mainkaptal

PRESSKG.COM

Пользовательский поиск
  Өндүрүш өңүтү

Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
"Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин ишке ашыруунун тажрыйбасы: проблемалар жана келечек " аттуу эл аралык конференция 14-17-сентябрда Чолпон-Ата шаарында болуп өттү.


Жер эне берекесин адамдан аябайт. Кааласаң дан өстүр, кааласаң мал бак, кааласаң бриллиант казып ал. Жер шарындагы толгон кен байлыктар текши эмес жайгашкан. Таң калыштуусу, кен чыккан жерде элдин жашоосу көп учурда тынчы жок. Алмаз казылган Африка өлкөлөрүндө жакырчылык күч алган болсо, көмүрсуутекке бай өлкөлөрдө үстөмдүк үчүн согуш тынчыбайт. Кен казып алууда пайданы жаап-жашыруу менен коррупцияга каршы күрөшүү муктаждыгы дүйнө жүзү боюнча чечилүүчү маселеге айланганда, 2002-жылы Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр Йоханнесбург шаарында (Түштүк Африка) Туруктуу өнүгүү боюнча саммитинде Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин (КТАД) жарыялаган. 2009-жылга КТАДды киргизүүчү өлкөлөрдүн саны 30, кирүүгө талапкер болгон 23 өлкө катталган.
3,5 млрд. адам нефть, газ жана пайдалуу казып алынуучуларга бай өлкөлөрдө жашашат. Чын дилдүү башкаруу шартында бул ресурстарды иштетүү олуттуу финансылык кирешелерди алып келип, анын негизинде өнүгүү тездеп, жакырчылыктын жоюлушу мүмкүн. Өндүрүштөгү ачыктык демилгеси аркылуу кен казып алуудан түшкөн компаниялардын төлөмдөрү жана өкмөттөрдүн кирешелери тууралуу бардык маалыматтар текшерилип, жарыкка чыгуусу мүмкүн болду. Бул башкарууну жакшыртып, коррупция жана келишпестиктерди четке кагууга шарт түзөт.
Кыргызстан КТАДга 2004-жылы кошулган. Бизде 600гө жакын өндүрүш компаниялар бар. Алардын 27си аталган демилгеге катышып, өздөрүнүн финансылык маалыматтарын өз ыктыяры менен жарыялап турушат. КТАДдын секретариаты компаниялардын отчетун көз карандысыз аудиторлордун жардамы менен мамлекеттик отчеттор менен салыштырмалуу аудит жасап, өз отчетун даярдайт. Ошондо 3 тараптуу эсептөөлөрдүн айырмасы аныкталып, кайсы жактан маалымат жашырылганы ачыкка жарыяланат. Бул иш-чара өлкөдө 2 жолу гана өткөрүлгөн. Экинчи отчет конференцияда жарыяланып, тараптардын берген маалыматтарында финансылык көрсөткүчтөрдө айырмалар аныкталды. Катышуучулардын айтымында, мындай айырмалар бирдиктүү эсептөө системасынын жоктугунда. Бул маселени кандайча чечүү жолдору конференциянын орчундуу бөлүгүн ээледи.
КТАДды ишке ашыруу үчүн ар бир өлкө валидация процессинен өтөт. Ал өлкөнүн деңгээлинде диалог жана окуп үйрөнүү процессине өбөлгө түзүү жана КТАДдын бирдиктүү глобалдуу стандарттарынын деңгээлин кармап туруудан турат. Валидациядан өткөн өлкө аталган демилгени өзүнө киргизе алат. КМШ өлкөлөр арасында валидациядан жалгыз Азербайжан өткөн. Ал жерден келген Галиб Эфендиев бул долбоорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасын бөлүштү:
- 2004-жылы Азербайжан демилгени ишке ашыра баштаганда башкы кыйынчылык эч кандай белгилүү бир механизмдердин, процедуралардын глобалдуу стандарттарынын жоктугунда болуп, өлкө импровизация жолуна түштү. Бардык механизм, принциптерди бүгүнкү күнү толук иштеп чыгып бүттүк. Жарандык коомдун көптөгөн сунуштары боюнча КТАД стандарттарын Азербайжан бизнесинин салттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алып, өзгөрттүк. Эл аралык бизнес коомчулугу үчүн Азербайжандын Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин колдогону чоң салмак жана аброй кошту. Демек, биз менен иштешүүгө ишеним негиздери бар. Эл аралык имиджди жакшыртуу менен бирге, калкыбызга да өз убагында ачык-айкын маалыматты жарыялап туруу аркылуу ички стабилдүүлүктү да бекемдөөгө шарт түздүк.
Ал эми Кыргызстандагы Демилгенин жүрүшү жана конференциянын башкы жетишкендиктери тууралуу КТАД секретариатынын жетекчиси Карыбек Ибраев мындай деди:
- Бул конференцияда 2 негизги маселе чечилди: 2008-жылдын отчету бекитилип, экинчиси жаңы отчетту даярдаганга чейин толук инструкцияларын иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алынды. Азербайжан, Монголия, Казакстан жана Тажикстандын катышуусундагы конференцияны өткөрүү Дүйнөлүк банк, EITI Kyrgyzstan (KTАД), Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана DFID колдоосу менен мүмкүн болду. Бул демилгенин биз үчүн кызыкчылыгы биринчиден, өндүрүшчүлөр бюджетке которуп жаткан акчалардын сумма, цифраларын ачыкка чыгаруу жана экинчиден, ал акчалар мамлекет тарабынан кандайча колдонулуп жатканын ачык маалымат түрүндө жарыялоо. Мен бул конференцияда ишканалардын өнүктүрүү фонддоруна, түрдүү социалдык долбоорлорго жана кайрымдуулукка канча акча берип жатканын да жарыялоону сунуштадым. Албетте, бул ар бир компаниянын өз эрки менен берүүчү каражаттар, бирок алардын да кандайча пайдаланары, кен казуучулар аймактарга жалпы канча акча түрүндө жардам берип жатканын эң биринчиден калктын билүүсү эң маанилүү.
Ачыктык демилгесиндеги бардык өлкөлөрдө иш-чарага жарандык коом башкы ролдордо. БӨУ өндүрүшчүлөр менен өкмөттүн иштерине көз салышып, бардык чындыкты элге жеткирүү жумушун аткарып келишет. Коңшулаш Казакстанда нефть өндүрүү-чүлөрдү KTАД стандарттарына көндүрүүнү да бейөкмөт уюмдар демилгелеген. Конференциянын катышуучусу, "Нефтяные доходы - под контроль общества" БӨУ коалициясынын регионалдык координатору Павел Лобачев Кыргызстан менен Казакстандагы абалды салыштырды:
- Албетте, биздин өлкө бай, Менделеев таблицасы толугу менен бар болуп, өзгөчө нефть өндүрүү жакшы жолго коюлган. Бирок жалпы элдик байлык болуп саналган пайдалуу көмүрсуутектердин пайдасы негедир элге толук кызмат кылбайт. Жарандык милдет катары KTАД бизде колдонулушун каалайбыз. Азыр биз өндүрүшчүлөрдүн отчету эмес, нефть казган компанияларга кире албайбыз. Түшүнүшүүнүн ордуна келишпестиктер жана эл тараптан нааразычылык маанайлар гана бар. Ал эми силерде болсо ачыктык демилгесин колдонууну көптөгөн ишканалар колдойт экен. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй кен казылуучу жайларга кызыкдар тараптарга эшик ачык экен. Конференциядан кийин "Кумтөр" алтын казуучу компанияга экскурсияга баруубузду чыдамсыздык менен күтөмүн.
Жыл мезгилдери
Чолпон-Атада сентябрь ортолоп калса да аба жайкыдай жылуу турду. Конференциянын катышуучулары, ага барган журналисттер бош убактан пайдаланып көлгө, ачык бассейнге чөмүлүп, чер жазып алышты. Ал эми көлдүн тескейинде күздүн илеби, жаан, муздак жел. Экскурсия тобу жайкы ысыкты жолго чыкканда күзгү пейзаждарга алмаштырды. Көп улуттуу топ биздин табияттын көркүнө суктанып, тамшана карап барды. Өзгөчө Кумтөргө кеткен Барскоондун жолундагы шаркыратмалар, көк шибери, кызыл-тазыл кие баштаган суу боюндагы бадалдар меймандардын фотоаппараттарына кайта-кайта түшүп жатты. Ашуу ашып, алтын чыккан жерге да жеттик. Биздин топ машинеден түшөөрү менен мөндүр жаап, ал карга айланды. Окурмандар биздин гезиттен "Кумтөр алтындын" иштеши тууралуу көп эле окуп жүрүшөт эмеспи, экскурсиянын ток этер жерлерине токтолсок. Меймандар толугу менен сөзсүз түрдө медиктин колунан кан басымын, жалпы ал-акыбалын текшертип өтүштү. Кен казып алуучулардын жашоо шарттары менен таанышкандан соң, хвостохранилище, Петров көлү, кен казылуучу жер жана руда иштетилген фабрика менен таанышууга жарым күн толугу менен кетти. Кар жаап, күндүн суугуна карабай, чет элдиктер адистерге суроо берип, жоопторун кызыгуу менен угуп жатышты. Кызматкерлер менен бирге өткөн кечки тамактан кийин таасирленген меймандар болуп Бишкекти көздөй, андагы жай менен чырмалышкан эрте күзүн карай жолго чыктык. Финансылык отчетторун да, кен казуу процессинин да ачыктыгын көрсөтө алган "Кумтөр" сыяктуу ишканалар бизде бар экенине ичибизден сыймыктандык.
***
КТАД өкмөттөрдүн, компаниялардын, коомдук уюмдардын топторунун, инвесторлордун жана эл аралык уюмдардын коалициясы болуп саналат. Компаниялар ачыктыкты киргизүүнүн жана башкаруунун оптималдуу ыкмаларынын тикелей натыйжасы болгон инвестициялык климаттын жакшырышынан пайда табышат. Ал эми тоо кен чөйрөсүнөн түшкөн ири кирешелердин ачыктыгы калктын үмүтүн арбытат.

Нуржан
АЛЫМКАНОВА
Т: (312) 66 55 74
e-mail: agyma@infotel.kg



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
Яндекс.Метрика