mainkaptal

Пользовательский поиск
  Жакаңды карма...

Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар
(Уландысы. Башы 7-бетте)
- Каршы тарабыңыз сизди эки жарым жыл легитимсиз иштеди дешет.
- Андай болсо логикалык жактан ошол кезде жумуштан бошотулган Анатай Өмүркановдун төрагалыктан кетиши да легитимсиз болуш керек эле да. Карачы, бул тууралуу эч нерсе айтышпайт. Пленумдун президиумунда менин талапкерлигимди колдогон аксакалдардын эми "Ошондо мен Омор Султановдун Жазуучулар союзуна төрага болушуна жаңылып кол коюп алыпмын" дегени туура болмок беле. Мына, ал жыйындын протоколунда ошол баатырларыбыздын колу турат. Эми мунун түпкү себеби башка жакта. Аны эч кимге айтпай эле коеюн дедим эле. Бирок силер үчүн сабак болсун. Азыр биздин аксакалдарыбыз устукан үчүн деле таарынып, минтип койгон колун танып кете беришет экен. Мен жаңы төрага болуп турган учурда аксакал жазуучуларыбыз менен бир жерге батага барып калдык. Маркум Чыкем да ал учурда жаңы эле Бельгиядан келип, биз менен бир дасторкондо отуруп калды. Кези келгенде устукан тартылып, мен учаны Чыкем жакка жылдырдым. Ал "аксакалга берели, аксакалга" дегенде мен "Чыке, бул аксакалдар сиз Бельгияда жүргөндө дайым эле уча жеп жүрүшөт, эми бир жолу сиз алып койсоңуз эч нерсе болбойт. Анын үстүнө сырттан келдиңиз" деп, учаны Айтматовго тартып койдум. Мына, балээнин баары ушундан башталды. Анан эле "Бу Омор деген аксакалдарды сыйлабайт" деп мага таарынып, тигинтип койгон колдорун тана баштабадыбы. Өздөрүнчө мен жөнүндө "Оморду ушундайында чаап коюш керек, болбосо бат эле герой болуп алат" дешет имиш. Геройлугу өздөрүнө эле буюрсун. Көрчү, биздин жазуучулар арасындагы интрига кандай деңгээлге жеткен. Мейли мен эч нерсеге жарабай эле калайын, бирок жазуучу деген ыйык атты сакташ керек эле да.
- Ал эми сиздин курактагы жазуучулар арасында жаштар деп эсептелген муундун өкүлдөрүн эмне кылып таарынтып алдыңыз?
- Эми бул жагы өзүнчө кызык. Бир жолу мага Маданият жана маалымат министри Султан Раев кишилерин жөнөтүптүр. Алардын сөзүнө караганда, Токтогул сыйлыгын алып бүткөн министр мырза эми Эл жазуучулугун алгысы келип турган экен. Албетте, мындай сыйлыкка Жазуучулар союзу көрсөтөт. Мен Султанга өзүмдүн окуучум катары айттырдым. "Эми шашпай тур, буюрса аласың. Азырынча дагы бир аз иштей түш, элге уят болуп калабыз" деп. Ал ошондон кийин мен ал жерде турганда өзү Кыргыз эл жазуучулугун албай калчудай сезип алды окшойт. Сыягы, бизге болгон интрига ошол тараптан уюштурулуп турду. Баса, анан дагы биздин "Кыргыз адабияты" гезитине Султан Раевдин Токтогул сыйлыгын кантип алганы тууралуу бир автордун макаласы чыгып кетиптир. Аны да менден көрдү. Чындыгында мен ал макаланы көргөн деле эмесмин. Эми ал гезит да, ага ар кандай пикирлер чыга берет. Андан бир нерсе өзгөрүп кетмек беле. Ал пикирге каршылыгы болсо кайра гезит аркылуу жооп берсин. Санай берсем ушул сыяктуу таарынычтар көп эле. Өзүң айткан өздөрүн жаштар деп эсептеген муундун өкүлдөрүнүн теңинен көбү "бизди улуу муундар тебелеп койду, сый-ургаалдарга жетпей жатабыз" деп келишет. Мен сыйлык берчүлөргө бир нече жолу алардын документтерин сунуш кылып, "ай, орден, медалыңарды баарына тегиз болбосо да беш-алтоосуна берип койгулачы" деп жүрдүм. Бирок, эмнегедир эле болбой калат. Негизи сыйлык берүү Жазуучулар союзунун төрагасынын колунда эмес да. Аны атайын комиссия карайт. Анын үстүнө кийинки муун жарытылуу да эмгек кылышпаптыр. Мен аларды биртоп чыгарма жазып койгон экен деп ойлоптурмун. Көпчүлүгүнүн колго ала турган китеби жок. Анан каяктагы сыйлык?.. Алар минтип кресло талашып жүргөндөн көрө иштешсе болмок да. Сыйлык алып алышып анан жазышмак беле?
- Ушул жылдын 22-майында сизди кызматтан кетирип, жаңы жетекчилик шайлаган пленумду легитимсиз дегендей болдуңуз эле. Бул тууралуу сот эмне деди?
- Тилекке каршы, сот ал пленумду оозго да алган жок. Жазуучулар союзунун ички уставы боюнча ар бир пленум төраганын катышуусунда өтүш керек экен. Мен ал пленумга катышкан эмесмин. Ал эми уставда "демилгелүү топ" деген жок. Ошол эле учурда жаңы жетекчиликти шайлаган пленумдун токтомуна кол койгон жазуучулардын жарымынан көбү "биз бул жыйынга катышкан эмеспиз, андагы коюлган колубуз жаңылыштык" деп кагаз жүзүндө жазып беришти. А тургай учурда алар өздөрү Жазуучулар союзунун жаңы жетекчилигин жаңылыштык менен кол койдуруп алгандыгы үчүн сотко бергени жатышыптыр.
- Сотто каршы тарабыңыз эмнени утту?
- Көрсө, мен жаңыдан Жазуучулар союзуна төрага болуп шайлангандан кийин Адилет минстрлигине барып, "мен төрага болдум" деп каттоодон өтүшүм керек экен. Мен, менден мурунку төрага Анатай Өмүрканов да аталган органга барып каттоодон өтпөгөн экенбиз. Мына ушундан улам сот менин доо-арызымды канааттандырбай жатат.
- "Жеп-ичкендериңиз" тууралуу эмне дейсиз?
- Жазуучулар союзу жеп ичкендей завод же фабрика эмес. Өкмөт каржылабайт. Жана айткандай, сурап-тилеп тапкан каражатты имаратты оңдоого, коммуналдык кызмат акыларын төлөөгө, ал жерде иштеп жаткан кызматкерлердин айлык акысын берүүгө, "Кыргыз адабияты" гезитин чыгарууга жумшадык. Эки жылдай болду го, президент өз фондунан 1 млн. сом берген. Бул сумма айтканга көп көрүнгөнү менен Жазуучулар союзундай уюмду кармап турууга корото келгенде аз эле болуп калат экен.
- Мамлекет башчысы быйыл да 1 млн. сом берген экен...
- Апрель айында Жазуучулар союзу таптакыр отуруп калды. Эгер каражат болбосо жабылып калат эле. Карыздарыбыз көбөйүп кетти. Андыктан президентке кирип, абалыбызды айтып жардам сурап сен айткан сумманы алганым ырас. Жакында Эсеп палатасы текшерип, бухгалтериядан айрым бир каталыктар кеткенин, негизинен алынган сумма өз максатына жумшалганын билди. Бухгалтериядан кеткен каталык мындай, биз гезитти чыгарып жаткандарга эки жылдан бери айлык төлөй элек болчубуз. Акча түшкөндө карызыбызды жапканбыз. Бухгалтерия алардын айлык албай жүргөн учурун документтештирип коюш керек экен. Бул жасалбай калыптыр.
- "Ауди" маркасындагы машинаны да сатып жиберген экенсиз...
- Жазуучулар союзунун шалдыраган эски "Волгасы" бар экен. Бир күн жүрсө, төрт күн жүрбөйт. Анан мен президенттин иш башкармалыгына машина сурап кайрылгам. Алар мага 1991-жылкы жедеп эскирип бүткөн "Ауди" маркасындагы бир машина беришкен. Аны эч ким деле жыргатып минген эмес. Шалдырап бузулуп жаткан эле. Бир күнү СТОдогу бир жигит "бул машинаны оңдотуп жүргөндөн көрө тетик кылчуларга сатып жибер" деди. Бул боюнча Жазуучулар союзунда иштеген жамаат менен кеңешип, алардын макулдугу менен машинаны сатып жиберип, акчасын гезитке кириштегенбиз. Баса, учурда шаардык автоинспекцияда Жазуучулар союзунун 8 автомашинасы каттоодо турат экен. Алардын кайда экенин эч ким билбейт. Бирок союз бул автомашиналар үчүн өкмөткө салык төлөп турат.
- Деги эле азыр коомчулукка Жазуучулар союзунун кереги барбы? Бул уюмдун келечеги тууралуу эмне айта аласыз?
- Мен мурун бул уюм иштеп турушу зарыл деп ойлочумун. Учурда деле Жазуучулар союзу керек деп эсептейм. Бирок азыркыдай майда интригандары менен бул бирикме жакында жабылат деп ойлойм. Дайыма ызы-чуу боло берген уюмду өкмөт деле, президент деле колдогусу келбей калгандыр. Негизи эле кыргыз жазуучулары тазаланыш керек. Мүмкүн калемгерлер чөйрөсү биз, атургай бизди көрүп калган силердин ордуңарга жаңы муун келгенде гана оңолор...
(Уландысы бар)
Маектешкен
Зайырбек АЖЫМАТОВ, тел.: 66-58-42;
е-mail:
zairajimatov_76@mail.ru




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
"Төрт "Төрт кыз ээрчип койсо,
жылдызмын деп ойлобо"
2-бет
Кыдыкбектен ат чабыш
3-бет
Өкмөт башчы ТЭЦке "кардар" таптыбы?
4-бет
Ааламда
5-бет
Сегиз саптын бүгүнкү сынында - ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын лидери Исхак МАСАЛИЕВ
"Ак үйгө тартат, атасынын дөөлөтү тийген"

6-бет
Эшегине жараша тушагы
7-бет
Жакаңды карма...
8-бет
Улуттук кызыкчылык качан корголот?
9-бет
Электр дөөтүлөрүнүн эсебин тапкан кимдер?
10-бет
Учага таарынган аксакалдар.
Кыргыз эл жазуучусу болгусу келген Султан Раев же интригандар

13-бет
Азыр ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлбөйбү?
14-бет
Кайран тил
15-бет
Кенди кенен казалы, пайданы ачык табалы
16-бет
Олуя тукуму, кут даарыган чебер
17-бет
Тарых эстеликтен эмес, эмгектен таразалайт
18-бет
АЛИХАН:
"Төрт кыз ээрчип койсо, жылдызмын деп ойлобо!"
19-бет
Шабдан баатырдын баатырдыгы эмнеде?
20-бет
Шахмат
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
Күмүш сырга
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Обон-казына
27-бет
Алдамчы фотограф
28-бет
22-сентябрда Пейджер менен сүйлөшкөндөр:
31-бет
Клип сандык
32-бет
Шоу калаасынан...
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика