mainkaptal

Пользовательский поиск
  Элчиңди көрсөтчү, элиңди айтайын


Мамлекет үчүн башка өлкөлөрдөгү элчиликтердин мааниси зор. Кыргызстандын тарыхында айрым элчилер өз жөндөмү менен элди кыргындан сактап калганы белгилүү. Ал эми азыр элчилерге эч ким деле маани бербейт. Дайындалганда баланча өлкөгө элчи болуп кетиптир деп угасың, болду, ошону менен көпчүлүгү оозго да алынбайт.

Улуттук кызыкчылык качан корголот?
Аягы үзүлбөгөн айың кеп…
Кыргызстан эгемен өлкө катары дүйнөнүн бардык өлкөсүнө болбосо да, бир катар мамлекеттерге өз элчилерин жөнөткөн. Азыр 28 өлкөдө өкүлчүлүктөрү бар. Элчилер өздөрүнүн расмий милдеттеринен башка кыргыз элинин салтын, тарыхын, маданиятын өзү өкүл болуп барган өлкөгө тааныштырууга тийиш. Өзгө элдер элчилер аркылуу Кыргызстан жөнүндө түшүнүк алышат. Бирок акыркы кезде чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтери кызматтан кетип, саясаттан кагылып-согулган кишилердин куралына айланып баратканы жашыруун эмес. Мисалы, Казакстанга элчи болуп барган Жаныш Рүстенбеков Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда жеп-ичкен деген айың менен кызматынан кеткен. Эми ошол кепти артынан ээрчитип, кыргыз элинин өкүлү болуп Астанага барды. Бир эле Рүстенбеков эмес, тереңдетип каза берсең бир катар элчилер жөнүндө жогорудагыдай маалыматтарды алууга болот.
Дегеле, Кыргызстандын тышкы саясаты бийликтин түздөн-түз аракети аркылуу гана жалгашып келет. Буга чейинки экс-тышкы иштер министр Эднан Карабаев аткезчилик жол менен тамеки сатууга шектелген. Андыктан чет жердеги элчиликтерибиз эмне менен алектенип, өлкөгө кандай пайда апкелип жатат деген суроо көпчүлүктү кызыктырат. Элчиден тарта дипломатиялык кызматкерлердин баары кол тийгис макамга ээ. Элчиликтерде дипломатиялык тизме деген болот экен. Ошол тизмеге киргендер мыйзамда каралган бардык жеңилдиктерден пайдаланышат. Россия сыяктуу жумушчу күчүнө муктаж өлкөдө иштеген элчиликтеги кызматкерлер өздөрүнүн туугандарын чакырып жакшы кызмат таап бергенден башка да, өз кызыкчылыктары үчүн далай иштерди бүткөрүшөт дейт. Бул үчүн аларда кол жеткен мүмкүнчүлүк бар. Жергиликтүү бизнесмендер менен алака түзүү, аларга азыноолак кызмат көрсөтүү, өтүнүчтөрүн орундатуу, өз өтүнүчүн айтуу ж.б.
Деген менен экономикалык дипломатияны жандандырууда элчиликтин ролу чоң. Алар ошол өлкө менен Кыргызстандын мүмкүнчүлүгүн эске алып, ири инвестицияларды тартса болот. Тилекке каршы, биздин элчилер майда барат көргөзмөлөрдү уюштуруп, долбоор сунуштагандан башка жарытылуу аракет көрүшө элек. Айталы, 2008-жылдын 11-сентябрында канадалык Diaonhd Resort Group компаниясынын инвестициялык долбоорунун бет ачары өткөн. Анда 2009-жылдын жазынан баштап Кыргызстандын экономикасы үчүн 1 млрд. долларлык долбоор иштей баштайт деп ишендиришкен. Бирок, бул боюнча кандайдыр бир аракет көрүлгөнү маалым эмес. Бул боюнча ТИМ эле бирдеме билбесе, башка жан билбейт.
Чет жердеги элчиликтердин төмөнкүдөй жумуштарды жасадык деп берген маалыматтары да өтө кызыктуу. Мисалы, Россиядагы элчилик Кыргызстанга төмөнкүдөй пайда келтиришкен. 2008-жылы Россиядагы "Инкомполис" компаниясы биздин ИИМге техникалык жардам катары 20 "Жигули" берген. "Газпром" Бишкектеги ТЭЦке 3 миң тонна мазут, "КыргызРуснефт" ААК 10 миң кубометр күйүүчү май, "Агромашхолдинг" 408 даана техника жөнөткөн. Биртоп мурда Алай районунун Нура айылында жер титиреп, 74 кишинин өмүрүн алып кеткени маалым. Муну уккан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү жапа чеккендерге жардам берүү үчүн материалдык, финансылык колдоо көрсөткөн. Бирок ТИМ муну биздин элчиликтер жасады деп узун тизме менен 2008-жылдын отчетуна киргизип алган. Алардын көлөмдүүлөрүн санап өтөлү.
ОБСЕ 15 миң евро, Кызыл крест коому 15 миң доллар, "Агахан" фонду 1,5 млн. сом, ЮСАИД 50 миң доллар, Канада менен АКШдагы "Каунтерпарт Интернейшнл Коммьюнити" бейөкмөт уюму 800 миң доллар, "Мир добра" эл аралык кайрымдуулук уюму 100 миң сом, тажик өкмөтү 2 миң шифер, 100 тонна цемент, 5 тонна май, 10 тонна кумшекер, 25 миң тонна күйүүчү май, кийим-кечек ж.б., жапан өкмөтү 11 млн. йендик генератор жана 103 миң доллар, Словакия 93 миң евро, Кытай 170 миң доллар, Италия 70 миң евро, Татар республикасы 1 млн. рубль. Мындан сырткары, көптөгөн өлкөлөрдөн жууркан, жылыткыч, азык-түлүк, палатка, кийим-кечек келип түшкөн. Башкасын айтпаганда да, кичинекей Катардан эки жүк ташуучу самолетко гуманитардык жардам келсе, Ватикандан 25 миң долларлык материалдык жардам келген. Ал эми Нурада болгону 152 үй-бүлө жабыркаган.
Эгер жогорудагы жардамдарды калыстык менен бөлсөк, ар бир үй-бүлөгө 10 миң доллардан гуманитардык жардам тийиши керек экен. Биздин ТИМ ушундай маалымат берип жатат. Мындан тышкары, нуралыктарга бүт Кыргызстан жардам берген. Бирок, жогорудагыдай жардамдар небак келип, кыш жакындап калса да, 152 үй курулуп бүтө элек.

Саясый эмес, улуттук чечим зарыл
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар бар экенин ушул тармагы катуу өнүккөн өлкө өкүлдөрү айтышат. Алыскы өлкөлөрдү кое туруп, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен Түркмөнстанды кошкондо эле калктын саны 50 миллиондон жогору. Ал эми Ысык-Көл бир эле бизде бар. Ал жерге Өзбекстандан келип эс алууну каалагандар көп, бирок коңшу өлкөдөгү биздин элчилик бул боюнча ырааттуу иш алып барбайт. Ошентсе да ТИМ ар дайым инвестиция тартууда, туризмди өнүктүрүүдө катуу иштеп жатабыз, бул үчүн календарлык планыбыз бар деп айтып келет.
Жогоруда айткандай, бизде кызматтан кеткендерди элчи кылып жөнөтүү салтка айланды. Жакында эле Ишенгүл Болжурова Белорусияга элчи болуп дайындалды. Эгер өмүр таржымалына саресеп салсак, эки жолу министр болуп, эки жолу жогорку окуу жайын жетектептир. Ректор болуп турганда, министр кезинде кандай иштегенин бардыгы билет. Эми Кыргызстандын жүзүн Белорусияга кантип көрсөтөт, ал жагын күтө туралы. Айтайын дегеним, дипломатия - бул кесип, талант, жөндөм. Элчинин сүйлөгөн сөзү, кишиге жасаган мамилеси билими, маданияты, ички көрөңгөсү жогору болууга тийиш. Анткени алгачкы эле сүйлөшкөн кишисине жакшы таасир калтырышы керек.
Акыркы жылдары чет өлкөлүк басма сөздөрдө Кыргызстан жөнүндө жылуу пикирлер айтылбай жүрөт. Айрыкча "Эхо Москвы", "Немец толкуну" радиолорунда жаман жагыбыз көп айтылат. Чек ара, суу маселелери боюнча Өзбекстандын маалымат каражаттары чындыкка төп келбеген макалаларды жазышат. Бирок биздин элчилер кыргыз бийлигинин таламын талашып, чек ара чыр-чатактары боюнча өзбек ММКларына өз маалыматын бергенин уга да, окуй да элекпиз. 31-август эгемендик күнүндө эле бир аз көрүнүп коюшпаса, башка мезгилде шыбырты да билинбейт. Маркум Чыңгыз Айтматов бул жагынан мыкты эле. Дүйнөлүк маселени кыргыздын мисалы менен талдап, атыбызды жаңыртып турчу. Азыр деле бир катар жазуучу, журналисттер элчи болуп жүрүшөт. Бир кездеги "Республика" гезитинин ээси Замира Сыдыкова Америкада элчи. Бирок дүбүртү угулбайт.
Ал эми биздеги чет өлкөлүк элчилердин аракетин көрүп жатабыз. Түркиянын элчиси ай сайын болбосо да, жылына жети-сегиз жолу түркиялык ишкерлерди алып келип, Кыргызстан менен тааныштырып турат. АКШ менен Россиянын элчисин айтпай эле коелу. Казакстандын элчиси Кыргызстандагы казак ишкерлери менен тыгыз байланышып, алардын кызыкчылыгын коргоо үчүн жан үрөп жүргөнүн көрүп турабыз. Кризиске байланыштуу бир аз солгундап калышты, болбосо бардык чөйрөдө казактар көбөйүп, элчилик өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Бир гана биздин элчиликтер гуманитардык жардамдарды биз тарттык деп көз боемочулук кылганга жөндөмдүү. Ошол эле учурда башка өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары элчилик жардам бербейт деп наалып жүрүшөт.
Адилеттүүлүк үчүн белгилей кетчү нерсе, Кытайдагы биздин элчилик Кыргызстандын пайдасы үчүн алгылыктуу иштерди жасоодо. Анын жардамы менен 2008-жылы 50 млн. юань грант алынды. Ошондой эле Тажикстандагы кыргыз элчилиги ушул жылдын 12-сентябрында ири чөйрөдө бизнес-форум уюштурган. Кыргыз тараптан "Электртармактары" ААК, "БМЗ", "Илбирс" АК өңдүү ондон ашуун ишканалар катышкан. Бул бизнес-форумга Россия, Кытай, Корея, ФРГ, Ооганстан, Иран, Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстандын дипломатиялык өкүлдөрү катышкан.
Биздин айтайын дегенибиз, бөтөн өлкөлөргө жүзүбүз жарык болсун. Алар Кыргызстан жөнүндө жакшы маанайда калышсын. Ошол маанайды эң алды элчилер жаратат. Ал эми бизде элчи болуп ар кыл кызматтан бошоп, жумушсуз калгандар кетип жатат.
Жакында эле Ишенбай Абдуразаков Жапониянын жогорку сыйлыктарынын бирине татыды. Бул жерде Кыргызстандагы жапон элчилигинин салымы сөзсүз болушу керек. Бирок Ишенбай Абдуразаков бүтүндөй СССРдин Жапониядагы элчиси болгон. Жапондордо Ишенбай абадай дипломат гана СССРдин кызыкчылыгын коргой алмак. Бул жерде кыргыз менен жапондордун окшоштугу да эске алынгандыр. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Роза Отунбаева Кыргызстан жөнүндөгү жагымдуу маанайды өзүнүн дипломатиялык таланты менен калтырган экен. Ошол жылдары Америкадан буудай ири өлчөмдө келгенин көп белгилешет.
Кыргыз бийлиги да кызматтан алып, бирок көңүлү кыялбаган адамын элчиликке жөнөткөн практиканы токтотуусу керек. Дегеле, элчилик кызматка дайындоо саясый эмес, профессионалдык чечим болууга тийиш.

Келдибек НАЗИРОВ,
тел.: 66-57-02



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика