mainkaptal


Пользовательский поиск
 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 2525 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Бир SMS баасы $0.75

П-51. Ак үйдөгүлөр, бийлик талашып кызылчеке болуп бир мушташып көрбөйсүңөрбү, Ала-Тоо аянтына чыгып. Кимдин ким экенин кыргыз эли ошондо бир билсин. Асек.
П-52. Чынара эжеке, жезде, айтыңар маарек болсун! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр тилейм. Уулдарыңардын урматын, келиндериңердин кызматын көрүп, неберелериңердин күлкүсүнө жыргап, береке, байлыкта узак өмүр сүрүңүздөр. Кайырса.
П-53. Кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн, биринчиден, муктаждык келип чыгыш керек. Муктаждык деген эмне? Бул - документацияны кыргызчалаш керек. Экинчиден, президентибиз баш болуп, депутаттарыбыз төш болуп кыргызча сүйлөш керек. Анан ар кандай иш-чаралар, маданий майрамдар кыргызча өтүш керек. Буга эч деле каражаттын кереги жок. Биз өзүбүз кыргызча сүйлөбөй жатсак, Чудинов сүйлөмөк беле? Шаар тургуну Жаныбек.
П-54. Күлүйпа Керимбаева менен "Кош жылдыз" долбооруна катышат элем. Кимге кайрылсам болот? Мики, Мадина базары.
П-55. Көзү ачык, бакшы, эмчи-домчулар, шайлоодон кийин ит эле болдуңар го. Арыкчырай, узун бойлуу, кара костюм, көк галстук, кара турсий, ак майке кийген жигит болот дебедиңер беле, кана? Ош базарына баралбай, силер үчүн биз уялып өлдүк. Банкрот болгонуңарды куттуктап, көлдүк Коңур.
П-56. И-ий айланайын, Кудай! Окуу жылы баштала элек жатып "мектепте мушташ кино болот экен, 30 сомдон алып келгиле деди" деп энтеңдеп кирип келиптир. Деги мектебиңерде таалим-тарбиясыз тасмаларды көрсөтүү качан токтойт? Жогору жактагылардан жооп күтөбүз. Ата-энелер.
П-57. Урматтуу Чолпон Баекова! Сиз саясатчы эле эмес, сахнанын да көркү экенсиз. Мындан улам сизди үй-бүлөнүн да куту болсо керек деп калдым. Негизи сиздей төрт тарабы төп келген адамдын жолдошу болуу кандай бакыт!.. Манас.
П-58. Биз, Ат-Башы эли кышка даярдык көрүп койдук. Чөптү жыйнап, көң-тезегибизди тизип дегендей. Эми бийлик светти өчүрө берсе макулбуз. Бирок кабарлап койсун. Түнү өчүрөбү же күнү өчүрөбү. Ага да камылга көрүп коелу. Алмаз.
П-59. Сүйлөсө сөзгө чебер Эрнис (Кыязов) уулум, / Ырдын да көркүн ачты энеси уулдун. / Ак сүтүн актаса дейм ар бир бала, / Ушундай сый-урматка бекем тургун. Апаң Сабира Жумалиева.
П-60. Кайрымсыз камчы саптар элди бакпай, / Керт башты байлык, мансап менен баштай. / Буйрутма өлтүрүштү койсоңорчу, / Кан куумак тукум курут дартка батпай! Эркин Жаныбеков.
П-61. Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн түштүк менен түндүктүн элин аралаштырыш керек. Орус тилдүү бала бакчага оштук туугандардын эки баласын кошуп жиберсеңер, бат эле аке-үкөлөп келип атышат. Самат.
П-62. Бизде жер сатыларда же бирөө чоң кызматка турарда теледен же гезиттерде реклама боло баштачу эле. Ушу болду-болбоду Керим Турапов Маданият министри болгону турат окшойт. Мамбетов.
П-63. Жакында депутаттардын кол тийбестигин алып салышты. "Ак жолчу" депутаттардын ичинен бирөө ушундай башаламандыкка барса, минтип кол тийбестигин албайт болчу. Жок эле дегенде эскертүү беришмек. Шайлоо күнү бюллетендерди пачкалап салышып, аны көрүп айтып чыккан кишилерди камашкан. Көрсө, карга карганын көзүн чукубайт десек, чукуп коюшат тура. Анара айым.
П-64. Эски гезиттерди барактап, Акаевдин убагында Акаев менен иштешкен адамдардын сөзүн окуп, ушундай эки жүздүү адамдар бар экенине таңгаласың. Акаев менен иштешкен, анын пайдасын жакшы эле көргөн адамдар азыр экс-ажобуздун жаман гана жагын айтышат. Эгер экс-ажобуз кайра келип иштесе, ошол эле эки жүздүүлөр кандай сүйлөшөт эле? Анара айым.
П-65. Бир көргөнгө периштесиң, периште, / Окшоп күздө жакшы бышкан жемишке. / А чынында периште эмес жылансың, / Коркуп жигит даабас жакын келишке. Тикенек.
П-66. Үйлөнүү тойдо куттук сөздөн аттап, / Алышка орден, медаль, атак "актап". / Арзымат шилекейин чачыратып, / Ак үйдүн өкүлдөрүн жатты мактап… Эркин Жаныбеков.
П-67. Кубанычбек Сыйданов аксакалыбыз Чүй губернаторлугунан бошогон соң Москва районуна аким болду эле. Анан акимдиктен да кол жууду. Кубанычбек мырза эми Чүй дубанынын кайсы жерине айыл өкмөтү болуп барат болду экен? Бир бала.
П-68. Акын, Жаштар сыйлыгынын лауреаты Нурлан Калыбековду айт күнү - өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайбыз. Нуке, чачың карыса да, жүрөгүң карыбасын. Нурборборчулар.
П-69. Жапон бир туугандарыбыздын башына таазим кылсак болот. Көрдүңөрбү, жакынкы жылдарда асмандан электр тогун алганга даярданып жатат. Өткөн убактарда "келечекте адамзат электр энергияны асмандан алат" деп жаздым эле. Ошол ойдогуну күн чыгыштыктар колго ала башташыптыр. Караш Насер.
П-70. Байбичелерибиздин башында элечек, эркектерибиздин башында ак калпак туруп, анан "…овна", "…ович" деп чакырсак, дегеле жарашпайт экен. Орус элинин маданиятын уурдагандай болбой, өзүбүздүн эле "уулу", "кызына" кайтып, улутубуздун маданиятын сактап калалы. Караш Насер.
П-71. Гүлшайыр Садыбакасова эжеке, "Эл артистигин" 2000 долларга сатып албаганыңыз жакшы болуптур. Наамды акчага сатып алсаңыз, сизди сыйлабай калмакпыз. Кыздарыңыз.

Жеңүүчү - көлдүк Коңур (П-55), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган Гүлжан ИЛИЯЗОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
Яндекс.Метрика