Кыргыз гезиттер архиви

  Кредит "сүрсүп" кетпейби?

Жайсаңбаевге окшогондор жайлап кетпесе болду

Россиядан кредит түрүндө келген 300 миллион доллар боюнча арадан 6 ай өтсө да кайсы долбоорлорго жумшала тургандыгы жөнүндө ачык маалыматтар жок. Бул боюнча болгону 217 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 200 долбоорду экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги өкмөткө бекитүү үчүн жөнөткөн. Кредит алууга кызыккандар негизинен айыл чарбасы, энергетика, өндүрүш, соода багытына басым жасашкан. Көпчүлүк суроо-талаптар Чүй облусу жана Бишкек шаарынын жашоочуларынан түшүптүр.
Кайсы долбоорлор эффективдүү, канча миллион суралган, кимиси ишеничтүү деген суроолорубузду экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги жоопсуз калтырды. Кредиттин бир бөлүгү Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна жумшалат. Демек, президент алдын ала айткандай, толугу менен бизнести өнүктүрүүгө жумшалбайт. Ушунун өзү эле кредиттин толук кайтарымы болбойт дегенди билдирет. А.Акаев мезгилинде алган 2 млрд. доллардын кайда жумшалганы белгисиз бойдон калган. Бул биз үчүн сабак болушу керек. Ансыз деле дагы үч жылда Кыргызстандын тышкы карызы 2,5 миллиард долларга жетерин серепчилер айтып жатышат.
Азыр биз даяр акчаны бөлүп жеп коюудан кайра тартпай турабыз. Бул боюнча тажрыйба көп. Болбосо, ушул мезгилге чейин 300 миллионду кандай сарптоо керектиги жөнүндө коомчулук менен баарлашуу боло элек. Атүгүл мыкты долбоорлор боюнча конкурс жарыяланып, же өкмөттүн өз максаты болсо, ал да ачык айтылган жок. Кредит тууралуу кабар бардык аймактарга толук жетпегендиктен, алыскы облустардан түшкөн суроо-талаптар өтө эле аз. Мисалы, Талас облусунан болгону 6 долбоор түшкөн. Чындыгында 300 млн.доллар Кыргызстан үчүн көп акча. Жакында эле индиялыктар бизге картошканы кайра иштетүүчү завод курууга киришти. Бул инвестициянын көлөмү 2 млн.доллар. Демек, Кыргызстан азыркы Россиянын кредити менен ошондой заводдордун 150сүн салып коюуга кудурети жетет.
Эмнеси болсо да акча бар жерде имиш сөздөр бат таралат. Ишенимдүү, мыкты долбоорлор болсо да кредитти алууда биртоп кыйынчылыктар бар экенин, ал да оңой менен колго тийбестигин, дагы эле жең ичинен бөлүнүп кетерине ишкерлер наалып чыгышты. Бирок экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлиги кредитти берүүдө төмөнкүдөй талаптарды коет. Эң эле көп суммадагы кредит энергетика тармагына берилет. Анын көлөмү 3 миллиондон 60 миллион долларга чейин. Жылына 12 пайыз үстөгү менен 10 жылга берилет. Муну алгандар 80 пайыз жергиликтүү чийки затты иштетип, жумушчулардын да 80 пайызы жергиликтүү тургундар болууга тийиш. Анын жылдык кирешеси 20 пайыздан кем болбоосу керек. Сөзсүз күрөө коюлат. Тоо кендерин иштетчү долбоорлорго 1 млн.дон 25 млн долларга чейин каралган. Ал да 12 пайыз үстөгү менен беш жылга берилет. Мында да жумушчулардын 80 пайызы жергиликтүү тургундар болушу керек. Жылына иштеп тапкан пайдасы 30 пайыздан кем болбоого тийиш. Мындан тышкары, кредит өнөр жайга, соода-сатык тармактарына берилет. Бирок, россиялык кредиттин ата мекендик ишкерлерге тийиши өтө эле күмөн.
Биринчиден, кыргыздардын колунда мыкты долбоор болгону менен күрөөгө коюу үчүн мүлкү жетишсиз. Жанагы 200 долбоордун чыныгы ээлери ким экендиги жөнүндө так маалыматтар жок. Иши кылып ар бир долбоордун артында чет элдик жарандар турбаса болгону. Анткени, 12 пайыз үстөк өтө эле аз. Анан да төлөө мөөнөтү 3 жылдан 10 жылга чейин. Дагы бир шектендиргени, долбоорду ишке ашырууда 80 пайыздан кем эмес жумушчу жергиликтүү тургундар болушу шарт экен.
Эмне үчүн иштегендердин 100 пайызы жалаң кыргызстандык жарандар эмес? Же кредит алып иштетүүгө кыргызстандыктар жөндөмсүзбү?
Албетте, 300 миллион доллар Кыргызстандын тышкы карызына кошулат. Эгер бул акча да мурдагы 2 миллиард доллардай кумга сиңип, 20-30 млн.доллар кредит алгандар Жайсаңбаев сыяктуу качып кетип дайнын таптырбаса, анда дагы эле карызды эл төлөйт. Себеби, ушул мезгилге чейин Кыргызстанда элдин ырыскысын жеп качып кеткендер жазалана элек. Ал эми эл аралык аферисттер ушул тапта 300 миллион доллардан үмүт кылып, кыргыз өкмөтүн айланчыктап жүрөт деген да кеп бар. Андыктан, 300 миллиондун ар бир доллары кайда жумшалганын коомчулук билип турганы жакшы.

Келдибек НАЗИРОВ




Оп, майда
К.Бакиев Россия президенти Д.Медведевди туулган күнү менен телефон аркылуу куттуктады.
***
Кыргызстанда 40 миң ок атуучу курал каттоого алынган. 1300 курал сыйлык иретинде берилген.
***
ЖК депутаттары Ысык-Көлдөгү төрт пансионат боюнча казак тарап келишимдин шарттарын аткарган жок деп жатышат.
***
Жогорку Кеңеш айлык акынын эки пайызын пенсиялык фондго чегерип турууну жактырышты.
***
Миграция жана жумуштуулук комитети жумушсуздук боюнча төлөнүүчү пособиени алып салуу сунушун киргизүүдө.
***
Кыргызстан Казакстанга жыл сайын 600 миң тонна картөшкө экспорттойт.
***
Казакстанда 370 кило нашаа даярдап жаткан кыргызстандык жаран колго түштү.
***
Бишкекте "2009-жылдын мыкты мугалими" сынагы өтөт.
***
Ошто Ч.Айтматовго арналган эл аралык кинофестиваль өткөрүлөт.
***
Ош шаарынын 2000 тургуну акы төлөбөгөндүктөн үйлөрүнүн газы өчүрүлдү.
***
2010-жылы бюджеттин тартыштыгы 12,8 млрд. сомду түзөт.
***
Унга карата бажы төлөмү жогорулагандыктан, сырттан ун ташып келүү азайып, дан ташып келүү көбөйгөн.
***
Кыргызстанда дан эгиндерин оруп-жыюу 77,6 пайызга аткарылды.
***
АКШнын "Манас" аба майданындагы транзиттик борбору өздөрүнүн түз милдетин аткарып жатканын вице-спикер К.Исабеков билдирди.
***
Мындан ары 18-сентябрь Кыргызстандын бүтүндүгүн коргогон жоокерлер күнү деп аталмакчы.
***
Бир катар кыргызстандык укук коргоочулар ЖК депутаттарына депутат К.Кадыровдун иши боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуш кылышууда.
***
Соттук аткаруучулар экс-президент Аскар Акаевдин мүлкүн тизмелеп чыгышты.
***
Дордой базарында милиция кызматкерин өлтүргөнгө шектүү деп табылган киши кармалды.
***
Бир катар саясат таануучулар Кыргызстанга аймактык-административдик реформа зарыл экенин белгилешет.





Оп, майда
Мамлекеттик башкаруу реформасын жүргүзүү үчүн 1,5-2 жыл мөөнөт керектигин президенттин катчылыгы билдирди.
***
Жогорку Кеңеш М.Момуновду Акыйкатчынын орунбасар кызматынан бошотуу сунушун жактырды.
***
Меккеге зыярат кылуучулардын алгачкылары 5-ноябрда жөнөтүлөт.
***
ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Кыргызстанда окуучулардын 75 пайызы сабагынан жетишпейт.
***
Туризм тармагына келген инвестициянын көлөмү 2006-жылга салыштырмалуу үч эсе өскөн.
***
Жогорку Кеңешке өкмөттүн туруктуу өкүлү болуп Нурканбек Момуналиев дайындалды.
***
Бакыт Бешимовдун дайынсыз жүрүшүн анын санаалаштары чет өлкөдө дарыланып жүрөт деп түшүндүрүшөт.
***
Чек ара кызматы Ош шаарына которулат.
***
АКШ Кыргызстандын чек ара кызматына наркы 200 миң доллардан турган 6 автоунаа берди.
***
Көмүр өндүргөн "Ак улак" акционердик коомун текшерген Эсеп палатасы чоң мыйзам бузууларды таап чыгышты.
***
Депутат С.Кадыралиевдин өлүмү боюнча Свердлов районунда сот жараяны башталды.
***
Өкмөт өнүктүрүү фондунун акчасынан социалдык турак жай үчүн 1 млрд. сом бөлүп берүүгө даяр.
***
Россиялык 150 миллион доллар гранттын 80 миллиону казынанын тартыштыгы үчүн жумшалды.
***
Бир жылда турак жайдын баасы 20 пайызга төмөндөгөн.
***
"Евросеть" өз ишмердүүлүгүн Кыргызстанда токтотууну карап жатат.
***
Улуттук банк валюта базарынан 3,75 млн. доллар сатып алды.
***
Чүй облусунун калкы 300 миң тоннадан ашуун көмүр сатып алды.
***
Казакстандын конституциялык кеңеши Н.Назарбаевди өмүр бою президент кылып калтыра турган маселени карап жатат.
"Агым-пресс"