mainkaptal

Пользовательский поиск
  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Махмуд Ахмадинежад
Иран президентинин БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынындагы сүйлөгөн сөздөрү жаңы чырдын башы болду. Ал бул жыйында Иранды кедей өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргогон өлкө деп атап, чектелбеген капитализмдин доору бүткөндүгүн, ал бүгүн-эртең марксизм сыңары урарын жарыялады. Мындан сырткары, ал Израиль жетекчилигинин палестиналыктарга болгон адамгерчиликсиздигин, саясый, экономикалык чырбаштыгын айыптап алды. Махмуд Ахмадинежаддын бул айыптоо маалында АКШ, Евробиримдик жана Израиль делегациялары залды таштап сыртка чыгып кетишкен.

Сергей Лазарев
Мукам үндүү орус ырчысы өткөн жылкы "Цирк жылдыздар менен" шоусунда өзүнүн физикалык даярдыгы менен аренанын чыныгы жылдызы болгон эле. Бул долбоордогу жеңиш ырчыга ийгилик эле алып келбестен, ооруну да кошо бериптир. Долбоордо катышып жатып кулаган Сергей ийинин кокустатып алган. Буга маани бербеген ырчы эми операция болуп, уктатуучу дарыдан араңдан зорго ойгонгон. Эми ырчыны омурткасына болчу экинчи жолку операция күтүп жатат.

Дэвид Бэкхем
Белгилүү футболчу Дэвид Бэкхем менен жубайы Виктория эң жакын достору Том Круз, Кэти Холмс менен достук мамилесин токтотушту. Эми Девид, Виктория Деми Мур, Эштон Катчер менен жакындашууга аракет кылып жаткан кербези. ММКлардын маалымдашынча, айрылгыс достордун урушуна Том Круздун Дэвидге Виктория менен болгон никесин сактап калуу кеңеши себеп болгон. Көрсө, Дэвид Бэкхем менен Виктория башкача ойдо экен.

Мэрилин Мэнсон
Жакында белгилүү музыкант, шок-рокер чочко ылаңын жугузуп алганы белгилүү болду. Бирок, врачтардын айтымында Мэнсон чочко ылаңынын анча коркунучтуу эмес формасын жугузуп алган. Буга кейибеген Мэнсон "доктур, менин аялдарды тандоомо бул оору эч кандай тоскоолдук кылбайт. Тескерисинче мен мындай ооруну жеңип, жашагым келет" дейт. Музыкант Дита фон Тиз менен ажырашкан соң актриса Рэйчел Вуд жана фотомодель Исани Гриффит менен көңүлдөш боло баштаган. Вуд менен ажырашкан рокер "мен аны дайыма барскан менен башка коюп өлтүргөндү элестетчүмүн" дейт оюн жашырбай.

Шэрон Стоун
Августь айында белгилүү актриса Шэрон Стоун Paris Match журналына төшүн ачып түшкөн. Ал бул жоругун 51 жаштагы аялдын дене мүчөсү да ойдогудай болорун далилдегиси келгени менен түшүндүргөн. Кийинчерек актриса испаниялык журналдын фотосессиясына катышып, бийик такалуу бут кийим кийип, чырайын чыгара сүрөткө түшкөн. Журналга берген маегинде ал "аял өзүнө ишенимдүү болсо, канча жашта болсо да мүчөлүү боло алат" дейт тартынбай.




  ДҮЙНӨКҮН


Салмак дүйнө. Индонезиянын Ксаран шаарында дүйшөмбү күнү салмагы 8,7 килограмм алп наристе жарык дүйнөгө келди. 41 жаштагы аялды төрөтүп жаткан акушерлер баланын чоңдугунан улам операция кылууга аргасыз болушкан. Төрөткана гинекологу "бул чынында эле башкача бала. Мунун ыйлаганы башкалардыкынан жоон болуп, такыр тойбой жатат" дейт таңгалып. Бою 62 сантиметр келген бул алп наристе төрөлгөндө жасалма аппарат менен дем алса, азыр өзүн мыкты сезип калган. Бул алп бөбөк Индонезиянын тарыхындагы эң чоң бала, бирок анын салмагы Италияда 1955-жылы төрөлгөн баладан 1,5 килограммга жеңил.

Таң дүйнө. 2010-жылы апрель айында британиялык Льюис Гордон Пью Гималайда жайгашкан Кумбу мөңгүсүндөгү көлдү сүзүп өтүүнү максат кылып койду. Муну менен ал Эверестте сууда сүзгөн биринчи адам болгусу келет. Пью муздагы сай-сөөккө жеткен сууда кийимсиз бир километр аралыкты 20 мүнөттө сүзүп өтмөкчү. Белгилей кетсек, Пью 2007-жылы Түндүк уюлда 1,8 градус температурадагы сууда 19 мүнөт болуп рекорд койгон. Мындан сырткары, ал 2006-жылы океанда эң алыскы аралыкты жана Темзаны сүзүп өткөн жалгыз адам болуп калган.

Кумар дүйнө. Жуманын шаршембисинде Батыш Бенгалия штатындагы кыштактын жашоочусу Исмаил 18 жаштагы кызын карта ойноп уттуруп жиберген. Исмаил кошуна айылдын тургуну Мустафа менен кумар ойноп, болгон мүлкүн уттурат. Айласы кеткен Исмаил кызын мөрөйгө коет. Тилекке каршы, бул жолу да Исмаил утулуп, Мустафа кыздын каршы болгонуна карабай үйүнө алып кеткен. Муну уккан кыздын чоң атасы Исмаилди кубалап жиберген.

Бой дүйнө. Дүйнөдөгү бою кичине кыз Амге актриса болуп Болливудга барсам деп тилейт. 16 жаштагы Амгенин бою болгону 58 сантиметр болсо да, ал кадимкидей эле мектепте окуйт. Болгону ал үчүн мектепте атайын парта, отургуч жасалган. Кыздын ата-энесинин бойлору орто. Кыз кичинесинде ооруп, ошол себептен анын сөөктөрү жакшы өспөй калган. Бирок, так ушул кыска бою менен Йоти Амге Гиннес рекорддор китебине кирип, дүйнөгө таанылган.

Кан дүйнө. Жуманын шаршембиден бейшембиге караган түнү италиялык аял өзүнүн беш жашар баласын, алты жашар кызын бычактап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Балдарын өлтүрүп тынган 36 жаштагы мыкаачы аял өзүнүн кан тамырын кесип, үчүнчү кабаттан боюн таштаган. Бул ишке аны жакында күйөөсү менен болгон ажырашуу түрткөн дешет полиция кызматкерлери. Иликтөөнүн жыйынтыгында аял балдарын өлтүрөрдөн мурун аларга уктатуучу дары берген. Айрым ММКлар аял өлөр алдында кат жазганын айтышып, бирок полиция бул тууралуу ооз ачкан эмес.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


КЫТАЙ. Пекин бийлиги нукура шоколад паркын "курууну" чечти. Келерки жылдын башы менен кытайлыктар Роальд Далдын повестиндеги сыйкырдуу фабриканы элестеткен шоколад жомогуна сүңгүй алышат. "Кыял паркынын" аймагына келгендер ал жерден Улуу Кытай сепилин, дүйнөлүк искусстводогу айрым чыгармалардын накта шоколад үлгүсүн көрө алышат. Паркты түзүүчү компаниянын башкы менеджери Тина Ченгдин айтымында, шоколад өлкөсү эл күткөндөн да сонун болмокчу. Бул долбоорго Бельгия, Швеция сыяктуу өлкөлөрдүн шоколад бренддери да катыша алышат.
ШВЕЦИЯ. Бул өлкөдө жума башында буга чейин катталбаган кызык тоноо болду. Тоногучтар белгилүү бир компаниянын баалуу кагаздарын, акчаларын имараттын төбөсүнөн түшүп алып кетишкен. Имараттын үстүнө конгон вертолеттон тоногучтар түшүп, бир нече терезелерди сындырып ичке киришкен. Бардыгы ойлонуштурулгандыктан тоноочулар аз убакытта эле компаниянын казынасын тазалап кетишкен. Түндүктөн түшкөн ууру деп ушуну айт.
АНГЛИЯ. Расмий Скотленд-Ярд сайтындагы кулактандыруу англиялыктардын оозун ачырды. Кулактандырууда өлкө ханышасы Елизавета IIнин кайтаруу кызматына кызтекелер, транссексуалдар алынары жазылган. Буга кошумча кулактандырууда мындай адамдар коркпой-үркпөй эле өзүлөрү тууралуу маалыматты резиденциянын штабына таштап кетүүлөрү ачык маалымдалган. Бул жактан өзүн көрсөтө алган офицерлер Лондон аксарайларында, Шотландияда иштей алышат. Мындай күтүлбөгөн кулактандыруу парламенттин айрым мүчөлөрүн таңгалдырып, тарс жыккан. "Ханышанын үй-бүлөсү транссексуалдардын арасында өзүн мурдагыдан да коопсуз сезерине ишенбейм" дейт парламент өкүлү Филипп Дейвис.
ТҮРКМӨНСТАН. Бир катар түркмөн мектептеринде окуучулардын жетишүүсүн жогорулатуу максатында эми "2" коюуга тыюу салынган. Мындай практика өлкөнүн Дашогуз облусунда колдонулуп, жакшы натыйжа берери аныкталган. Бул облуста окуучуларга "төрт", "беш" гана коюлуп, аларды жакшы окууга шыктандырган. Бирок, башка жердеги айрым мугалимдер тескерисинче бул жол билим алууга болгон умтулууну төмөндөткөнүн айтышат. "Мугалим баары бир мага "эки", "үч" койбойт" деген түшүнүктө үй тапшырмасын аткарбай, окубай калгандар арбыган. Атургай сабак билбей туруп, мугалимдерге мага "беш", мага "төрт" коюңуз деп талап койгондор да чыккан.
ПАКИСТАН. 24-сентябрда талибдер пакистандык аксакалдарды өлкөнүн түндүк-батышына алып бараткан автоунааларга кол салган. Натыйжада алты жигит, төрт аксакал окко учкан. Эскерте кетсек, өткөн жумада атышуулардан улам 33 адам каза болуп, 80 адам оор жаракат алган эле. Учурда талибдерге каршы болуп, аймактык укук коргоо органдары менен жолугушууга аракет кылгандар аеосуз өлтүрүлүп келет. Акыркы жылдары мындай атышуулардан бейкүнөө өлгөн жергиликтүү тургундар жүздөп саналат.

WWW булактарынан даярдаган Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика