска метраждуу тасмаларды көрсөтүшөт. Жыйынтыгына чогуу күбө болобуз. Айтмакчы, 31-октябрда "Жайсаң" китебинин 10 томдугунун бет ачар аземи Тарых музейинде өткөрүлөт. Кабарыңар болсо, бул китеп Бүбүмариям эже аркылуу жазылган. Ошол киши туурасындагы экинчи даректүү тасма ошол китептин бет ачар аземинде көрсөтүлөт. Ушул эле иш-чаралар жер-жерлерде өткөрүлөт. Бул кыргыз үчүн, кыргыздын келечеги, руханий дүйнөсү үчүн чоң бир салым. Мурда "Жайсаң" деп аталса, "Жайсаң Үмөт уулунун Айкөл Манасы" деген аталышта чыгарылат. Биздин чыгармачылык топ да ошол барандуу ишке салым кошкубуз келип, сырдуу касиеттерге ээ Бүбүмариям эже жөнүндө тасма жаратканбыз.
- Уулуңуз Санжардын да эмгектерин көрүп жүрөбүз. Ал жигиттин чыгармачылыгына сиздин да салымыңыз барбы?
- Өзгөчө тентек эле кичинесинен. Убагында жаш болуп, бутубузга тура элек кезде балалуу болгонгобу, жакшы көңүл буралбай калганымды мойнума алам. Агезде союз таркап, мамлекет да кыйналып турган убак эле. Киного жаңыдан киришип аткан кезим. Тентектигинен үйдө талкаланбаган идиш, сынбаган, чийилбеген эмерек, буюм-тайым калган эмес. Сабактан да качып, окубай, бизди аябай кыйнаган. Бул бандит болуп кетпейби, деги мындан кандай адам чыгат деп санаага батчумун. Көрсө ошол тентектигинин баары өнөр экен. Учурунда шарт болсо, шоктугун туура нукка салып кетмек экенбиз. 8-классынан тарта терең көңүл бурууга аракет кылдым. Алаксытып, шартын түзүп бере баштадым. Кандайдыр тез убакыттын ичинде аябай токтолуп калды. Компьютерден мультфильм тарта баштады. Клавишаны өздөштүрүп алган. Гитара үйрөтүп койгом, жазган ырлары учурда радио оболорунан берилип калат. Атайын курстарга барган жок, нотаны эмгиче тааныбайт. Бирок, ыр жазып, аранжировка кылып келет. Бир ырын Асема аткарат. Мультфильмден улам өсүп отуруп, клип да тартып жүрдү. Былтыркы чеберчилик классыма катышып, "Автобекет" тасмасын жараткан. Жазында тартылган "50 сом" деген тасмасы менен Кыргызстан-Германия-Франция фестивалында төртүнчү орунга чыкты. Быйыл 15-ноябрда өтчү сынакка дагы бир тасмасын даярдап атат, жыйынтыгын көрөбүз го... Өзүнүн чыгармачылык тобу бар. Бизге да жардам берип калат. Бүбүмариям эже менен мазарларга чыгып, материалдарды топтогон ошол. Буюрса, Санжардан чоң режиссер чыгат деген ишеним менде эми пайда болду. Киного умтулганын көрүп турам, башкысы угуту бар. Мен эч качан анын ишине кийлигишип, колунан жетелеп, жанына отуруп алып оңдобойм. Жасап бүткөндө гана жакшы болсо мактап, кемчилигин көрсөм эскертип коем. Санжарга кошкон салымым туура багытка салууга аракет кылганым гана болду. Аябай кыйналып баратса, акчалай жардам берем. Тасмасына өзү каражат таап, тууган-туушкандардан демөөрчүлөрдү издейт. Таятасыныкында чоңоюп калгандыктан, айылга барса Санжардын долбоорлорун таятасы, таекелери каржылайт.




Санжар АБДЫЖАПАРОВ:
"Атамдын тасмаларын түшүнчү эмесмин…"
- Санжарга атасы жардам берет деген пикирге макул белең?
- Албетте, жардам берет. Кеңеши менен, багыты менен. Мен эле эмес, кино тартууга кызыккан башка балдар-кыздардан да жардамын эч аябайт.
- Киного болгон кызыгууну атаңдын чыгармачылыгы ойготтубу?
- Жүрөк, көңүл тереңиндеги нерсе баары бир качан болбосун ойгонот. Киночунун үйүндө эмес, башка бүлөдө төрөлгөн күнүмдө деле ойгонмоктур. Кичинемде таятамдардын колунда өсүп, атамдын ишинен көп кабарым жок эле. Бирок, өзүмчө, балакыял менен ойноп кино тарта берээр элем. Ошогезде атамдын кыска метраждуу тасмалары болгон, бирок, аларды таптакыр түшүнчү эмесмин. "Айыл өкмөтүн" көрүп, атамдын чыгармачылыгын ошондон кийин терең түшүнө баштадым.
- Билимиң кино жаатындабы?
- Чуйков атындагы сүрөт окуу жайын аяктагам. Тасма дүйнөсүнө адегенде сүрөтчүлүк менен кадам таштагам.
- Толук метраждуу тасмага качан киришесиң?
- 2010-жылы деп болжоп турам. Азырынча камылга көрүүдөмүн.
- Ага бардык жактан даярсыңбы?
- Даярмын деп ойлойм.
- "50 сом" аталган тасмаң жупуну, бирок жеке мага өзгөчө туюлат. Сюжет идеясы өзүңө таандыкпы?
- Андагы окуя өз башымдан өткөн. Кичине баланын турмушунан бир үзүм. Окуянын жүрүшү бир гана 50 сомдун айланасында жүрөт.

Маектешкен Айнагүл САПАРБЕК кызы