Кыргыз гезиттер архиви

  Көзгө сүртүлгөн көп элестер

Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
Жамы журтка төбөсү көрүнгөн инсандарга мамлекеттик маанидеги эстелик орнотуу артында калган урпактардын аброюнан, Ак үй, Көк үйдөгү тааныш-билиштен көз каранды экендиги айтпасак да түшүнүктүү. Ушу себептүү көзү өткөн инсандардын көпчүлүгүнө ондогон жылдар бою айкел тургузулбай келатканы - ачуу чындык. Мындан улам, бакыйган эстеликтерди орнотуунун заманы өтүп, маркумдардын ысымын өчүрбөөнүн башка жолун табууга мезгил бышып жеткендей.

Аркы доор менен берки доордо
Совет доорунда белгилүү инсандарга жөндөн жөн эле эстелик орнотулчу эмес. Ага мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, маркумдун өмүр баяны жана элге өтөгөн эмгеги тыкыр изилденип, айкел тургузууга татыктуу же татыксыздыгы аныкталчу. Анын негизинде курамына түрдүү тармактын өкүлдөрү кирген чыгармачылык топ шаардык архитектура менен биргеликте конкурс өткөрүп, долбоорун түзгөн. Эң акырында өкмөт атайын токтом чыгарып, каражат бөлүп, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алган.
А азырчы? Эстелик орнотууга өкмөт көңүлкош мамиле жасап калгандай. Борбордук аянтта "Манас" эпосунун каармандарына, тагырагы, кыргыздын тарыхый душмандарына бакыйган айкелдер капилеттен туруп калганы буга далил. Шаар бийлиги эстеликтердин композициясын түзүүгө акча бөлүп беришкенин, андан башкасын билбегенин айтса, Маданият жана маалымат министрлиги да бул маселеге кенедей тиешеси жоктугун билдирген. Айтор, мэр орунбасарлары Алексей Филатов менен Элмира Иманалиевага сөгүш жарыялоо жана 520 миң сом айып пул төлөтүү менен айкел чатагына чекит коюлган. Биздин айтайын дегенибиз такыр башка.
Макаланын башында татыктуу инсандарга айкелдер коюлбай келатканын айттык. Маселен, Эркиндик гүлбагында мамлекеттик ишмерлер Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Жоомарт Бөкөнбаев, Темиркул Үмөталиевдин эстелиги көзгө чалдыгат. Булардын ичинен кимисинин эстелиги борбордук бульварда турууга татыктуу? Жооптон мурда жогоруда аты аталгандардын айрымдарынын ишмердүүлүгү туурасында учкай кеп козгосок.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында Насирдин Исановдун ысымы алгачкы премьер-министр катары гана калары белгилүү. Бу киши бир жылга жетпеген убакыт гана өкмөттү жетектеп, тирүү легенда кылып айтып жүргүдөй эмгек жасаган жок. Ушуну Жумабек Ибраимовго карата да айтса болот. Жумабек Ибраимович төрт ай (1998-1999-жылдары) гана премьер-министрлик креслодо отурган. Мындай аз убакыт ичинде эсте каларлык эмгек калтыруу оголе кыйын. Туура, Насирдин аба жол кырсыгынан, Жумабек ага айыкпас оорудан каза таппаганда, балким, артынан жаш муунга үлгү болгудай из калтырышмактыр. Бирок, факты деген факты. Андан эч ким качып кутула албайт.
Н.Исанов менен Ж.Ибраимов-дун ордуна 10 жыл Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчылык кызматын аркалаган Исхак Раззаковдун айкели турса жарашмак беле? Менимче, сопсонун жарашмак. Азыркы бийлик мектеп окуучуларына бекер тамак бердирип атканын төш кага мактанганы менен, мындай саамалык И.Раззаковдун учурунда эле орун алган. Башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин билсин деп, орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутууну баштаган да ушул киши. Мындан сырткары, айыл чарба, экономика, өндүрүш тармагындагы жандануу Исхак абанын убагында башталган. Ошого карабастан, бүгүнкү күндө маркумдун бюсту гана (эстелиги эмес) Маданият жана маалымат министрлигинин тушунда жайгашкан. Эми салыштырып караңыз, Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышына Ж.Ибраимов менен Н.Исановдун салымы зорбу же И.Раззаковдукубу?
Эл акыны Т.Үмөталиевдин кайсы чыгармасы азыр классикага айланды? Бул да чоң суроо. Ага караганда Алыкул Осмоновдун "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" ырларын же болбосо "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын котормосун көпчүлүк жогору баалайт. Эгерде А.Осмоновдун артында күйө турган жакыны болгондо, балким, эстелиги Эркиндик гүлбагы сыяктуу көрүнүктүү жайда небак турмактыр…
Жер талашкан актриса менен датка
Айкел тургузуунун артында да чоң саясый оюн, интрига жатат. Буга далил катары Курманжан даткага эстелик орнотуу таржымалын айтсак жарашат. Алгач датка энеге айкел тургузууга кыргыз драмтеатрынын түндүк тарабынан жер бөлүп берүү туурасында чечим чыккан. Бирок, ага чейин ал жер Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүлбакча аталып калгандыктан, чечимди өзгөртүүгө туура келген. Ошол эле маалда агездеги айрым саясатчылар Алай ханышасынын эстелигин орнотууга караманча каршы чыгып, андан ыплас саясат жасаганга аракет кылышкан. Акыры Курманжан датканын эстелиги алты млн. сомдун башын жеп орнотулганы менен, Т.Турсунбаеванын айкелинен дале дайын жок. Такталбаган маалыматтарга караганда, өкмөт Т.Турсунбаеванын эстелигине да акча бөлгөн экен. Анын пайдасын ортодогу шумпайлар көрдү дешет.
Мыкты актер, чебер сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов да ушундай эргулдардын тузагына илингендей. Дегенибиз, кыргыз өкмөтү С.Чокморовдун эстелигин орнотуу туурасында токтом кабыл алган. Андан бери 12 жыл өттү. Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн марафон да өткөрүлгөн эле. 2007-жылы Жогорку Кеңеш 1 млн. сом, агездеги мамкатчы Адахан Мадумаров 100 миң, мамлекет башчысы 1000, Чүй облусу 3000, экс-премьер-министр Алмазбек Атамбаев 50 миң сом, айкелдин макетин жасоо үчүн өкмөт 400 миң сом бөлүп берген экен. Бул каражаттар кайда жана кантип жумшалганы туурасында так маалымат жок… Өткөн жылы Маданият жана маалымат министри Султан Раев Сүймөнкул аганын эстелиги быйыл 70 жылдыгына карата орнотуларын билдирген. С.Чокморовдун юбилейине эки айга жетпеген убакыт калды. Азырынча айкелден дайын-дарек жок.
Тарых таразабы же…
Кыргыз тили, Манас деп жан алакетке түшүп, кыргыз коомчулугунун, кыргыз адабиятынын ирденишине опол тоодой салым кошкон Түгөлбай Сыдыкбековго борбор калаадан алигиче эстелик коюлбай келгени нени каңкуулайт? Анүчүн бөлүнгөн акчаны да бирөө-жарым "оомийин" кылып койбоду бекен? Суроо көп, жооп жок.
Мындан да кызыгы, өткөн кылымда эле басмачы аталып кулакка тартылган бай-манаптарга эстелик орнотуп атабыз. Маселен, айтылуу акын Токтогул Сатылгановду бир эмес, эки ирет Сибирге айдаткан Керимбай болушка айкел тургузулду. Анын тегерек четин коргондоо үчүн Токтогул районундагы борбордук аянттын темир тосмолору ташылып келгени - бүгүнкү факт.

Борбордук аянт - "жесирликтин" белгисиби?
Эстелик тургузуунун маңызы, репрессияда курман болгондордун ташка чегилген образы жана айкел тургузууда баш аламандыктарды жоюу үчүн кандай чара колдонуу зарылдыгы туурасында Эл жазуучусу, драматург Мар БАЙЖИЕВ ой бөлүшөт.
- Эстелик тургузууда көркөмдүк жагына, башкысы ал кандай маанини туюнтарына көп көңүл бурулбай калды. Маселен, борбордук аянтка түндүк көтөргөн аялдын айкели тургузулганы калпыс иш. Кыргызда аялзаты боз үйдүн түндүгүн көтөрсө, аны жаман жышаан катары эсептешкен. Тактап айтканда, жесир аялдар гана түндүк көтөргөн.
1937-жылдагы репрессияда курман болгондорго арналган эстеликтердин көрүнүшү кызык. Алар "Совет өкмөтүнө каршы чыккан эмеспиз" деп күнөөсүн моюнга албай, ажалга тике карашкан эмеспи. Жөнөкөй эле бир мисал. Абдыкадыр Орозбеков жалган жалаа жапканы үчүн тергөөчүнү отургуч менен башка чапкан. Ошондо аны атып салышкан. Ал эми Ата-Бейиттеги айкелдерди карасаң, чүрүшүп-бүрүшкөн, өлүмгө аргасыздан баш ийген коркок адамдардын сөлөкөтү чагылдырылат.
- Эстеликтерди ойду-келди орното берүүнү токтотуу жаатында сунушуңуз бардыр?
- Өкмөттүн же болбосо Маданият жана маалымат министрлигинин алдында көркөм кеңеш түзүп, анын курамына сүрөтчү, жазуучу, тарыхчы, журналист өңдүү тармактын өкүлдөрү кириши талапка ылайык. Алар айкелди тургузууда баштан аяк көзөмөл жүргүзүп, бүт жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек. Ошондо гана абал оңолушу ыктымал.
Бир сөз менен айтканда:
- колодон эстелик аскер башчыларга, саясый ишмерлерге коюлат. Ал эми аялдардыкы мрамордон жасалат;
- мамлекеттин коргоосуна алынган 2500гө чукул тарыхый жана маданий эстеликтер бар. Алардын ичинен ЮНЕСКО уюму тарабынан бааланып, дүйнөлүк мааниге ээ болгондору онго жакын. Мындан сырткары, пайгамбарлардын ысымдары менен байланышкан жети тарыхый эстелик жайды кездештирүүгө болот;
- 2002-жылы өкмөт тарабынан тарыхый эстеликтердин сакталышын жана натыйжалуу пайдаланышын камсыз кылуу максатында "Тарыхый-маданий мурас обьектилерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө" жобо кабыл алынган. Аны менен бирге республикалык мааниге ээ 583 тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмеси такталган.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ,

Тел.: 665582, e-mail:kerimbayev@mail.ru