Кыргыз гезиттер архиви

  Шыпаагер

Кацудзо Ниши
Канды кантип тазалайбыз?
Организмде качан таза кан айланганда гана адамдын дени сак болот, булганыч кан ооруларды бардык органдарга ташыйт. Канды зыяндуу заттардан тазалоо жана анын тутумун нормалдаштырууга жашылчалардын ширеси жакшы жардамга келет. Мындай процедура кандагы зыяндуу заттарды тери аркылуу чыгышын шарттайт. Тазалануу максатына сабиз менен кызылчанын ширесинин кошулмасын колдонуу жакшы. Жок дегенде бир күн шире диетасына отуруу абдан жакшы натыйжа берет. Башка эч тамак жебеш керек, суусундук ичүүгө болбойт (таза суу ичүүгө гана болот).
Бир күндө 1-1,5 литр ширени 4-5ке бөлүп ичип, тыныгуу маалында бир стакандан суу ичүү керек. Сабиздин, кызылчанын ширесине анардын, чиенин ширесин кошсо болот. Кызылчанын ширесин өзүн эле ичүүгө болбойт, аны башка ширелер менен аралаштырып ичиш керек. Сабиз жана кызылчанын ширеси кандагы гемоглобиндин көтөрүлүшүн шарттайт. Канды керектүү заттар менен толуктап, зыяндуу калдыктарды эритип, аларды тезинен кандан чыгарат. Ошондуктан кээ бир оорулар тезинен айыгат.
Шекердин зыяндуулугу
Табигый азыктардын: кызылча, жүзүм, коон жана таттуу жер-жемиштердин курамындагы шекер жакшы жана пайдалуу. Ал эми өндүрүш жолу менен алынган шекер зыяндуу. Кайра иштетүү учурунда шекер жасалма, жансыз азыкка айланып, пайдалуу эч нерсеси калбайт. Тазаланып өндүрүлгөн шекер организмдеги кальцийди жууп салат. Ошондуктан зат алмашуу, сөөк жана тиш бузулат. Организмде шекер көп болгондо канга кошулуп, терс таасир этет. Кан тамырларды керектен чыгарат жана зыяндуу заттарды пайда кылып, кан аркылуу бүт организм ууланат. Канга микробдун кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Таттууну колдонуудан такыр эле баш тартпаш керек. Мөмө-жемиштерде, жаңгакта, жашылчалардагы шекер пайдалуу экенин эстен чыгарбаш керек.
Уйкусуздукка, коркууга (чочуу) каршы тамактануу
Эгерде сиз көпкө чейин уктай албай убара болсоңуз, суусундук ичүүнү, кечки саат 6дан кийин тамактанууну токтотуңуз. Сиз эрте эле уктап, бирок түн ортосунда ойгонуп, кайра уктай албасаңыз, туздуу, камыр тамактарды, өзгөчө кургак печенье жана пирожныйларды жегенден баш тартыңыз. Сабиз, пияз, буурчакты көбүрөөк жегениңиз оң. Сизди коркунуч, чочулоо, сарсанаа кыйнаса бул балким ичеги, бөйрөктүн иштешине байланыштуу болушу мүмкүн. Күрүч, соя жана буурчак кошулган сорпо ичип, буларды тамактанууда көп колдонуу керек. Таттуу жемиштерди жегенден баш тартыңыз. Жумасына эки же үч жолу сөзсүз гречка жана сулу ботко жеңиз.
Ичтейди тазалаңыз…
Ичеги дарты дайыма ичегинин тазаланбаганынан, ич катып же ич өтүп, желдин топтолушунан да келип чыгат. Бул дарт башаламан тамактануудан жана тамакты жакшы чайнап жебегендиктен, өтө майлуу, көп өлчөмдө таттуу жана камыр тамактан пайда болот.
Мээнин
иштешин жакшырткың келеби?
Мээнин жакшы иштеши үчүн жетишерлик май кислотасы керек. Анын негизги булагы - өсүмдүк майы. Минералдык заттардан мээге керектүүлөрү - фосфор, күкүрт, жез, цинк, кальций, темир жана магний. Бул элементтер капустада, сельдерейде, бадыраңда, чамгырда, сояда, грек жаңгагында, сарымсакта, инжирде, пиязда, буудайда жана буудайдын кебегинде, алмада, өрүктө, кызылчада, чиеде, жүзүмдө, жашыл жашылчаларда, миндалда, апельсинде, шабдалыда, ананаста, бүлдүркөндө, фасолдо, ашкабакта, кара өрүктө болот. Мындан башка дагы мээ иштешине бир канча витаминдер керектелет. Өзгөчө Е тобундагы. Бул витаминдер салат жалбырагында, семичке майында, өндүрүлгөн буудайда, жаңгакта, капустада, коондо, бананда көп болот.
Мээге эң керектүү азык - алма. Алмадагы заттар кан тамырга пайдалуу таасир этип, клеткаларды айыктырат. Кан тамырды тазалап, чоюлгучтугун жогорулатып, ичкеришинин алдын алат. Көбүнчө өлүмгө себепкер болчу мээге кан куюлуу - кан айлануу менен байланыштуу оорулардын бири. Мээдеги кан айланууну жакшыртуу үчүн бир күндө бирден алма жеп туруу жетиштүү.
Которгон Айгүл МОЛДОГАЗИЕВА