Кыргыз гезиттер архиви

  Милийсанын таягы узун жерде сөз кыска

"Баарыбыз кылмышка шектүү болуп калышыбыз ыктымал"

Конституцияда жарандардын укуктарынын эркиндигин, кызыкчылыгын коргоо каралган. Ошондуктан укук коргоо органдары өз аракеттерин, ушул максатка багытташы керек. Ал эми укук коргоо органдардын ишин реформалоодо аларга тиешелүү бир катар мыйзамдарды өзгөртүү зарыл болуп турат. Алардын катарына ички иштер жөнүндө, оперативдүү иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндө, улуттук коопсуздук комитети жөнүндө, прокуратура жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү болуп саналат. ЖК депутаты, коргонуу, коопсуздук, сот, укук реформасы комитетинин төрайымы Лейла СЫДЫКОВА менен болгон маегибиз да ушул маселелердин тегерегинде болду.

- Азыр соттордун көпчүлүк чечимдери аткарылбай жатат. Мунун себеби эмнеде?
- Жабырлануучу тарап тарткан зыянын өндүрүп алууга Башмыйзам укук берет. Мунун бир канча себептери бар. Бардык эле кылмыш иштери кылдат иликтенип чыкпайт. Жыл бою жарандык иштер каралбайт. Ал турсун кылмыш иштери да жылдап каралбаган учурлар кезигет. Мындайда жабырлануучулардын үмүтү үзүлүп, мамлекеттик органдарга ишенбей калат. Биз реформа жүргүзүүдө дал ушул маселелерди чечели деп жатабыз. Ал эми кылмыш иштери боюнча маселени түп тамырынан бери карап чыгуу керек. Биринчиден, процессти тездетүү, соттук өндүрүш чыгашаларын азайтуу, соттук кароолорду талаптагыдай өткөрүү. Себеби, мага келип арыздангандардын көпчүлүгү "керек болсо сотко мени чакырышкан да жок" деп айтышат. Албетте, мындайда соттор өздөрүнөн кооптонуп ушундай жолго барышат. Мүмкүн ишти өз мөөнөтүндө караган эмес же тил уга турган башка себеби бар. Демек, бул иштерди биз түп тамырынан бери башка нукка бурушубуз керек. Кылмыш процессуалдык кодекси да совет доорунан бери келе жатат.
Азыр айыпкерди адвокат менен камсыз кылып, ага укук берген менен жабырлануучунун укугун унутуп койгонбуз. Көпчүлүк мамлекеттерде айыпкерге жаза колдонуу жабырлануучунун каалоосу боюнча жүргүзүлөт. Мисалы, түрмөдө жаткан айыпкер жабырлануучунун макулдугу менен гана мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыга алат. Ал эми бизде бул нерселер каралган эмес. Баарын сот чечет. Өтө татаал болсо да, бул механизмди киргизишибиз керек. Жабырлануучунун атынан мамлекет өзү каалагандай чечип койгону болбойт. Ошондуктан бизге жаңы кылмыш процессуалдык кодекси керек. Бизде "кылмышка шектүү" деген да түшүнүк бар. Мындай кишиге күнөөнү оодарып койсо да болот. Бирок анын эч бир күнөөсү жок болсочу? Ошондуктан мындай түшүнүк болбошу керек. Эгер айыпталуучу болсо ага дароо айып тагылсын. "Кылмышка шектүү" деген түшүнүк укук коргоо кызматкерлери үчүн абдан ыңгайлуу. Кимди болбосун кылмышка шектүү деп атаса боло берет. Биз баарыбыз кылмышка шектүү болуп калышыбыз мүмкүн.
Мындан тышкары, жаза өтөө мыйзамын да карап чыгуу зарыл. Киши кылмыш жасап, соттолуп, жаза мөөнөтүн аткаруу үчүн түрмөгө барат. Азыр алар үчүн жумуш жок, жашоо шарты начар, талаптагыдай тамак берилбейт, медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Ошондуктан жаза аткаруу мекемелеринин жетекчилери тигилердин жакындарынын каражатын киргизүүгө мажбур болушат. Демек, коомчулукка анчалык коркунучу жок соттолгондорго жазалоонун башка түрлөрүн колдонсок да болот. Көпчүлүк мамлекеттерде соттолгондор коомдук иштерге тартылат. Бизде деле арык тазалатып, көчө шыпыртып же башка коомго пайдалуу иштерди жасатсак неге болбосун. Ошондо да ал жабырлануучунун зыянын төлөп бергенден кийин гана жогорудагыдай жаза аткаруу иштерине чегерилиши мүмкүн. Же жаза мөөнөтүн үйдө аткарып, анын кээ бир укуктарын чектеп койсо болот. Мында мамлекет айыпкерди түрмөдө кармап акча төлөбөйт. Бул да реформанын маанилүү бөлүктөрүнүн бири.
- Дагы бир орчундуу маселе, жаза мөөнөтүн өтөп келгендер бизде кароосуз калып жатат. Аларды эч ким жумушка албайт. Ал турсун участкалык милиционер көпчүлүктүн алдында эскертүү берип кемсинтип турат. Түрмөдөн чыкты деп коомчулук башкача көзкараш менен карайт. Реформа буга эмне дейт?
- Түрмөдөн чыгып коомчулуктун колдоосу жок дагы да оор кылмыш жасап түрмөгө кайрадан баргандар толуп жатат. Биз азыр алар кайдан чыгып, кайда келди деген системаны түзө элекпиз. Эгер алар дагы кылмыш жасаса арабыздан кимдир бирөө жабырлануучу болот. Бизге ушул керекпи? Андыктан бул маселени да кылдат карап чыгышыбыз керек.
- Бизде азыр прокуратура, ИИМ, УКМК, Юстиция министрлиги дагы бир канча органдар да тергөө жүргүзөт. Ушул туурабы?
- Биз бирдиктүү тергөө комитетин түзүүнү ойлоп көргөнбүз. Мындай идея болгон. Казакстанда бирдиктүү тергөө комитетин түзүүнү кийиришкен. Аларда бул анчалык эле натыйжа бербеди. Мунун бир канча себептери бар. Азыр Казакстанда прокуратура тергөө жүргүзбөйт. Тергөөгө көзөмөлдүк гана кылат. Азыр бизде бажы комитети, финансы полициясы да тергөө жүргүзөт. Ал эми Юстиция министрлигинин тергөө жүргүзгөнү туура эмес.
- Жанагы сиз айткан кылмышка шектүү деген кишинин күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктайт. Бирок сотко чейин анын баш коргоо чарасы катары түрмөгө камап койгон учурлар бар. Керек болсо, алар оор күнөө жасагандар менен кошо отурат. Ушул туурабы?
- Сиз айткандан да жаман учурлар бизде болуп жатат. Жакында мага бирөө кайрылды. Ал сиз айткандай, шектүү деп тергөө изоляторуна камалып, ал жерден кургак учук оорусун жугузуп алган. Кийин ал күнөөсүз деп табылып, сот тарабынан акталган. Ал соттук жол менен тарткан зыянын толук өндүрүп алууга укуктуу. Мен ага ушуну түшүндүрдүм. Зыянды мамлекет төлөп берет. Ал эми мамлекет мыйзамсыз камаган кызматкерди жоопко тартыш керек. Бирок ал киши ушунчалык жабырлангандыктан "мага эч нерсенин кереги жок, бул жерден биротоло кетемин" деди.
- Соттордун иши да бизде көптөгөн ишенбөөчүлүктөрдү жаратат. Райондук, облустук, Жогорку соттун чечимдери ар башка болгон учурлар көп. Реформада ушул маселе да каралабы?
- Бардык иштер акыйкат каралып жатат деп айтуудан алысмын. Бирок эгер соттук процессте каралбаган жаңы жагдайлар табылса, ишти кайрадан караса боло турган механизм киргизгенбиз. Бизде соттордун кеңеши түзүлгөн. Алар көптөгөн арыздарды карашып, туура эмес өкүм чыгарган сотторду кайра чакырып алып жатышат. Ошондуктан жарандар соттордун үстүнөн арыз менен соттордун кеңешине кайрылса болот.
Келдибек НАЗИРОВ,
тел.: 66-57-02




  Башка сунуш барбы?

Эске келтирүүнүн эптүү жолу

Ош базарын аралап жүрсөм, радиотүйүндөн "вещевой ряддан эки места арендага берилет, калоочулар баланча-түкүнчө номерине кайрылыңыздар" дейт жарыя окуган кыз.
Ушул сөздү "буюм-тайым сатылчу катардан эки орун ижарага берилет" деп кыргызча айтса болот беле? Мөмө-жемиш саткан жайга кирсең ал жерде да кыргыз сатуучулар "сладкий виноград, сладкий арбус" - деп жазып алып отурушат. Бир бурчта кечээ эле айылдан келген иним "распродажа, мужские, женские, детские одежды" деп тамагы айрылганча кыйкырып атат. Самсы саткан кыргыз кыз "байке, сизге курица мененби или с мясом" дейт жанды кашайтып. Базардан берирек чыксам, таразаларынын жанына "электронный точный вес" деп жазып коюп алышып, "байке, веске түшүп кетиңиз" дешип безилдешип жаш балдар отурушат. Ал эми көчөдөгү орусча жазуу-жарнактын баарын жазып отурсам, барак түтпөйт. Ушунун баары Кыргызстандын борбору Бишкектеги көрүнүш. Деги тил комиссиясы эмне иш кылып атат түшүнбөйм. Албетте, көчөдөгү ар бир кыргызды мындай сүйлөгүн деп артынан ээрчип жүрө албайсың, бирок коомдук жайларда жарыя окуган кызматкерлерге, жарыя,жарнактарды жазып илгендерге тил комиссиясынын алы жетет эле да.
Биз кыргыздар ушунчалык ары жок, көйрөңбүз десең, кыргыз болуп туруп кыргызды жаман дейсиң дегендер бар. Союз мезгилинен бери каныбызга сиңип, орусча сүйлөгөндү маданияттуулук, жетишкендик түшүнгөн жаман адатыбыздан арыла албай атсак, эми башка элдердин да сөздөрү тилибизди бузуп бараткандай.
Азыр тамак-аш саткан жердин баарында түрктөрдүн "халал" деген жазуулары көбөйдү. Мунун кыргызчасы "адал" болот, "адал" деп жазгыла деген эч ким жок. Улуттук телеканалда кыргызча ат таппай калгансыган "Браво" аттуу көрсөтүү бар. Ошол көрсөтүүнүн алып баруучулары Эрмек иним менен Назира карындашым ырчы-чоорчулардын баарын маңдайларына отургузушуп алып, "илхомуңуз качан келет, илхомуңуз келгенде кантесиз" деген сыяктуу суроолорун бере берип чарчатышат.
"Эй, илхом деген өзбек элинин сөзү, ал кыргызча "эргүү" деген сөз. Ошондуктан "эргүүңүз качан келет?" деп эле суроо берсеңер болот" деген жан жок.
Тил деп айтып какшап эле келебиз, бирок бир да мыйзам-шарттын биздин маңкурттарга алы жетпейт экен. Ошондуктан менде мындай сунуш бар. Баарыбыз жакшы билебиз, азыр Россиянын көп жерлеринде өздөрүн орустун чыныгы патриотторубуз дешкен скинхеддер уюму бар. Биз да алар сыяктуу кыргызга, кыргыз тилине чындап күйгөн алдуу-күчтүү жаштардан ошондой уюмдарды түзүшүбүз керек.
Көчөгө тез-тез чыгып, орусча сүйлөгөн кыргыздарды, биздин жерде жашап туруп тайраңдап көпкөн башка улуттарга күч колдонуп, көчөдөгү, ресторан, кафе ж.б. жайлардагы бөлөк тилде жазылган жазуу-жарнактын баарын таш-талканын чыгарып турушубуз керек. Ошондо гана улут катары өзүбүздү сактап кала алабыз. Мен башка арганы көрө албай турам.

Кутман ТОЙЧУ