Кыргыз гезиттер архиви

  Гүлкурак

Бийкеч жылдызында төрөлгөн жылдыздардын бири Бакыт Букаев 40 жашка чыгып, туулган күнүн өткөрбөстөн жаштыгы менен кош айтышты.

Бакыт БУКАЕВ жаштыгы менен коштошту
- Кырк жашты белгилебейт дегендиктен, быйыл туулган күндүн нугун буруп, жаштыгым менен коштоштум. Албетте, кындан суурулган кылычтай курак. Бирок, бул кеченин шылтоосу менен олуттуулукка умтулганым окшойт. Жакшы эле ойноп-күлдүм. Кыргызстандын кыйырын кыдырдым. Келген конокторумдун айрымдары алпаруучулук чеберчилигим, шоумен, ал эми жакын досторум меймандостугум, үйдө кандай ашпозчу экенимден кеп салышты.
- Сулуулар сынагын өткөрүп, дайым сулуулардын курчоосунда жүрөт элеңиз. Бул да эми токтойбу?
- Былтыр эле бул ишти токтотууну чечкем. Бул да өзүнчө бир наркотик сымал эле мен үчүн. Майдабы, чоң ишпи, мага тапшырылган ишти так, берилип аткарганды жакшы көрөм. Азыр ойлосом, ошондогу энергия, демди кайдан алчумун деп таңданам. Түндүк-Түштүктү түрө кыдырып, атам тааныбаган айылга барып алып, капчыктууларынын каалгасын кагып, ошол жердин сулууларын чогултуп, сынакка чыгарып, борбордон артисттерди чакыртып, кыздар кие турган кийимдерди атайын модельерден алдырып, сынакты жогорку деңгээлде өткөрөр элем. Бара-бара мокойсуңбу, тажайсыңбы же улам эле кыйынчылыктарды жеңем деп алпурушуп атып чарчайсыңбы, көңүлүң чаппай калат экен. Анүстүнө акыркы жолу өз кичи мекениме баргандагы жергиликтүү бийликтин кайдыгер мамилесине капа болуп калгам. Чыгармачыл адамдар таарынчаак, анан да өтө эле назик жандүйнөлүү келет эмеспизби. Же көп жылдан бери чогулуп келаткан чарчоого ушул кичине кайдыгерлик себеп болуп кеттиби, айтор, сулуулар сынагын таштагым келди. Бир жылдары дал ушул сынак өткөрөм деп жүрүп, карызга батып кеткем. Кеч болсо да баарынан кутулдум. Сулуулар гана эмес, айрым жерлерде мырза жигиттер сынагын да өткөрүп, жер-жерлердеги жигиттердин патриоттуулук сезимдерин козгоого да аракет кылганым бар.
- Жаштык менен коштошуудан кийин эмне бүтүм, эмне ой бар?
- Эч нерсени ойлобой, эртеңки күнү не болорубуздан санаа жок шатыра-шатман жүрө берчү экенбиз. Бул эми ал курактын өзүнө таандык нерселер. Табиятымдан адамдарга катуу же жаман айтпайм. Баарына жүрөк ачып салам. Кээде өзүм ошондон жабыр тартып калчумун. Улам бир жаңы окуя сабак болчудай, кайра кайталабачудай болом да, бир аздан соң кайра андан да жаман көңүл оорутчу нерселерге кабылып калам. Тез эле унутуп, өз нугум, өзөгүмө түшүп алам. Өзгөрүш үчүн кайра төрөлүшүм керек. Баары бир Кудай берет. Убакыт өткөн сайын ушул нерсени сезем, туям. Убакыт таразалайт. Жүрөгү барлары келип кечирим сурашат, ташбоорлору ошол бойдон калышат. Табалагандай болбоюн, алар оңгон жок. Чоң энем багып, эрке-талтаң болуп калганым үчүн ушундайдырмын балким канымда дагы деле балакыялдык термелип ойноп тургансыйт.
- Таң эртең теледен - "Заманадан" көрүп жүрөбүз сизди…
- 7-классымда союздун "Пионерская правда" гезитинин жаш кабарчылык күбөлүгүн алгам. Кийин замандын ыргагы, агымы менен мен да томолонуп шоу дүйнөгө түшүп калдым. Алгач теледе бир берүү жасап жүрчүмүн. Жаштык кылып кетип калган экенмин. Эми "Заманага" чакырышты. Биздин кесиптин ээлери түнкүсүн иштеп, күндүзү эс алган адамдар эмеспи. Мен үчүн учурдагы аябай чоң маселе - эртең менен саат беште туруу жана арыктамай.
- Акыркы кездери китеп жазып жүргөнүңүздөн кабардарбыз…
- Калем алчу учурум кайра келип калгандай. Бир кездеги түгөнгөн балалык казынам окуп, турмушту көрүп кайра толукталды көрүнөт. Адегенде өзүмө ал нерсе Айчүрөк Иманалиеванын китебин жазганымда байкалды. Кандай деңгээлде жаздым ага окурмандар өздөрү күбө, өздөрү сынчы. Буга дейре эки калемгерге сунушталганы менен алар жазбай, акыры менин калемиме туш келди. Көп жылдан бери катышып, чыгармачылыкта кызматташып келгеним Айчүрөктүн китебин жазышка мага биртоп жеңилдик берди. Азыркы алек болгон китебим Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Темир айылына арналган. Каржы жагын Казакстанда иштеген агам чечип бермекчи. Ушул айылдан эле 40ка жакын илим доктору, кандидаттары чыккан. Ленин ордени менен 4 киши сыйланган. Эл мугалими, эл артисти, эл жазуучулары, кинорежиссер, биринчи учкуч-истребитель, республиканын биринчи токой чарбасынын жетекчиси, алгачкы театралдык режиссер, физика-математика илимдеринин биринчи кандидаты өңдүү адамдар туурасында маалымат топтоп атам. Айылдын бүт тармактарынан тагдыры кызык, элге эмгеги сиңген адамдарды жазып, ошол китепти жарыкка чыгарууга тырышам.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы