mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
  Коңгуроо

Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?

Эсиңиздерде болсо, "Агымдын" N№29 (657) санына Бишкек шаарынын троллейбус башкармалыгы (БТБ) тууралуу макала жарыялаган элек. Бул макала жарык көрөрү менен редакцияга атын атагысы келбеген эки адам телефон чалды. Булар аталган мекемеде бири кароолчу, экинчиси слесарь болуп иштейт экен. Алардын айтымында, БТБнын азыркы жетекчиси Геннадий Милицкий келгенден бери мекеменин акыбалы өтө оорлоп, баш аламандык күчөгөн. Азыркы жетекчи "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" кылып жаткан кербези.
Алгач БТБ жетекчиси толугу менен оңдоочу жай кылабыз деген 2-паркка баш бактык. Ал жакта учурда 33 иштебеген троллейбус каз катар тизилип турат. Сурамжылай келсек троллейбус оңдоочу жайдын бир станогу ижарага берилиптир. Мындан сырткары, 2-паркта үч мекеме ижарага жер алып өзүнүн машинелерин каалагандай киргизип, троллейбус жуучу жайда дөөтүлөрүн өздөрү билгендей жуушат экен. Дөөтүлөрдүн айдоочуларынан ижарага акы төлөр, төлөбөсүн сураганыбызда алар ижара келишими БТБнын жетекчиси менен түзүлгөнүн, кадимкидей акы төлөшөрүн айтышты. Андан соң бул паркта орнотулган "Нуртелеком" ишканасынын спутниктик антеннасын көрүп, ишкана менен байланыштык. Ишкана БТБ менен ижара келишимин түзүп, акча төлөөрүн билдирди. Ошондо учурда 2-паркта төрт мекеме ижара акысын төлөйт экен. БТБнын бухгалтериясында тилекке каршы бир гана ижарачы катталган. Калган ижарачылардын төлөгөн каражаттары кайда кетип жатканын билген жан жок…
Бизге телефон чалган бейтааныш адамдардын айтымында, Геннадий Милицкий келгени 173 троллейбустан 148и гана калган. Муну тактоо үчүн биз БТБнын мурунку жетекчиси Үмөтов Муратка байланыштык. Ал "кыскасы, мен кызматтан кетип жатканда 173 троллейбус бар болчу, калганын билбейм" деп жооп кылды. ММКлардын бир тараптуулугун бетке кармагандар көп экенин эске алып, биз БТБнын азыркы жетекчиси Геннадий Милицкийге кайрылдык. Анын айтымында, ал келгени БТБда жалпы 148 гана троллейбус болуп, анын ичинен линияга чыкканы 60, "скелети" эле калганы 60 даана экен. Калганында бир аз тетиктери гана болуптур. Ал жетекчиликке келгенден бери бир да жолу троллейбус чыгышталып, темирге өткөрүлбөгөн. Анда учурда БТБнын башкы инженеринин орун басары Казакбай Жолдошевдин 2008-жылы эски троллейбустардын чыгышталып (списание), быйыл кесилип "Кыргыз темирге" өткөрүлгөнү боюнча айтканын кандай түшүнөбүз? Анын жалпы салмагы 12 тоннага чейин барган троллейбустан 3,5 тонна гана темир чыгат дегени эмнени каңкуулап турат? Буга журналисттерди "эл душманы" атаган Г.Милицкий кандай жооп кылат болду экен? Же 25 троллейбус май айында өзүнөн-өзү эрип жок болуп кеткенби? Кызыгы, Геннадий Милицкий келгенче ордунда турган 60 троллейбустун астындагы мосттору кайда кеткен? (Бул боюнча Милицкий "керектүү документтерди көргөзөм" деп, көргөзө алган жок). Эгер Милицкий келгени тетиктер складдары керектүү тетиктерге толуп, жабдыктар фонду түзүлсө, эмнеге 3 млн. сомго кайра тетик алууга тендер жарыяланган?
Геннадий мырза жетекчиликке келгени БТБда катуу тартип орноп, айлык акы 40%га көбөйүп, линияга мурда күнүнө 60 троллейбус чыкса, кийин 75 троллейбус чыга баштаптыр. Ал БТБны 17 млн. сом карызынан кутултуптур. Албетте, бул Милицкийдин тапкычтыгынан эмес, мэриянын бөлүп берген 40 млн. сомунун эсебинен. Болуптур жаңы жетекчи бардыгын оңдоптур дейли, анда эмне үчүн 100 троллейбуска ылайыкташылган 2-парк жабылып, 60 гана машине баткан 1-паркка учурда 80-90 троллейбус тыгылышып жатат? Дайынсыз болуп кеткен 25 троллейбустун ар биринен орто эсеп менен 6-7 тоннадай таза темир чыгат. Темирди 5 сомдон баалаганда эле 25 троллейбустун темиринин баасы 875 миң сом болот экен. Муну тиешелүү органдар өздөрү текшерип көрүшсө ынанышар.
Баарынан таң калыштуусу, иликтөө жүргүзүп жаткан убакта бүгүн бирди, эртеси теңирден тескери сүйлөп калган БТБ кызматкерлери болду. Алгач жакшынакай сүйлөшкөн БТБнын мурунку башкы инженери, учурда эс алууда жүргөн Владимир Устянцевдин кийин 180 градуска бурулганы кызык. Ал кишинин өзүнүн экинчи үйүндөй болуп калган 2-паркка күйбөгөнү, өзүнүн айтканын өзү танганы өкүнттү. Бир чети, Милицкийдин кол астында иштегендерди да түшүнсөк болот. Себеби, ал баш көтөргөндүн баарын жумуштан айдап, коркок-билиш кылып алган. Буга редакцияга телефон чалган эки адам менен жолугушканымда толук ынандым.
Кыскасы, Бишкек шаарын көрктөндүрүүдө, оңдоодо шаар башчысы Нариман Түлеевдин аракети чоң экени талашсыз. Бирок, мэрия теледен жаңы троллейбустардын келишин үстөккө-босток берүүдөн мурун, башкармалыктын азыркы абалын бир билип койсо дурус болмок.

Мелис СОВЕТ уулу,
тел.: 665764;
e-mail: molybden2703@list.ru




  Прокурор сабак

Балыкчыда ким үчүн дүрбөдүңөр эле?
КСДП фракциясынын депутаты К.Кадыровдун кол тийбестик укугунан ажырашы бир эле биз эмес, Казакстан, Россия сыяктуу өлкөлөрдө да кенен сөз болду. Айрымдары "Кыргыз парламентинин бул эрдигин биз да кайталашыбыз керек" деп суктанып жиберишти.


Окуянын үстүндө болгондор ЖК депутаты К.Кадыровдун Балыкчыда шайлоо күнү жасаган аракети өтө кооптуу эле деп айтышат. Анткени эл өкүлү өзүнчө эле ызырынып милиция кызматкерлерин көзүнө илбей, бир нерсени ишке ашырчудай ары-бери чапкылап дүрбөп алыптыр. Ошол күн кандай болгонун сот аныктап, акыркы чекитти ошолор коет. Бирок Жогорку Кеңеш депутаттары бир палатада отурган кесиптешинин кол тийбестик укугунан ажыратып салышты. Мунун баары кол тийбестигинен ажыраган депутат үчүн да, башкалар үчүн да мындан ары сабак болот.
Жогорку Кеңештин мындай чечими алгачкы жолу болуп жатат. Ушул мезгилге чейин ЖК эмес, жергиликтүү кеңештер да өз өкүлүн күч органдарынын астына салып берген эмес экен. Бир кезде Башкы прокуратура тарабынан ЖК депутаттарын кол тийбестигинен ажыратуу үчүн парламентке далай сунуш түшкөн. Бир нече миллион доллар менен шектелген Мамат Айбалаевдин үстүнөн кылмыш ишин козгойбуз деп ошол кездеги Башпрокуратура парламентке бир нече жолу кайрылган. Бирок эл өкүлдөрү М.Айбалаевди Башпрокуратурага салып беришкен эмес.
Ар дайым чыр-чатак, чоң иштердин үстүндө жүргөн Үсөн Сыдыков да ушундай токонаалатка кабылган. Бирок Үсөн Сыдыков К.Кадыровго окшоп палата жыйынына келбей койбостон, "мен жөнүндө түшкөн прокурордун кайрылуусун карагыла" деп өзү демилге көтөргөн. "Канча жеп, эмнени мойсоптурмун, ушул жерде ачык айткыла" деп прокурорду демиткен.
Депутат Кубанычбек Кадыров өзүнүн кол тийбестиги жөнүндө маселе каралып жатканда жок болду. Депутаттык комиссия да арыдан бери "жаназасын" окуп, палатага сунушун берип жиберди. К.Кадыров күнөөсүз болсо парламентке келип, Башкы прокурор Э.Сатыбалдиев менен Х.Коркмазовду жарга такап суроолорду берип, өзүнүн жүйөөлөрүн айтса болот эле. Ошондо кээ бирөөлөр ишенбесе да коомчулук ишенет эле. Бирок депутаттар ал жөнүндө жанагыдай чечим кабыл алып, баары өйдө жактан берилген буйруктай кабыл алынып кетти.
Кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси маркум Баяман Эркинбаевге да козголгон. Бирок бирге отурган кесиптештери аны колдоп кетишкен. Азыркы "ак жолчу" депутат Шарипа Садыбакасова Баяман палванды тургузуп алып класс жетекчисиндей акыл-насаат айтып, "дагы ушундайларың кайталанабы же жокпу" деп капталга нукуган. Ошентип Б.Эркинбаев жөнүндө башкы көзөмөл органынын кайрылуусун эл өкүлдөрү орундатышкан эмес. Дегеним, КСДП фракциясынын депутаты Роза Отунбаева деле К.Кадыровго арачы болсо болот эле. Жогорудагыдай ролду Ш.Садыбакасовадан алда канча жогору аткармак. Бирок келме кезек деген бар. Бул нерсе кыргыз саясатында көп кайталанып жүрөт. Азырынча К.Кадыровду калкалайм деген социал-демократтар чылпагын алам деп көзүн оюшту. А.Атамбаевдин, И.Карамушкинанын, Б.Бешимовдун ж.б. партиялаштарынын билдирүүлөрү К.Кадыровдун пайдасына чечилген жок. Бирок кол тийбестик маселесин дагы бир жолу карап чыгууга мезгил жетти. Бир эле Кадыров эмес, Башкы прокурор бир четтен иш ача берсе боло турган бир топ депутаттар бар. Эгемен кыргыз тарыхында эл өкүлдөрүнөн кол тийбестик алынган мезгил да болгон. Мындан пайдаланган ошол кездеги бийлик андагы депутат Азимбек Бекназаровду Жалал-Абадга барганда камап койгон. Эскертүү берсе же баш коргоо чарасынын бөлөк түрүн колдонсо болмок. Бийликтин ошондогу акылсыз аракети менен Аксы окуясы келип чыкты. Азыр жакшылап баамдасаң, оппозициянын көпчүлүк өкүлдөрү ошондой окуянын дагы бир жолу болушун абдан эле каалашат. Буга алардын жасап жаткан аракеттери күбө. Бирок ошондогудай окуянын тарыхта экинчи жолу кайталанышы өтө эле күмөн. Так эле ошол окуяны жасайбыз деп К.Кадыров сыяктуу жаштарды садага чаап, келечегин арасат жолго таштап бир тобу четке чыга берди.
Анткени, Аксы окуясы бийликке эле эмес, карапайым элге да сабак болду. Көрсө, саясатчылардын артынан өз жаныңды садага чапсаң өзүңдүн эле шоруң экен. Ата-эне, жакын туугандарыңды сыздатып камаласың же акыретке кете бересиң. Кийин сен башыңды сайып жан берген саясатчы сага жадагалса куран окутуп койбойт. Сени аткандар жазаланбайт. Сенин өлүмүң Аксы окуясы сыяктуу бийликке да, оппозицияга да мисал тартып сүйлөгөндө гана керек болот. Андыктан Балыкчыда ким үчүн дүрбөдүңөр эле?..

Келдибек НАЗИРОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
Яндекс.Метрика