Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Камбар-Ата ГЭСтери сатылабы?
Камбар-Ата-2 ГЭСин каржылоо ар кандай талаш-тартыштарды жаратып туру. Бир тарап ГЭСти акционерлештирип, күрөөгө коюп баш айланткан татаал схема менен курбай эле мамлекет өз күчү менен курса болмок дешет. Коммунисттер фракциясынын өкүлү Н.Байлонун пикири боюнча бир эмес, эки Камбар-Ата ГЭСтери тең келечекте Кумтөр сыяктуу тагдырга кабылышы мүмкүн. Ал эми экинчи жактын түшүндүргөнүнө караганда, мындай жол аталган курулушка каражат тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Айтор, учурда Жогорку Кеңешке Камбар-Ата ГЭСтери тууралуу мыйзамды жокко чыгарткан топ улуттук долбоорго кыянатчылык кылды деген шектенүүлөр күч.

Балыкчы десе балык боло баштадыңарбы…
Балыкчы окуясы боюнча дагы деле жыйынтык чыга элек. Арийне, ортодо карапайым калк соттон сотко сүйрөлүп катуу каржалды. Же президенттик такты жеңип алган К.Бакиев айкөлдүгүнө салып, бечара элди ары-бери кыйнап жаткан сот органдарына "жумшак болгула" деп койбойт же шайлоо учурунда элди андай ызы-чууга үндөгөн А.Атамбаевден дайын жок. Алардын укугун коргойм деп "бакырчак төөнүн бары жакшы" дегендей, баягы эле Азимбек Бекназаров чуркап жүрү. Экс-депутат учурда бул маселе боюнча президенттен жардам болуп калабы деген ниетте К.Бакиевге кайрылган. Бирок, азырынча өлкө башчысынан жооп жок. Ал эми А.Атамбаев эмнегедир оозуна талкан сугунуп алгандай, момурайт эле момурайт.

Танка сатам, ким алат?
Биздин күндө мамчиновникке же саясатчыга кылмыш иши козголсо, ага сөзсүз саясый боек сүртүлөт. Кийинки кезде кылмыш ишине кириптер болгон саясатчыны ак-карасын аңдабай туруп эле улуттук баатырга айлантып алууну мода кылып алдык. Буга чейин коомчулук анча деле тааныбаган сдпкчы депутат Кубаныч Кадыров Балыкчыда башаламандык уюштура коюп эле "авторитет" болуп чыга келди. Дагы бир кызык, кечээ жакында сотто экс-министр Исмаил Исаковдун иши менен кошоктошуп түрмөдө отурган офицер Каимов 3 танк, 15 БМП сатам деп алдын ала акчасын алып койгонун жарыя кылды. Бул маалымат соттун да, күнөөлөнгөн тарапка актоочулук кылып жаткан А.Бекназаровдун да алласын оозунан түшүрдү. Каимовдун айтканы анык болсо, анда ошол учурдагы министр Исаков каякты карап отурган?

"Кыргызгаз" жебептир
"Агымдын" өткөн санына "Кыргызгаз" ишканасы тууралуу "Туй ата, өзүңөр жеп коюп бизден көрөсүңөр да" деген чакан маалымат жарыяланган. Анда "так маалыматтарга таянсак, эл көгүлтүр отун боюнча "Кыргызгазга" 5 млн. доллар гана карыз экен, калганы кайда?" деген суроо коюлган. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, калган 14 млн. долларды алар жебептир. "Сиздер жазган 5млн. доллар карыз бул жөнөкөй абоненттердики, ал эми "Кыргызгаз" ААКнын мындан башка да бюджеттик жана өнөр жай абоненттери бар. Алсак 2009-жылдын 1-октябрына элдин карызы 204 млн. сомду түзүп, бюджеттик ишканалар 35, ал эми өнөр жай ишканалары 113 млн. сомдон ашуун карыз" деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы.




  Крим-аалы

Аксакалды арага салгандан уялбайсыңбы…
13-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кызыл-Кыя айылынын жашоочусу, 69 жаштагы карыя 11,3 килограмм баңгизатын алып баратканда колго түштү. Абышканын баңгизатын кайдан алып, каякка алпаратканы такталууда. Колунда таягы бар аксакалдан эч ким шек санабайт деп жиберишсе керек деп болжошууда тергөөчүлөр. Эми аны ортого салгандардын жиги билинсе, алар деле соо калбас.

Баңгизаттын балакетин аласыңарбы?
Орусиянын Челябинск облусунан ар улуттан түзүлгөн уюшкан кылмыш тобунун жети мүчөсү кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын эки жараны болгон. Кармалгандарды текшергенде 93 килограмм баңгизаты чыкты. Мынчалык өлчөмдөгү баңгизат жүз миңден ашуун адамды наркоманга айландырарын укук коргоочулар айтышууда. Уюшкан топтун мындан башка да кылмыштарынын бети ачылып, изилдөө иштери жүрүп атат. Ал эми кылмышкер кыргызстандыктарды ал жерде эмне күтүп атканы айтпаса да түшүнүктүү.

Бечара, байкап догурунбайт белең
Баткен облусуна караштуу "Кожо-Корук" бажыканасынын кызматкери 200 доллар пара алып атканда кармалды. Көрсө, ал Кара-Суу районунун тургуну алып келаткан товардын документин текшербестен, "контрабандалык жол менен келген" деп доомат коюп, акча талап кылган экен. Оңой акча табууну көздөгөн эргул эми сурак берип отурат.

От менен ойнобогула, өлөсүңөр…
Жалал-Абад облусундагы Ноокат районунан 100 кв.метр жердеги чабылган чөптү балдар ширеңке чагып өрттөп жиберишкен. Кышкы тоютка даярдалган чөптү жок кылган өспүрүмдөр ата-энелери менен сурак берип аткан кези. Ал эми Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 73 жаштагы Н.Старничук иске ууланып көз жумса, аялы ооруканага жеткирилген.

Кыргыз сөөгү кайда гана калбаган
Казакстандын Караганда облусундагы Алма-Ата - Екатеринбург автожолунан "Тойота Превия" автоунаасы аласалып, кырсыкка учураган. Ичиндеги 11 жүргүнчүнүн тогузу ошол жерден жан берсе, экөө оор абалда Балхаш шаарындагы ооруканага жеткирилген. Автоунаанын мамлекеттик номуру Кыргызстандыкы болгондуктан, ичиндеги адамдар да кыргыз жарандары болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Учурда көз жумгандардын аты-жөнү иликтенүүдө.




  И-тагдаалы

Эртерээк үйлөн, Эштек
Кыргызстан калкынын санын көбөйтүш үчүн ар бир үйдө аз болгондо үчтөн бала болушу керек. Бул тууралуу кечээ Коммунисттер фракциясынын отурумунда Соцфонд төрайымы Тажикан Калимбетова билдирди. Анын айтымында, азыркы жаш үй-бүлөлөр балалуу болууга шашпайт. Бул жумушсуздукка, жашоонун начардыгына да байланыштуу. Ошол себептен мамлекет жашоосун оңдоп, жумуш орундарын түзүп бериши керек. Соцфонд төрайымынын айтымында, Кыргызстанда жыл өткөн сайын пенсионерлердин саны өсүп, жаштар азайып баратат. "Бул баарыбызды ойлондура турган маселе" дейт Тажикан айым.
Аганын атын өчүрбөй
Жакында маркум журналист Алмаз Ташиевдин "Ноокатым - менин ооматым" аттуу өзүнүн кичи мекенине арнаган энциклопедиялык китеби жарык көрдү. Муну ал көзү тирүү кезинде жазып, басууга даярдап аягына чыкпай калган. Эми агасынын эмгегин иниси Мелис Ташиев жерде калтырбай, аталган китепти жарыкка чыгарды. 23-октябрда "Азия плюс" кафесинде аталган китептин бет ачар аземи болмокчу. Китепти алгач барактап көргөндөр басылма өз окурмандарын табарын айтышып, анын мазмуну салмактуу дешет.
Жылуулук жылма кымбаттайт
"Бишкекжылуулуктармактар" ААКсынын башкы директору Мирбек Батакановдун айтымында, жылуулук 1-ноябрдан 15-ноябрга чейинки аралыкта берилиши мүмкүн. Жылуулук берүүнүн атайын белгиленген күнү болбойт. Ошол себептен күндүзгү температура +8 градустан кандай төмөндөсө, ошол мезгилден тарта жылуулук бериле баштайт. Буга улай ал быйыл жылуулукка болгон тариф жогоруларын жана ал качан, канчага көтөрүлөрүн айткан жок. Айрымдар октябрь айы аягына чейин жылуу болот дешсе, быйыл кыш катуу болот деген божомолдор да бар. Шаарда жашагандарды Мирбек мырза минтип санаага салса, эмдигиче көмүр камдабаган жаңы конуш жашоочулары кыштын суук болорун угуп, уйкусу качып жүрөт.
Баткен театры менен Воробьевго ким барат?
Баткен облустук театрынын директору Апас Жайнаков ЖОЖдордун бирине мугалим болуп кетип, театр жайдак калды. Анын ордуна жетекчи издеп Маданият министрлиги улам бир талапкердин таржымалын карап, эси ооп аткан кези. Албетте, облустук театрга барып жетекчи болуп иштейм дегендердин саны арбын. Кайсы артисттин бактысына директорлук кызмат туш келери али белгисиз. Ал эми борбордогу Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында бир нече спектаклди сахнага алып чыккан башкы режиссер Э.Ибраимова да кызматынан бошоп кеткен. Анын эмне себептен бошогонун билген жан жок. Андыктан, театрдын директору Б.Д.Воробьев учурда дасыккан режиссер издеп аткан кербези.
Көлдө мейманкана азбы?
Европа банкы Кыргызстанга 1 млн. 200 миң доллар бөлөрүн билдирди. "Мир" телерадиокомпаниянын билдиришинче, бул кредит Ысык-Көлдүн жээгине мейманкана курууга жумшалат. Банк өкүлдөрү муну каатчылыкка карабай республикага келген туристтердин саны жылдан жылга өсүп жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн. Мейманкана "Эльмира Инн" аталып, анын курулушуна энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулат. Европа банкынын мындай берешендигине экономисттер, саясый серепчилер таңгалып жатышат. Алардын айтымында, тышкы карызды көбөйткөн мындай мейманкананын кереги деле жок эле. Же эмне, Көлдө мейманкана азбы?