Кыргыз гезиттер архиви

  Билгенден билелегиң көп

Албуут темпераменттен чыккан ашкере канкор
"Менин эмне ойлоп жатканымды силер эч качан биле албайсыңар!"
(А.Гитлер)

Америкалык окумуштуу Роберт Уайт Адольф Гитлерге "психопатиялык кудай" деген баасын берген. Жетимиш жылга чукул убакыттан бери жер бетинде Гитлер туурасында эмнелер жазылып, эмне деген гана кептер айтылбады. Болжолу, элүү миңден ашуун эмгектер жарык көрсө да окумуштуу-изилдөөчүлөр, тарыхчылар күндөн-күнгө анын табышмактуу түйүндөрүн, Рейхтин жашыруун сырларын ача алышпай ар кайсы жоромолдорду жорушуп, акыр аягына чекит коюшалбай убараланышууда. Күн өткөн сайын "гитлердик толкун" ааламдын ар кайсы бурчунан кылт этип баш көтөрө калып жатканы, гитлеризмди түп-тамырынан бери кыйдык дешкени менен тескерисинче, анын катылуу жаткан кучагы улам кулач жайып, ар кайсы өлкөдөн улам булак этип соройгон колдору чыга калып атканы эмнени каңкуулайт? Адамзат тарыхында өчпөс так калтырган залим адамдын сырын ачабыз деп ийне менен кудук казып атышкан илимпоздор суй жыгылышууда.


Дегеле, Гитлер ким болгон? Алдына кандай максат коюп жашаган? Чындап эле колдоочу күчтөрү болгонбу? Биз бүгүн ааламга алаамат салган тажаал дейбизби, адам канын суудай агызган айбан дейбизби, айтор, ал жөнүндө айтылып-жазылып келген айрым эмгектерден аңдап алганга азыноолак аракет кылып көрсөк.
* * *
"Эгер кулагыма бир үн жаңырса, демек, мындай учурда кандай аракет кылуу керек экендигин жакшы түшүнөм" (А.Гитлер)
Ал кандайдыр бир белгисиз күчкө эгедер болгондуктан немис элинин алдында да гипноздук ыкмаларды колдоно билгенби деп да ойлойсуң. Мындай касиетке Гитлер бала чагынан эле ээ болгон дешет айрым изилдөөчүлөр. Ал Менд аттуу өзүнүн жакын санаалаштарынын бирине согушта кантип аман калгандыгы туурасында мындай деп баяндап берген:
"Мен түшкү тамакта бир нече аскерлер менен окоптун ичинде олтургам. Бир убакта менин кулагыма бир үн: "өйдө тургун да, тигил жакка тез жөнө!" деп жаңыргансыды. Ал үн мага аскердик буйрук берип жаткансып так жана таамай айтылды. Мен колумдагы тамак-ашымды кармап алып ордуман ыкчам козголдум да жыйырма чакты кадамдай арыштадым. Анан менин жан дүйнөм тынчтангандай абалга келди. Тамак жеп бүтүп калган чакта кулакты тундурган үн чыгып, бая мен олтурган окоп жарылып кетти. Снаряд дал ошол жерге түшүп, курбуларымдын бардыгы курман болушуптур".
Андан кийин госпиталда көзүнө газ кирип жарадар болгон кезде да ушул өңдүү көрүнүшкө кабылган:
"Төшөктө жаткан учурда Германияны мен гана куткарып каларымды жана улуу өлкөгө айлантууга мүмкүн экендиги жөнүндө ой келди. Мен бул нерсе чындыкка аша турган иш экенине көзүм жетти".
* * *
"Мен аны алгачкы ирет көргөнүмдө ал трибунага чыгып келип, омоктуу ойлорду издегендей керектүү сөздөрдү айтуу үчүн саамга токтолуп турду да анан сүйлөй баштады. Бир аздан кийин анын сөздөрү кандайдыр бир чоң күчкө айланды. Мен анын айткан кептерине баш ийип, сөздөрдүн таасиринде калдым. Кулак салган калың журт түгөлү менен арбалып калды. Анын өңүнөн зор үмүттү көрдүк.
( Йозеф Геббельс, Германиянын үгүт иштери министри, 1897-1945)

* * *
"Мен анын ким экенин билбейм, бирок, Улуу адам экендигин жакшы билем!"
(Иоахим фон Риббентроп (1893-1946) - 1938-жылдан тартып Германиянын тышкы иштер министри)

* * *
Риббентроп: "Эрки болоттой курч бир катар адамдарды билчүмүн. Алар тигил же бул маанилүү маселелерде күтүүсүз жерден чыгарылган чечимдерге каршы чыгышып, нааразычылыктарын билдиришкени капыл-тапыл жөнөп калышчу. Арадан жарым саат өтүп-өтпөй бардыгынын тең жүздөрүнөн кубанычтын нурлары чачырай, кандай гана кооптуу абал болбосун Адольф Гитлерди жапырт колдойбуз деп саймедиреп келатышканына күбө болосуң"

* * *
"Мен өз тагдырымды сиздин колуңузга тапшырдым!"
(Герман Геринг (1893-1946) - рейхсмаршал)

* * *
Гитлер 1889-жылы 20-апрелде Австриянын Браунау деген тоолуу аймагында атасы Алоистин үчүнчү никесинен төрөлгөн. Энеси Клара Пельцль карапайым дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан. Адольф мектепте начар окугандыктан орто билими туурасында аттестатын да колуна алган эмес.
Атасы 1903-жылы көзү өткөндөн кийин энеси үй-жайын сатып, Линц деген жерге көчүп келишет. Кичинесинен музыкада Вагнердин чыгармаларын тамшануу менен уккан Гитлер немис элдик мифологиясына да зор кызыгуусу арткан. Энесинин жумуш таап, ишке орнош дегенине каршы чыгып, жалаң опера театрларын, сүрөт галереяларын кыдырганды өнөкөткө айландырып алган. Он сегиз жашка толгон курагында Венадагы көркөм сүрөт академиясына эки ирет тапшырып, өтпөй калат. Кара курсактын камы үчүн көчөдө сүрөт тартып жан баккан. Венада жүрүп турмуштун катуу соккуларына кабылган болочок диктатордун еврейлерге, мещандык коомго, либерал-демократтарга болгон кыжырлануусу күч алган.
Колуна кандай китеп туш келсе бардыгын окуй берген Гитлер өзүнүн алдына чоң максаттарды коюп алган. Өзгөчө оккульттук илимдерге терең маани берген. 1909-жылы энеси рак илдетинен өлгөндөн кийин андан арткан байлыгы түгөнүп калганда кайрадан кар тазалап, көчө шыпырып, жүк ташып, курулуштарда иштейт.
1913-жылы Мюнхен калаасына келет. Арадан жыл айланбай биринчи дүйнөлүк согуш чыгат. Бул согушту көчө таптап жүргөн неме зор кубаныч менен кабыл алып, согушка аттанат. Төрт жыл согушка катышкан Адольф Гитлер эрдиктери үчүн 2-класстагы "Темир Крест" жана медалдар менен сыйланат.
1919-жылдан тартып Мюнхен калаасындагы ар кыл саясый чогулуштарга катышып, өзүнүн чечендигин далилдеген Гитлер НСДАПтын мүчөлүгүнө кабыл алынып, аз убакыт өтпөй аброю болуп көрбөгөндөй арта баштайт.
1930-жылы социал-демократтар шайлоодо 8577000 добуш алса, коммунисттер - 4592000, ал эми улутчулдар - 6409000 добушка ээ болушкан. 1932-жылдын июнь айында өткөн шайлоодо НСДАПка 13745000 бюллетень ташталып, Гитлердин партиясы болуп көрбөгөндөй бийиктикке жетишкен.
1933-жылдын 30-январында 86 жаштагы президент Гинденбург Адольф Гитлерди Германиянын рейхсканцлери деп жарыялаган. Дал ошол күнү Гитлердин таламдаштары президенттик сарайдын алдын курчоого алган соң, отуз үч миңдей факел көтөрүп бир нече сааттар бою алдынан өтүшкөн. Жаратылыштын жашыруун кубулуштарына катуу ишенген Адольф Гитлер мындай ыкманы атайы белгисиз күчтөргө таянуу менен колдонгон деп жүрүшөт.
1941-жылдын декабрь айларында Москва алдындагы салгылашта Советтер Союзу вермахтын аскерлерине катуу сокку ургандан кийин немис генералдары бир топко дейре дендароо болушкан. Гитлердин: "ээлеген орундарынан артка чегинүүгө жол жок" деген буйругун угушкандан кийин фашисттик армиянын демине дем кошулуп, жок болуп кетүү коркунучунан сакталып калган. Ал эми 1942-жылы Сталинграддагы фашисттик аскерлер кармашта жеңилгенде фюрер бир топко дейре өзүнө келе алган эмес.
1945-жылдын жаз айларында Гитлердин жеңиштен үмүтү үзүлгөн. Өмүрүнүн соңку күндөрүндө немис элинин келечеги аны эч кызыктырбастан жеке керт башынын гана камын ойлоп калган. Милан шаарында калың элдин алдында ойношу менен маскара болуп өлгөн Муссолинин ташбараңга алынышы аны кыйла дүрбөлөңгө түшүргөн. Он эки жыл чогуу болгон сүйүктүүсү Ева Браун менен 29-апрелде никеге тургандан кийин эртеси 30-апрелде акыркы саясый билдирүүсү менен кошо өзүнүн ордуна Карл Деницти калтырып, өз жанын өзү кыйган. Андан кийин анын өлүгү өз өтүнүчү боюнча рейхсканцеляриянын бакчасында өрттөлгөн.
Ошентип бир кездерде жолу болбогон сүрөтчү кийин жер үстүндөгү отуз миллиондой адам өмүрүн алган ашынган канкорго айланып чыга келген.

* * *
"Майн кампф" же кыргызча атап айтканда "Менин күрөшүм" аттуу китеби алгач 1925-жылы жарык көрүп, Адольф Гитлердин атагын алыска угузган. 1926-жылы экинчи тому чыккан. Бул китеп Гитлердин финансылык жактан абалын кыйла оңоп, миллиардер кылып таштаган. Бийликке жеткенден кийин бул китеп фашисттик партиянын милдеттүү түрдө окула турган китебине айлантышкан. Китеп ар бир жаңы үйлөнгөн жаш жубайларга жана жаны төрөлгөн наристелерге белекке берилип, Германиядагы ар бир мектеп окуучулары жана студенттер толук кабардар болууга милдеттендирилген. Ошол кездерде эле китептин нускасы он миллионго чейин жетип, он алты тилге которулган. Гитлер китепти басып чыгаруу укугун 2015-жылдын 31-декабрына чейин Бавариянын аткаруу бийлигине тапшырып кеткен. Алигүнчө аталган китептин нускасы асманды чапчып, окууга тыюу салынган менен бир канчалаган тилдерде жарык көрүп атат.
Данияр ИСАНОВ