Кыргыз гезиттер архиви

  Партияңды айтчы...

Мансап жолу партия тепкичинен турабы?

Төбөсү көрүнгөндүн баары эле партия ачып, саясат айдыңына аралашканы көнүмүш адатка айланып барат. 5 млн. адамга 100дөн ашуун партиянын туура келиши жагынан кыргыздарды Гиннес китебине киргизсе болот. Кыргызстандагы партиялардын жаралыш таржымалы жана алардын коомчулукка тийгизген таасирин изилдегенге аракет жасадык.

Акча бар жерде мандат бар
Өлкөбүздөгү партиялардын аксакалы - "Эркин Кыргызстан" (ЭрК). Анын негиздөөчүсү экс-акыйкатчы, Малайзиядагы кыргыз элчиси Турсунбай Бакир уулу экени жалпыга маалым. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында (1991-1993-1997-1998-2001 жана 2004-жылдары экиден, 1995-1996-жылдары бирден - Н.К.) партиялардын "төрөлүү" темпи жай болсо, март окуясынан кийин кескин жогорулоо башталган. Маселен, 2006-жылдын орто ченинде 14 саясый партия "жаралса", өткөн жылдагы статистика боюнча бул көрсөткүч 104кө жетти.
2007-жылы өткөн парламенттик шайлоо партия аттуулардын салмагын, башкысы капчыгынын жука-калыңдыгын тастыктап койгонсуду. Бейрасмий маалыматтарга караганда, мандат талашка түшкөн 12 партиянын шайлоо фондуна 95 млн. сомго чукул каражат чогулган. Маселен, Феликс Куловдун "Ар намысы" 7 млн., "Атамекен" 16 млн., КСДП 15 млн., "Асаба" 3 млн., "Туран" 10 млн., "Аалам" 3,5 млн. сомдун көзүн карабай чачышкан. Шайлоонун шайтан оюндарына каражат сарптамай жагынан бийликчил "Ак жол" партиясы рекорд койсо (32 млн. сом), "Эл добушу" 1 млн. сом менен атаандаштарынын артында калган.
Саясый партиялар парламенттик шайлоо үчүн миллиондогон сомдорду соолутканын мисал тартканыбыздын жөнү бар. Логикага ылайык, партиялар ортосунда ириде элдин, мамлекет кызыкчылыгын көздөгөн идеялык күрөш жүрүшү керек. Бүгүнкү күндө партиялардын негизги максаты карапайым калк үчүн кызмат кылуу эмес, мансапка жетүү экени сокурга деле маалым. Колдогон кожосуна, финансы булагына жараша партия келечеги чечилерин турмуш өзү далилдеди. Муну "Ак жолдун" тажрыйбасынан аңдап алганыбыз жетиштүү.

Ба-а! Баягы эле "баурдастар"…
Көпчүлүк саясатчылар эл үчүн эмес, жеке кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу максатында партияга кошуларына жогоруда токтолдук. Сөзүбүзгө далил катары туңгуч ажо А.Акаевдин тагдырын мисалдап өтсөк. Кезинде экс-президентке: "Улуу урматтуу Аскар Акайыч…" деп ийиле жүгүнгөн чиновниктер бүгүн минтип Курманбек Салиевич Бакиевге "чын дилден" кызмат өтөөдө. Маселен, ЖК төрагасы Айтибай Тагаев, вице-спикер Кубанычбек Исабеков жана Аскарбек Шадиев, Аскарбек Салымбеков, Арзыбек Бурканов, Нургазы Айдаров, Мухаммаджан Мамасаидов өңдүү "ак жолчу" депутаттар учурунда "Алга, Кыргызстан!" партиясынын катарын толукташкан. Эртеңки күнү бийлик башына башкалар келсе, булар ага дагы: "улуу урматтуу, Баланча Баланчаевич…" деп жагынуудан кайра тартпайт. Мындан сырткары, ушу тапта Кыргызстан коммунисттер партиясынын атынан мандат алган Роман Шин, "Туран" партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев, экс-ксдпчыл Осмонбек Артыкбаев да кезинде "Алга, Кыргызстандын!" сүймөнчүктөрү эле.

Жылкысына карап ышкырбай
Расмий каттоодон өткөн 104 партиянын ичинен 10го жакыны гана активдүү иштейт. Калгандары аты бар, заты жок десе болчудай. Маселен, "Жаңы күч", "Кыргыз кылымы", "Коломто", "Жашасын, Кыргызстан!", "Элнуру", "Санжыра", "Элмурас" өңдүү партиялар эмне иш кылып атканын көпчүлүк жан билбейт. Ошого карабастан партия лидерлеринин амбициясы аттын башындай. Маселен, "Дыйкандар" партиясынын лидери Куттубек Асылбеков президенттик шайлоого катышмакчымын деп чамынып чыккан. "Ат чабышта" мөрөй талашууга Куттубек мырзанын чама-чаркы чак келбей тургандыгын ушундан билиңиз, алигиче партиясынын кеңсеси жок.

"Кыргызстан патриоттуктук-тун" деми күч!
Макала башында партия бийликке жетүүнүн негизги куралы экенин айттык. Аткаминерлер максатына жеткен соң, мамлекеттин жана элдин келечеги туурасында баш оорутуп да коюшпайт. Ал эми "Кыргызстан патриоттук" партиясынын төрагасы Назарбек НЫШАНОВ буга караманча каршы.
- Биздин партия карапайым калкка абадай зарыл болгон негизги өзөктү - патриоттук духту, идеяны көтөрө алды. Ушул принципти туу тутуп, коомчулуктун өнүгүшүнө салым кошуп келатабыз.
- Мисалы?
- Экс-президентке:"Аскар Акаевич, Кыргызстанды банкрот өлкөгө айландырдыңыз. Андыктан, өлкөнү башкарууга моралдык укугуңуз жок. Сизге импичмент жарыялайбыз" деп ачык пикирибизди билдирип чыктык. Ошондой эле жер маселеси боюнча референдум өткөрүүгө каршы акция баштаганбыз. Бийликтин безине тийген мына ушул эки фактынын айынан мага жалган жалаа жабылып, беш жылга эркимен ажырадым.
Март ыңкылабынын шарапаты менен ээрге отурган жаңы бийлик деле менин мандайыман сылаган жок. Азыркы аткаминерлердин көпчүлүгү эски замандын "бөрүлөрү" экенин ачык айткам. Андыктан, "Алга, Кыргызстандан" куралган парламентти таркатуу демилгесин алгачкылардан болуп биз көтөрүп чыкканбыз. Натыйжада мени түрмөгө (2006-2008-жылдары) отургузуп тынышты. Бирок, жеке мени мына ушундай тоскоолдуктар сындыра албайт. Тескерисинче, чыйралтат.
- Партия, кыймыл аттуулардын көпчүлүгү Батыштын каржылоосу астында күн кечирери маалым. Ал эми сиз жетектеген партия кайсы күчтүн "акырынан жем жейт"?
- Көртурмуш деңгээлинен көтөрүлүп, мамлекет, эл кызыкчылыгын алдыңкы орунга койгондор үчүн акча башкы маселе эмес. "Кыргызстан патриоттуктун" жаралганына 11 жылдын жүзү болду. Эч кимге көзкаранды эмеспиз. Жалпы жонунан 12 миң мүчөбүз бар. Алардан түшкөн мүчөлүк акынын эсебинен партиябыз жашап келет.
- Эмки парламенттик шайлоого катышуу ниетиңер болсо керек?
- Бүгүнкүдөй система жашап турганда абал оңолбойт. Каалайсыңбы-каалабайсыңбы, кайра эле азыркыдай парламент түзүлөт. Биз шайлоого катышсак, системаны түп-тамырынан бери башкача кылып өзгөртүшүбүз керек. Аны эми убакыт көрсөтөт.

"Асаба" өчпөйт! Жакында жылдызы жанат…
2008-жылдын апрелинде айтылуу "Асаба" партиясынын жетекчилигине Советбек Жамалдинов дайындалган. Азимбек Бекназаров төрагалыктан кеткени аталган партиянын үнү чыкпай калгансыды. "Асабанын" бүгүнкү күндөгү абалы жана келечек пландары туурасында партиянын төрага орунбасары Турат ДҮЙШЕЕВ ой бөлүшөт.
- "Асабанын" дүбүртү жайлап калды, бул партия жакында жоголот" деген пикирде жүргөндөргө таптакыр кошулбайм. Себеби, биз эл үчүн конкреттүү иштерди баштадык. Маселен, Жумгал районундагы 20 эне балдарына төлөнчү жөлөк пулду алалбай жүрүшүптүр. Тиешелүү министрлик менен сүйлөшүп, алардын көйгөйүн чечип бердик. Кара-Кечедеги "Шарбон" фирмасы менен келишим түзүп, согуштун ардагерлерине жана майыптарга өз баасында көмүр жеткиртип берүүнү колго алганбыз. Алдыда Бишкек-Миңкуш каттамы боюнча автобус жүргүзүп, Айдаркендеги оорукананы УЗИ аппараты менен жабдууну көздөп атабыз. Бул жаатта тиешелүү министрликтер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
- А.Бекназаровдун убагында "Асаба" оппозициялык маанайдагы партиялардын катарында эле. Жетекчиликтин алмашышы менен позицияңар өзгөрүлбөйбү?
- Биздин партия 1991-жылдын 31-декабрында расмий каттоодон өткөн. Ошондон бери жүзүбүздү жоготпой келебиз. "Асаба" баштапкыдай эле оппозициялык багытын сактап калат. Бийликтин кетирген кемчиликтерин көзгө сайып көрсөтүп, Кыргызстандын келечеги үчүн талыкпай эмгек кыларыбызга ишеним чоң.
- "Асаба" экиге бөлүнүп, бир канатын Салмоорбек Дыйканов башкарып калганы боюнча маалымат бар…
- Бул чындыкка дал келбеген ушак. Биздин партия бөлүнгөн эмес жана ага негиз да жок. Туура, партиянын төрт ардагер мүчөсү биригип, Салмоорбек мырзаны өздөрүнө "жетекчи" кылып алышкан. Алар менен жылдызыбыздын келишпегенине идеялардын ар түрдүүлүгү себепкер. Маселен, С.Дыйканов башында турган топ уруучулукту калыбына келтирүүнү көздөйт. Алардын пикиринде, айыл башчысынан тартып президенттик кызматка чейин уруу башчылары көзөмөл жүргүзүшү керек экен. Тактап айтканда, район, облус жетекчилерин, өлкө башчысын ар уруунун башчылары шайлайт. Ушул кантип болсун?! Кыргызстанда жалпы жонунан 40 уруу бар. Салмоорбек Дыйкановдун идеологиясын колдой турган болсок, кыргыздар 40ка бөлүнүп кетишибиз керек.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, тел.: 66-55-82,
e-mail: kerimbayev@mail.ru