Кыргыз гезиттер архиви

  Обон-казына

"Карындаш"
1985-жылы мен кыргыз телевидениесинде редактор болуп иштеп турган элем. Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына, Жеңиш күнүнүн 40 жылдыгына карата музыкалык көрсөтүү даярдоо мага тапшырылды. Мен ошол учурдагы көздөрү тирүү согуш учурунда фронтко барып концерт койгон ырчы эжекелерибиз СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаева, КР эл артисти Мариям Махмутовалар баш болгон бир нече искусство чеберлерин чакырып, көрсөтүүнү даярдоого кириштим. Кимдир бирөө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Көпбай Күмүшалиев аттуу театр сынчысын чакырууну сунуштады. Үйүнүн дарегин алып, жетип бардым. Ошо кезде ал киши катуу ооруп төшөктө жаткан экен. Мен студияга чакыра албаганыма өкүнүчтө калып, согуштун катышуучусу катары ар кандай суроолорду берип маектешип калдык. Ошондо "Карындаш" аттуу ырынын бир кызык тарыхын айтып бергени бар.
Аскерге чакырылып, согуштун катышуучусумун. Бир күнү Кыргызстандан артисттер келди деп эле концерт көрүүгө даярданып калдык. Жүк ташуучу машиненин үстүнө сахна уюштура коюшуп концерт башталып калды. Бир маалда эле "Мыскал Өмүрканова араңарда отурган жоокер Көпбай Күмүшалиевдин "Карындаш" аттуу сөзүнө жазылган ырын ырдап берет" деп жарыяланды. Ыр аткарылды. Жоокерлер мени куттуктап эле жатып калышты. Мен аябай толкундандым. Концерт аяктаган соң Мыскал менен учурашып, ыраазычылыгымды билдирдим. Ал бул ырды фронтко келе жатканда поездде чыгарганын айтып берди.
Согуштан кийин маданият майданында көзү өткөнчө эмгектенген, калкына кадыры өткөн адам болгон. 1986-жылы Көпбай аганын көзү өтүп кетти.
Ал эми Мыскал эжени негизинен залкар ырчы-аткаруучу катары билебиз. М.Өмүрканованын Мындан башка да акын А.Токтомушевдин сөзүнө жазылган "Колхоздогу курбума" аттуу ыры кеңири белгилүү.

Кара чачтуу, кара каш,
Карайсың мени карындаш.
Кадырыңа жетемин,
Кайрылып өзүң жакындаш.

Көңүлүм түшүп карадым,
Көргөндө сенин өзүңө.
Көп жарпыңды жазбадым,
Көрүнүп коюп көзүңө.
Түндөгү айткан бир сөзүң,
Түшүмдөй менин көрүндү.
Түбү ийгилик болсун дейм,
Түңүлтпөй сенден көңүлдү.

Жарк этип карап күлгөнүң,
Жарыгы айдай көрүнөт.
Жанымда турсаң эркелеп,
Жаркыным, көңүл бөлүнөт.




  Өзөк өрт

"Түгөйүмөн түңүлүп, өч алдым"
Ушул жылдын 18-май күнү Кылычбек жумуш жоктон зеригип, жинди суудан күчүн чыгарып жүргөн. 34 жашагы бул жигит жакында эле экинчи келинчеги Аида Турдалиева менен ажырашып, ортодогу машине, үй талашы бүтө элек болчу. Кылычбектин тергөөдө берген көрсөтмөсүнө караганда, ажырашууга аялынын аны башка эркек менен алмаштыруусу себеп болуптур. Бул ишке чекит коюп, келинчеги менен "жакшылап" сүйлөшүүнү ал көптөн бери самап жүргөн. Анын үстүнө келинчеги ажырашар замат үйдү, машинени туугандарына каттатып, Кылычбектин энчисине эч нерсе тийбей калган эле. Бир жагынан бул канын кайнатып, бир жагынан жумушсуздук, турмушунун бузулушу көкөйүнө көк таштай тийип турган мезгилде ага белгисиз бирөө чалып, "мен сенин аялыңдын ойношу болом, кечинде "разборкага" кел, сүйлөшөлү" дейт. Буга ызаланган Кылычбек ал күнү да кечке жинди суунун акесин таанытат.


Кулагынан бейтааныш эркектин үнү кетпеген ал аялынан, анын туугандарынан өч алууну көксөп, баштыкка балта, бычак салып Шопоков шаарындагы Новостройка көчөсүнүн 20-үйдүн 33-квартирасынан чыгат. Баруучу жери алыс болгондуктан ал түнкү саат бирлер чамасында өзү жашаган үйдүн биринчи кабатындагы жүргүнчү ташуучу "Улыбка" фирмасына келип, машине сурайт. Бул адаттагы жумуш болгондуктан фирманын айдоочусу Хамид Бышанло бейкапар машинесин айдап чыгат. Жолдо эрмек болуп, узун жолду кыскартар деген ниетте Хамид Кылычбекти алдыдагы орундукка отургузат. Бир аз жүргөн соң Кылычбек таксини токтотуп, жол жээгиндеги күркөдөн арак алып согот. Алагүү боло түшкөн жигит айдоочуну Бишкекке барып келүүгө көндүрөт. Ошентип сапар андан ары уланат.
Жолдо катар кептен-кеп чыгып отуруп, кызуу болуп калган Кылычбек үй-бүлөсүнөн өч алганы баратканын ачыкка чыгарат. Муну уккан Хамид чыр-чатактан алыс болгусу келгенин билдирип, Бишкекке баруудан баш тартат. Айдоочу машинени жол жээгине токтотуп, эки эркек кажылдаша кетет. Жини келген Кылычбек Садиров баштыктагы бычакты ала коюп айдоочуну көкүрөккө уруп калат. Коркуп кеткен таксист машинеден чыга качып, үч-төрт кадам шилтеп жерге кулайт. Өч алгыч Х.Бышанлону тээп көрүп, өлүп калганын билген соң анын денесин машиненин багажына жүктөйт. Эртерек аялынан өч алууга ашыккан ал өлүктөн кутулуу үчүн машинени Сокулуктун батыш тарабына айдап чыгат. Кийимине кан жугузуп албайын деген Кылычбек алгач өзү чечинип, андан соң өлүктү чечиндирет. Хамиддин денесин ийинге салып, атайын балык өстүрүүчү көлдү кечип барып тереңирээк жерине чөгөрүп жиберет.
Андан соң К.Садиров Бышанлонун машинесин айдап Бишкекке сапар тартат. Келатып ал мурдатан көңүлдөш болуп жүргөн Салтанат аттуу кызга чалып, Дэн Сяопин көчөсүнүн Ала-Тоо жаңы конушуна бурула бериш жеринен жолугушарын макулдашат. Болжошкон жерден экөө жолугушуп, бир кафеде ичимдик ичкенче өч алуу планын түзүшөт. Алгач эки көңүлдөш Х.Бышанлонун кийимдерин Ала-Тоо-1 жаңы конушуна алып барып ыргытып жиберишет. Бир сыйра тазаланып алган өнөктөштөр түнкү саат төрттөрдө Ала-Тоо-2 жаңы конушунун Учкун көчөсүндөгү 2-үйгө келишет. Салтанат бычак менен куралданып, Кылычбек балтаны колуна алат. Салтанат эшикти такылдатып "мен сенин күйөөң Ильясов Элдардын ойношу болом, сүйлөшүү үчүн келдим" деп эшикти ачтырат. Эшик ачылар замат бурчта жашынып отурган К.Садиров үйдүн ичине жүгүрүп кирип, аялы А.Турдалиеваны балта менен башка чабат. Балта чала тийип, А.Турдалиева менен үйдөгү Ж.Сурантаева Кылычбекти эптеп сыртка сүрүп чыгарышат. Аңгыча А.Турдалиеванын сырттагы чатырында уктап жатышкан К.Орозалиев менен европа улутундагы киши ойгонуп кетишет. "Эмнеге урушуп жатасыңар?" деген Орозалиев ажыраштырууга аракет кылат. Каны кайнаган К.Садиров Салтанаттын колундагы бычакты ала коюп, тиги кишинин эки жолу сайып жерге жыгат. Андан соң Садиров аялын, анын жанындагы Ж.Сурантаеваны да өлтүрүү үчүн үйгө кирип, адегенде аялын төшкө сайган. Кылычбек бурчта баласын бооруна кысып калкалап отурган тиги аялды баласынан ажыратып, өлтүрмөкчү болот. Эки-үч жолу урулган бычак таамай тийбей, аялдын колун, бетин тилип кетет. Жанынан түңүлгөн Ж.Сурантаева каршылык көрсөтүп жатып, эптеп баласын алып сыртка качып чыгат. Садиров аны кубалап баратып алдынан чыга калган европа улутундагы адамды төшкө эки жолу сайып жыгат. Аиданын тууганы Ж.Сурантаева кошунанын үйүнө кире качып аман калган. Ошентип бир түндө төрт адамды жайлаган К.Садыров анын колунан мерт болгон Х.Бышанлонун "Тойота" унаасы менен Салтанатты алып из жашырган.
Таңга жуук "Ак жол" постунун МАИ кызматкерлери Кылычбек айдаган "Тойота Камри" машинесин токтотуп, айдоочунун мас, кийген кийиминин кан экенине күбө болушкан. Бирок, бул жерден да Кылычбек тойдон келатканын айтып кутулуп кеткен. Ошентип, жазында болгон кандуу окуянын күнөөкөрү 10-сентябрь күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш издөө кызматкерлери тарабынан кармалган. Бир аз эле кечиккенде ал Калык Абдыкаимов деген паспорту менен Россияга жөнөп кетмек экен.

Мелис СОВЕТ уулу