Кыргыз гезиттер архиви

  Эже-агайларга күмүш сырга

Кайран тил карьераны эле эмес, капчыкты да кампайтат
Тапталган жол
Сайкал Бишкектен англис тили мугалиминин дипломун алып, туулуп - өскөн айылына кайтты. Шаардын азгырыгы көп турмушунан көрө ата-энесинин жанында болууну самады. Айылында аны мектепке дароо эле алышты. Жыл өткөндөн кийин башта келген кызыгуусу тарап, балдарды окутуудан же балдарга, же өзүнө пайдасы жогун түшүндү. Окуучулары англис эмес орус тилин билгиси келбейт. Өзүнүн айлыгы аз. Мектеп жетекчилиги башында убада кылгандарынын эч нерсесин аткарбады, карьера да жасап кеталбасына көзү жетти. Ошол маалда 2 айдан бери жумуштан үйгө чейин узатып жүргөн Асан "мага турмушка чыгасыңбы?" деп калды. Сайкалга асмандан издегени жерден табылгансып, ак жоолук салынып кете берди…

Тесттин тереңин билгиң келеби?
Ар бир кесиптин өсүш тепкичтери болот. Сайкал ал тепкичтерди көрбөй калгандай. Англис тили чоң дүйнөгө шаты болуп бере аларын баары түшүнөт, мугалимдер үчүн анын жолу кандай экенин иликтеп көрдүк. Англис тилин билүү бөлөк, аны окута билүү бир бөлөк. Улам чеберчилигине жараша жогорку даражаларга өсүп отурат. Маселен, англис тилин жөн эле билгендигиң TOEFL же IELTS тесттери аркылуу аныкталат. Ал эми тилди окута билгендер ТКТ (Teaching Knowledge Test) тапшырса болот. Андан жогору турган дагы 2 тест бар: CELTA жана DELTA. Аталган 3 тест тең Кембридж университети тарабынан иштелип чыккан. Кыргызстандыктар TKT ни Алматы шаарындагы Британиялык Кеңештин көзөмөлдөөсүндө тапшыра алышат. Ал эми CELTA жана DELTA тапшыруу үчүн Москвага учууга туура келет.

Сертификаттын секин сырлары
ТКТ тапшыруу чоң даярдыкты талап кылат. Окуунун акыркы методикалары жана теориялары сабактын планын уюштуруу боюнча жаңы кызыктуу ыкмалар, окуучу жана студенттердин кызыгуусун жана мотивациясын жогорулатуу принциптери менен таанышуу жүрөт. Башкача айтканда, квалификация жогорулатуунун дагы бир жолу. Ал эми жогорку квалификациялуу мугалимдерге суроо-талап да жогору, айлык акысы да керектүү деңгээлде. ТКТ сертификаты менен Европа мамлекеттеринде да сабак берүү укугуна ээ болосуз. Мисалы жаңы келген мигранттар үчүн англис тили боюнча курстарда ар дайым мугалимдер керек. Эгерде академиялык билим туура келсе, CELTA жана DELTA сертификаттары андан да жогору турган окуу жайлардын эшигин ачат. Ошентип, жөнөкөй орто мектептин мугалиминен баштап өссө болот.
Азыр Кыргызстанда ТКТ сертификатына ээ 6 мугалим бар, ал эми CELTA жана DELTA сертификатына эч ким ээ боло элек. Биринчиден, ал сертификаттарды талап кылган бир да окуу жайы жок, экинчиден тест тапшыруучу эң жакын жер Москва шаары. Үчүнчүдөн, тесттин акысы бир нече миң доллар турат. Ошентип, эң мыкты англис тил мугалимдери ТКТ сертификатына ээ. Бул тил үйрөнүүнү каалап курска барсаңыз, бир ооз бул сертификат тууралуу сурап билсеңиз болот. ТКТ сертификатына ээ окутуучу сапаттуу билим берүүнүн көрсөткүчү. Сертификатка кимдер ээ боло алышат? Биздин иликтөөбүз боюнча орто мектептердин мугалимдери, англис тилин окуп жаткан жана мугалим болууну көздөгөн студенттер, англис тилин эркин билип, тилди үйрөтүүнү каалагандардын бардыгы.

Нуржан АЛЫМКАНОВА




Ыйласам, министр, угасыңбы?
Учурда музыка десе эле шоудан аркы түшүнүк калкка жеткирилбей, кезинде пайдубалы бекем курулган олуттуу музыканын орду жоголуп баратат. Мунун эң негизги себеби 18 жашка чыккан эгемен өлкөбүздүн бүтүндөй бир муунун музыкага тарбиялоону бала бакчадан баштап, орто мектепте окутууну жөнгө коё албай, музыканы болгону оюн-зоок катары кабыл алып, радио-теле жана башка массалык маалымат каражаттарынан шоуну обу жок көп пропагандалоодон болууда.


Музыкага эмес, келечекке балта чаап жатасыңар

Музыка - татаал илим. Анын ар түркүн жанрлары кылымдардан бери изилденип, теориясы боюнча китептер жазылып, ондогон жылдар окутулуп, тарых, математика, философия ж.б. илимдер сыяктуу анын кандидаттары, докторлору бар. Айырмасы эл алдына ачык тартууланып, угулуп, көрсөтүлүп, элдин көөнүн көтөрүүчү багытта болгонуна байланыштуу ага илим катары олуттуу мамиле жасалбай келет. Ошондуктан жалпыга билим берүүчү орто мектепте музыканы окутууга өтө эле кайдыгер мамиле жасалат. Совет мезгилинде жумасына эки ирет өткөн сабак, жумасына бирге чейин кыскарды. Музыка сабагына болгон мындай мамиле бир нече жылдардан бери орун алып, абалды өзгөртүүгө Билим жана илим министрлиги тараптан таптакыр көңүл бурулбады. Музыка боюнча он жылдан ашык убактан бери окуу китебинин жарык көрбөй келиши буга далил. 2004-жылы эле 1-7-класстарда музыканы окутуу боюнча Билим Академиясы тарабынан программа иштелип чыгып, мектептерге таркатылган. Бирок программа окуу куралы менен бекемделген жок. Мектепте иштеген музыка мугалимдери окуу китеби качан чыгат деген суроону үстөккө-босток берип келишет. Жаңы программа жазылган соң, ошого ылайык окуу китептери да жазылып чыгыш керек эле. Жазылган да болчу. Жарыкка чыкпагандыктан ал окуу китептери кайсы деңгээлде жазылганын азырынча бир Кудай, анан авторлор өздөрү гана билишер. Жанагы олуттуу мамиле жок дегенибиздин себеби башка предметтер боюнча, мисалы, тарых, математика, адабият ж.б. окуу китептери тез-тез жаңыртылып басылып келет. Бир эле предмет боюнча ар башка авторлордун эмгектери альтернативдик окуу китептери катары сунушталып, мугалимдердин тиги же бул автордун китебин тандап алып окутууга мүмкүнчүлүктөрү болот. Деги эле окуу китептерин басууга эл аралык гранттар да байма-бай бөлүнөрүн билебиз. Билим жана илим министрлиги тарабынан музыка сабагы негизги предметтерге кирбейт деген түшүнүк орун алып, ошонун негизинде грант менен чыгуучу китептердин тизмегинен түшүп калат экен. Эгерде жандүйнөнү байытууга багытталган музыка сабагын негизгиге киргизбесек, анда ансыз да акча менен өлчөнүп калган жашоо деңгээлибиз, жандүйнөнүн жакырлануусунун тереңдөөсүнө алып бара жатканы жаш муундардын жүрүм-турумунан, алардын ой жүгүртүүсүнүн тайыздыгынан эле айкын көрүнүп турат. Коңгуроону убагында кагып, маселеге маани бербесек, эртең кеч болот.
Окуу китеби жетишпеген боштукту толтурууга өз алдынча аракеттенгендер да жок эмес. Акыркы жылдары айрым обончулар эл-жер, Атамекен тууралуу жана балдар үчүн жазылган ырларынын жыйнактарын чыгарып, ошолорду Билим жана илим министрлигинен же окуу департаменттеринен тааныш таап, алар аркылуу мектептерге окуу курал катары таңуулап жаткан фактылар жетиштүү. Мисалы обончу К.Букалаевдин "Ачык көңүл балдарбыз", Токтогул Имаш уулунун "Ак калпак кийсек жарашат", М.Бостонкуловдун "Балдарга ырдесте", К.Эралиеванын "Күн балдары" ж.б. Мунун жакшы жактары да бардыр. Бирок бир эле автордун ырлар жыйнагын бардык окуучуларга окуу китеп катары таңуулоого кандай мыйзам жол берет болду экен? Эгер ар кандай авторлордон түзүлгөн жыйнак болуп, кошумча хрестоматиялык окуу курал катары колдонууга сунушталса, башка кеп. Кызыгы, бул китептерде музыканын теориясынан, кыргыз же дүйнөлүк музыкалык адабиятынан жыт дагы жок. Жогорудагы фактылар акча жасоонун гана жолу экени түшүнүктүү го.
Албетте, бул жерде мугалимдердин окутуу сапаты да өтө төмөн. Алар музыка сабагын жалаң ыр жаттатып, чала ырдоо деңгээлинен көтөрүлбөй келиши, предметтин аброюн ого бетер түшүрүп салган. Музыкалык адабиятты, теорияны, бүгүнкү күндөгү музыканын түрдүү агымдарын иликтеп, орду-ордуна коюп түшүндүрүп бере турган, билими шайкеш келген музыка мугалимдери өтө аз. Ошондой мугалимдерди тарбиялоочу жогорку окуу жайларында да окутуу деңгээли түшүп кеткени жалпыга жашыруун эмес.
Жалаң бизнестин "битин сыгуу" же заманбап технологияны жакшы өздөштүрүүгө жашообуз ылайыкташканы менен, жандүйнөнү байытуу үчүн искусствону, анын ичинде музыканы кабыл алуу аң-сезими өрчүмөйүн улам кийинки муундун өргө чыгышы кооптуу болуп, келечегибиз өтө кыйын абалда калары турган иш.
Турдубек ЧОКИЕВ, композитор