Кыргыз гезиттер архиви

Ат жалында маек
Нурлан КЫДЫРШАЕВ, "Кыргыз тили" коомунун президенти:
"Губернатордун орунбасарын иштен кетирүүнү сунуш кылдык"
- Сиз жетектеген "Кыргыз тили" коому эмне иш кылат?
- Биз буга чейин да, азыр деле төш какпай эле өз ишибизди аткарып келебиз. Жайында курамына ЖК депутаттары Ибрагим Жунусов менен Бейшенбек Абдырасаков кошулган атайын комиссия түзүп, жергиликтүү бийлик мекемелери канчалык деңгээлде кыргыз тилинде иш жүргүзүп жатканын текшерип келдик. Алгачкы иш Чүй облусунан башталды. Облустун ар бир акимчилигинде, айыл өкмөтүндө, күч структураларында болдук. Мамлекеттик тил мыйзамын жеткиликтүү аткарбай жаткан кээ бир мекемелерге эскертүү жасап, кыргыз тилин таптакыр жериген, мисалы, Чүй облусунун губернатор орунбасары Н.И.Ляленкону жумуштан кетирүү боюнча өкмөткө сунуш жөнөттүк. Биздин мындай демилгебизди Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев колдоп, азыр бул министрлик биз менен тыгыз иштешип жатат. Кечээ жакында аталган министрликте кыргыз тили бөлмөсүн ачтык. МАИ кызматкерлеринин, кылмыш иликтөө жана кайгуул күзөт бөлүмдөрүнүн иш кагаздарын кыргызчалап жатабыз. Протокол түзүү да кыргызча болот. Атургай жакында паспорт алуу үчүн толтурулуучу иш кагаздар да кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Учурда Молдомуса Ташболотовичтин буйругу менен милиция академиясы кыргыз тилинде сабак өтүүдө. Айтор, биз өкмөт акча бөлбөйт деп жатып албай, жалаң мекенчилдик сезим менен биртоп эле иштерди жүргүзүп жатабыз. Ош облусуна барганда мечиттерде илинип турган өзбек тилиндеги жарнактарды алдырып салдык. Эң өкүнүчтүүсү, мындай кадамга баруудан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тайсалдайт экен.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, акын:
"Адам деген бир бечара"
- Адам болуу оңойбу же акын болуу оңойбу?
- Чынында экөө тең кыйын. Анткени акындыкты Кудай берет. Бирок, аны таза бойдон бага аласыңбы же өлтүрүп аласыңбы - бул өзүнчө чоң түйшүк. Айтматовдун "Күн сайын Адам болуп туруу кыйын экен" деген сөзүнөн Адам болуу да кыйын экенин түшүнсө болот. Анткени Алыкул айткандай, "Адам деген өзгөргүч… күнүмдүк… бечера тура". Кыскартып айтканда, кайда барсаң да Мамайдын көрү.


Алмазбек КАРИМОВ, ЖК депутаты:
"Кыргыздар кийинчерек сөөгүн бөтөн жерге таштай баштады"
- Улуттук каада-салтыбызды сакташ керекпи же учурга жараша өзгөргөн оңбу?
- Кийинки кезде мени бир парадокс таңгалдырат. Кыргыздарда "Туулган жердин топурагы алтын" деп кандай тарыхый кырдаал болбосун өз туулган жеринин топурагын жамынып жатууну эңсеп, ушуну мурас кылган фактылар да көп кездешет. Айтылуу Балбай баатырдын Верныйдан эти жок сөөгүн төөгө жүктөп келип, кичи мекенине коюлгандыгын эле мисалга тартайын. Андан бери жылсак, борбор калаада же Кыргызстандын башка аймактарында иштеп жүрүп өмүрү өткөндөрдү туулган айылына коюу салты кандай убара-чыгымдарга карабастан, милдеттүү түрдө жасалчу эле. Эми кээ бир жерлерде "кайда болсо да жашырып койсоңор болду" деген сөздөр насыятка айлана баштады. Бул эмнеликтен? Жокчулукпу же салттын кадыры кете баштаганыбы? Менимче, көбүрөөк салттуулуктан четтей баштаганыбыз го… Салттуулук фундаменталдык мүнөзгө ээ болору, ал адамдардын жашоо образы экени жадыбалдай жадыбыздан чыкпаганда, балким тарыхый аймактырыбыздын бүтүндүгү сакталып калмак беле… Балким бүгүнкү 5 млн. кыргыз 50 млн. болот беле, ким билет? Ата-бабалардан калган салттын бардыгын иргебей кабыл алыш керек дегенден алысмын. Чана турган салт болсо, аны токтоолук жана акыл-эс менен жасоо керек. Жаштар илимий, техникалык, технологиялык жаңы табылгаларды өздөштүү аркылуу гана азыркыдай жакырчылыкта чайналбай жан багарын түшүнүүсү зарыл.


Абдымамбет САРИЕВ, Улуттук жазуучулар союзунун катчысы:
"Манас ислам дининен улуу"
- Манас мусулман болгонбу же?..
- Жок. Ислам дини пайда болгонуна 1500 жылдан өтө элек. Ал эми касиеттүү Манастын жаралышы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынан нары көптөгөн кылымдарга барып такалат. "Мажумиават-таварих" китебинде Манасты ислам дини киргенден кийинки авторлор динге ылайыкташтырып жазышкан. Сагынбайдын вариантындагы Манастын кагазга жазылышы жөнүндө эпизоддордун пайда болушунун себеби, Сагымбай 9 жыл медреседе окуп, ислам динине берилген адам болгон. 1950-жылдардагы Мухтар Ауэзовдун "Манас кыргыз элинин баатырдык эпосу" деген эмгегинде Манаска ислам дининин кирип кетиши жөнүндө "Манас айтылып турган жерде ислам динине орун жок эле, ошондуктан эшендер, манаптар элди башкаруу үчүн ислам динин жайылтууга катуу аракет кылышкан. Манасчылар куугунтуктан жана Манас эпосун жок кылып алуудан коркушуп, эпоско ислам динин киргизүүгө мажбур болушкан" деп көптөгөн далилдерди келтирип, себебин ачкан. Манасты ислам динине киргизүү чоң атасынын чоң атасын небересине бала кылгандай эси жоктук болуп эсептелет. Кыргыздар жашоо турмушунда улуттук каада-салттын байыркы жана көөнөргүс эреже, жол-жоболору менен жашап, улуу Манас менен улуттук патриоттук духун көтөрүп, ар-намыска келип, диндер пайда боло электен бери эле жашап келишкен.


Субанаалы БАТЫРКУЛОВ, эркин күрөш чебери:
"Азыр дарыланганга караганда ооруну алдын алууга аз чыгым кетет"
- Кийинчерек "спиртсмендер" азайып, спортсмен менен молдолор көбөйө баштаганынын себеби эмнеде?
- Ырасында эле коомчулук эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары ары урунду, бери урунду. Ичип да көрдү. Жаштардын кайсы бир бөлүгү кайра чыкпай турган кургуйга кулап кетти. Мындай жолду тандап алгандардын айрымдары гана оңолуп калбаса, көпчүлүгү кылмыш кылып түрмөгө түштү же бөтөлкөнүн артынан кууп, ошондон ары жок болду. Чынында эле кайсы бир учурга чейин келечекти туман басып, арак ичкендер көбөйүп турган. Себеби көп адамдардын келечекке болгон ишеними жоголгон эле. Анүстүнө эркиндиктин "шамалы" бирөөгө жакса, бирөөлөргө жакпады. Жылдар өткөн сайын ошол күндөр аз-аздап артта калып баратат. Байлык үчүн жулунгандардын да курсагы жарым-жартылай тое баштады көрүнөт. Албетте, мындай учурда дагы жашайын, өлгөндөн кийинки жашоом да жаман болбосун деп ар бир пенде Кудайды эстей баштайт. Ким бирөөлөр ден соолук үчүн кам көрүп, бир чети өзүбүзгө өзүбүз тың бололу деп спорттун артынан түштүк. Азыр арак ичип жүрүп ооруп калгандан көрө, дени сак болуу мода. Анүстүнө дарыланганга караганда спорт менен машыгууга аз каражат кетет.


Улан ДҮЙШӨНАЛЫ, Мамлекеттик кызмат агенттигинин жетектөөчү адиси:
"Көчөдө ата, Ак үйдө башка адам бол"
- Мамлекеттик кызматкер кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Чынчыл, кошоматчы эмес. Азыркы реформа учурунда кынтыксыз аткаруучу эле болбостон, чыгармачылык менен да иштей билген адам болуш керек. Ошол эле учурда ар бир мамлекеттик кызматкер бир эле кесипкөй гана болуп калбастан ыйман, адамкерчилик жагынан да башкаларга үлгү болсо. Уяты бар мамлекеттик кызматкер өз кызматын тааныштарына, туугандарына жардам бериш үчүн колдонбойт. Мындай жоопкерчилик жүктөлгөн атуул керек болсо өзүнүн баласы үчүн көчөдө ата, ал эми иш бөлмөсүндө принципиалдуу кызматкерге айлануусу абзел. Башкача айтканда, үй-бүлөң үчүн үйүңдө ата бол, ал эми Ак үй менен Көк үйдө башка адамга айлан.