mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
  Өнөр өргө

Олуя тукуму, кут даарыган чебер
Куудулдар айтмакчы, бир кезде кыргыз жаштары кыргыздын комуз, ооз комуз, кыл кыяк сыяктуу аспаптарын кармоону уят көрүп калышкан. Азыр болсо улуттук аспаптарда ойногондор көбөйүп, заманга ылайыкташтырып жасаган чебер усталар да көбөйдү. Ошондой колунан көөрү төгүлгөн, кыргыздын комузун, кыл кыягын келиштире жасаган
Маратбек БЕРИКБАЕВди кепке тарттык.

Атадан өткөн өнөр
Атам Санташ колхозундагы мектепте немис тилинен сабак берип, бош убактысында ар кандай жаныбарлардын кебин жасап, ээр чапчу. Ошол кезде анын колунан чыккан буюмдарды көрүп, мен да өз алдымча бир нерселерди жасап, атама көргөзүп жүрдүм. Ошентип устачылык дүйнөсүнө кантип киргенимди да байкабай калдым.
1996-жылы чеберлердин республикалык конкурсу болуп калды. Ошондо атам "катыша бер, сенин алдыңа эч ким чыкпайт" деди. Айткандай эле конкурска кыл кыяк менен катышып, башкы байгени жеңип алдым. Ошондон соң кыл кыякты кызыгуу менен жасай баштадым. Музыкалык сабатым жок туруп, ушундай мукам үндүү аспаптарды жасаганым укумдан тукумга өткөн касиеттен болсо керек.
Касиет
Берикбай чоң атам касида окуп, эл дарылаган касиеттүү адам болуптур. Билгендер аны Кыргызстандагы үч олуя адамдын бири болчу дешет. Чоң атам эл дарылап, кээде дуба менен жамгырды токтотуп, итти койго айлантып койчу экен. Бир жолу чоң атамдын досторунун курсактары ачып, "Эми Берике, өнөрүңдү бир көргөзчү" деп калышат. Ошондо ал киши ашпозчу өзбекке жүз мантуга мелдешип, бир итти койго айлантат. Эми кетели деп жатышса өзбек койду сойгону жатат дейт. Ошондо чоң атам "бул адал тамак болбойт" деп дубасын жандырып, койду кайра итке айландырыптыр. Жалгыз баласы болгондуктан чоң атам мындай өнөрдүн арты жаман болот го деп атама олуялыгын калтырбай, устачылыгын гана калтырса керек.
Комуз үч жыл кык алдында кургайт
Улуттук аспаптарды өрүктөн, алмуруттан, жаңгактан, кара жыгачтан, карагайдан жасап жүрүшөт. Бирок комузга, кыл кыякка өрүктөн өтөр жыгач жок. Оңой көрүнгөнү менен аспаптын материалын даярдаш да өзүнчө машакат. Алгач кыйылган өрүктү агын сууга таштап коюш керек. Анткени, суу жыгачтын чайырын жууп кетет. Андан соң жыгачты көлөкө жерде, үч жыл жылкынын кыгына көөмп кургатабыз. Кыл кыяк, комуз чаап баштаганда алгач жыгачты орой сомдоп алып, андан соң өтө этияттык менен калыпка келтирем. Жараткан берген таланттан уламбы, айтор жыгачты көргөнүмдө эле акыл-оюмдагы аспаптын элеси ага барып жайгашат. Ошентип эки-үч жумада жөнөкөй дөңгөчтөн көздү, жан дүйнөнү суктанткан кыргыздын улуттук аспабы жаралат.
Тирүү айгырдын кылы, бууранын терисинен…
Кыл кыякты жасагандар эмнеге аз деп ойлочумун. Көрсө, муну жасоо өтө эле оор экен. Кыл кыяктын капкагына бардык эле тери жарай бербейт. Ага бууранын моюн териси керек. Моюн тери калың болгондуктан аны дайыма сууда кармап, чиритип ийбей, бирде алып чыгып, бирде сууга салып карап туруш керек. Кыл кыякка керектелчү тери эч качан туздалбайт, анткени туз күйгүзүп жиберет. А аспаптын кылдары эки асый тирүү айгырдын куйругунан кыркылбай, жулунуп алынат. Кылды жулуунун атайын ыкмасы бар. Мага аны ыраматылык Толтой Мураталиев үйрөтүп кеткен. Адамдын бир тал чачы жулунганда ага кандайдыр бир энергия кетет. Ошол сыңары тирүү айгырдын куйругунан жулунган кылда энергия болуп, кийин обон мукам, жандуу чыгат. Союлган же өлгөн жылкынын кылы кыл кыякта кадимкидей билинип калат. Кыл кыяктын эки кылынын ичкесинде 60-65 кыл, жоонунда 75 кыл болот. Жаасына 100дөн ашык куйруктун кылы тагылат. Кыскасы, ар бир кыл устанын колунан саналып өтүп, жалпысынан бир кыл кыякка 350дөй кыл керектелет. Аспаптын узундугу 75 см болсо, кыл 90 см.ге ылайыкталат.
Сүрөтчүмүн, бирок жыгач менин "тамагым"
Өзүм сүрөтчүмүн. Бирок, кол өнөрчүлүккө абдан берилип кеттим. Азыр фольклорго кандай музыкалык аспап керек болсо ошонун баарын жасайм. Музыкалык сабатым жок болсо да даяр болгондо ойноп көрүп, ички туюмум менен аспап угуучулардын купулуна толоруна ишенем. Буга чейин мүйүз, таштан, сөөктөн скульптура, сувенирлерди жасап жүрдүм. Зергерлик, чопо, темир менен да иштедим. Акыры жыгач устачылыкты тандап, жыгач кармоо мага күнүмдүк тамак сыңары болуп калды. Бош болуп калсам эле бир нерсе кармалап, ою сала баштайм. Азыр жеке өнөрканам жок кыйналып жүрөм. Анын үстүнө Кыргызстанда чет өлкөлүк чеберлердикиндей мыкты, ыңгайлуу куралдар жок. Жакында ооз комуз жасоочу станоктун макетин жасап, токарларга берсем жасай албай коюшту.
Скрипка - кыл кыяктын көчүрмөсү
Париждеги кол өнөрчүлөр сынагында мен шотланддардын волонкасын, ситар деген аспапты жактырдым. Бирок, кыргыздын кыл кыягына чет өлкөлүктөр абдан кызыгышат. Бул аспап ойноло баштаганда заматта эл тегеректеп, таң калып карап калышарын байкадым. Менимче, ар улуттун өзүнүн музыкалык аспабынын өзгөчөлүгү, ошол элге таандык касиети бар болсо керек. Алсак, кыргыздын комузу менен кыл кыягынын кайрыктары, күүлөрү тээ илгерки тарыхыбызды айтып тургандай. Ал тургай кадимки эле скрипка кыл кыяктын көчүрмөсү деп айтылып жүрөт.
Түшкө кирген Страдивари
Тамеки, ичкиликтен кандайдыр бир күч дайыма оолактатып турат. Кээде алдымда келе жаткан адамдын эмне айтаарын, кандай максат менен келатканын алдын-ала сезем. Түшүмдө залкар адамдардын элестери келип, аспапты кандай жасоого багыт берип турат. Бир жолу атактуу скрипка жасаган уста Страдиваринин элеси келди. Мен алгач ал кишинин ким экенин билген жокмун. Кийин теледен көрүп, мага аян берген Страдивари экенин билдим.
Өкмөткө өкүтүм бар
Чынын айтканда өкмөттүн мен тууралуу кабары жок. Мага караганда менин колуман чыккан аспаптарда ойногондор наам алышты. Бирок, мага атак-наамдын деле кереги жок. Болгону ишиме маани берип, жардам кылса жакшы болор эле. Азыр кыргыз кол өнөрчүлөрүн чет өлкөлүктөр баалап, бизди ар кандай конкурс, сынактарга чакырып жатышат. Маданият министрлиги болсо мени бир жолу чакырып, швейцариялык фонд менен биргеликте "Мыкты чебер" сертификатын берген. Чындыгында кыргызды дүйнөгө тааныткан так ушул кол өнөрчүлүк, улуттук аспаптарда ойногон өнөр адамдары. Бирок, кыргызда мындай таланттуу адамдардын баркталбай келатканы өтө өкүндүрөт.
Мелис СОВЕТ уулу,
тел.: 665764;
е-mail: molybden@2703



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
Яндекс.Метрика