Кыргыз гезиттер архиви

  Сая-саалы

Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
Нью-Йоркто өтүп жаткан Улуттар уюмунун 64-ассамблеясынын алкагында өкмөт башчысы Игорь Чудинов кечээ Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Мишел Мордасини, вице-президентинин милдетин аткаруучу Пенелопа Брук, Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Филипп Ле Уэру менен жолугушту. Жолугушуу маалында энергетика маселеси тууралуу сөз козголуп, Дүйнөлүк банк өкүлдөрү "SACA 1000" долбоору алкагында Кыргызстандан жана Тажикстандан электр энергиясын Түштүк Азияга экспорттоо иштерине көмөк көрсөтүү ниетин билдирген. Ошондой эле алар тарабынан Бишкектеги ТЭЦти реконструкциялоо маселеси көтөрүлдү.

Суталиновду го түшүнсө болот, Мадумаровго эмне болду?
Кыргызстанда кылмышкерлерге өлүм жазасын колдонуу 2007-жылы четке кагылган эле. Бул маселе шаршембиде Коопсуздук кеңештин катчылыгынын диний фанатизмге жол бербөө боюнча жыйынында козголуп, Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаров жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталинов өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү боюнча президентке сунуш жолдошорун билдирген. Бул демилге боюнча бейөкмөт уюмдар "Өлүм жазасы аркылуу кылмыштуулукка каршы күрөшүү бир да өлкөдө өзүн актаган эмес, ошондуктан, мыйзам кайра күчүнө кирсе Кыргызстан Иран, Ирак өлкөлөрүнүн катарына кошулат" деген пикирин билдирүүдө. Учурда Кыргызстанда өмүр бою түрмөдө отурууга кесилген 196 киши бар.

СДПК менен "Атамекен" бириксе, Текебаев не болот?
БЭКтин саясый бюросу СДПК менен "Атамекен" партиясынын башын кошо албай убара. Кайра-кайра жабык эшик артында талашып-тартышканы менен азырынча эки партиянын биригүүсү тууралуу бир пикир жарала элек. Бул жумада да БЭКчилер күн тартибине коюлган саясый куугунтук боюнча талкуулоону эстеринен чыгарып, биригүү боюнча ары кетип, бери келип акыры муну ишке ашыра турган жети кишиден турган жумушчу топ түзүүгө токтошту. Анын курамына Социал-демократтар партиясынан үч, "Атамекен" партиясынан үч өкүл кирип, жетинчиси болуп Азимбек Бекназаров кошулары айтылды. БЭКтин лидери А.Атамбаев бул кара жумуш кылчу жетиликтин башына Өмүрбек Текебаевди сунуштады. Чамасы, эми эки партия бириксе Өмүкең Алмазбек Атамбаевдин айдап кел, байлап кели болот көрүнөт.

Күткүлө, байлардын парады болот
КР мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги 1-октябрга карата ММКга киреше тууралуу декларациясын көрсөтпөгөн экс-чиновниктердин тизмесин жарыялайт. Мындай тапшырма Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитетинин жыйында аталган агенттиктин директору Айдарбек Керимкуловдун отчетун угуу маалында берилген. Мындан тышкары, депутаттар агенттикке ар бир мамлекеттик орган өз бюджетинин 1%ын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуусу үчүн жумшоосу керектиги боюнча маселени жөнгө салууну сунуштады.




  Крим-аалы

"Агымга" чыккандан кийин
Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин 7-августтагы санына "Погонго жамынган юстициянын ууру подполковниги" аттуу макала жарыялаган элек. Макалада Юстиция министрлигинин Жаза өтөө башкы башкармалыгынын (ГУИН) №16 түзөтүү мекемесинин көзөмөлдөө жана режим бөлүмүнүн ага инспектору, подполковник Алиев Тилектин чөнтөк телефон уурдаганы тууралуу айтылган. Кечээ бул боюнча Юстиция министрлигинен редакцияга кат келиптир. Ал катта Алиев Тилектин кызматынан алынып, ГУИНдин бул ишке тиешеси бар кызматкерлерине тиешелүү чаралар көрүлгөндүгү айтылыптыр. Өз кызматкерин жазалаган министрлик чын эле адилет экен.

Чатактын акыры бычак
23-сентябрь күнү Ала-Бука РИИБнин кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ала-Бука районунун жашоочусу кармалды. Кармалган адам 22-сентябрда Ала-Бука районунун 1-Май айылында кечки саат сегиздер чамасында 1988-жылы туулган Б.К. аттуу адамды бычак менен сайган деп шектелген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Динге көп кийлигишпе
Башкы прокуратуранын орунбасары Кубанычбек Асангелдиевдин айтымында, учурда диний чыр-чатакты уюштургандыгы үчүн 54 адам эркинен ажыратылган. Учурда алар түзөтүү колонияларында кармалып, кайра тарбиялоо иштери жүрүп жатат.

Жашарып барат кылмыштар
Бишкек шаарында учурда 720 өспүрүм жашы жетелектердин кылмыш иши боюнча каттоодо турат. Бул тууралуу кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын начальник орунбасары, подполковник Нурлан Утемисов билдирди. Мындай балдардын саны боюнча Ленин району алдыда турат. Бул райондо азыр 217 бала катталган. Биринчи май районунда 193, Свердлов районунда 183, Октябрь районунда 127 өспүрүм каттоодо турат. Анын айтымында, балдар арасындагы кылмыштуулукту азайтууга окуучулар, мугалимдер менен жолугушуу жакшы жардам берет. Азыр ИИМ тарабынан бир катар рейддер жүрүп жатат.




  И-тагдаалы

Эл битиребесин, жер титиребесин
Кечээ Ысык-Көл облусунда 5 баллга жакын жер титирөө болду. Бул жер титирөөнүн очогу Каракол шаарынан 70 километр алыстыкта тескей Ала-Тоонун бөксө тоолорунда болгон. Жер титирөө күндүзгү саат 13:57де катталган. Бактыга жараша, жоготуулар, кыйроолор жок.

Медалсыз келбегиле
Учурда Копенгагенде өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта эркин күрөш боюнча кыргызстандык спортчулар беттешүүлөрүн аякташты. Белгилей кетсек, Алтынбек Алымбаев 32 балбандын ичинен 16-орунду, Эрлан Дорбонов 34түн ичинен 2-орунду, Ильгиз Жакыпбеков 31дин ичинен 26-орунду, Айбек Усупбеков 37нин ичинен 29-орунду ээледи. Базар Базаргуруев болсо 32 спортчунун ичинен 9-орунду ээлеген. Эми грек-рим күрөшү старт алды. Күрөштүн бул стили боюнча барган спортчуларыбыздын арасында К.Бегалиев, Р.Түмөнбаев бар.

Өнөр алды кыргыз тил
23-сентябрь күнү Ош драмтеатрында тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгына карата жаштардын фестивалы болуп өттү. Ош шаардык дене тарбия, спорт жана жаштар иши боюнча комитети уюштурган бул фестивалга 9 команда катышкан. Фестивалда 5 жогорку окуу жайдын, 3 профессионалдык-техникалык окуу жайынын студенттери жана мектеп окуучулары кыргыз тили боюнча өз билим деңгээлин Манас айтуу, кыргыз элдик ырлары, бийлери, оюндары менен көрсөтүштү. Жыйынтыгында, биринчи орунду Ош медициналык колледжи, II орунду Ош университетинин юридикалык факультетинин студенттери, III орунду Кыргыз-өзбек университетинин өкүлдөрү жеңип алды. Жеңүүчүлөр Ош мэриясынын сыйлыктарына ээ болушту.

Ким жардам берет?
Эларалык валюта фондунун миссиясынын билдиришинче, 2010-жыл Кыргызстандын экономикасы үчүн оор жыл болот. Бул тууралуу кечээ маалымат жыйында миссиянын жетекчиси Надим Илахи билдирди. Анын айтымында, мындай баа берүү Кыргызстанга жардам берип келген Россия менен Казакстандын экономикалык абалынан улам келип чыккан. Миссия жетекчисинин пикиринде, 2010-жылы Кыргызстандын бюджетин стимулдаштырууга кошумча каражат керек болот. Өткөн жылы бул жагынан Россия колкабыш кылган. Быйыл да мындай жардам болбосо, каржы каатчылыгынан чыгуу кыйын болот.




20 жыл жана "Даңк"

Ошентип, мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгын белгиледик. Буга байланыштуу Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу жыйынга президент Курманбек Бакиев катышып, эне тилибизди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловду "Даңк" медалы менен сыйлады. Өлкө башчысы өз сөзүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында былтыр 100 млн., быйыл 94 млн. сомго китеп чыгарылып, финансылык чыр-чатактан улам 34 миң китеп таркатылбай жатканын билдирди. Ал кандай чатак жана китептерди кампага сактоого эмне түрткү болгону көпчүлүккө табышмак бойдон калды. Мындан сырткары, расмий тилде жүргүзүлүп аткан иш кагаздар, жыйындар акырындан мамлекеттик тилге өтөрүн да кошумчалады. Бирок, айтылган сөздөр жакынкы жылдары жүзөгө ашары күмөн. Анын ордуна К.Бакиев кесиптеши Н.Назарбаевдин ыкмасына салып, аткаминерлердин кыргызча сайрашын талап кылса иш илгерилемек. "Келечекте баары укмуш болот" деп кат-кат убада бергенден абал оңолбойт. Жыйырма жылдык маараке бүтөр менен эле эне тилге камкордук унутулуп калбаса болду.