Кыргыз гезиттер архиви

 "Кызбурактан" жанмаанай

Кенже ДҮЙШЕЕВА
Таттуу сезим, тымызын тилек
Адам ар күнү, балким өмүрүнүн ар саатында улам жаңы нерсени үйрөнөт. Жашына жаш кошулган сайын дүйнө таанымы да өзгөрөт. Баалуулуктары алмашат. Бир баалуулук ордун башкасы басат. А бирок, эне-атанын орду алмашкыс. Аларды жоготсоң ордун эч толуктай албайсың. Теңдеши жок улуу адамдар. Жоготконуңа ишенбей, айылга сапар алган сайын алдыңдан тосуп чыкчудай сезиле берет. Эч качан андай болбосун жакшы түшүнгөн соң, алсыздыкка алдыргандай алсырап, көңүл ооруткан сезимдерге буулугасың. Ар бир жасаган ишиң ошол адамдардын урматына жасалып аткандай. Кээде айылга багыт алганда апаң гана угуп, апаң гана кеңешин бере алчу, ошол кишиге гана айтылчу сырлар жүрөктө толуп калганын туясың. А бирок, анын баарын уга турган апамдай жан жок. Канча биртууган болсоң да ар биринин жашоосу ар бөлөк. Ар бири өз түйшүгү, өз бүлөсү менен алек…
Ата-энем сымал мага күйө турган, ар бир жакшылыгыма ортоктош болчу, кубаныч-капамды тең бөлүшчү адамдын образын кыялымда жаратып алгам. Кудайдан ошондой адамды кезиктирүүнү тилейм. Ошол кыялымдагы адамды тымызын күтөм. Кайсы бир күнү кезигип, жолугам деген үмүт менен таттуу сезимдерге берилип жашап келатам.


Гүлназ СОПУАХУНОВА:
"Түбүң барбы сенин?"
Качан болсо сенин кучагыңдамын. Сага чулганам, сага берилем. Ушунчалык ар кыл, ушунчалык ар башкасың. Кээде түнү бою сени менен алпурушуп чыккандай оорлошуп калам. А кээде сенин жагымдуулугуңдан көңүлүм көккө учат. Чындап эле алыстарга, кыйыры жок мейкиндиктерге өзүң менен барып келем. Бир сен гана мени космоско жеткиресиң. Кээде кайдадыр бир адам акылы жетпеген ааламга жетелейсиң. Сен мага курбусуң да, а кээде эзелки душманымдайсың. Өзүңдөн арылалбай кубалайм да, анан кайдадыр учуп кеткениңде кайра сагына түшөм. Анткени, сенсиз санаа чулгап кетет экен мени. Улам тереңдеп кете бересиң. Күлүктүгүңдөн, ОЮМ менин, кээде сага өзүм да ээлик кылалбай, артыңдан кубалап жеталбай калмайым да бар.


Гүлнара КАЛДАРОВА:
"Аялга таазим!"
Кенже курбумдун аял туурасындагы ыры өзгөчө жагат. Аялды даңазалаган музалуу сонун саптардын бири: "Аял дебе, аял - эне!"
***
Аял - ЭНЕ. Анын ыйыктыгы биз тутунган динде да так жазылган. Бейиштин төрүн Алла эненин таманына каткан экен. Ошондуктан, ал ыйыктын ыйыгы. Өзүм аял болсом да, аялдын ыйыктыгына таазим этем!
***
Кудай буюрса, уул-кызга жарык дүйнө көрсөтүп, бул ааламдан аларга өз энчисин энчилейм. Ыйык делген эне атыгып, мен да наристе жыттаар күндөр алыс эместир…
***
Аялзаты бүтүндөй жашоосун түгөйүнө, балдарына багыштайт. Керек болсо, канын-жанын аябай, үй-бүлөнүн учугун улаш үчүн бүт өмүрүн сайып коет. Ал эми адамзат эненин ыйыктыгын баалай билсе болгону.
***
Аялзатынын болгон байлыгы эмне? Жанындагы жубайы, таянар тоосу, балдарынын амандыгы, эсендиги, дүйнөнүн тынчтыгы. Ошол аялдык бакыттан эч бир айым өксүбөсүн!..


Айжамал КАБЫЛОВА:
"Чоңое бер, Жыпарым!"
Кечээ эле өзүң сымал наристе элем, а бүгүн сага апамын. Кечээ эле өзүңө окшоп ата-эне кучагында эркелесем, бүгүн сени боорума кысып турган чагым. Бакытка балкыйм. Ар бир кылык-жоругуңдан, бажырайган көздөрүңдөн мен ырахат алам, садагам. Канатыма калкалап, амандыгыңды тилейм. Сенин кыт-кыт күлкүңдү тыңдоо менен ар таңдан түн киргенче мага майрам.
Жыпарым, жыттуум менин! Сенин жытыңды ааламдын бар байлыгына да алмашпасмын. Шириним, таалайың тоодой болсун! Келечегиң кең болсун! Апаң сенден айланып-тегеренет. Мотурайган колдоруңду кармалап, жүзүңдөн сүйүп атып элжиреп эзилем. Атаң экөөбүз сенин күлкүңө тойбой, жытыңа мас болуп турган кезибиз. Маңдайыбызга жанган жылдыз кызым, сага бактылуу балалык куруп, турмуштан татыктуу ордуң табышыңа жанымды арнайм. Жараткандан амандыгың тилеп, ыйманыңды сурайм, Жыпарым!


Сайкал САДЫБАКАСОВА
Сен жөнүндө изги саптар
Жаным апам , дүйнөгө жаратканыңыз үчүн чексиз ыраазымын. Иним экөөбүз сиздин амандыгыңызды тилеп, сиздин бар экендигиңзге эле каниет кыла жашайбыз.
***
Таянар тоом, тирегим ! Басам-турсам, амандыгыңызды, ден соолугуңузду тилейм!
***
Сырдашым, акылманым, кеңешчим ! Качан болбосун, өзүңүзгө, кеп-кеңешиңизге муктажмын.
***
Дүйнөдөгү эң бир жакын адамым ! Алыска чыксам, көзүңүздү көрүүгө, кучагыңызга жыгылып эркелөөгө шашам. Мурдумдан жытыңыз эч кетпейт.
***
Күнүм, апам ! Ай-ааламда сизди Ай-Күнгө теңеп, укмуш саптарды тизмектесем да, сөз "ханышасынын "ханышасын" тандасам да, сизди сүрөттөгөн бийик сөздү таппай келем!
***
Улуу адамсыз ! Бейиштин төрү эненин таманында экени чын болсо, анда мен ар бир баскан изиңизге таазим этем!


Аида МАКАМБАЕВА:
"Уяңдан учуп кеттим…"
Кесип үйрөнүү жолунда сен ар качан эсте экенсиң, мектебим! Уяңдан учуп, чоң дүйнөгө аттандым. Ар жылы учурган балдарың турмуштан орун табууга жол издешет. Мен да ошолордун бири катары студенттик турмушка баш бактым. Бирок бир өзүңдөгү таттуу, баео сезимдерди туя албай турам.
Бир класска чогулуп, бир партада отурган кыздар-балдар чилдей тарадык. Дал ырдагыдай. Акыркы коңгурооңду кечээ гана тыңшасам да, сага кайрадан кусадармын. Студенттик күндөрүң баары бир окуучулук турмушка жетпегендей. Анткени, сенде балалыктын бардык сонун ирмемдери калыптыр. Ак бантик кез, алгачкы достук, алгачкы сүйүү, таттуу кыялдар… Эже-агайларымдын айткандарын кээде кулак сыртынан кетип, балалыкка салып алаксыган болсок, эми алардай бизге күйгөн адам чанда чыгар. Таарынышып-урушкан күндөрдү эстеп жүзүмдү күлкү чаят. Алтын уяңдан учуп, ошондогу коңгуроонун биз үчүн акыркы ирет кагылганын элестеп көзүмө жаш терегенет. Бул капалыктын эмес, сага болгон кусалыктын жаштары. Өзүңдөй аруу, өзүңдөй тунук. Эми алдыдагы беш жылдык студенттик турмуш да дал өзүңдөй аруулук менен өтүшүн тилейм.

Жазып алган Айнагүл САПАРБЕК кызы