mainkaptal

Пользовательский поиск
Исмирна!
Эски гаишник эртең менен таң сүрөлекте гаишник баласын ойготот дейт:
- Тур балам, жумуштан кечигесиң.
- Саат канча болду?
- Үжө беш жарым болду.
- Эрте го, ата?..
- Атаң башы! Аларың жарым сааттан бери бекер айдап атышат, тур!
Кызыкыстан
Биздин Кыргызстан кандай керемет өлкө! Биздин өлкөдө гана ар бир атуул бекер дарыланганга, бекер окуганга, бекер иштегенге укугу бар, билдиш!
Ыздачы болобу?
- Алибиң барбы?
- Бар эмей. Валютасы менен берейинби?
Бажырайган кызыл гүл колго кармап…
Үч бажыканачы отуруп алышып төртүнчүсүнүн туулган күнүнө эмне белек тартуулашты талкуулап отурушат.
Бирөөсү:
- Келгиле, 600-мерс бадарке кылалы.
- Болбойт, андай тачкасы бар.
Дагы бирөөсү:
- Анда Канар аралдарынан бир "камок" сатып бербейлиби?
- Ал жакта бир эмес, эки "камогу" бар.
Ошондо үчүнчүсү:
- Несинурайын деп туруп бир күндүк исменди өзүң жалгыз иште десекпи?!
- Келесоо болбочу, мынчалык кымбат бадарке бергенге кимдин көчүгү чыдайт!
Бөрүбазарлар барбы, ыя?..
Америкада мыйзам тыюу салбаган нерсенин баарына уруксат.
Германияда мыйзам уруксат бербеген нерсенин баарына тыюу салынган.
Россияда мыйзам уруксат берген нерсенин баарына баары бир тыюу салынган.
Францияда мыйзам тыюу салган нерсеге деле уруксат.
Кыргызстанда мыйзам тоодон жакага али түшөлек, азырынча бөрүмыйзамдан бөлөгү жок болуп атыры.
Бөтөлкөбаштар, ыстыканооздор
- Бакыт дегениң бир күндүк болот деген чын экен.
- Бактылуу болуп көргөн кишидей сүйлөйсүң да.
- Кечээ катыным кетип калып…
- Мына сага жыргал, и-и?..
- Кайра бүгүн жетип келиптир.
90-60-90
- Алтыным, мен сени 25 кг илгери катуу сүйдүм эле!


Сөзирмемдер
Аткаминер атынан мурда кызматтан кетет.
Акыркы ыстыкандан кийин Ак үйдүн дубалдары да жардам бералбайт.
Ойго жем таштасаң, бутуна түшкөнчө сугунат.
Бешбармак жыттанган жерде ар бир беш кыргыздын духу көтөрүлөт.
Шамал менен Көл кошулса толкун туулат.
Эмгек эшектики, сый - ургаал ээсиники.
Ашыкпаган киллер тогуз граммды тогуз ай көтөрөт.
Битирден Питерге чейин саякат.
Бирөө ойрон болмоюн бирөөгө майрам болбос.
Таккаминердин тагдыры бир ууч үй-бүлөнүн колунда.
Мамкатчынын майкеси денесинен жакын.
Катын оонаса кан жыгылат.
Маймыл тирүү турса, биттер канды сорот.
Башы аскарад, калганы маскарад.
Сенин жолуң кашка тамга баскан жол.
Саясатта баш тескери айланат.
Күн тийген жерде эки кочкордун башы кагылышат.


Тост торгой
Илгери ата-бабалар айткан экен: "Жандүйнөнүн каалоосу менен достук жаралат, акыл-эстин каалоосу менен сый-урмат жаралат, дене-бойдун каалоосу менен ышкы жаралат. Үчөө биригип, сүйүү жаралат" деп. Эмесе, ар бирибизде ушул үч каалоо дайым жашасын, серпип жибергиле!
* * *
Кайсы бир падыша жаш жигиттер үчүн мелдеш уюштуруптур: кимде ким кызымдын төшүнө коюлган алманы терисине тийгизбей кылыч менен кыя чапса, кызымды берем жана үстүнө жарты падышалыгымды тартуу кылам, - дейт. Биринчи жигит кыздын сулуулугунан жалтанып кетип, терисин бир аз кесип алат. Ошо замат жигиттин башын алышат. Экинчи жигит да калтаарып кетип, терисин тепчип кетет. Анын да башы алынат. Үчүнчү жигит чыгат да, кыздын терисине тийгизбестен алманы бөлө чабат. Аны сүйрөп барып зынданга салышат да, эртең башың кесилет, - дейт. Кайсы күнөөм үчүн? - деп сурайт жигит. Кампания үчүн! - деп жооп беришет.
Эмесе, биздин кампания да ынтымактуу болуп, өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөңдө чогуу бололу, ур-ре-е!
* * *
Кожо Насирдин бир күнү ооруп төшөккө жатып калат экен. Карыз берген акчаларын алып калалы, кокус өлүп калбасын деп алармандар келе баштайт. "Силердин акчаңардан кутулганча менин өмүрүмдү Кудайдан тилегиле" дейт Насирдин.
"О, Кудай, Кожо Насирдинге өмүр бер!" деп тилейт алармандар.
Эмесе, бизге акча бергендер дайыма биздин өмүрүбүздү тилеп жүрсүн үчүн көтөрдүк!
* * *
Эл ичинде мындай уламыш бар экен: "Күндөрдүн бир күнү бүркүт жолборсту жайлап, терисин күйөөсүнүн үстүнө жаап бадарке кылат. Күйөөсү учуп кетип, түн ката үйүнө кайтып келип, эшигин каккылайт. Бүркүттүн аялы эшикти ачып, коркуп кетет да жолборс экен деп күйөөсүн бир чокуп өлтүрөт экен.
Ток этер жери - күйөөлөрү үйүнө "учуп" келгенде, аялдары дайым эч кимге алмаштырбай тосуп алышсын, алып жибергиле!
* * *
Иса пайгамбар айткан экен: "Эмне алсаң да, сенден кетет. Эмне берсең сени менен калат" деп. Канча жыл илгери жүрөгүмдү сага бердим эле, жаңылбапмын! Сен үчүн, ардагым!





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика