Кыргыз гезиттер архиви

Миллиондор кайда, Бакыт мырза?

Оппозиция лидерлеринин бири, ЖК депутаты Бакыт Бешимовдун океандын ары жагына журт которуп кетишинин чыныгы себебин билбей көпчүлүктүн башы маң. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, анын мындай кадамга барышына үч нерсе таасир этиптир. Биринчиден, ал А.Атамбаевден президенттик шайлоого жумшоо үчүн алган миллиондогон сомдун дайынын так айтып бералган эмес. Экинчиден, шайлоо маалында кесиптеши Кубанычбек Кадыровго телефон чалып, "Кыргызстандын баары биздин колго өттү. Көлдү алалек сен эле калдың" деген экен. Тергөө маалында Кубанычбек мырза муну тастыктаган көрсөтмө берген. Мындан улам Башкы прокуратура Б.Бешимовду кол тийбестик укугунан ажыратып, революция жасоонун "теориясын" жакшылап окутмак. Кызыгы, Бакыт Жолчубекович 23-июлга чейин эле үйүн башка бирөөгө каттатып, өмүрлүк жарын да эрте эле Америкага жөнөтүп жиберген.

Ат айланып казыгын табабы, же…

Кезинде "кошелок" атанып, март ыңкылабынан кийин чет өлкөгө безип кеткен кадимки ЖК экс-депутаты Мурат Малабаев мекенине кайтып келди. Төрт жыл Түркияда болдубу же Швейцарияда жашынып күн өткөрдүбү, айтор, азыр арабызда. Бу киши туурасында не деген гана легендалар айтылбады. Майрам Акаева менен уулу Айдардын колтугуна кирип, бажы тармагынан түшкөн миллиондорду өз чөнтөгүнө буруп кетүүнүн миңдеген схемасын ойлоп таап, "финансы генийи" атыккан М.Малабаев эми кандай "ачылыш" жасап жиберер экен деп аны билгендердин жүрөгү дүкү-дүк. Мурат мырзанын "эрдиктери" туурасында гезитибиздин келерки санында кеп кылабыз.

Султан палван "Агымга" таарынып…
"Агымдын" өткөн сандарында Жазуучулар союзунун экс-төрагасы Омор Султанов кеңири маек куруп, Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин былыгын чукуган. Андан мурдарак сыйлык, наамдарды ыйгаруу бизнеске айланганы жөнүндө макаланы басканбыз. Ушул эки нерсе Султан Акимовичтин көкөйүнө көк таштай тийген белем, кабарчыбызга чалып, арманын аябай төктү. Гезитке болгон таарынычы чоң экенин да жашырбады. Султан ака убагында журналистиканын казанында кайнаганы белгилүү. Аны унутуп, чымчып койсо так секирген Султан мырзага баракелде. Саясатта жүргөндөн кийин көтөрүмдүү болбойбу десең.

Арзыбек мырза кимге таарынды?

Күнү кечээ борбор тургундары кызык көрүнүшкө туш болду. "Ак жол" партиясынын депутаты Арзыбек Бурканов алмончоктой жубайы менен колтукташып, "Бета Сторес" соода борборуна кирип бараткан. Кайсы кара теке сүзгөнү белгисиз, айтор, Арзыбек мырза капилеттен жиндене кыйкырып, сөгүнүп сала берген. Коштоп жүргөн айдоочусу уялганынан шефин таштай качты. Калчылдап титиреген Арзыбек Орозматович желдей сызган "Тойота Камринин" артынан кубалап жете албай, үйүнө такси менен кайтууга аргасыз болду.

Силкине алабызбы?

Сентябрдын башында билим берүү боюнча улуттук долбоордун концепциясын иштеп чыгуу үчүн атайы жумушчу топ түзүлгөн. Топтун жетекчиси дене тарбия жана спорт боюнча кыргыз мамлекеттик академиясынын ректору, педагогика илиминин доктору, профессор В.И.Ким эле. Кечээ ал концепцияны сунуш кылды. Өзөгү - билим берүү тармагынын реформасын жыйынтыктоо, ага жаңы маңыз, мазмун берүү. Валерий Леонидович: "Биз бала бакчадан тарта билим берүүнүн бардык баскычтарын камтыдык. Жасай турган иштердин тапшырмаларын, максаттарын аныктадык. Бул үчүн дагы жети жумушчу топ түзүүнү сунуш кылдык. Муну эми секретариат көзөмөлгө алат го" деп өз оюн билдирди.
Ал эми "Кыргыз мурасы жана келечек" улуттук долбоорунун концепциясын иштеп чыгууну жетектеген ЖК "ак жолчу" депутаты, тарых илиминин доктору З.Курманов жумушчу топтун жасаган ишин айтып берди. "Бул концепция жаңы түзүлө турган кыргыз цивилизациясынын борбору тарабынан ишке ашырылат. Үч жыл ичинде тарых боюнча жаңы окуу китептери жазылып, симпозиумдар, конференциялар өтөт. Иш-чараларга илимдер академиясынан, ЖОЖдордун кызматкерлери, эркин тарыхчылар, чет элдик борборлор тартылат. Биз онго жакын жумушчу топ түзүүнү сунуш кылдык" деди. Аман турсак, муну да көрөбүз го.

Розанын көңүлү неге шат?
КСДП фракциясынын депутаты Роза Отунбаевадан кесиптештери шек санаган кербези. Роза айым бийликти болушунча сындаганы менен, жакынкы күндөрү аны Ак үйдөн көргөндөр бар. Өткөн шаршемби күнү саат 10дор чамасында Ак үйдөгү үлкөн бирөөгө жолугуп, көңүлү айт майрамындай келатканын көргөндө ойго нелер гана келген жок…

"Агым-пресс"




Ат жалында алтооз сөз
Президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо демилгеси жүзөгө ашарына ишенесизби?
Амангелди МУРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Ушул маселе коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Өлкө жетекчисинин убадасы канчалык деңгээлде жүзөгө ашарын карапайым калк күтүп аткан чагы. Андыктан, башкаруу системасын реформалоо оң натыйжа бериши керек. Бул мезгил талабы. Жаңылануу кандай өңүттө жүрөрүнө 20-октябрдан кийин күбө болобуз.
Анаш СЕЙТКАЗИЕВ,
ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясы:
- Ашары ашат. Бирок, жаңылануу процесси өтө узакка созулат.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ, "Апта" гезитинин журналисти:
- Анчейин ишене албай турам. К.Бакиев мындай билдирүүсүн сентябрдын башында эле жарыя кылган. Андан бери бир айдан ашуун убакыт өттү. Реформа аттуунун карааны алигиче көрүнбөйт.
Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
- Ишениш керек. Бакиев убадасынын өтөөсүнө чыкпаса Акаевдин тагдыры кайталанышы ыктымал.
Жаркынбек КАСЫМБЕКОВ, Коомдук Ордо кеңешинин мүчөсү:
- Ишенимим зор. Анткени, буга чейин мындай өңүттөгү реформа жасоо демилгеси көтөрүлгөн эмес. Алгачкы кадам мамлекеттик катчы кызматын жоюу менен башталышы жаңылануу өз максатына жетеринен кабар берет.
Акин ТОКТАЛИЕВ, укук коргоочу-адвокат:
- Кардиналдуу өзгөрүүлөр болушу кыйын. Анүчүн, ириде коррупцияны түп тамырынан бери жоюш керек.

Нурканбек
КЕРИМБАЕВ