mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
  Клип сандык

Бегимайдан сенсация!
Жаш ырчы Бегимай КАРАБАЕВАнын жакында элге сунушталган "Сырдуу махабат" аттуу ырына тартылган клип шоу дүйнө өкүлдөрү жана күйөрмандары арасында кызуу талкууга кабылды. Секелек кыздын образында келаткан Бегимайдын аталган клипте ачык кийим, ачык төш көрсөткөнүн айрымдар сынга алса, кээлери ырчынын кыргыз клиптери ичинде "сенсация" жаратканын белгилешүүдө. Ырчы менен продюсер кеп төркүнүн ээлеген клип үчүн төрт форма тиктирип, атайын ачык кийимдерди ылайык көргөн.
"Ачык кийинип алыпсың" дегендерге Бегимай: "мындан кийинкиси азыркыдан да ачык болот" деп тамаша-чынга аралаш жооп узатып коюп жүрөт. Сураштырсак, кийинки тартыла турган клип да махабат темасында. Анда ырчынын кийими канчалык ачык болоруна сиз менен бирге күбө бололу, окурман!




Сүйөрман режиссер
Темир Маймашов профессионал киночулар катарында болбосо да тасма артынан тасма тартып, өзүнө бул дүйнөнүн сырларын улам ачып келет. Алгач эл арасынан алып "Карагул ботом" уламышын экрандаштырган. Башкы ролдо өзү, ал эми Карагулдун образын тестиер кызы жараткан. Ошол кызы азыр бой жетип, ырчылар арасында ордун таап, Гүлнур Асанова деген атын чыгарып жүрөт.
Сүйөрмандык менен эле кино дүйнөсүнө сүңгүп, өзү күбө болуп жүргөн социалдык маселелерди тасмаларында чагылдырат. Ал менен карапайым көрөрмандын көңүлүн ээлейт. Анткени, тасмадагы көрүнүш менен карапайым көрөрман көйгөйү үндөш. Жайдын аякташы менен Темир мырза дагы бир тасмасын соңуна чыгарды.
"Күтүүсүз атылган ок". Аталышы эле дене титиреткен тасмада автор айыл жергесиндеги коррупция көйгөйүн көтөргөн. Коррупция чегинен чыгып, айыл өкмөтүнүн айрым аракеттеринен улам адам өмүрү да кыйылат. Бул көйгөйдөн кеп салган тасма автору өз тасмасында өзү башкы ролду жараткан.
Баатырдын баатырдыгын даңазалоо ниетинде биз кеп кылган режиссер Улуу Атамекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев туурасында тасма тартууну пландап жүрөт. Бул оюн ишке ашыруу боюнча өлкө парламентине жана президентине чейин кайрылган. Маселе кандай чечилерин убакыт көрсөтөр. Эч жерден колдоо таппаса, ким билет, балким, Темир мырза эски адатына салып, өзү каражат таап, Чолпонбай баатырдын төшүн дзотко тосконун экранга чыгарып коер…


  Жаңырык

Рубрика мейманы - "Карагул ботом", "Күзгү жалбырактар", "Туңгуюк" тасмаларынын жаратуучусу Темир Маймашов. Жакында эле бул режиссер дагы бир жаңы тасмасын көрүүчүлөргө сунуштап турган чагы.

Жаңы тасма
"УУЛ"
"Жаңы толкун" студиясы ушундай аталыштагы тасма жаратты. Жаш режиссер Найза СЫДЫКОВ бул тасмасында атанын айкөлдүгүн жана бул ааламда акча деген нерседен алдаканча өйдө турган баалуулуктар бар экенин көрсөткүсү келген. Найза кезегинде Кыргызстан гана эмес, КМШ алкагында ысымы дайын Сапар Койчумановдон сабак алган.


Фильмдин директору Анара ЭШИМБЕКОВА айтмакчы, достукту да, сүйүүнү да, бакытты да акчага сатып алууга болот деген түшүнүк жашайт азыркы жаштарда. Бирок, акчадан бийик адамдарда сүйүү жашайт эмеспи. Ал эми продюсери Бактыгүл ИСАКОВА аталган тасманы кеп кылууда өз башынан өткөн окуяны эскерет, айтымында, сюжеттин негизги өзөгү дал ошол окуядан алынган. Бала менен атанын мамилеси, атанын айкөлдүгү туурасында кеп жүрөт. Ата-эненин мээрими талкаланган тагдырды оңдоого, калыбына келтирип, жаңы жашоо баштоого дем берет.
Аталган тасма каармандары жаңы жүздөр. Арасында ырчы Максат Бегалиев да бар. Биздин милдет улам бир жаңы тасманын элге сунушталышынан кабардар кылуу, ал эми "Уул" тасмасына баа берүү кино сүйөрмандарынын эркинде.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
Яндекс.Метрика