mainkaptal

Пользовательский поиск
  Шахмат

Пешкасын же!
Испанияда Карпов менен Каспаров ыкчам шахмат боюнча салгылашып жатышат. Болгону партияга 25 мүнөт + 5 секунд берилет. Биринчи серияда Каспаров утуп, эсеп 2:0 болгон. Экинчи сериянын биринчи партиясын Карпов согуп алды. Бирок Каспаров экинчи партиясын канжыгасына байлап, эсепти 3:1ге жаңыртты.

  Бокс

Скальп жыттанат!
26-сентябрь күнү WBC жаатында чемпион Виталий Кличко кемер курдун намысы үчүн Крис Арреола деген индеец менен беттешет. Кимдин канын ким ичет - азырынча белгисиз. Бул беттешүү Лос-Анжелесте өтөт.

Өлөөр эчки…
7-ноябрда WBA жаатындагы чемпион Николай Валуев менен британиялык "акжуумал" Дэвид Хэй кез келишет. Талашканы - Валуевдин чемпиондук кемер куру. "Жүн баскан орусту оңкосунан түшүрөм" деп Хэй айкайлап атат. Коля адатынча оор басырыктуу: "молокососко энесинин эмчегин эмизем" деп гана "балп" эткизди.

Элбезерби, Мейвезерби?..
Эки жылга жакын ринг бетин көрбөгөн Флойд Мейвезер тоодон түшүп келип дегендей, жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Хуан Мануэл Маркести 120-107, 119-108, 118-109 деген эсеп менен эңип кетти.

  Футбол

"Ашгабат" деген аш келди!
Кыргызстандын чемпиону "Дордой-Динамо" Азия футбол конфедерация президентинин кубогу үчүн өтүп аткан турнирде жарым финалга чыкты. Жарым финалда "жей" турганы Түркмөнстандын "Ашгабат" клубу. Бул беттешүү бүгүн Турсунзаде (Тажикстан) шаарында өтөт.
Экинчи жарым финалда "Регар-ТаДаз" (Тажикстан) менен "Вапта" (Пакистан) ойнойт. Финалга чыккандар 27-сентябрда бет келишет.

  Күрөш

Кологой медаль колдон жылбышты
Данияда өтүп аткан дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча көтөрүп чабуулар уланууда. Биздин балбан Базаргуруев коло медаль үчүн болгон силкишүүдө ирандык итибайга алдырып жиберди. Көп алдырган жок - 3:1 менен күрөш тамам болду.

  Көкбөрү

Терисин тескери сыйры!
Чолпон-Атада Көл облусунун 70 жылдык тоюна арналган турнир башталды. Катышкан командалардын эсеби - 8. Буюрса, бүгүн байге ээси аныкталат.

Даярдаган Төлөгөн УРУМКАЛЫЕВ




  Эл аралык конференция

Таяныч да, коркунуч да тоолордо
Тоолор - көчмөн кыргыздарга терметкен бешик, душмандан калкалаган чеп, мөңгүсүнөн суу берген таяныч. Экинчи жактан, жашоо чырагын бир заматта жалп өчүрүп салчу тобокел күн санап өсүүдө. Коркунуч жараткан башкы күнөөкөр - климаттын өзгөрүшү. Жер шарында температура көтөрүлгөн сайын Кыргызстандын мөңгүлөрү эрип, көчкү-селдер көбөйүп, ташкындоо коркунучундагы тоолуу көлдөрдүн абалы начарлоодо. "Агымдын" 5-июндагы (№22) санында бүткүл Дүйнөлүк айлана-чөйрө күнүнө карата чыккан "Климаттын өзгөрүүсүнөн Ала-Тоо Кара-Тоо болобу" деген макалада БУУнун билдирүүсү боюнча 100 жылдан кийин мекенибизде болгону 142 мөңгү калары айтылган. Демек, эриген суулар тилсиз жоого айланары анык. Бул процесске биздин таасирибиз нөлгө жакын. Климат глобалдуу өзгөрүүдө. Бардык өндүрүштү толук токтотуп, бир да очок жакпай койсок да мөңгүлөр эригенин токтотпойт. Биз болгону жаңы шарттарга тез ылайыкташып, кырсыктардын алдын алыш үчүн бардык шек келтирген жерлерде тынымсыз байкоо жүргүзүшүбүз шарт.
Тоолордогу жаратылыш катастрофаларынын тобокелдигин төмөндөтүү боюнча эл аралык конференция Бишкек шаарында 15-18-сентябрь күндөрү болуп өттү. Борбор Азия, Кавказ, Түркия, Канада жана Чыгыш Европа мамлекеттеринен келген окумуштуулар жаратылыштын ар түрдүү зыяндуу кубулуштарын алдын ала аныктоо жолдорун, кырсыктын кесепеттерин жоюу ыкмаларын ж.б. геолого-геофизикалык көрүнүштөр туурасында талкуулашты. Иш-чараны уюштуруп жана башкы демөөрчүлүгүн кылган Чехия мамлекеттик өнүктүрүү агенттиги болду.
Өзгөчө көңүл биздин тоолуу көлдөргө бурулду. Анткени ушул жылдын июнь айындагы Ноорус аймагындагы Такыртоо көлүнүн ташкындоосу бул табият кубулушун качан жана кайда болорун алдын ала билүү өтө кыйын экенин көрсөттү. Ал үчүн суунун көлөмүнө жана жер кыртышынын кыймылына дайыма көзөмөл жүргүзүлүшү керек. Бишкекке жакын жайгашкан Ала-Арчадагы 5 ташкындоо коркунучундагы көлдүн бир нече айылды каптап кетүү тобокели өтө жогору. Ал эми Улуттук парктагы эс алуучулардын саламаттыгы боюнча сөз жок. Республика боюнча 1000ден ашуун көлдүн 330у ташкындоо коркунучунда. Окумуштуулардын жана адистердин байкоосу болгону эки жерде жүргүзүлөт.
Кумтөр алтын кени казылган кендин жанындагы Петров көлүнө кен казуучулар башынан атайын адистердин жардамына кайрылып, байкоо жүргүзүп келишет. Компания тарабынан көзөмөлдөө оңой, анткени өндүрүшкө жана кызматкерлердин тиричилигине суу дал ушул көлдөн алынат. Экинчи жер - Ала-Арчага жаңы орнотулган "Адыгене" гидрометеостанциясы. Экөөндө тең тоолуу аймактагы калкты ташкындоо коркунучундагы көлдөрдөн сактоо боюнча кыргыз-чех долбоорунун жардамы болду.
Сел өзгөчө түштүк тараптагы тоолуу айылдардын эң курч турган маселеси десек туура. Суусактагычтарды куруу коркунучту жоюп, пайда да алып келмек. Маселен, Өзбекстанда селдин суулары чогултулуп, жайкысын сугатка пайдаланылат. Конференцияда бул маселе Армениянын мисалында каралды. Акыры бардыгы жетиштүү каражаттын жоктугуна келип такалат экен. Ал болсо такыр башка тармактын - экономиканын маселеси.
Климат менен калктын жашоо сапаты тыгыз байланышта экени Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зелликтин өткөн жумадагы билдирүүсүндө так айтылган. "Климаттын өзгөрүү кесепеттери дүйнөнүн жакыр жашаган калкына тиет. …Африка, Азия ж.б. региондордо жакыр жашагандар катастрофалык түшүмсүздүккө, анын натыйжасында ачарчылык жана оорулардын кескин өсүшүнө кабылат. …Маселени чечүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрү азыртадан, биргелешип, мурункудан башкача аракеттенүүсү зарыл", - дейт Р. Зеллик.
Бишкекте болуп өткөн конференция керектүү иш аракеттердин бири болду деп ишенебиз.

Нуржан АЛЫМКАНОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика