mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
  Тарых барактарынан

Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
ШАБДАН баатырдын 170 жылдыгы быйыл октябрдын алгачкы күндөрүндө мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөнү турат. Ал шылтоо менен биз бул тарыхый алп инсан туурасында кепке кайрылдык.

Шабдан баатырдын кыргыз тарыхындагы орду кандай? Биз бул суроо менен Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, тарых илиминин кандидаты, доцент Рыскул ЖОЛДОШЕВге кайрылдык:
- Кыргызстан эгемендик алганы Шабдан баатыр туурасында көп айтылды, ар кандай пикирлер жаралды. Жалпысынан Шабдан баатырдын тарыхтагы орду туурасында эки кайчы пикир жашайт. Биринчиси -Орус империясынын Кыргызстанды басып алышында курмандыгы аз ыкманы тандап, элге камкор саясатчы экенин айгинелегенин белгилегендер, экинчиден, орустарга кызмат кылып, кыргыз элинин кызыкчылыктарын саткан адам катары да баалоого аракет кылгандар бар.
Инсанга баа берүүдө тарыхый мезгилди эске алышыбыз шарт. Шабдан баатыр 19-кылымдын экинчи жарымындагы кыргыз элинин эң көрүнүктүү чоң саясатчыларынын бири болгон. Өмүр баянын карасак, атасынын көзү тирүү кезинде эле жигиттери менен Илеге чейин барып жылкы тийип, калмактарга чейин барып келгени айтылат.
Жаш жигит кезинде 1860-жылдагы согушка катышкан. Ошондо Ташкенге барып сыйлык алганы бар. Орустардын куралдуу күчү Кокон аскерлерин басып, массалык түрдө өлтүргөнүн өз көзү менен көрүп, чакан эле куралдуу күчкө Кокон хандыгынын 2000ден ашуун аскери туруштук бералбаганына күбө болуп, Шабданда бир ой жаралса керек. Шабдан каалайбы-каалабайбы, орустар кыргыздарды басып алмак. Шабдан эмес, жалпы кыргыз орустардын куралдуу күчтөрүн кайрый алмак эмес. Шабдан баарын байкап, элди орустарга жеңил баш ийүүгө чакырган. Шабдан сымал саясатчылар болбогондо орустар менен кыргыздар ортосунда сансыз кан төгүлүү болмок. Ошол эле кездеги дагы бир инсан Ормонхан уулу Үмөтаалы орустарга кошулгусу келбей бир топ аракет кылган. Бирок, майнап чыккан эмес. Шабдан баатыр тынчтык жолду көздөгөн инсандардан болгон.
Шабдан баатыр эч качан орус администрациясына кызмат кылган эмес, эч кандай кызмат да алган эмес. Ал акыркы таза манап. Эл өзү ага тартуу алып келген. Келген тартууну ал эч качан өзү албай, муктаж адамдарга бөлүп берген. Шабдан манап институтунун акыркы таза үлгүсү. Манаптар жакшы жашап, жакшы кийинип, адил жүрүп, кедей-кембагалдарга кам көрүп, жакыр жашагандарга жардамын берген. Жоомартчылыгы кең, жардам сурап баргандарга колундагысын ойлонбой кармата берген. Өтө чоң саясый иштерди аралашып чечип берген. Салттуу манапчылык ушундай болгон. Алар эч качан дүнүйө-малдын аркасынан түшкөн эмес. Орус администрациясы келип манап институтун бузган соң, Шабдандан кийин манап деле чыккан эмес. Кыргыз ичиндеги Шабдан баатырдын таасирин түшүнгөн орус бийлиги андан сестенип, жоготууга аракет кыла баштаган. Анткени, таасирдүү бир инсаны орустарга каршы чыкса, аны кыргыз жапырт ээрчип кете турган деңгээлдеги эл экенин түшүнүшкөн. Пишпек уездинин начальниги Талызиндин эскерүү китебинде мындай маанай ачыктан ачык жазылган. Акырындап орустар Шабданга каршы иштей башташкан. Уулун камашкан.
Шабдандын жаңычылдыгын да бааласак болот. Өз мезгилинде замандын өзгөрүшүн да билип, элге, өз балдарына да багыт бере баштаган. Бир баласына жер иштеттирип, бир баласына бал челек карматкан. Бир уулуна жалаң жылкы бактырган. Элди там салып, отурукташууга үгүттөй баштаган. Кыргыз билим албаса, орустар менен теңата болуп жашай албасын түшүнүп, медресе ачкан. Уфа, Казань шаарынан окутуучуларды чакырып, аларга өзү айлык төлөп, балдарды окуткан.

Шабдан баатырдын урпактары - чөбөрөлөрү менен кезиктик. Алардын бири Айгүл ШАБДАНОВА учурда Жогорку Кеңеште депутат жардамчысы

- Биз буга чейин Шабдан баатыр тукумунан Жаңыл Абдылдабек кызын гана угуп жүрчү элек…
- Шабдан баатырдан эл оозунда калган - Мөкүш, Самудин, Кемелидин (Камалидин), Аманидин деген төрт уулу бар. Самудин чоң атадан Абдылдабек, Жаңыл эжекебиз ошол уулунан. Аман атанын балдары Көл тарапта деп угуп жүрөбүз.
- Ал эми сиз кайсы уулунан тарагансыз?
- Биз Кемелидин (Камалидин) Ажыкабылдын балдарыбыз. Атабыз Ажыкабыл 1937-жылкы репрессияда атактуу №58 берене менен камалып, 1956-жылы толук акталып чыккан. Ал киши 1905-жылы Кемин өрөөнүндө төрөлгөн. Шабдан баатыр атамды 7 жашына чейин колунда багып, өлөрүндө кайра Кемелидин уулуна тапшырып берген экен. Кемел чоң атабыз билимдүү адам болгон. М.В.Фрунзе менен гимназияда бирге окушкан. Кемел чоң атам агасы Мөкүштүн Ажыйман деген жалгыз баласына өз уулу Ажыкабылды кошуп, Жети-Суудагы Бройдо деген адвокат досунун колуна берет. Ажыкабыл менен Ажыйман Бройдонун өздөрүнө тең куракташ уулу менен бирге гимназияда билим алышкан. Ажыйман атабыз кыргыздын алгачкы илимпоздорунун бири. Кыргыз грамматикасы, орфография, терминология боюнча эмгектери бар экендиги энциклопедияда жазылуу.
- Ал кишиден балдар барбы?
- Ажыйман чоң ата Тажикстандагы кыргыздар үчүн мектеп уюштуруу иштери менен жүргөн кезинде 1937-жылы репрессияга кабылып, Ташкентке камакка кетет. Эки жылдан кийин атылган экен. Тилекке каршы, андан тукум калбаптыр. Аты өчпөсүн деп азыр жалгыз агам Зарылбек өз уулуна Ажыйман Шабданов деп ысым берген.
- Ысымдары Ажыкабыл, Ажыйман деп коюлушунун себебинен кабарыңыз барбы?
- Шабдан баатыр Меккеге барып ажылыкты кабылдап кайткан кезде төрөлгөн неберелери. Жолунан сүйүнчүлөп чыккандарга ажылык кабыл болсун деп Ажыкабыл атаган экен менин атамды. Ал эми Ажыймандын туура айтылышы - Ажыыйман. Кийин документтерге бир тамга түшүп жазылыптыр.
- Ажыкабыл атаңыз кандайча акталып калган экен?
- Атам Верный шаарындагы пединститутту бүтүрүп, орус тили жана адабияты боюнча сабак берген. 1937-жылы Айткулу Убукеев экөө Гүлчөгө иш сапарга барышат. Ошол убакта суракка алынып, Ош шаарынын түрмөсүнө жеткирилет. №58 берене менен айыпталып, 19 жыл Красноярск крайына караштуу Сухобузинский районунда отуруп келген. Алгачкы күндөрүндө эле ал киши лесопилкада иштеп, бутунун бармактарын кестирип алат. Узак убакыт ооруп жатып калат. Жакшыргандан кийин сабаттуулугунан улам ал жакта эсепчи катары иштейт. Апама айтып бергендери боюнча, ошол камактагылар Сибирдин ызгаардуу суугунда токойдо иштеп, адам чыдагыс азапты баштарынан өткөрүшкөн экен. Согуштун кантип башталып, кантип бүткөнүн сезбей, Мекенди коргоого да катышпай калышкан. XX партсъезддин чечими менен 1956-жылы апрель айында толугу менен акталып чыгат. Ош аймагында Гүлчөдө, кийин Кочкордо, өмүрүнүн акыркы жылдарында Кеминдеги Кара-Булак мектебинде иштеген. 1963-жылы 11-декабрда дүйнөдөн өткөн. Азыркы Балыкчы шаарынын автовокзалынын жанындагы көрүстөнгө Кемелидин чоң атабыздын мүрзөсүнө катар коюлган.
- Сиздин апаңыз ал кишини абактан келгенче 19 жыл күткөнбү?
- Акталып келгенден кийин атам колукту караштырган окшойт. Апам Байтик баатырдын небереси. Ошентип Зейнеп Амановага баш кошот. Жалгыз уул, үч кызбыз. Атам кайтыш болгондон кийин чиедей жаш балдары менен апам жалгыз калат. Атамдын жалгыз аманаты - бизге билим берүү экен. Ата-энебиз 7 гана жыл бирге жашаптыр. Бирок, апам ошол жети жылды кылымга теңейт. Анткени айтымында, ал абдан мыкты адам болуптур. Кантсе да баатырдын тукумунан эмеспи. Билимдүү, сабаттуу, анан да ак сөөк болгону менен адамдык мамиледе абдан жөнөкөй болгон дешет. Кыздар го санжырада айтылбайт. Биз ушул жалгыз агабыз Зарылбектин амандыгын тилейбиз. Ал киши апама каралашып, биз сымал жогорку билим албай, кесиптик орто билим менен гана калган. Бирок тубаса сабаттуулар болот эмеспи. Табиятынан өтө сабаттуу жан. Баатырдын тукумунан экенибиз биз үчүн сыймык. Элчилеп төбөбүз көрүнгөн адамдар болбосок да, эл ичинде ата ысымын булгабай татыктуу жүргөнүбүзгө каниет.

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
Яндекс.Метрика