Кыргыз гезиттер архиви

  Эшегине жараша тушагы


Жогорку Кеңештин 10-сентябрдагы пленардык жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселеси боюнча убактылуу комиссия түзүлгөн. Анын төрагалыгына коммунистчил депутат Хаджимурат Коркмазовдун шайланышы чоң чууну жаратты. Ксдпчы депутат айым Ирина Карамушкина "ал (Хаджимурат Коркмазов - Н.К.) дайыма жыйындарга катышпайт же аягына чейин отурбай кетип калат. Анын бул маселеде кызыкчылыгы жок. Анын ордуна башка принципиалдуу депутатты кошуу зарыл" маанисинде пикирин билдирсе, Хаджимурат мырза аны "менин фамилиямды мындан ары атоого да акыңыз жок…" сыпатында беттен алды. Минтип бири-бирине акарат келтирген эл өкүлдөрүнүн өмүр жолуна саресеп салсак, эжеме жездем ылайык болуп чыкты.

Он төрт жыл ЖК депутаты болгонун колко кылган ким?
Күн тийген жердин күкүгүбү?
ЖК депутаты Хаджимурат Коркмазов эмгек жолун Москва районундагы "Заветы Ильича" атындагы колхоздо зоотехник, сүт товар фермасын жетектөө менен баштаган. Саясат айдыңына келгенге чейин Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө оперативдүү бөлүмдүн башчысы (1981-1994-жылдары), андан кийин Жогорку Кеңеш аппаратынын укук бөлүмүнүн улук консультанты кызматын аркалаган. 1995-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты аталып келет. Айтканга оңой болгону менен 14 жыл парламент "партасында" отуруу оңой-олтоң иш эмес. Бирок, карапайым калк бу жакта калсын, саясаттан кабары бар айрым адамдар Х.Коркмазовду таптакыр тааныбайбыз дешсе, көпчүлүгү терс пикирин жаадырышты.
Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
- Аны тааныбайм. Анан кандай жумуш аткарарын кайдан билмекмин.
Анаш СЕЙТКАЗИЕВ, ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынан:
- Парламенттеги тажрыйбалуу депутаттардын бири. Кай жерде болбосун өз ордун билген мыкты жигит. Кесиптешим туурасында жаман пикир айтуудан алысмын.
Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ,
саясат таануучу:
- Коммунисттер партиясынын атынан шайланып келгенин билем. Саясатчы, ириде мыйзам чыгаруучу катары жигердүү иштеп атканынан кабарым жок. Эми ал мандат алганына кудуңдап жүргөн депутаттардын бири да.
Алманбет ШЫКМАМАТОВ, "Атамекен" партиясынын аппарат жетекчиси:
- Мурунку бийликтин да, азыркы бийликтин да "оту менен кирип, күлү менен чыгып" оокатын кылып жүргөн саясатчы. Мамлекеттеги саясый, социалдык процесстерге кайдыгер мамиле жасап келатканы айдан ачык. Бу киши чыныгы саясый ишмер катары башкалардан "жарк" этип өзгөчөлөнө албады. Бирок, өткөн чакырылыштарда момурайып отурса, бу ирет үнү бир аз чыгып калгандай. Дегеним, КСДП фракциясынын депутаты К.Кадыровдун маселесин карап атканда, кесиптеши Ирина Карамушкинаны коркуткан тон менен каарып өттү. Ушул факты Х.Коркмазовдун деңгээлинин пастыгын, парламентарий катары бышып жетилбегенин айгинелеп турат.
Асланбек САРТБАЕВ, "Учур" гезитинин башкы редактору:
- "Күн тийген жердин күкүгү" деген накыл кеп Хаджимурат Коркмазовдун автопортретине шайкеш келгенсийт. Себеби, Хаджимурат Зулкарнаевич кайсы бийликтин болбосун колтугуна кирип, көлөкөдө жан бакканды мыкты өздөштүргөн. Карапайым калктын мүдөөсүн көздөгөн маселени көтөрүп чыкканын уккан да, көргөн да эмесмин. Ал жетектеген комиссия Кубанычбек Кадыровдон кол тийбестикти алууга кандайдыр бир деңгээлде салым кошкону жалпыга маалым. Ал үчүн бүгүн болбосо да, эртеңки күнү жооп берчү мезгил келет.
Депутат куну канча миллион сом?
Хаджимурат мырзанын 14 жылдан бери парламентте жүргөнүн айттык. Ушул аралыкта канча мыйзам долбоорун жазганын жана алардын элге канчалык деңгээлде пайдасы тийгенин тактоо оголе кыйын. Андыктан, алыс кетпей эле акыркы эки жылдагы ишмердүүлүгүнө көз жүгүртөлү.
Жогорку Кеңештин расмий сайтында (www.kenesh.kg) 2007-2009-жылдар аралыгында депутаттар канча мыйзамга демилгечи болгону баяндалат. Ага ылайык, биздин каарман бир ирет гана айрым мыйзам чыгаруу актыларына кошумча киргизиптир. Өзү жалгыз болсо го бир жөн, "парталаштары" А.Каримов жана Б.Сан менен биргеликте. Эми Хаджимурат акенин мындай "эрдиги" үчүн мамлекет канча сом сарптаганын эсептесек.
Эл өкүлдөрүнүн орточо маянасы 20 миң сом. Ошондой эле эки жардамчы, бир айдоочусу айына болжол менен 20 миң сомду жалмаса, темир тулпары күнүнө 12 литр майды шимирет (12x27,5 сом=330 сом. Аны 30 күнгө көбөйтсөк 9900 сом). Чөнтөк телефонуна кеткен чыгым (орточо 2500 сом) да мамлекеттин мойнунда. Мындан сырткары, ар айдын акырында региондорго барыш керек. Ага 15 миң сомдун тегерегинде каражат кетет. Ошентип, бир депутатты багыш үчүн айына 67 400 сом солонду дей бер. Бул сумманы 24 айга (эки жылга) көбөйтсөк, 1 617 600 сом келип чыгат. Минтип эки жылда мыйзам актыларына гана кошумча киргизип, андан сырткары, керек учурда кнопка басканды гана билген депутаттын пайдасы менен зыянына өзүңөр баа бергиле.
Баса, Коркмазов кыйратып мыйзам жазбаса да кылмышка шектүү делген адамдарды боштондукка чыгарууга аракет жасаган жайы бар. Маселен, агездеги депутаттар Р.Шин, И.Гайипкулов жана Х.Коркмазов (2006-жылы) оор кылмышка шектүү делген А.Исманкуловду кепилдик берүү менен камактан бошотууга аракет кылышкан…
Коркмазов Масалиевдин "кошелогубу"?
"Асман-пресс" гезити кыргыздын "мен" деген 100 байынын тизмесин жарыялап, алардын катарына Х.Коркмазовду да кошкон. Кызыгы, Хаджимурат мырза бизнестин кайсы түрү менен шугулданарын эч ким так айталбайт. Ал эми биздин маалымат боюнча коммунистчил депутаттын бизнеси "парталашы" Роман Шин менен чогуу имиш. Тактап айтканда, Х.Коркмазов кирген адам оңой менен чыга алгыс казинолорго ээлик кылат экен. Мындай байлыгы 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстан коммунисттер партиясынын атынан мандат алышына зор өбөлгө түзүптүр. Себеби, шайлоо кампаниясына кеткен чыгымдын негизги бөлүгүн Роман Шин менен Хаджимурат Коркмазов көтөргөн дешет… Буга ыраазычылык иретинде Исхак Апсаматович 23-июлда өткөн президенттик шайлоодо коммунисттерден депутат Хаджимурат Коркмазовдун кандидатурасын бир добуштан көрсөтөрүн тамаша-чынга сала шардана кылган. Анын себебин сураган парламентарийлерге:"Эмне, дүйнөлүк демократиянын форпосту Америка афроамериканец Барак Обаманы президент кылып шайласа болот, а Борбор Азиядагы демократиянын форпосту Кыргызстан "афрокыргызстанец" Хаджимурат Коркмазов такка отурса болбойт бекен?" деп жооп бергенин учурунда жазганбыз.

"Сенде дагы толуп жатат кемчилик"
КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина 27 жыл агартуу тармагында үзгүлтүксүз иштеген. Депутаттыкка чейин Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тарбиялык секторун жетектеген. Парламенттеги эки жылдык өмүрүндө чуулуу маселелерди көтөрүп чыкты. Маселен, Ысык-Көлдөгү жеке менчик "Мээрим булагы" балдар үйүндө үрөй учурган укмуштуу окуялар болуп жатканын шардана кылган. Ирина айымдын айтымында, "Мээрим булагында" тарбияланып аткан балдар чет өлкөгө сатылып аткан имиш. Бирок, практика жүзүндө анысы тастыкталган жок.
И.Карамушкина өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн борбор калаада өткөргөнү маалым. Ошого карабастан, эки жылдан бери мамлекет эсебинен квартирада жан сактап жүргөнү (айына болжол менен 15 000-16 000 сом бөлүнөт) табышмак. Мындан сырткары, өзүнө коендой окшош орус туугандарынан катчы кылып алган. Натыйжада Ирина Карамушкина депутат болгон эки жылдан бери мамлекет капчыгын 1 977600 сомго какшытты. Ал эми демилге көтөрүп чыккан мыйзамынын саны бирөө эле.
Сөз жок, Ирина айым көтөргөн айрым маселелер актуалдуу. Эл өкүлү көбүнчө социалдык, билим берүү жана жаштар көйгөйүн козгойт. Алардын ар бирине кенен токтолуп отурбастан, кыскача баяндап өтөлү:
коомдук уюмдардын маалыматына таянып, акыркы эки жылда Москванын балдар үйүнө 230 кыргызстандык наристе түшкөнүн кабарлаган. Анын айтканы боюнча Россиянын мыйзамына ылайык, таштанды балдар автоматтык түрдө аталган өлкөнүн атуулу болот;
Кыргызстанда "Билим берүү" мыйзамынын 15 беренеси иштебей калганын аялдардын дискуссиялык саясый клубунда билдирген;
партиялашы Кубанычбек Кадыровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароодо тикеден тик каршы чыккан. Кесиптештерин К.Кадыровду Башпрокуратуранын "торуна" түшүрбөөгө чакырып, мындай чечим кабыл алынса, 4-чакырылыштын депутаттары өлкө тарыхында кара боек менен жазылып каларын түтөп айткан. Ирина айымга окшоп ачуу чындыкты башка парламентарийлер ачык айтпаганы маалым.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, тел.: 66-55-82, e-mail:kerimbayev@mail.ru