Кыргыз гезиттер архиви

Эттин эле эмес, кыктын да пайдасын көрсөңөр боло
Биогаз -кыргыздын кылым оту

Кыргызстанга газ менен мунай сырттан келет. Бул кыргыз экономикасын алсыраткан жагдайлардын башында турат. Экөөнүн кымбатташы башка товарларга болгон баанын көтөрүлүшүнө түздөн-түз себепкер. Кыргызстан электр энергиясын өндүргөн менен ал толук муктаждыкты канааттандырбайт. Акыркы кезде газ менен көмүргө болгон баанын жогорулашы айрым адамдарды энергиянын башка булактарын издөөгө мажбур кылды. Шамал менен күндүн кубатын колдонгондор бирин-серин. Майда сууларга кичи ГЭСтер курулуп жатат. Бул да келечектүү.
Акыркы кезде биогаз өндүрүп, аны пайдаланган адистер анын Кыргызстан үчүн өтө ыңгайлуу экенин айтышат. Мындан пайда болгон биологиялык жер семирткич, экологиялык пайдасы жөнүндө акырында сөз кылалы. Азыр биогазды кантип өндүрөт, анын эрежесине жана техникалык жол-жоболоруна токтололу.

"Флюид" коомдук фонду 2000-жылдан бери биогаз өндүрүү боюнча алектенип келет. Бул фонд тарабынан бүгүнкү күнгө чейин отуздан ашуун биогаз өндүрүүчү жабдуулар орнотулган. Алардын баары азыр үзүрлүү иштетилип жатат. Биогаз жабдуусун орнотуу көп деле татаал эмес. Алгач жабдууга керектүү каражат болушу зарыл. Жабдууга аба кирбеши керек. Бардык биогаз жабдууларынын иштөө принциби окшош. Көлөмүнө жараша гана чоң-кичине болушу мүмкүн. Өндүрүлгөн газ тазалоодон өткөндөн кийин атайын идиште сакталып пайдаланылат. "Флюид" коомдук фонду газды үнөмдүү колдонуу үчүн чоподон жасалган очокторду пайдаланат. Муну менен алар газды элүү пайызга чейин үнөмдөйбүз дешет. Анүстүнө керамика очоктору жылуулукту 1400 градуска чейин жеткирет.
Биз биогаз деген эмне, аны кантип өндүрөт, ал кандайча күйөт сыяктуу суроолорго жооп издөө максатында "Флюид" коомдук фонду тарабынан курулган Москва районунун Петровка айылындагы биогаз өндүрүү жабдуусун көрүп кайттык. Жабдууну өз көзү менен көрүү үчүн келгендер көп болгондуктан, ал жердегилер биздин келгенибизге таңгалган деле жок. Тескерисинче, толук маалымат берүүгө дилгирленип турушту. Адегенде сыртта турган газ плитасын жандырып көрсөтүштү. Табигый газдан эч бир айырмасы жок. Ширеңкени тутандырар замат дүрт этип жалындайт. Каалаган тамагыңды бышырсаң болот. Бирок, алар газ үчүн бир тыйын акы төлөбөйт. Петровкадагы биогаз жабдуусунун башчысы Александр ГОЛУШКО төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Чочко менен уйдун көңүнөн өтөрү жок"
- Баары мал жандыктарынан көз каранды. Эгер уй, кой, чочкосу көп киши болсо биогаз жабдуусун орнотуу ага өтө пайдалуу. Мындан тышкары, үй канаттууларынын көңү да мыкты газ бөлүп чыгарат. Тамак-аш калдыктарын, атургай кишинин заңы да пайдаланууга жарактуу. Эң жакшысы, чочко менен уйдун тезегинен өтөрү жок. Эски көң жарабайт. Кайсы гана тезек болбосун, кургабай туруп пайдаланылат. Койдун көңү да болот. Бирок, аны колдонордон мурда сууга жибитиш керек. Бардык көң чөп-чары жок, таза болгону жакшы. Даярдоодо өтө суюк же өтө коюу болсо да болбойт. Биз ушул турган жабдуу менен өзүбүздүн ферманы жана коңшу турган алты үйдү камсыз кылабыз. Негизинен бир тонна көңдөн 30 кубометр газ өндүрүлөт. Биздин бул турган жабдуубуз 150 кубометр газ өндүрүүгө ылайыкталган.
Иштөө системасы да жөнөкөй. Көңдү чийки зат дейбиз. Аны алып келгенден кийин керектүү температурага чейин жылуулук берип, насос аркылуу жумушчу реакторго жөнөтүлөт. Ал жерде чийки зат ачый баштайт. Жумушчу реакторго аба кирбеши керек. Ошондо гана жылытылган көң абдан ачып, натыйжада газ бөлүнүп чыгат. Басым улам көтөрүлүп отуруп, газ жанаша турган чогултуучу идишке өтөт. Ушунун баары үчүн көп убакыт талап кылынбайт. Чийки зат реакторго өтөрү менен газ бөлүнүп чыга баштайт. Бөлүнгөн газ тазалоочу фильтр аркылуу өтүп пайдаланууга берилет. Биз газды чочколорго атала жасоо үчүн күн сайын пайдаланабыз.

Биогаз жабдуусунун түзүлүшү
Чынында жабдуунун түзүлүшү биртоп татаал. Аны орноткондо атайын адистин кеңеши сөзсүз керек. Жабдуу негизинен төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат. 1. Жылытуучу казан. 2. Чийки зат салынуучу бункер. 3. Аралаштырып туруучу тетик. 4. Реактор. 5. Суу чогултуучу чөйчөкчө. 6. Бөлүнгөн газ. 7. Калдыкты чыгаруучу бункер. 8. Калдык чыгарчу труба. 9. Биологиялык жер семирткич сактоочу жай.
2007-жылы биогаз өндүрүү жабдыгын орнотуп берүү 150 долларды түзгөн. Буга жабдууга кеткен каражаттардын баасы кошулбайт. Азыркы күндө бир кожолукка ылайык чакан жабдуулар 2-2,5 миң доллардын тегерегинде болорун адистер ырасташат. Кеткен каражатты жабдуу бир жылда эле актайт. Жыл сайын жабдууну техникалык кароодон өткөрүүгө кеткен каражат баштапкы акчанын 3%ын түзөт. "Флюид" коомдук фонду жумушчу реакторду жер астына орнотууга кеңеш берет. Бул Орто Азия өлкөлөрүнүн шартында өтө ылайыктуу. Реакторду жасоого керектен чыккан суу ташуучу металл идиштерди пайдаланууга болот. Мындан тышкары, мунай сактоочу идиштер да жарактуу. Тилекке каршы, мындай идиштер таңсык. Көпчүлүгү арзыбаган баа менен Кытайга жөнөтүлгөн. Эгер өндүрүлгөн газ үзгүлтүксүз пайдаланылса, анда газ сактоочу газгольдер күнүмдүк керектөөдөн көп бата турган көлөмдө болушу керек. Анан дагы бул жабдууну иштеткен киши коопсуздук эрежелерин бекем сактап, атайын окуудан өткөнү максатка ылайык.
Алгач ирет курулган Петровкадагы жабдуу "Фермер" ассоциациясына тиешелүү. Ага жети дыйкан чарбасы бириккен. Бир суткада 10 тонна чийки зат иштетишет. Өндүрүлгөн газ электргенераторду иштетүүгө, чарбанын муктаждыгына, алты үйдүн керектөөсүнө жана газ менен жүргөн эки автоунаага керектелет.
Кыргызстандык адистер Өзбекстандын Ташкент облусуна да биогаз жабдуусун орнотушкан. Анда 60 кубометрден эки газгольдер орнотулган. Күнүнө 8 тонна чийки зат иштетилет. Саатына 20 кВт электр энергиясын өндүрүүчү генераторду да иштетет. Албетте, бул бекер энергия. Анткени бир суткада 480 кВт/саат электр энергиясы аз эмес. Ал бир айда орто жашаган 30 үй-бүлөнүн муктаждыгын толук камсыздайт. Ушунун өзү эле айыл жеринде жашаган 40-50 үй-бүлө биогаз жабдуусун биргелешип орнотуп алууга ыңгайлуу экенинен кабар берет. Азыр айылда мал көбөйүп калды. Көпчүлүк үчүн жабдуу орнотуу жеңил да болот. Анткени баштапкы чыгашаны чогуу көтөрүшөт.

Өкмөтсүз маселе чечилбейт
Канткен менен бул маселени толугу менен чечүү дагы эле өкмөттүн колунда. Калк өз дарамети менен жабдуу орнотуусу өтө эле кыйын. Жок дегенде чакан жабдуулардын газгольдерин, реакторун Россиянын металл иштетүүчү заводдорунан жасап келүү керек. Бул маселе боюнча Кытайга кайрылса да болот. Кыргызстанда калктын 45 пайызы айыл чарбасы менен алектенет. Көмүрдүн көйгөйү белгилүү. Былтыр газдын миң кубометрин 240 доллардан сатып алдык. Андыктан биогаз жабдууларын өкмөт колго алып көмөк көрсөтсө, айылдыктардын көйгөйлүү маселелери четинен чечилмек. Себеби, элибиз малдуу. Азыр 10-15 бодо малы барлар жайыты кенен алыскы райондордо четтен чыгат. Айрыкча климаттык шарты катаал райондор үчүн биогаздын мааниси зор.

Теңдеши жок жер семирткич
Статистикалык маалыматка таянсак, Кыргызстанда ири мүйүздүү малдын саны 1 миллиондон ашуун. Мунун катарына жылкы да кирет. 4 миллиондон ашуун кой жана чочко, 5 миллиондой үй канаттуулары бар. Ушунун өзү эле бир жылдагы чийки заттын көлөмү 40 млн. тоннага барабар экенинен кабар берет. Эгер биогаз өндүрүү мамлекеттик деңгээлде колго алынса, өтө уникалдуу биологиялык жер семирткичке ээ болобуз. Айдоо жерлерди биогаз калдыгы менен азыктандырса түшүм мол болорун муну пайдаланган дыйкан чарбалар ырастаган. Мисалы, кыргыз илим изилдөө жер өздөштүрүү институту ар бир гектарды 400 литр ушундай биологиялык жер семирткич менен азыктандырып, "жамин" сортундагы буудайдын гектарынан 50,3 центнерден түшүм алган. Ал эми Сокулук районундагы "Бакыт" фермердик чарбасы "кыял" сортундагы үрөндү айдап, гектарынан 60 центнерден буудай алган. Болгону ал мындай жер семирткичти гектарына 2 тоннадан чачкан. Кыскасы, биогазды өндүрүү менен химиялык жер семирткичтерди толугу менен алмаштырууга болот. Муну Петровкадагы тажрыйба ырастайт. Алар биогаз калдыгын күн сайын айдоо аянттарына жеткирип турушат. Сапаттуу орнотулган биогаз жабдуусу кандай пайда берерин "Фермер" ассоциациясынын төрагасы Алексей ВЕДЕНЕВ төмөнкүдөй баяндайт.

Энергиянын туруктуу булагы
- Адамдар электр энергиясына, көмүргө сарптаган акчаны төлөөдөн кутулат. Малдын башын көбөйтүүгө кызыгат. Мурда ири мүйүздүү мал аш-тойлорго ысырапкорчулук менен союлуп, ага маани берилбесе, эми ага этият мамиле жасалат. Себеби, ал - энергиянын булагы. Мындан тышкары, дыйкандар химиялык жер семирткичтерди сатып алышпайт. Биогаз ээси аны сатып пайда көрсө болот. Жерден түшүмдү мол алат. Фермерлердин малканалары таза болот. Мурдагыдай көңдөр үйүлүп жата бербейт. Башкача айтканда, экологиялык абал жакшырат. Бул кырдаал адамдын ден соолугу үчүн да жакшы. Биогаз ээси отун даярдоо үчүн дарак кеспейт. Көмүр сатып албайт, күл чыгарбайт. Үй ышталып, айылды түтүн каптабайт. Биогаз болгон соң эң сонун мончо куруп алууга шарт бар, же чакан мончо куруп, эл үчүн пайдаланууга берсе болот. Натыйжада аз чыгым менен ири кирешеге ээ болот. Биологиялык жер семирткичте отоо чөп болбойт. Алардын баары иштетилгенде күйүп калат. Бир сөз менен айтканда, туруктуу энергия булагы. Нан бышыруучу, сүт иштетүүчү чакан цехтерди ачып пайда көрөт. Соңунда, көмүр менен табигый газ өкмөттү жакырлантса, биогаз бюджет үчүн бир гана киреше берет.
Бир сөз менен айтканда, айылдардагы жашоонун деңгээли оңолмоюнча мамлекет оңолбойт. Муну бийлик да айтып келет. Чындыгында кышкысын элет жеринде жашоо оор. Көпчүлүк үй-бүлө бир гана темир мешке от жагат. Ал тынымсыз отунду же көмүрдү талап кылат. Ал эми электр энергиясынын кубаты лампочкаларга да жетпей, үлүңдөп калат. Жашырганда не, катаал шарттуу тоолуу райондордо кээ бир үй-бүлөлөрдүн жуунуп алууга да шарты жок. Күндүн суугунан жуулган кийимдер кургабайт. Тоннасын 5 миңден сатып алган көмүр чектелүү болгондуктан аяп жагышат. Көмүр да оокаты тыңдарда болот. Болбосо отун же же тезек жагышат. Аларда мал көп болгон менен анын убайын көрүшпөйт. Ошондуктан да жаштар шаарга качат. Эгер аларда биогаз жабдуусу болсо, үй эмес короолоруна чейин жылуу болмок.
Азыр биогаз жабдуусун орнотууга бүт кыргызстандыктар кызыгып турат. Эгер өкмөт атайын программа кабыл алып, жабдуу сапаттуу болсун үчүн бир катар чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнсө дурус болмок. Кээ бир өлкөлөрдө бул нерсе эчак эле жүзөгө ашып, айрым фермерлер бүтүндөй бир шаарга газ сатышат экен. Биогаз өндүрүү Кытайда жакшы жолго коюлуп, тим эле укмуш дешет.
Эгер чынында биогаз жабдуулары жалпы республикага жайылса, анда элибиздин малга болгон көз карашы өзгөрөт. Жашоонун деңгээли энергиядан көз каранды экендиги маалым. Буга кошумча биогаздан да андан бөлүнүп чыккан жер семирткичти мактагандар арбын.

Кыргызга эле эмес, ааламга да пайдалуу
Дүйнөлүк банктын эксперттеринин маалыматы боюнча күндүн ааламдык ысуусунан 2050-жылы деңиз деңгээли 50 см көтөрүлөт. Демек, бир канча миңдеген гектар айдоо жерлер суу астында калат. Ал эми Кыргызстанда биогаз өндүргөн адис Александр Веденевдин айтуусу боюнча, 6,5 млн. тонна көңдү иштетүү 215 млн. кубометр метандын атмосферага таралышына бөгөт коет. Бул Кыргызстандагы абага учкан метан газынын 5 пайызын түзөт. Ал эми көмүр кычкыл газынын 30 пайызга азаюусуна өбөлгө болот. Демек, бир аз болсо да мөңгүлөрдүн эрүүсүн биогаз өндүрүү ооздуктайт.
Азырынча бир гана биогаз жабдуусун орнотуу чоң маселе болуп турат. Муну бир үй-бүлө өзүнүн муктаждыгына ылайык өтө кичинекей түрүн жасап алса да болот экен. Бул үчүн 3-4 бодо мал, жыйырма чакты кой жана азыноолак үй канаттуулары болсо жетиштүү. Кышкысын мал колдо багылгандыктан кыгы да бат чогулат. Мындай сандагы малдын башы менен он күндө бир жарым тонна чийки зат чогултууга болот.
Ал эми кызыккандар "Флюид" коомдук фондуна кайрылышса кеп-кеңештерин беришет. Табигатта баары чектелүү. Айрым өлкөлөр көмүрдү 1500 метр тереңдиктен казып, мунайды суу түбүнөн алышат. Табигый газ да түбөлүктүү эмес. Эгер ак мөңгүлүү тоолорубузду сактап, жайытыбызды, айдоо жерибизди сарамжалдуу пайдалансак, бир гана биогаз кыргызга түбөлүк жарык болуп берери дайын болуп калды. Себеби, биогаз жабдуусун орноткондор кемчилиги жок дешет. Ал эми пайдалуу жактарын айтып түгөтө алышпайт. Петровкада буга олуттуу көңүл бурушкандыктан өздөрүнүн чийки заты мындай турсун, башка жактардагы канаттуулар фабрикасынан бери көп чогултуп ташып келишет экен. Адатта чочкоканалар сасык, анан балчык болот эмеспи. Ал жерде мындай эмес. Артынан түшкөнүн улам тазалап, көгүлтүр отун казанына салышат. Чоюн казандарда аталасы кайнап турат…

Келдибек НАЗИРОВ