Кыргыз гезиттер архиви

  Кан кое бербейт

Жусупжан ЖЭЭНБЕКОВ:
"Бахтыярды Зикирбаев атайын өлтүрүптүр"

ЖК экс-депутаты Жусупжан ЖЭЭНБЕКОВдун уулу Бахтыярдын сөөгү табылып, аны акыркы сапарга узатып келгенден бери кабарлаша элек болчубуз. Азыр Бахтыярды өлтүргөн кылмышкерлердин үстүнөн козголгон тергөө иштери кандай жүрүп атат, аны өлтүрүүнүн себептери жана Англияга кеткен ДНК жыйынтыгын билүү максатында кепке тарттык.

- Бактыярдын өлүмүнө себепкер кылмышкерлердин тергөө иштери кандай жүрүп атат?
- Тергөөчүлөр менен жолугуп атам. Бул иш жакында бүтпөйт го. Себеби, бул бандиттердин мойнунда көп кылмыш бар экен. Жакында белгилүү болгон Р.Шабатоевдин өлүмү да ушулар колдуу болгону ачык чыкпадыбы. Бахтыярдын Москвадан чыккан ДНКсы 99,9 пайызга дал келди. Ошонун негизинде сөөктү айылга алып барып, жерге жашырдык. Бул жактагы муфтийлер менен сүйлөшсөм бала бир жыл жатып калыптыр, дароо эле жылдыгын берсеңер болот дегенинен орозо айтта жылдыгын да өткөрдүк. Чындыгында баламдын өлүгүн, өңү-түсүн көрбөгөнгө жүрөк суубай, өзүмчө дагы деле ишенип-ишенбей, чогулган балдарды көрсөм, арасында жокпу деп караанын издеп кыйналып жүрөм.
- СДПК партиясынын мүчөлөрү Бахтыярга топурак салып, сизге көңүл айтыштыбы?
- Жок, эч кимиси келген да, сураган да жок. Ал эми А.Атамбаев менен анын деңгээлине түшүп, сүйлөшкүм да келбеди. Менин жанымда мурунку "Мекен биримдиги" партиясынан партиялаштарым турушту. Башыма күйүт түшүп турганда К.Кадыровдон жардам сурап, уулумдун сөөгүн көргөнгө барып кой деген элем, ошондо ал макул деп сөз берип коюп, телефонун өчүрүп, барбай койгон. Ошол кезде министр М.Конгантиев О.Назаровду таап, алып барган. Орзубекке абдан ыраазы болдум, ага чоң ыракматымды азыркыга чейин айтам. Кимдин ким экени адамдын башына жамандык түшкөндө гана билинет экен.
- Бахтыярдын Англияга жиберилген ДНК анализдери кандай чыкты?
- Аяктан эч кандай ДНК жыйынтыгы чыккан жок. 12-июлда министр М.Конгантиев чакырып, шектүү адам кармалды дегенде баргам. Сөөк табылганда тергөөчүлөр ушул менчик лабораторияга алып барышып, М.Садыркуловдун, былтыркы самолетто каза болгон адамдардын ДНКларын чыгарып беришкен дешти. М.Конгантиев жардам берип, ДНКнын бир нускасын милициянын кызматкерлеринин коштоосунда Москвага жиберип ийгем. Ошол учурда уулумдун шагыраган сөөктөрүн көрүп шок болуп, өзүмдү жакшы билбей тургам. Бахтыярдын баласын ээрчитип баргам, экөөбүз анализ тапшырдык. Дароо эле келишимге кол коюп, 1396 доллар төлөдүк. Эртеси кичине эсиме келип, келишимди окусам, бир тараптуу, өзүлөрүнүн кызыкчылыгы менен жазылыптыр. Келишимде жабырлануучунун эч кандай кызыкчылыгы жок экен. Анан адвокатына телефон чалып, "келишимди бузам, силерде эч кандай аппаратура жок экен, мен кандайча силерге ишенем?" дедим. "Келишимди бузганга болбойт, кайда арыздансаңыз ошол жакка барыңыз" деп баламдай болгон жаш жигит мага катуу тийди. Акыры "заткнись!" деп да кыйкырды. Алардын мындай мамилесине түшүнбөй, лабораториянын жетекчиси Манасова деген айымга телефон чалсам, ал "ДНК анализдерин Англияга жөнөтүп жибердик, жыйынтыгы сөзсүз чыгат" деп айтып, адвокатынын кылык-жоругу үчүн кечирим да сурап жиберди. Анда ДНК жыйынтыгын күтөйүн дедим. Арадан бир ай өткөндө 13-августта Манасова телефон чалып: "Туугандарыңызды чогултуңуз, Англиядан ДНК жыйынтыгы келди" деди. Ошол кезде Москвадагы ДНК жыйынтыгы келген, бирок, аны ачпастан Англиядагы анализ менен чогуу карайбыз деп М.Конгантиевдин сейфине салып, мөөр бастырып салгам. Жалал-Абаддагы туугандарыбыз келип чогулдук. Манасовага телефон чалып, "качан баралы" десем, "бейшемби күнү келгиле" деди, ошол күнү баралы десек, жума күнгө которду. Жума күнү байланышсам, ишемби күндү болжоду. Айылдагы туугандардын баары чогулуп, эмне болот деп күтүп атсак, ал улам бир күнгө жылдырганына нааразы болуп, "бул эмне кылганыңар" десем, "биринчи күнү саат экиде келгиле, баары даяр болду" деди. Ага да макул болуп, биринчи күнү болжошкон убакытта келсек, эч кимиси жок, телефондорун да өчүрүп салышыптыр. Аларды эч жерден таппай калдык. Келишим боюнча анализ жыйынтыгы 45 күндө чыкмак, ушунча убакыт күтөйүн деп ойлодум да, адвокатымды эки-үч жолу жөнөттүм. Алардын мындай мамилесинен мени алдап атканын дароо эле түшүндүм. Бирөөнүн кайгысынан пайда таап байыйм деген адамдарды көрүп таңгалдым. Эгерде ошончолук эле акча керек болсо, ДНКны шылтоо кылбай менден акча сурашса бермекмин. Ошондон кийин алар ортого тааныштарды, чоңдорду салып мага жибере башташты. "Эч кимге унчукпай эле койсунчу, жарым акчасын берейин, Англиядан анализ чыкпай калды" деп айттырыптыр. Мен ал кагазды адвокатым экөөбүз интернеттен таап окусак, неберем экөөбүздүн анализибиз туура чыгып, сөөктөн анализ чыкпай калыптыр. Анткени булар өзүлөрү туура эмес берген экен. Сөөктөгү анализ чыкпай калса, өлүкканада турган сөөктөн кайра анализ алса болот эле. Акча төлөгүлө, биз силерден кайра кан алып, анализин жиберебиз дешти. Адвокатым аларга "эмне үчүн кайрадан кан алыш керек, бул жерде сөөктөн анализ чыкпай атпайбы" десе да болбой, түрдүү сөздөрдү айта башташты. Төрт неберем жетим калып, айылдан келген туугандар күтүп, анализи качан чыгат деп кайгырып отурсак, булар биздин кайгыбыздан пайда таап, өзүнүн фирмасын өнүктүрүп атса, кантип нааразы болбойсуң. Алардын сертификатын көрсөм ал да күмөндүү экен. Жадагалса мага телефон чалып, кечирим сурап коюшпады. Аларга абдан капа болдум. Акырында анализдери чыкпай калды деп официалдуу кагаз беришти. Бирок, акчамды дале кайтарып бере турган ойлору жок. Кайра сүйүнгөнсүп, "жарым акчасын берели" деп жылмайышат. Булар мага окшогон дагы канча адамды сыздатышты экен, ким билет?
- Сиз жогоруда өткөн жылы самолетто көз жумгандардын, М.Садыркуловдун ДНКларын ушулар текшерип беришкени жөнүндө айттыңыз, анда алардын анализдерин кантип чыгарышты болду экен?
- Башына күйүт түшүп, ыйлап аткан адам аныгына жетүү үчүн башка жактан да ДНК текшертүүгө жиберет. Ошону менин оюмча булар башка жактан чыгып келген ДНК жыйынтыгы менен акырын сүйлөшүп алып, ортодо "тастыкталды" деп мөөр басып гана берип коюшат окшойт. Менин шок болуп, кайгырып турганымдан пайдаланып 1396 доллар алып, анысы аз келгенсип мени шылдыңдагансып, "туугандарыңды чогултуп, чакыр" деп, андан кийин "анализи чыкпай калды" дегендери бери дегенде акмакчылык. Москвадан чыккан ДНК анализин бекитип койгондуктан эч кандай маалымат алалбай, туңгуюкта калышса керек. Англияга ДНК жөнөттүк деп бир квитанциясы жүрөт, ал жакка эмне жөнөткөнү да белгисиз, жазылган эмес.
- Эми аларга кандай чара колдонолу деп атасыз?
- Мен аларды Биринчи май райондук сотуна бердим. Алардан моралдык жактан жабыркатканы үчүн миллион сом талап кылдым. Эгерде соттон утуп калсам, уулумдун артында калган төрт небереме жана буга чейин дайыма жардам берип жүргөн Жалал-Абадда балдар үйү бар эле, ошого котором деген оюм бар.
- Бизде өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Эгерде көп адамдын өмүрүн кыйган адам 20-30 жыл темир тордо отуруп келгенден кийин оңолуп кетерине ишенесизби? Мисалы, Ж.Зикирбаев сыяктуулар…
- Алар эч качан оңолуп келишпейт. Себеби, кан кое бербейт. Бул шарыятта да жазылган. Адам өмүрүн кыйган адам кылган күнөөсүн мойну менен тартыш керек. Тилекке каршы, бизде демократия анархияга өтүп кетип атат. Буларды мыйзамдын негизинде өлүм жазасына буюруп, анан өлүгүн туугандарына бериш керек деп ойлойм. Өмүр бою түрмөдө отурсун деп жазалаганы менен, аларды мамлекет өз эсебинен багып жатат. Алар 20-25 жыл түрмөдө отурса да, мен чыгып кетейин деп өмүр бою ходатайство жаза беришет. Бирок, түрмөдө өлүм жазасына кетпей көп жылга кесилген адам эрте эле эркиндикке чыгып кетиши мүмкүн. Жанагынча адамдын өмүрүн кыйган кылмышкерлер экиден адвокат жалдап алышыптыр. Ж.Зикирбаев менен жолугуп, баламдын акыркы керээзин угайын, өлөрүндө эмне деди деп сурайын десем, ал баш тартып, "мен бир гана Кудайдан кечирим сурайм" деп айтыптыр. Баламдын өлөр алдындагы акыркы сөзү мындай болгон экен: "Мен сага акча берсем да, бербесем да сен баарыбир мени атасың, колуңдан келгенди кылып ал!" деген экен. Ошондо алар "анда, келмеңди келтир" дептир, Бахтыяр келме келтиргенде башына атышыптыр… "Эртеси куран окутуп, ыйладым. Атасы элдик адам экен, баласы да баатырларча өлүмгө тик карап, баарыбир өлтүрөсүңөр деп айтты" деп Ж.Зикирбаев тергөөчүлөргө өзү айтып бериптир.
- Бахтыяр менен Ж.Зикирбаевдин мурда тааныштыгы бар бекен?
- Ал жигит 2004-жылы түрмөдөн чыгып, Москвага барып Бахтыярдан 5000 доллар бересиң деп айтыптыр. Бахтыяр эмне үчүн берем, башкалардай болуп иштеп, акча тап, бул жердеги кыргыздардын баары маңдай тери менен акча табышат дептир. Ошондо бул ага кекенип калыптыр. Ошондон бери өчөшүп жүрүп, атайы принцип үчүн акыры аттым деп айтыптыр. 5000 доллар үчүн чиедей төрт баланы жетим калтырып, канчалаган тууган-уруктарын сыздатты... Эми Кудайдан кечирим сурап атыптыр. Жакында өлүм жазасын кайра калыбына келтирүүнү көтөрүп чыгышты. Мен да бул маселени көтөрүп чыгайын деп аткам. Оор кылмыш жасагандарды атууга өкүм чыгарыш керек деп ойлойм. Башка көп эле мамлекетте өлүм жазасы бар. Эмне үчүн биз мамлекетке салык төлөп, ушундай кылмыш жасаган адамдарды өмүр бою багышыбыз керек? Эми аларды Кудайга койдум деп отурам.
- Руслан Шабатоевге топурак салганы бардыңызбы?
- Ооба, бир күн мурун барып, ата-энесине жолугуп, мен да чыдай албай кеттим. "Эми эмнеси болсо да Русландын тогуз мүчөсү толук табылганына Кудайга шүгүр дегиле, а мен баламдын жарым сөөгүн таап, үмүтүмдү үзө албай атам" деп, көзүмөн жаш чыгып кетти. Руслан кыргыздын кыйын жигиттеринен эле. Жаткан жери жайлуу болсун, эмне дейин…
- Азыр эмне менен алектенип атасыз?
- Азыр үйдө элемин, бош. Эгерде Кыргызстанга керек болсом менин тажрыйбам бар, иштеп кете алам. Менде чакан ишкана же бизнес жок, кыргыз эли үчүн иштеп келгем, эми деле иштегим келет. Башкалардай болуп кызматка таарынып, башка жакка кетип, жамандагандарды жактыра бербейм. Кыргызстан үчүн баарыбыз күйүшүбүз керек.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА