Кыргыз гезиттер архиви

  Улуттук каналдын "Кайдасың?.." көрсөтүүсү - "Агымда"

Издейм сени, арасынан элдердин...
Адамдардын жашоодон дайынсыз жоголушунун себептери ар түркүн. "Кайдасың?.." көрсөтүүсүнө кайрылып, жакынын издеген каттардын саны күндөн күнгө арбып барат. Санаага батып, арыз-муңун айтып келген адамдардын жоголгон жакындарынын тагдырын гезит бетине жарыялап, аларга мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче жардам берүүгө аракет кылабыз. Мүмкүн изделген адамдар жаныбызда эле жүргөндүр, окурман!



Келгенбаев Шералы

Жердиги Көл, 71 жашта. 2002-жылдын февраль айында Бишкек шаарына келип, Исанов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган балдарына жолугарын туугандарына айткан. Ошол бойдон бүгүнкү күнгө чейин анын кайда экендиги белгисиз. Анын өңү саргылт, бою эки метрге жакын, олбурлуу адам. Эгерде Келгенбаев Шералыны кайсы бир жерден көрүп, тааныгандар болсо, биздин дарекке кабарлап коюңуздар.
Максутов Эртабылды

1948-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган. 1973-жылы ошол кездеги Фрунзе шаарына окууга тапшырганы кеткен бойдон дайынсыз.
Аттокурова Саадат Турдубековна

1984-жылы туулган. Нарын районундагы Алыш айылынын тургуну. Эпилепсия жана психикалык оорулар менен жабыркайт. 2008-жылдын 1-ноябрь күнү Нарын шаарында жашаган эжесинин үйүнөн чыккан бойдон келген эмес.
Сейитматов Үмүт Пайзович

1970-жылы туулган. 1992-жылы аскерден келип, эжеси Гүлбарчындын үйүнө конуп кеткен бойдон кабарсыз. Жээни Гульфира издөө салат.
Усенов Айтбек

1954-жылы туулган. Тоң районундагы Көл-Төр айылынын тургуну. Балыкчы шаарында иштеп жүрүп, 2000-жылы май айынан бери кабары үзүлгөн. Апасы жана биртуугандары издөө салат.
Дооронбай уулу Майрамбек

Ош облусуна караштуу Алайкуу өрөөнүндөгү Кан-Коргон айылында 1999-жылы туулган. Апасы Роза, Жумгалдын кызы. Майрамбек бир жашка чейин Алайкууда чоңоюп, тагдырдын буйругуна жараша үй-бүлө экиге бөлүнүп, ал апасы менен Бишкекке кеткен. "Биздин үй-бүлөнүн Роза үчүн эч кандай жаман ою жок. Тек гана инибиз Майрамбекти ата-теги менен жолуктуруп, келечекте биртуугандык мамиледе бололу деген жакшы тилектерибиз бар" дешет Майрамбектин туугандары. Алардын айтымында, Майрамбек апасы менен Кара-Балтада деп угуп, ал жакка издеп барышкан. Тилекке каршы, ал күнү Роза иштеген жерине келбей калып, жолукпай кетишкен. "Келинибиз бул кайрылууну окуган болсо, бизге байланышып, инибиз Майрамбек менен жолугушабыз деген зор ишеничтебиз" дешет Майрамбекти издеген анын агалары жана эжелери.
Акматова Гүлзат Төлөнбековна

1972-жылы 21-ноябрда Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында төрөлгөн.1994-жылы автожол техникумун аяктаган соң, 2001-жылга чейин Бишкектеги тамактануучу жайларда иштеп жүргөн. Акыркы жолу Ош базарындагы ашканада иштеп жүрүп, өзбек улутундагы Алишер аттуу жигитке турмушка чыгат да, 2001-жылы 24-декабрда Санжар аттуу уулдуу болушат. 2002-жылы апрель айында Россияга иштеп келебиз деп кеткен бойдон дайынсыз.
Ошурматов Ташполот

Бул адамды Бишкек шаарында жашаган досу Чотиев Рысбек издейт. Ташполот 48 жашта. КМУнун тарых факультетин 1990-жылы бүтүрүп, Аксы районундагы айылына кеткен. Рысбек Бишкекте калган. Кийин Ташполот Бишкекке келип, эски дарек боюнча досун таппай кеткен. Рысбек анын айылына телеграмма, кат жөнөтүп, жооп ала албаганын айтат.
Байчериков Сыдык

Болжол менен 70-75 жаштарда. Ал 1960-жылдары Ош шаарына барып, автобус айдап иштеген. Ал жактан үйлөнүп, бир уул, бир кыздуу болгон. Кызы каза болуп, уулу Таалайбек 46 жашта, үч баласы бар. Таалайбектин уул-кыздары чоң атасынын кийинки үй-бүлөсү жана балдары, неберелери менен таанышып, катташкысы келет. Кочкор тарапта болушу мүмкүн деп божомолдошот алар.
Бегиматов Таалай

1985-жылы туулган. Кадамжай районунун тургуну. Чоң энеси менен жашап жүрүп беш жыл мурда үйүнөн чыккан бойдон келген эмес. Паспортун өзү менен кошо ала кеткен. Бишкек шаарында же Көл тарапта болушу мүмкүн деген божомолдор бар.
"Кайдасыңдан" табылган Шабдан

Он алты жаштагы Шабдан мектепке кеткен бойдон дарексиз жоголуптур. "Кайдасың?.." көрсөтүүсүнө жарыя болгондон кийин анын Сокулук районундагы мечитте жашап жүргөнү аныкталган. Атасы менен бирге "Кайдасың?.." көрсөтүүсүнүн кызматкерлери Шабданды издеп Сокулукка барганда, аны төрт күн мурда Кемин районуна алып кетишкендигин айтышкан. Ошол эле күнү жолго чыгып, аталган райондогу мал баккан сарайлардын биринен Шабдан атасы, туугандары менен жолукту.
Жакшылыктан үмүт үзбөгөн Эркинбек

Шайлоо уулу Эркинбектин атасы Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан дайынсыз жоголду деп издөөгө салган. Көрсө, Эркинбек бейтааныш адамдын сөзүнө ынанып, үйүндөгүлөргө айтпай-дебей кетип калып, көрбөгөн азабы калбаптыр. Анын айтымында, аскер кызматына кетип жаткан жигит "мен келгенче каралашып тур" деп Көл тарапта жашаган ата-энесине буюм сымал калтырып кеткен экен. Бирөөдөн болбосо бирөөдөн жакшылык күткөн Эркинбек колдон-колго өтүп отуруп, акыры "Кайдасың?.." көрсөтүүсүнүн жардамы менен баккан ата-энесинин колуна келди. Бала кезинде автокырсыктан жабыркап, ата-энесинин камкордугунан ажыраган Эркинбекти чоң атасы көзү өтөрүндө бакма үй-бүлөгө табыштаган экен. Автокырсыктан кийин анча-мынчаны аңдабай калганы болбосо, Эркинбектин ишке жарамдуу, үй-бүлө күтүүгө жөндөмү бар экенин, алдыдагы жакшылыктардын ишке ашарына аз убакыт калганын айтып отурушту аны баккан ата-энеси.
Он жылдан кийинки жолугушуу

Апасы карындашын алып алардан бөлүнүп кеткенде, оорукчан атасы менен Бактыбек чоң энесинин колунда калат. Көп узабай чоң энеси кайтыш болуп, атасынын аны багууга дарманы жоктугу анын балдар үйүнө туш келүүсүнө түрткү болуптур. Бул учурда Бактыбек он жашта эле. Чоң энесинин колунда эркелеп чоңоюп келаткан Бактыбек үчүн мындай тагдыр күтүүсүз болду. Бир күнү эч кимге айтпай балдар үйүнөн качып кетип, Бишкектеги базарлардын биринен ага боору ооруган өңдөнгөн бейтааныш адам жүк ташыган автоунаасы менен алыс жакка алып кетет. Чоочун адамдарга "тирүүлөй белекти калтырып" кеткен бойдон ал киши кайрылбады. Ошентип ал жерден да качууга туура келди. Ар жерде конуп-түнөп жүргөн күндөрдүн биринде дагы бир аксакал адам үйүнө алып келип, курсагын тойгузуп, эч кимиси жок экенин билген соң, ошол айылда жашаган кызынын колуна берди. Уулдуу болууну самап жүргөн бул үй-бүлөгө Бактыбек келгенден жыл айланбай дагы бир уул төрөлүп, эки кыз, бир уулдун улуусу катары чоңое берди. Билинбей арадан 10 жыл өтүп, аны баккан ата-эне ким экендигин тактаган документи жок болгондуктан, Аравандан "Кайдасың?.." көрсөтүүсүнө кат жазып, 21 жаштагы Бактыбектин туугандарын издегенге аргасыз болушат. Көрсөтүү жарыкка чыккандан кийин Бактыбектин эжеси табылып, баккан апасы Алмакандын коштоосунда жолугушту. Чүйдө төрөлгөн кыргыз бала тогуз жылда кадимки өзбекке айланыптыр. Кыргыздын бир баласын койнуна батырган өзбек боордошубузга ыракмат айтуунун орду бар, бир гана Бактыбектин мектепке барбай калганын эске албаганда.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА