mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
Кыдыкбектен ат чабыш

Быйыл Ысык-Көл облусунун 70 жылдык юбилейи өтөрү маалым. Мааракеге келген конокторго Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылып, кыргыздын кыргыздыгын даңазалаган улуттук оюндар көргөзүлмөкчү. Ага катуу даярдык көргөн губернатор Кыдыкбек Исаев ат чабыштын баш байгесине "Мерседес" автомашинасын сайды. Бирок, темир тулпарды кайдан табарын билбей, аргасыздан Кумтөр компаниясынын жетекчилигине жардам сурап кайрылса, канадалыктар жардам берүүгө макул болушуптур. Андыктан, алдыга озуп чыккан күлүк ээси ыраазычылыкты К.Исаевге эмес, Кумтөргө билдириши керек.

Бизнес билимде да бар…

"Мектептерде окуу китептери жетишсиз, агартуу тармагына мамлекет жеткиликтүү кам көрбөйт.." десек оозубуздан көк түтүн буркурайт. Антейин десең жаңы окуу китептери үчүн өкмөт, эларалык банктар жылына миллиондорду бөлүп келатканынан кабарыбыз бар. Бирок, бөлүнгөн акчалар орто жолдон өөнөлүп, айрым адамдарга "жыргализм" жашоосун тартуулап атыр. Дал ушул маселенин тегерегинде журналисттик иликтөө башталды. Билим министри Абдылда Мусаевдин китеп бизнесине канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин изилдөөнүн жыйынтыгында жарыялайбыз.

Узун айымдын билгени көп...

"Ак жолчу" депутат айым Чолпон Абдуллаева парламентарийлер үчүн салына баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушуна керектүү материалдарды базар наркынан да жогору баада жеткирип атканын жарыялаганбыз. Албетте, курулушка жоопкер Алтынбек Сулайманов "добро" берген. Ушундан кийин Чолпон айым "чындыкка коошпогон дөөдүрөктү жазасыңар…" маанисинде катуу чычалаган. Токтой туруңуз, Чолпон айым. Бу саам "классташыңыз" Нургазы Айдаровдун этегине эрмешип, бизнестин жаңы түрүн баштаганыңыз туурасында маалымат уктук.

Текебаев неге таарынды?
Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун ортосун кара мышык аралаганы көп болду. Анткени Ө.Текебаев өзү жөнүндөгү коомчулукка жарыя болгон бардык маалыматтарды Д.Чотонов таратты деп шектенип калыптыр. Ал эми Д.Чотонов партиялаштарына катуу таарынып, бийлик менен ымала түзүү аракетин ойлоп жүрөт дейт.

Губернатор менен акимдин кармашы

Кадамжай районунун акими Асамидин Ташов ээрден шыпырылгандан бери элди дүрбөлөңгө салып, жакын туугандарын райадминистрациянын алдына пикет өткөрүүгө чакырып келет. Минткенинин да жөнү бар экен. Баткен губернатору Маратбек Жумабековго колуктуну өзү тандап берип, Кадамжай шаарчасындагы үйүн губернатордун токолу үчүн батирге бериптир. Анан эле жылан чакпай, жылкы теппей А.Ташов кызматынан шыпырылып жатпайбы. Буга чыдабаган экс-аким ажонун туулган күнүндө сага 1000 доллар бербедим беле, анан кантип мен кызматтан кетемин деп губернаторду кокодон алып, токолуңду 24 сааттын ичинде үйүмдөн чыгарып кет деп таклип коюптур. Иши кылып, разборка чоң экен. А.Ташовдун 1000 долларын губернатор алганбы же доомат артып жатабы, ал жакында дайын болот. Себеби ажого баары белгилүү эмеспи.

Эмерек эмнеге чыкты?

Шаар мэри Нариман Түлеевдин азырынча каякка барары белгисиз, бирок кабинеттеринен бардык эмеректерди сыртка чыгарып койду дешет. Кебетеси, мэр бир нерсени сезип жатса керек…

Качкындар ийне эмес, бакандай адамдар

Улуттук коопсуздук комитети Оштун тергөө изоляторунан качкан террористтерди коомчулукка билдирбей эле изин жашырганды ойлоп, көп чуу көтөрүүнү каалаган эмес. Ошондуктан эгер абактан качты сыяктуу каңшаар уксаңар, ал туура эмес деген билдирүүнү айрым ММКларга таратып жиберишкен. Бирок "Азаттык" ж.б. маалымат каражаттары качкындар жөнүндө кабарды таратып жиберишти. Бул иш Мурат Суталиновдун беделине доо кетирет. Анткени Коопсуздук комитетинин СИЗОсу райондук ИВС эмес. Ушунун өзү эле атайын кызматтын дараметин көрсөтүп турат.

"Агым-пресс"




Ат жалында алтооз сөз
2007-жылдан тарта Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Жакында Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров айрым оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгесин көтөрдү. Бул маселе боюнча пикириңиз кандай?
Карыпбек АЛЫМКУЛОВ, коомдук ишмер:
- Мен Адахан Кимсанбаевичтин демилгесин колдойм. Себеби, айрымдар атайын, мыкаачылык менен киши өлтүрүшөт. Мына ошого окшогон кылмышкерлерди маңдайынан сылап, 10-15 жылга эркинен ажыратуунун кандай кажети бар? Колу менен кылганын мойну менен тартсын да…

Акин ТОКТАЛИЕВ, укук коргоочу-адвокат:
- Бардык тармакта коррупция күч алганы жашыруун эмес. Ошол эле милиция, соттордун ишмердүүлүгүн текшерсең, көпчүлүгүнүн быкыйы калкып чыгат. Мындай кырдаалда тоок уурдаганы үчүн 10 жылга камалып, оор кылмыш жасагандар эркиндикте тайраңдап жүргөн фактылар бар. Андыктан, сот системасы бир калыпка түшмөйүнчө, Адахан Мадумаровдун демилгесин иш жүзүнө ашыруунун кажети жок.

Алмаз ТУРДУМАМАТОВ, президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси:
- Өлүм жазасын алып салуу бир нече эларалык келишимдердин негизинде жүзөгө ашкан. Бул норманы өзгөртүш үчүн эларалык келишимдерди кайрадан карап чыгуу керек. Ал процесс узакка созулат, оңой менен жүзөгө ашпайт. Бирок, айрым кылмыштар үчүн өлүм жазасын калыбына келтирүүнүн кандайдыр бир деңгээлде жүйөөсү бар.

Улан КОҢУРБАЕВ, юрист:
- Бул суроого эки өңүттөн жооп берүү зарыл. Башмыйзамдын 14-беренесинде "Ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ, эч кимдин өмүрү кыйылышы керек эмес" деп даана жазылып турат. Бирок, бул жарыкчылыкта ар бир адам денсоолук, байлык, сүйүү, тукум улоо ж.б.д.у.с. муктаждыктарга татыктуу. Анан ушундай бактылуу турмуш кемесинде сүзүп бараткан үй-бүлөнү кайгыга чөгөргөн кылмышкерге кантип өлүм жазасын колдонбойсуң. Андай мыкаачыны мамлекет багыш керек, анан калса 20 жылга кесилген кылмышкер кайра жарым мөөнөтүнүн аягына чыкпай эле боштондукка чыгып, көнгөн адатын кайталайт. Менимче, бир үй-бүлөнү жоготкондон көрө, бир кылмышкерге өлүм жазасын колдонсок - бардыгына сабак болот.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
Яндекс.Метрика