Кыргыз гезиттер архиви

Шоу винегрет
Сапардан соң…
Барселонада кыргыз туусун желбиреткен Жанета
Испанияда өтчү "Вон Вояж" сынагына Кыргызстан быйыл алгач ирет катышып, ошондо да биринчиликти алып кайтты. Кыргызстандын намысын коргогон Жанета БОБКОВА өлкөгө кайтканы Барселонадан алган таасирлеринен төмөнкүчө бөлүштү:

- Медиа эксперт Назира Раимкулова акыркы кездери ырчыларга эларалык сынактарга жол ачып келаткандардын бири. Анын тандоосу, сунушу менен аталган сынакка аттанып калдым. Чакыруу март айында колума тийген. Ошондон бери үнүмдү машыктырып келаттым. Сынактын талабы боюнча төрт ыр - эки англисче, бир орусча жана өз эне тилимде бир ыр ырдашым керек эле. Азат Дөөткуловдун "Арман" деген ырын аткарганымда кыргызча жактырып, дагы бирди суранышты. "18 жашты" аткарып бердим. Эки англисче ыр менен бирге бир жума бою кыргызча ырдап аттым. Баш байге Литвага, биринчи орун бизге тийди.
- Өз каражатыңыз менен бардыңызбы же демөөрчүлөр көмөктөштүбү?
- Сынакка жөнөрдүн алдында президентибиз Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болгом. Ал киши мага материалдык жардам көрсөтүп, үнүмдү бааларын билдирди. Батасын берип, ак жол тилеген.
- Бөтөн жерде тилден кыйналган жоксузбу? Кайсы тилде баарлашып жаттыңыздар?
- Англис тилин анча-мынча гана билем. Уюштуруучулардын арасында бирөө орусча билет экен. Ал эми мейманканада эстон кыздар менен чогуу жашадым. Коңшуларым орусча сүйлөшкөндүктөн мага жеңил болду. Испанча билбегендиктен, күнүмдүк баарлашууда мейманкана же ресторанда көбүнесе жаңсап түшүнүшүүгө туура келип жатты. Айтмакчы, ар кай жерден келгендер адегенде мени атаандаш катары деле санашкан жок. Бул баары бир байкалып калат экен. Анан ырдап бүткөн соң гана мамилелери өзгөрө түштү. Кыргызстандын желегин колумдан түшүрбөй жүрсөм, улам мени менен сүрөткө түшүүнү сурангандар көп болду. Кыргызстан дегенди угалек улуттарга мен өзүмчө эле экзотика болдум көрүнөт. Тамактан кыйналдым. Анткени, көбүнчө чочко эти жана деңиз азыктары. Балык болсо жейм, башкасын таптакыр оозго алалбадым. Суунун баркын сезесиң. Жарым литр сууну 5 еврого сатып алып ичип аттык.
- Испания курорттору, футбол менен дүйнөгө дайын эмеспи. Бул жагынан кандай таасир, кандай сезимдер бар?
- Жаратылышы чынында абдан кооз экен. Ыйык деп саналган тарыхый жайлары арбын. Алгач барганда үнүмдү аяп сууга түшпөй аткан элем, сынак жыйынтыкталган соң барып Жер ортолук деңизге түштүм. Бирок, биздин Ысык-Көлгө теңей алган жокмун. Өтө туздуу экен. Денең, көзүң абдан ачышат. Ал эми футболду жашы-кары, аял-эркеги дебей ойношот экен. Футбол аянтчалары абдан көп. Автобуста баратсаң, ар кварталда баары эле футбол ойноп жаткандай.