Кыргыз гезиттер архиви

  Убактың болсо көрүп кал


Улуттук биринчи канал уюштурган "Кош жылдыз" теледолбоору көрүүчүлөрдү абдан кызыктырып, Кыргызстанга белгилүү инсандардын көмүскө таланттарын эл алдына тартуулап, өткөн айда сынактын 1-2-туру болуп өткөн. Эми жакында жыйынтыктоочу туру болорун айтып, "Кош жылдыз" сынагынын автору жана редактору Калипа СЕЙДАЛИЕВА редакция менен байланышты.

"Кош жылдыз" телесынагы дагы кооз болот
- 29-октябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Кош жылдыз" сынагынын 3-туру өтөт. Сынактын катышуучулары намыстанып, жакшы даярдыктарды көрүп атышат. Бул турда финалга кыйындардын кыйыны тандалып чыгат. Ушуну менен "Кош жылдыздын" биринчи айлампасы аяктайт. Жаңы жылдан кийин жаңы курам менен экинчи айлампа өткөрүлөт. Анда башка ырчылар менен белгилүү адамдар катышат. Экинчи айлампа бүткөн соң, мыктылардын мыктысы финалга тандалат. Андан кийин үчүнчү айлампа кетет. Ошентип айлампадан тандалган жуптар жыйынтыкталуучу чоң финалга аттанышат.
- Үч айлампадан тандалган кыйындардын жыйынтыктоочу финалы качан болот? Катышуучуларга кандай сыйлыктар бар?
- Бул бир жылга жазылган долбоор. Биринчи жолу 31-августта эгемендүүлүк күнүнө карата сахнага алып чыкканбыз. Эмдиги жылы 31-августта жыйынтыктоочу финал болот да, баш байгени, сыйлыктарды ошондо беребиз. Азыр айлампадан тандап аткан учурубуз. Мисалы, азыркы биринчи айлампадан жеңип чыккан төрт жуп ошол боюнча эмдиги жылы өтө турган финалда гана ырдашат. Алар кийинки айлампага катышпайт. Үч айлампадан тандалган мыктылардын мыктысы баш байгени алат. Азырынча телесынакка Ж.Бакиев атындагы коомдук фонд демөөрчү болуп атат. Демөөрчүлүк кылабыз дегендер да бар. Аны учурунда көрөбүз.
- Сынактын катышуучуларынан үчүнчү турга өтпөй же катышпай калгандары болдубу?
- Башында сынактын катышуучулары он төрт болчу, азыр экөө белгилүү себептер менен катышпайт. Депутат Бегалы Наргозуев чет мамлекетке кетет экен, ошого байланыштуу сынактын 3-туруна катыша албай калды. Ал эми Мелис Эшимканов калыстар тобунун төрагасы болгону атат. Ошого байланыштуу ал да сынакка катышпайт. Булардын жуптары Гүлзинат Суранчиева менен Жайнагүл Калчаева сынакка конок катары эле ырдап кетет.
- Калыстар тобу да өзгөрүлөбү же төрагасы эле алмашабы?
- Калыстар тобу толугу менен жаңыланат. 1-2-турда кээ бир калыстар тобунун мүчөлөрүнө капачылык, түшүнбөстүктөр болду. Эл эмне үчүн композитор Каныкей Эралиевага Мирбек Атабеков же Съездбек Искеналиев баа бериш керек деп сурап атышат. Негизи, сахнага ырдап чыккан ырчыларга эмес, алардын түгөйлөрүнө баа берилиши керек болчу. Мисалы, Мирбек Атабеков Бегалы Наргозуев кандай ырдаганына баа бере алат да. Эми калыстар тобун жакшылап тандайбыз деген ой бар.
- Өткөн жолку сынакта эки жаш ырчы - Мирбек Атабеков менен Съездбек Искеналиев калыстар тобунда отурушту. Калыстар тобуна экөөнү кошуунун кажети бар беле?
- Биздин негизги концепцияда калыстар тобуна жаштарды аралаштырсак, алар ырдап жүргөндөн кийин баарын билишет деген ойдо болчубуз. Бирок, катачылыктар кетип калды. Калыстар тобун өзгөрткөнүбүз да ошондон улам болду. Жаштар мурда калыстар тобунда иштебегендик кылышты. Алар шашып, кээде жаңылып да баа берип атышты.
- Өткөндөгү калыстар тобу сынактын катышуучуларынын байлыгына, бийлигине жараша упай берип атышты дегендер да болгон…
- Негизи, анализ жасаса аларга туура эле баа берилгендей болду. Сынактын катышуучуларынын бийлигине, байлыгына деле карашкан жок. Мисалы, Турусбек Мамашовду жаман ырдады деп ким айталат? Ал ырдын драматургиялык сюжетин ачып, сахнага кета, шортик кийип, самокат тээп чыкпадыбы. Наргозуев деле саксофонду үйрөнүш үчүн күнү-түнү иштеди. Бардыгы ушунчалык чоң аракет кылышты. Эл алдына чыккандан кийин ар кандай кеп айтыла берет. "Бүткөн ишке сынчы көп" деп коюшат го. Кимдин байлыгына, бийлигине жараша ашыкча баа коюп коюшту деген ойго кеттим. Ал эми Чолпон Турсуновна деле эки ырды жакшынакай ырдады. Бирок, ал алдыңкы орундарга жетпей калды.
- Сынакта камчы салдырбай алдыда келаткандар кимдер?
- Жүздөн упай алган эки жуп болду. Алар Турусбек Мамашов менен Жанета Бобкова жана Болот Осмонов менен Юлия Руцкая. Ал эми СМС боюнча Г.Кулмамбетова менен Т.Асаналиев жана Б.Төрөбаев менен Д.Акулова алдыда келатат. Бирок, толук жыйынтык 28-октябрда чыгат. Сынактын катышуучулары биринчи турда элдик ырларды ыдашса, экинчисинде, жүрөгүнө жакын ырлардын сюжетин ачып чыгышты. Эми оперетталардан, классикага айланган композиторлордун мыкты ырларынан мюзикл кылабыз деп атышат. Жыйынтыктоочу тур өткөндөгүдөн да кызыктуу болот.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Оштон салам!


Кымбатчылык
Оозун ачкан алты бала бакканым,
Жетпей калат айына иштеп тапканым.
Кызыл-жабар кийинтсем деп тилеймин
Үй-бүлөнүн курсагынан ашканын.

Эптеп жазда сабиз, пияз айдаган
Эки таба огородду айланам.
Көзүм өтүп карайм тынбай шактарын
Алма, өрүктү жазда мөмө байлаган.

Баары кымбат! - Булар менин арманым,
А бүгүн жок - кечээ сатып алганым.
Бир жылуурак кышка кийим алалбайм
Жылаңаяк калабы дейм балдарым.

Үн бүткүчө биз кыйкырып канчалык,
Демократия саясатын калчадык.
Каяктандыр калкка келчү жыргалды
Күтө берип көз тунарып чарчадык.

Жонубузга оор жүк түштү таштан да,
Кыйын аны көтөрүнүп басканга.
Балдар жечү - нан, чай, каймак баалары
Чыгып кетти бүркүт учкан асманга!?

Канткен менен калк бардыгын көтөрөт,
Чыдап келет - үмүттөрү өчө элек!
Бирок, шорум бир абадан башканын
Баалар учуп барат бийик көкөлөп!

Кулагыма айтып күндө арманын,
Мени дагы зилдеп бүттү алганым.
Не болсо да бул учурдан өтсө экен
Кең-кесири ичип-жешип балдарым?!
Бекер дүйнө
Бул күндө өсүп кетти илим-билим,
Жалган! - деп айталасың кана, кимиң?
Адамга жашоо үчүн баары бекер
Баардыгы кудай акы, бекер бүгүн?

Мисалы, тоо, таш бекер - караганга,
Түн ичи жылдыз бекер - санаганга.
Адырдын гүлү бекер - жыттаганга
Ар күндүн түнү бекер - уктаганга.

Абасы бекер барган жерлериңдин,
Бүт бекер көзүң менен көргөнүңдүн.
Тоодогу аккан суунун шары бекер,
Мезгилдин жамгыр менен кары бекер.
Сен баскан жолдун тегиз ташы бекер,
Ыйлаган балдарыңдын жашы бекер!

Ар түркүн окуялар өтөөр - кетээр,
Үйлөрдүн, көчөлөрдүн көркү бекер!
Мен кээде Мырзалардан коркуп кетем, -
Буларды бүт менчиктеп албаса экен?!

Жазуучу-акындардын абалы
Майсыз калган мотордой турган токтоп,
Же суу жетпес саргайган даракка окшоп,
Жазуучулар бирдиги өгөйлөндү
Чиновниктер теңине алышкан жок!

Чындык сөздөн башкача акыл барбы?
Жазуучу-акындар бүт жакырланды!
Эске алышпай коюшту эмнеликтен
Эл рухун көгөрткөн акындарды.
Чертилбестен илинген болдук комуз,
Элге жетпей калууда сырдуу добуш.
Калк дилинде жаңырып турган үнү -
Кыйын бүгүн жазуучу-акын болуш.

Чобур чыкты күлүктөр артта калып,
Күйкө учту куш сымал канат кагып.
Ырайымсыз Рынок заманында
Рухубуз баратат жакырланып!

Көңүлдөргө көп орноп кара тактар,
Көркү качты көрккө бай гүлзар, бактар,
Үй сүргүнү болушту Токтогулдар
Той башкарып калышты Арзыматтар!

Дале акынбыз, калбадык - жалын, отсуз
Ач калбадык термелеп эптеп токпуз!
Чыгармалар чыкпастан калса дале
Тирүү бойдон жүрөбүз, өлгөн жокпуз?!

Махабатты түшүндүрүү
Жыпжылуу илеп урган сөздөрүңөн,
Жыбырап өң-түсүмөн өзгөрүлөм!
Жалбырттап жанып турган үмүтүмдү
Жаңылбай көрөт эл да көздөрүмөн.
Жаштыктын жолдору өтөт ичке кылдан,
Жаркыным, жалгыз сенсиң бийик турган.
Ааламга сыйбай кетип баратканым
Аңдалат менин ар бир кадамыман.

Сан ойлор айтылалек көңүлдөгү,
Сагыныч сага деген өңүмдөгү, -
Тырнактай болор-болбос шылтоолорго
Турбайбы көз жаш болуп төгүлгөнү!

Жадымда жаш курактын билгендери,
Жалындап келем канча күндөн бери!
Өзүңө деген улуу Махабатты
Түшүнтөт кирпигимдин ирмемдери!

Жарк этип жылдыз учса-жамалыңдан,
Жагылат жарык чачып жаныңан шам.
Мендеги алоолонгон махабатты
Түшүнгүн дирилдеген абалыман!
Кармышак ТАШБАЕВ