Кыргыз гезиттер архиви

  Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?

Эсенгул ӨМҮРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
"Саясый технологдордун сунушу кыргыз менталитетине төп келбейт"

Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо демилгесин көтөрүп чыккандан бери бир айдан ашуун убакыт өттү. Реформа тууралуу көп сөздөр айтылганы менен азырынча эчтеке баштала элек. Бийлик структурасын жаңылоо неге кечеңдеп атат? Дегеле реформа канчалык деңгээлде жүзөгө ашуусу мүмкүн? Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде экс-вице-премьер-министр, коомдук ишмер Эсенгул ӨМҮРАЛИЕВди сөзгө тарттык.


- Мамлекет башчысы жылдын башында жаңылануу багытын сунуш кылып, "мындан ары эскиче жашоого болбойт. Президенттик шайлоодон кийин жаңылануу багытын жүзөгө ашыруунун механизмдерин жарыя кылам" деген. Менин жеке пикиримде, ошол максатты ишке ашыруунун алгачкы кадамы - башкаруу системасын реформалоо болсо керек. Бул абдан туура демилге экени калетсиз. Өлкөдөгү саясый, экономикалык, ички жана тышкы алакалардын эффективдүү иштөөсү үчүн бүгүнкү системаны түп-тамырынан бери өзгөртүү зарыл. Антпесе, мамлекеттин келечегин көздөп жасалган аракеттерден майнап чыкпайт.
Мамлекет башчысы президенттик администрациянын айрым ыйгарым укуктарын өкмөткө өткөрүп, бири-бирин кайталаган структураларды, мамлекеттик катчы институтун жоерун баса белгилеген. Жакшылап баамдаган адам мындай ыкма 2003-2004-жылдары Украинада кеңири колдонулганын туят. Агезде өлкөдө саясый кырдаал оорлоп, Ющенко менен Тимошенконун биригүүсүнүн аркасында "жоогазын революциясы" болуп өткөн. Жаңыдан ээрге отурган бийликке саясый технологдор акыл айтып, биздикиндей эле 5-канал, президенттин катчылыгы түзүлүп, президенттик администрация башчысынын ыйгарым укуктары кыскарып, өкмөткө өткөрүлүп берилген. Жыйынтыгында, Украинада эки баштуу структура пайда болду. Президенттин сөзүн премьер-министр укпайт, тескерисинче, премьер-министрдин сөзүн президент укпайт. Украинада саясый кырдаал алигиче турукташа элек. Бул өлкөдө иштебеген система бизде кантип ийгиликтүү иштесин? Демек, биздин президент жүзөгө ашырчу реформа - чет эл саясый технологдорунун сунушу болуп жатпайбы. Ал кыргыздын менталитетине анчейин коошпойт. Курманбек Бакиев ушул мүчүлүштүктү байкап калгандай. Мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоонун кечиктирилип атышынын негизги жүйөсү ушунда болушу мүмкүн. Кыскасы, мамкатчыны, бири-бирин кайталаган структураларды жоюп, президенттик администрация башчысынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү менен гана чектелип калса, анда мындай "жаңылануудан" жарытылуу майнап күтүүнүн зарылчылыгы жок.
- Президент жаңылануу саясатын ушуну менен эле токтотсо, анда жакында өзгөрүүлөр болбойт турбайбы? Башка эч нерсе болбойбу?
- Оболу өткөн күнгө саресеп салсак. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери мамлекетти башкаруунун дүйнөдөгү бардык классикалык моделдерин "кийип" көрдүк. Маселен, 1991-1993-жылдары Кыргызстан парламенттик республика аталган. Туңгуч президентти эл шайлаган эмес, легендарлуу парламент шайлаган. Парламент өкмөт структурасын да түзүп, президент менен министрлер кабинетин отставкага айдоого укугу бар болчу. Мындай абал Аскар Акаевге жаккан эмес. Өлкөдөгү оор абалды бетке кармап: "Менин Англия "королевасынан" айырмам жок экен. Андыктан, жоопкерчиликти өз мойнума алып, кырдаалдын оңолушуна кепил болуп берейин" деп, президенттик-парламенттик башкаруу системасына өткөнбүз. Натыйжада, легендарлуу парламент тарап, Жогорку Кеңеш жаңыланды. А.Акаев өзү да эл тарабынан шайланып келди. Жети жыл президенттик-парламенттик системада күн кечирдик. Тилекке каршы, андан карапайым калктын жашоосу оңолуп кеткен жок. Башкаруудан да жарытылуу майнап чыкпады.
2000-жылы президенттик шайлоо өтүп, А.Акаев кайрадан тактыга отурду. Кыргызстан президенттик республикага, тагырагы, авторитардык башкарууга өттү. Мамлекет башчысыз эч бир маселе чечилбей калган. Бирок, бу жерде бир кызык жагдай бар. Президент бардык чечимди кабыл алганы менен, жоопкерчилик өкмөттүн мойнунда болгон. Өкмөттүн улам "садага" чабыла бергенинин башкы себеби ушунда.
2005-жылдагы март ыңкыла-бынан соң кайрадан президенттик-парламенттик республика болуп калдык. Азыр ЖКнын басымдуу бөлүгүн ээлеген партия өкмөт башчысын сунуш кылып, президент аны бекитет. Жыйынтыгында мурдагы таз кейпибизге кайтып бардык: чөнтөк парламент, каалагандай иштеген президент, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган өкмөт. Мындай кырдаалдан чыгуунун эки жолу бар. Президенттик болсо президенттик, парламенттик болсо парламенттик башкаруу системасына өтөлү. Парламенттик республикага айлансак, бардык жоопкерчиликти премьер-министрге жүктөп, президенттик кызматты жоюш керек. Тескерисинче, мамлекет башчысы "мен өзүм башкарам. Ошого жараша жооп берем" деген кадамга барса, анда жоопкерчилик президентте болот. Бирок, президент үй-бүлө, жээк-жаат "туткунунан" бошонуп, ошол системага баш ийип, эл кызыкчылыгы үчүн иштеши керек.
- Башкаруу системасын реформалоо жаатында президентке сунуш жолдогон экенсиз. Кепти ошол нукка бурсак.
- Ачыгын айтканда, бул жаңылык деле эмес. 1994-жылы жаңылануу демилгеси көтөрүлүп, атайын комиссия да түзүлгөн. Анын жумушчу тобунун жетекчилигине мени дайындашкан. Ошондо реформа жасооонун эки схемасын иштеп чыкканбыз. Ага ылайык, президенттик башкаруу системасына өтүп, облус, райондорду жоюп, 21 кантон (аймак - Н.К. ) болсо дегенбиз. Маселен, Ысык-Көл облусу эки аймакка - Каракол (Түп, Жети-Өгүз району жана Каракол шаары), Балыкчы (Тоң, Ысык-Көл району жана Балыкчы шаары) болуп бөлүнмөк. Айыл өкмөттөрү ирилешип биригип, өзүн-өзү каржылаган, дээрлик бүт маселелерди өзү чечкен структурага айланмак. Ал эми өкмөт тышкы алака, коопсуздук өңдүү 8-9 маселелерди тескеп калмак.
Экинчи схеманын табияты саал башкачарак. Жер шарындагы айрым мамлекеттердин түзүмүн байкап көрдүк. Бириккен Араб Эмираттары өлкөсүн жакшы билебиз. Анын курамында эмираттардан түзүлгөн бир мамлекет бар. Ушундай эле көрүнүш Малайзия (15 султанат бир мамлекет) менен Америкада (49 штат бир мамлекет), ФРГда (11 земли бир мамлекет) кездешет. Аталган өлкөлөрдүн башкалардан айырмасы неде? Ар бир штат же болбосо ар бир эмират өзүнчө кичи мамлекет. Өздөрүнүн мыйзамы, өкмөтү бар дегендей. Калктын социалдык маселелерин өздөрү чечишет. Мамлекеттик деңгээлдеги тышкы саясат, коргонуу, жер өңдүү маселелерди чечүү жогорку бийлик структурасына жүктөлгөн.
Ушундай ыкманы өзүбүзгө ылайыкташтырып колдонолу деген сунуш болгон. Облус, райондорду жоюп, айыл өкмөттөрдү ирилештирүүнү максат кылганбыз. Мисалы, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы 14 айыл өкмөтүнүн ордуна үч айыл өкмөтүн түзүү ыңгайлуу. Анын негизинде өлкөдө жети аймак жаралмак (агезде Баткен облус, Ош шаар статусун ала элек болчу. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды тогуз аймакка бөлсөк жарашат). Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу Бириккен Кыргызстан аймактары (БКА) деп атасак болот. Мындан улам авторитардык режимден арылмакпыз, калыс, адилеттүү бийлик системасы түзүлмөк.
- Сөзүңүзгө аралжы, БКАга айлансак, мамлекеттү-үлүгүбүзгө доо кетпейби? Өзүнчө чакан мамлекетчеге айланган аймактар башка өлкөгө кошулабыз деп чыксачы? Анүстүнө, түштүктө өзбек, тажик улутундагылар арбын…
- Башмыйзамга "Аймактарга БКА курамынан чыгууга тыюу салынат" деп жазып койсок, бул көйгөй чечилет.
Ошентип, жогорудагы эки вариант А.Акаевге киргизилген. Ал "БКА схемасы азырынча эртелик кылат" деп ал ачыкка чыккан эмес. Себеби, ал жерде "ар бир аймактан шайланып келген депутаттар (жалпы жонунан 81) Жогорку Кеңеш курамын түзөт. Алар өкмөт курамын бекитет. Эгерде парламент курамы партиялык негизде түзүлсө, анда жеңген партия өкмөттү дайындайт" деп жазылган. Кыскасы, мындай кадамга барууга экс-президенттин эрки жетпеди окшойт.
Натыйжада, биринчи системанын негизинде реформа башталган. Каракол менен Ак-Суу районунун, Чүй менен Токмок шаарынын бириккени буга далил. Бирок, реформа толук кандуу жүрбөй, ара жолдо калды. Буга агездеги өкмөт башчысы Апас Жумагулов себепкер. А киши "бул вариантты дароо жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес. Алгач эксперимент кылып көрөлү" деген. Көрсө, аларга жаңыланууну жүзөгө ашыруу эмес, ошол реформаны туура эмес деген жыйынтыкка алып келүү башкы максат болуптур.
- Ушул эки ыкманын кайсынысы тез аранын ичинде кырдаалды жөнгө салмакчы?
- Калыс, адилеттүү мамлекет түзөлү, келечегибиз кең болсун, кардиналдуу өзгөрүүлөрдү жасайлы десек, анда БКА схемасын тандаганыбыз оң. Жок, буга даяр эмеспиз. Анүчүн өткөөл кырдаал керек дешсе, анда 21 аймактык вариантын жүзөгө ашыруу зарыл. Анын негизинде экономикалык, саясый-социалдык көйгөйлөр чечилип, БКА схемасына акырындап өтүүгө жол ачылмак.
- Жаңырган жылдан бери парламент тарайт-тарабайт маселеси бүйүрдү кызытып келген. Президент 1-сентябрда жасаган кайрылуусунда бул маселеге чекит койду. Мындан ким утту да, ким утулду?
- Бу жерде кимдин кызыкчылыгы көбүрөөк? Албетте, президенттин. Менимче, К.Бакиевдин мындай чечимге келишине эки нерсе түрткү болду. Биринчиден, реформаларды өткөрүп, Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Жогорку Кеңеш керек. Парламент курамын жаңылатып, шайланып келген депутаттар ишке көнүшкөнчө бир жылдан ашуун убакыт кетет. Бул мамлекет башчысына пайда алып келбейт. Ошон үчүн "парламентти таратпайм. Силер менен кызматташууну улантам" деп эл өкүлдөрүн тынчытты. Реформа аягына чыккан соң, "силер өз функцияңарды аткардыңар, эми кеткиле" деп деле айтпайт. Тескерисинче, депутаттар өздөрү демилге көтөрүп, тарап кетиши ыктымал.
- Неге?
- Мунун эки себеби бар. "Ак жол" фракциясынын теңинен көбүн ыраматылык Медет Садыркулов алып келген депутаттар түзөт. Алар илгерки "Алга, Кыргызстан!" менен "Менин өлкөм" партиясынын өкүлдөрү. Демек, эртеби-кечпи "ак жолчулардын" ыркы кетет. Ынтымагы жок жерде иш да жүрбөйт…
Экинчиден, парламентте оппозициячыл маанайдагы КСДП фракциясынын депутаттары бар. Бийлик мындай радикалдуу оппозициялык партиянын өкүлдөрү ЖКда жүрүшүнө кызыкдар эмес. Парламентте либералдык-конструктивдүү оппозиция болушун ылайык көрүшөт.
- Бүгүнкүдөй система улана берсе, бу бийликтин келечеги кантет?
- Президент "мамлекеттик башкаруу системасын 20-октябрда жарыялап, алты айдын ичинде жүзөгө ашырам. Ал өз жемишин бербей койбойт" деп кат-кат убада берүүдө. Кыргыз чыдамкай эл эмеспи, 20-октябрды күтөт. Алты ай, анан дагы алты айды күтөт. Эгерде реформа натыйжалуу болбосо күчөшү ыктымал. Бул бийликке аброй алып келбейт.
- Демократиялык коом курууну максат кылган мамлекетте оппозиция болушу кажет. Антейин десең, президенттик шайлоодон кийин оппозициядан оомат тайып, эл арасында аброюн жоготуп алгансыды. Мындай кырдаалда оппозициянын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы кандай болот?
- Радикалдуу оппозицияда жүргөн жигиттер "бийлик туура эмес саясат жүргүзүп атат. Өлкө экономикасы эңшерилгенден эңшерилип барат…" дешет. Бирок, абалды жакшыртуу жаатында конкреттүү программаларын, пикирлерин сунушташа элек. Эгерде оппозиция бийликке келсе, бүгүнкү эле система уланат. Себеби, Бакиев бийлигинин орношуна азыркы оппозициянын басымдуу бөлүгү жанталаша чуркаган.
Оппозициянын "бийлик - таттуу нерсе. Ким келбесин, өз билгенин гана жасайт экен. Андыктан, ириде акыйкат система түзүү талапка ылайык. Бийликке келген адам ошол системага баш ийип иштеши керек" дегенине кошулам. Анда мамлекет алдыга жылат.
Менимче, президент реформа жасоо жаатында оппозиция менен кеңешүүсү керек. Алардын пикирин да эске албаса болбойт. Дүйнөлүк практикада ушундай: мамлекет, эл кызыкчылыгы үчүн каршылашкан эки тарап мунасага келишет. Ал эми биздикилер жеке кызыкчылык деңгээлинен көтөрүлө албагандары өкүнүчтүү.
- Бийлик тез аранын ичинде реформаны жүзөгө ашырбаса эл ишениминен айрыларын айттыңыз. Ошол эле маалда оппозициянын калк арасындагы аброю төмөндөп кеткенине токтолдук. Эл бийликке да, оппозицияга да ишенбесе, анда мамлекеттүүлүк маселеси туңгуюкка кабылбайбы?
- 1998-жылы дүйнөлүк кризис учурунда Кореянын президенти элге мындай деп кайрылган: "Карызыбыз чачтан көп, 40 млрд. долларга жетти. Андан кутулуунун жалгыз амалы - кичинеден болсо да акча чогултуу". Корея лидеринин бул демилгесин карапайым калк колдоп, бир жуманын ичинде 40 млрд. доллар чогултушту. Кореялыктар тышкы карызынан ушундайча кутулушкан. Себеби, келечекке ишенишкен. Учурда ал өнүккөн мамлекеттердин катарында. Ал эми биздечи? "Тышкы карызыбыз 2 млрд. долларды чапчып кетиптир. Тез аранын ичинде карызыбыздан кутулбасак болбойт. Акча чогулталы" деген демилгени ким колдоду? Эч ким. Анткени, элдин мамлекетке болгон ишеними өчкөн. Бизде эртеңки күн бүдөмүк. Анүстүнө тышкы карыз үчүн акча берген күндө да, ал көздөгөн максатка жумшалар-жумшалбашы арсар. Болгон-толгон тыйынын кармата берип тиштин кирин соруп отурууну ким кааласын? Буга салыштырмалуу кореялыктарда абал башкачарак болгон. Алар мамлекетке жана анын келечегине ишенген. Ошон үчүн баалуу буюмдарын, алтын-күмүштөрүн өткөрүп беришкен.
Мындан улам, кыргыз бийлиги элдин ишенимин калыбына келтирүү үчүн реформаларды жасаш керек. Антпесе карапайым калк өз бүтүмүн чыгарып, 24-марттагыдай эрдигин кайталап коюшу ажеп эмес…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
Тел.: 38-67-19, e-mail:kerimbayev@mail.ru