Кыргыз гезиттер архиви

Ормоновго кимдин алы жетет?

Вице-спикер А.Турсун-баевдин жардамы аркасында фракция лидерлигине келген У.Ормоновдун таскагы катуулап барат. Улугбек Зулпукарович "Ак үй, жогору жак айтты…" деген шылтоону бетке кармап, лидерликтин убайын жакшы эле көрүп атыр. Айрыкча, спикер А.Тагаевди жакшы эле "ойнотот" дешет. Кадр маселеси, кайсы мыйзамды өткөрүш-өткөрбөш, айтор, ЖоКедеги кыбыр эткендин бардыгы Ормоновсуз чечилбей калды. Тилин албаган министрлердин "бышып" калган айрым мыйзам долбоорлорун болбогон шылтоолор менен фракциядан өткөрбөй, буттан чалган учурлар да кездешет экен. Албетте, "бир нерсе" үмүт этип. Буга жини келген министрлер "Президентке докладной жазабыз" деп жинденип жатышса, "ак жолчулардын" биртобу партиянын саясый кеңешине билдирүү даярдашкан кербези.

Оомат да ооп турат

Данияр Үсөнов президенттик администрация башчылыгына келери менен депутаттарды "оптом" кабинетине чакырып, "кетирем, түбүңөргө жетем" маанисинде күпүлдөп, атүгүл губернаторлорго телефон аркылуу буйрук бере баштаган. Мурда Данчиктин мындай оолукмасына чиновниктер аргасыздан чыдап жүрүшсө, эми кайым айтышууга өтүштү. Жакында айрым депутаттар "өз ишиңизди кылыңыз!" деп какса, Жалал-Абад губернатору Кошбай Масиров "колуңан келгениңди кылып ал…" сыпатында жолго салыптыр. Бүгүнкү күндө Данияр Токтогулович мамлекеттик деңгээлдеги чоң чечимдерди кабыл алууга катыштырылбай, формалдуу гана ачендикке айланган имиш. Д.Үсөновдон оомат кеткени ушубу, ыя?

Коркутпагыла…

"Агымдын" өткөн санында коммунист депутат Хаджимурат Коркмазов туурасында макала жарыяланган. Эл өкүлүнүн атынан айрым адамдар редакцияга чалып, гезитти сотко берүүгө камданып атканын билдиришти. Х.Коркмазовдун безине тийгени, анын Масалиевдин "кошелогуна" айланган-айланбаганы боюнча собол бергенбиз. Айтмакчы, кечээ гезит басууга даярдалып атканда бир адам чалып, Х.Коркмазовдун Чолпон-Атадагы жер бизнесине кантип байланышканы боюнча айтып, далилдеп берерин айтты. Дагы иликтөө иши башталды…

Алаканды дагы ушалай түшүңүз

Маданият жана маалымат министрлиги Билим министрлигинин курамына кошулат имиши желдей тарады. Муну уккан "ак жолчу" Ибрагим Жунусов "мен Эл артистимин, профессорлук наамым, агартуу тармагы боюнча да түшүнүгүм бар. Министрлик сунушталса дароо барам…" маанисинде алакан ушалап атыр. Буга чейин Ибрагим мырзага Маданият министрлигинин орду эки ирет сунушталганда, "бир гана Билим министрлигинин тууруна коном" деп аткез кылган.

Кумаровдун кылар иши барбы?

Чүй облусунун губернатору Болоткан Кумаров жакшы иштеп жаткандай түр көрсөтүүдө. Азыр ал облустун кан жолдо жайланышкан айылдарындагы столбаларга Манастын осуяттарын кызыл-тазыл түскө боеп жазып, илдирип таштады. Минтип Манастын осуятын учурунда кан жолдорго эле эмес, ар бир мекемеге чаптап атып андан эчтеке чыккан эмес. Чүйдүн губернатору идеологиялык иш жүргүзгүсү келсе жаңыча бирдеке ойлоп таппайбы.

Кыңыр иш эртең эле билинет

Өткөндө президенттик шайлоо алдында кээ бир бийликте иштеген чиновниктер не бар, не жок деп оппозицияга барып, биз силер мененбиз деп БЭК лидерлеринин колун кысып, атургай сол чөнтөктөгү кошумчаны да кошуп чыгышкан экен. Бул кабар ошол эле күнү бийликке жеткен. Алар сөзсүз бейиштен куулгандай Ак үйдөн куулары анык. Бирок кимдер экендиги жөнүндө толук маалымат жок. Арасында "ак жолчу" депутаттар да бар имиш. Кечээки СДПК фракциясы менен жолугушуу демилгеси да тегин жерден көтөрүлгөн эмес. Себеби, алардын кимдер экендиги социал-демократтарга белгилүү.

Ырдап койчу, гимниңди угайын
"Ак жолчу" депутаттар гимнди ырдоо, патриоттуулук боюнча орундуу да, кээде орунсуз да маселе көтөрүп калышат. Керек болсо гимнди билбеген кызматкерлер кызматынан кетсин дегенге чейин барышты. Мисалы, президент ырдап жатса, анын жанында турган биринчи вице-премьер Ө.Бабанов ооз ачпайт имиш. Бирок депутаттар өтө эле шашып жаткан жокпу?.. Анткени гимнди билбегендер депутаттар арасында да толтура. Мисалы, биз З.Курмановдун, И.Летованын, Б.Сандын, Р.Шиндин, Ж.Салахудиновдун ж.б. эл өкүлдөрүнүн ырдаганын абдан уккубуз келет.

Элмурза кимдердин эбин табат?

Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев бир катар өкмөттө иштеген үлкөн чиновниктердин кыңыр иштери боюнча ажого маалымат берип, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча өз оюн айтып чыкканы маалым болду. Буга Башпрокурорго кайрылган кишилердин арызы себеп болгон. Азырынча алардын ким экени жашыруун. Бирок реформа аркасы менен кызматынан четтетилсе, тигилердин ысымы менен кошо жасаган кылмышы да ачыкка чыкмакчы.
"Агым-пресс"




  Ушинтип да куттуктайсыңарбы?

Өкмөт айтса мынаке, президент айткан канаке?

Ушу жекшембиде өтүүчү мугалимдер күнүнө карата кыргыз өкмөтү "сүйрүприз" жасады. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында № 27-19-03 токтом токуп, Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) структуралык бөлүмдөрү жайгашкан (жалпы аянты 603,5 квадрат/метр) имаратты Мамлекеттик патент кызматына өткөрүп берүү астында туру. Буга нааразы болгон Академия кызматкерлери жана өлкөбүздөгү айрым мугалимдер (жалпы 66 адам) өлкө жетекчисинин атына кайрылуу жолдошту.
Талашка түшкөн имарат 1998-жылга чейин толук бойдон Билим берүү институтунун (азыркы Кыргыз билим берүү академиясы - Н.К. ) карамагында турган. "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамдын 42-беренесине ылайык, ал билим берүү ишмердүүлүгү менен алектенбеген мекеме же башкаруу уюмдарына берилбеши керек. Тилекке каршы, ?106-р көрсөтмөнүн негизинде Кыргызпатенттин пайдасы үчүн чечим кабыл алынат (16.03.1998). Жыйынтыгында, имараттын жалпы аянтынын 50%ы ижара акысыз академияга ыйгарылып, ажерде 2005-жылга чейин иштеп келишкен. Андан соң, ?477 көрсөтмөнүн негизинде (14.10.2005) имарат президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Биртоп убакытка созулган талаш-тартыштын натыйжасында, КББА ушул жылдан тартып президенттин иш башкармалыгынын ?6 дирекциясы менен жаңы имаратты колдонуу үчүн кайрадан келишим түзүүгө мажбур болот. Иш жүзүндө билим берүү системасынын эсебинен башка башкаруу тармагынын административдик-башкаруу персоналы имарат менен камсыздалып келет. Маселен, Кыргызпатентке академия имаратынан сырткары 11-кичи райондогу бала бакча дагы өткөрүлүп берилген. Жогоруда айтылгандардын негизинде "Билим берүү жөнүндөгү" жана бюджеттик мекемелерден ижара төлөтүүгө тыюу салган мыйзамдардын бузулуп жаткандыгы кашкайып көрүнүүдө.
Непадам, КББА имаратын Кыргызпатентке тарттырып жиберсе кандай зыян тартат? Биринчи кезекте, ар тараптуу жардамга муктаж болуп турган педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасынын акыбалы ого бетер төмөндөйт. Сөз болуп жаткан имаратта академиянын үч негизги структурасы (55 штаттык кызматкер бар "Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борбору", 12 штаттык кызматкерлүү "Кесиптик билим берүү проблемалары борбору" жана 20 штаты менен "Инновациялык -информациялык технологиялар борбору" - Н.К. ), педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча күн сайын сабактар өтүлүүчү 17 аудитория жайгашкан. Мындан сырткары, ал жерден КББА жыл сайын 3000ден ашуун мугалимдердин, мектеп директорлорунун жана мектепке чейинки мекеме кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатат. Каникул күндөрү угуучулардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу сабактар эки смен менен өткөрүлөт.
Кайрылууга ылайык, өкмөттүн токтому президенттин Билим берүүнүн улуттук долбоорун даярдоо жана педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча коюлган тапшырмасына караманча каршы келет. Дегеле, акыркы кезде билим берүү тармагынын реформасына өлкө башчысы олуттуу көңүл буруп жатканда өкмөт башчысынын мындай токтому кайсы саясатка сыят?
Нурканбек КЕРИМБАЕВ