Кыргыз гезиттер архиви

  Күйүктүн күйүтү

Канат БЕКТЕМИРОВ:
"Жаныштын түгөйү Байыш терисинен берип…"

Борбордогу N№ 4 шаардык оорукананын күйүктөр бөлүмүнө баш багып, ар кандай даражадагы күйүк менен жабыркаган бейтаптардын абалы менен тааныштык. Денеси таңылып, кээ биринин күйгөн жарааттары ачылып, наристелердин чыдагыс оорудан чырылдаган үндөрү жүрөк үшүн алат. Күйүк бөлүмүнүн башчысы Канат БЕКТЕМИРОВ өз иши тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
- Биздин бөлүм республикалык күйүк борбору деп аталат. Өлкөдөгү бардык күйүк боюнча ооруканаларды да тейлейбиз. Андан тышкары, Казакстандын жакын жайгашкан райондору да бизге кайрылышат. Республиканын кайсы гана аймагында болбосун катуу күйгөн адамдар болсо, санавиация аркылуу ошол жерге барып жардам берип келебиз.
- Күйүктөн катуу жабыркаган адамдын жараатына өзүнүн таза жериндеги терини кесип жабыштыруу кандай учурда жасалат?
- Өтө катуу күйгөн күйүктөргө тери жабыштырмайынча айыкпайт. Мындай кырдаалда күйбөгөн жеринен терисин алып, күйгөн жерге жабыштырабыз. Эгер сөөккө чейин күйүп, таптакыр айыкпай калган учурда дененин башка жеринен эт алып жабыштырууга туура келет. Анткени, күйүп калган сөөк тазаланып, кайра эт өсүп чыкканча өтө көп убакыт өтөт. Тери жапканга мүмкүнчүлүк болбой турган болсо гана эт менен терини кошо алышы мүмкүн. Катуу күйгөн учурда керектүү кан тамырлар, нервдин, майдын, булчуңдардын баары күйүп калат.
Төртүнчү даражадагы күйүктүн стадиясында адамдын күйгөн жерин кесип салууга туура келет. Мисалы, жакында бизге келип түшкөн 14 жаштагы баланы чоң чыңалуудагы ток уруп, кан тамырлары, нерв, тарамыштары, булчуңдарынын баары күйүп кеткен. Мындайда күйгөн жерди жакшылап изилдеп, эгерде ал жараксыз болсо кесүүгө туура келет. Эгерде ал жерди кеспей койсок, анда ал адамдын андан аркы жашоосуна залакасын тийгизет. Адам майып болсун, бирок андан аркы жашоосу үчүн ушундай ишке барабыз. Акыркы мезгилде республика боюнча электр жарыгы өчүрүлө баштады. Кыргыздар түнкүсүн термоско ысык суу куюп коюшат. Ага чалынып жыгылып же кичинекей балдар тартып алып күйгөн учурлар көп кездешүүдө.
- Көп жылдык тажрыйба-ңызда көңүлүңүздөн чыкпай калган окуя барбы?
- Мындан эки жыл мурун Аскар уулу Жаныш деген беш жашар баланын ойноп аткан тобу жалбырактар өрттөнүп аткан чуңкурга түшүп, аны алам деп чуңкурга жыгылып, ал дагы күйүп атканда түгөйү Байыш сүйрөп чыгып, өрттү өчүрүп, анан ата-энесин чакырган. Алар ооруканага келгенде Жаныштын абалы өтө оор болчу, денесинин 80 пайызы күйүп калган. Ооруканада көпкө жатышты. Ата-энеси дарыгерлердин айткандарынын баарын таап, инструкцияны так аткарып, баласынын сакайышына жакшы шарт түзүп беришти. Жанышты операцияга алып кирген учурда анын күйбөгөн 20 пайыз териси калгандыктан калган күйгөн жерине жабыштырганга тери таппай калдык. Айла кеткенде түгөйү Байышты эстедик. Экөө бир жумурткадан төрөлган эгиздер экен. Башкалардын деле терисин алып жабыштырсак болмок, бирок, мындай кырдаалда жараттын толук айыгышына кепилдик жок. Ошондо Жаныштын түгөйү Байыш терисинен берген. Операциядан кийин Жаныштын күйүктөрү тез эле айыгып кетти. Анча-мынча терисин өзүнөн алдык. Албетте, күйгөндөн кийин тырыктары калды. Азыр алар аман-эсен, экөө тең чуркап жүрүшөт. Эми айта берсе мындай учурлар абдан көп. Кандай кырдаал болсо да этият болуш керек. Чай кайнатканда, үй жылыткан плиткаларды сайганда абайлоону балдарга айта жүргөн оң. Той-топурларда мас болуп кайнап аткан казанга түшүп кеткен учурлар да кездешет. Бизде башка ооруканалардай эле беш жашка чейинкилер жана жетимиш жаштан жогоркулар бекер дарыланышат. Бирок, кээ бир дарылар бизде жок болгондугуна байланыштуу бейтаптар өзүлөрү сатып алууга туура келет. Негизи бизге донор, плазма жетишпейт, ошондой кырдаалда туугандары кан тапшырышат.
- Бир эле учурда денесинен жаракат алып, күйүп, анан ууланып келгендер болот да. Мындай учурда бейтапты кантип дарылайсыздар?
- Мындай абалда келгендер көп. Алар көбүнчө күйүк бөлүмүнө түшүшөт. Ууланган болсо токсикология бөлүмүнөн адистерди чакырабыз. Бул жерде бир эле ууланган эле эмес, денесинен ар кандай жаракат алып, күйүп келгендер да бар.
Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, профессор Жумабеков Сабырбек Артисбековичке чоң ыраазычылык билдиребиз. Себеби, оорукана үчүн демөөрчүлөрдү, гуманитардык жардамдарды көп таап келет. Анын ооруканага кошкон салымы чоң. Ошону менен бирге күнү-түнү тикесинен тик туруп, кызматына жоопкерчиликтүү мамиле жасаган врачтарга, медайымдарга, санитаркаларга алкыш айткым келет. Биздин кызмат чындыгында оор. Кыргызстанда жүрөгү таза, боорукер адамдар көп. Тууганы же таанышы эмес болсо да акчасын, дары-дармегин көтөрүп келгендер бар. Кээ бир волонтерлор көчөдөгү үй-жайы жок адамдарды алып келишет. Аларды дарылагандан кийин үйлөрүнө чыгарууда кыйынчылык туудурат. Себеби, кээ бирөөнүн колу-буту кесилип калат. Аларды майыптар үйүнө өткөрөлү десек, документтери же жашаган жеринде каттоосу жок болуп калат. Ошондой болсо да оорулууларга жардамыбызды аябай келебиз.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Билим жөнүндө сөз жок

Көрсө "бизнесмендер" биякта турбайбы

Алакандай болгон Кыргызстанда саны бар, сапаты жок жогорку окуу жайлардын саны арбыгандан арбып барат. Ошого жараша агартуу тармагында атаандаштык күчөп, билим берүүнүн сапаты жакшырса бир жөн. Тилекке каршы, жеке менчик макамындагы ЖОЖдор "билим+бизнес" принцибинде гана иштөөдө. Сөзүбүз куру болбосун үчүн Инновациялык технологиялар жана стратегия институтундагы (ИТжСИ) азыркы абалды мисал тартсак.
ИТжСИ 2003-жылдын ноябрында түптөлгөн. Ал орто жана жогорку билимдүү адистерди даярдайт. Институт жеке менчик статусун алгандыктан, анын негиздөөчүлөрү катары төрт киши (Билим берүү жана илим министринин орунбасары Борис Кубаев жалпы акциянын 45%ына, Кыргызбай Добаев 25%, Мария Саякова 20% жана Олег Рябов 10%ына ээлик кылган - Н.К. ) катталган. Өнөктөштөр 2008-жылга чейин ынтымактуу иштеп келишкен. Кызык окуялар былтыр башталыптыр. Б.Кубаев О.Рябовду эпке келтирип, 10% акциясын "тартып" алат. Борис мырза Билим берүү жана илим министрлигинин орунбасарлык креслосуна отурганы жеке менчик окуу жайын билим уясына эмес, бизнес жасоочу жайга айландырган кербези. Мындан улам ИТжСИнин эки кызматкери өткөн айда Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Коррупция менен күрөшүү агенттигине, ЖК Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетине кайрылуу катын жолдошкон.
Кайрылуудагы келтирилген фактылар боюнча аталган окуу жайынын өлкө боюнча жайгашкан сегиз филиалы (Чүй, Ысык-Ата, Каракол, Талас, Токтогул, Аксы, Кара-Балта, Бишкек) юридикалык документке ээ эмес. Ага карабастан бүтүрүүчүлөргө аттестат, диплом берилүүдө. "2008-2009-окуу жылдарына карата берилген 2100 документ мыйзамсыз" дешет арыз ээлери. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай - аттестатты окуучулар бир жыл окуп эле алып коюшат. Мындай аз убакыт ичинде 10-11-класстын окуу программасын өздөштүрүү оголе кыйын экени талашсыз. Кызыгы, өткөн жылы Түркмөнстандын 600 атуулу ушул окуу жайдан аттестат алган. Бирок, алардын көпчүлүгү окуу жайга келип коюшкан да эмес. Маселен, бир группада орто эсеп менен 25 студент билим алат десек, үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде 19, анын эртеси сабакка катышпаган 23 студенттин бардыгы тең түркмөн жарандары. Бул студенттердин басымдуу бөлүгү өмүрү институт босогосун аттабай, сессия маалында окутуучуларды "бирнерсе" менен "ыраазы" кылып жүргөнүнөн кабар бербейби? Ал эми айрым аттестаттарды ээлери алып кетпей, ИТжСИнин эл аралык бөлүмүндө дале сакталуу турат.
Быйылкы жаңы окуу жылына карата институттун колледжине 1300 (Бишкек шаары боюнча - Н.К. ) студент кабыл алынды. Булардын ичинен канчасы чын эле билим алып жатышат, канчасы жөн эле киши санын көбөйтүп, кийин документтерди окутуучулардын кекиртегин "майлап" алып кетеби, азырынча белгисиз.
4000 доллар азбы, көппү?
ИТжСИден билим алыш үчүн чет элдик жарандарга жылына орточо 4000 доллар контракт төлөө каралган. Бирок, окуу жай алигиче банктан өздүк эсебин ача элек. Түшкөн каражаттар башкы бухгалтердин сейфинде же болбосо Б.Х.Кубаевдин чөнтөгүндө "сакталат" дешет. Анын айынан, мугалимдер айлык акысын кеч алышат. Бул жерде эмгек келишими бузулуп жатканы көз көрүнөө.
Ар бир чет эл жараны 4000 доллар төлөп, билим аларын айттык. Бирок, алардын канчасы окуу жайдын босогосун аттап-аттабаганы табышмак. Кыскасы, 2007-жылы 16, 2008-жылы 43 аттестат, диплом ирандык атуулдарга "тартууланган". Алардан түшкөн каражат кандай максатта жумшалып, кимдин чөнтөгүн кампайтканын тиешелүү тармактын өкүлдөрү текшерсе жакшы болмок. Себеби, бу жерде миңдеген эмес, миллиондогон сомдун ачылбаган сыры жатат…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ