Кыргыз гезиттер архиви

Жогорку Кеңештен 193 киши "садага чабылат"
Кечээтен баштап Жогорку Кеңеште иштеген катардагы кызматкерлер ич ара кыжы-кужу боло баштады. Буга төрага Айтибай Тагаевдин парламентти реформалоо боюнча буйругу себепчи болгон. Тактап айтканда, президентти туурап өз алдынча реформа жасагысы келген Көкүй төбөлү парламентти тазалоо боюнча атайын жумушчу топ түзүп, 193 кызматкердин кызмат ордун жоюп, өздөрүн эшикке айдоого белсенип турат. Ич ара бул буйрукту талкуулап жатып, айрым депутаттар "эми мынча кишини кантип жеп жаткан нанынан айрыйбыз. Эмгек кодекси боюнча аларга бир жерден жумуш таап беришибиз керек" деп чырылдашкан. Бирок төрага Айтибай Тагаев аларды"силер билесиңерби же селсебет билеби" таризинде жооткотуп койду дешет.

Мансап талаш мазесинде
Түштүктүн таасирдүү аксакалы Үсөн Сыдыков бүгүнкү күндө бийлик структураларын реформалоонун негизинде түзүлүп жаткан президенттин Улуттук кеңешине өз партиясынын өкүлдөрүн киргизүү үчүн чуркап жүрөт. Атургай өзүн бул кеңештин төрагасы болууга да ылайык көрөт окшойт. Анткен менен Үсөкенин атаандаштары да оңой кишилер эмес дешет. "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов да жогору жакка көз кысып, бул кеңешке өз кишилерин түртөм десе, Теңирчилик деп келген Дастан Сарыгулов да Улуттук кеңештин башында турууну мелжеп жүргөн имиш. Бирок мурдагы Чүйдүн губернатору, азыркы Коомдук ордо кеңешинин төрагасы Кубанычбек Сыйданов "Улуттук кеңешке төрага болууга менден башка эч ким жарабайт, мен деген Чүйдүн лидеримин" маанисинде манчыркап туру дешет.

Кимсанбаевичтин көзү жашылданып…
Акүйдүн жетинчи кабатында таасир талашуу күчөгөндөн күчөп баратыр. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров башында турган топ президенттин катчылыгы тараптан соккон "шамалга" туруштук бералбай, "крышасы" кыйшайып бараткан чагы. Ажонун кабинетине мурда ээн-эркин кирген Кимсанбай аксакалдын уулунун жолу бөгөлүп, көптөн бери "шефи" менен кенен-кесири сүйлөшүүгө зар болуп жүрү. Жардам сурап Үсөн аке Сыдыковго кайрылса, карт бөрү "эч нерсе кыла албайм" сыпатында алакан жайыптыр. Бу тейине караганда, А.Мадумаровдун башына айланган кара булут аны бир кезде спикерликтен шыпырылган кейпине келтирет окшоп калды.

"Балыксыңар" десек ишенишпейт, эй!
Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште жасаган кайрылуусунда депутаттарды талыкпай иштөөгө чакырып, "керек болсо легендарлуу парламенттей үлгү көрсөткүлө" деген эле. Мындан улам, эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө кызыгып, кимиси кандай эмгектенип атканын изилдесек, "легендарлуу парламентарийге" талапкер жети адамдын башы калдайып чыкты. Алар: А.Арапбаев, Э.Арсалиев, А.Бурханов, Ж.Жакыпов, Ж.Кудайбергенов, К.Кадыров жана Р.Шин. Мандат алгандарына эки жыл аяк басканына карабастан, буларың бир дагы мыйзам долбоорун көтөрүп чыкпаптыр. Болгону, добуш берүүгө катышып, "кнопка" басканды гана билишкен.

Артыкбаевден озгон Жапаров
Кечээ жакында Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров докторлук диссертациясын, экс-депутат Осмонбек Артыкбаев кандидаттыгын чогуу жакташты. Комиссия мүчөлөрүнүн баамында, Акылбек мырза мээ чөйчөгүнүн жакшы экендигин көрсөтүп, докторлугун ийгиликтүү коргогон. Ал эми О.Артыкбаевге келгенде, "саясатта эле жүрө берсе болмок экен. Мындан жарытып деле илимпоз чыкпайт…" деген пикирин сынчылар угуза да, шыбыраша да жаадырып атышты.

Бешимов жакында баарын айтат
КСДП фракциясынан мандатын тапшырып кеткен депутаттар партиянын лидери мүнөздөгөндөй, бийликтин кысымы аркылуу же өз каалоосу менен эл өкүлчүлүгүнөн баш тарткан эмес. Алар жөн гана партиянын олчойгон салыгын көтөрө албай четке чыга беришкен. Партиянын ички турмушу жөнүндөгү кызык иштер жакында ачыкка чыгат шекилди. Аны кадимки эле парламенттеги фракция лидери Бакыт Бешимов жакында жарыя кылат имиш. Айтмакчы, кокус Б.Бешимов да мандатын тапшырса фракция лидерлигине Кубанычбек Кадыров тапталып жатыптыр. (Эгер кесиптештери аны кол тийбестигинен ажыратып койбосо.)

Садыкжан ака баарын айтпайт го…
Экс да, эмки да Акыйкатчылар Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун Баткен коогалаңы учурунда япон жарандарын биз бошотконбуз деп айтып келет. Бирок биздин маалымат боюнча согушчандар менен эң алгачкы байланышты айтылуу Садыкжан Камалов түзүп, таасирдүү кишилерди ошол таап бериптир. Андан кийин гана өйдөдөгү элдик дипломаттар сүйлөшүүгө барышкан. Бирок муну ошол кездеги бийлик өкүлдөрү жашырып келет. Мындан тышкары, Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаткан ИДУнун онго жакын өкүлдөрү бошотулуп, япондорго алмашылганы, эки миллион доллардын чыры катылган сыр бойдон калууда. Балким ал акчанын тагдырын С.Камалов билип жүрбөсүн…

"Агым-пресс"




  Жакаңды муунбай карма!

Каапырлардын "жаныбары" каптап келатыр…

Дүйнө элинин үшүн алган чочко ылаңы 24-августта Кыргызстанга жеткени маалым. Дал ошол күнү жугуштуу дарттар боюнча республикалык клиникага кайрылган жубайларда чочко ылаңынын белгилери аныкталган. Жеке иштери менен Дубайда жүргөн жубайлардын бири учак менен Алматы жетип, ал жактан темир тулпар менен Бишкекке келген. Андан А/Н1N1 вирусу өмүрлүк жарына жугуп, экөө тең убагында ооруканага кайрылып, сакайып чыгышкан эле. Августтан бери 19 адам текшерүүдөн өтүп, үчөөнөн чочко ылаңынын белгилери табылган. Бул илдет муну менен эле тим калбаптыр. Саламаттык сактоо министринин орунбасары Сабиржан Абдикаримовдун үрөй учурган маалыматына ишенсек, жакында чочко ылаңы менен бир миллионго чукул кыргызстандык жабыркаса (Кыргызстан калкынын саны беш миллиондон араң ашат - Н.К.), анын ичинен 150 миңге чукулу илдеттин оор түрүнө чалдыгышы мүмкүн экен!.. Өлкөнүн башкы санитардык врачынын айтымында, учурда ага каршы вакцина сыноодон өтүүдө. Экспертиза оң натыйжа берсе, ноябрь айынан тартып калкты эмдөө башталат.
Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан чочко ылаңына каршы түрдүү иш-чаралар өтүүдө. Айрыкча чегараларды көзөмөлдөө, сырттан келген жарандарды текшерүүгө өзгөчө басым жасалган. Непадам, А/Н1N1 вирусунун белгиси байкалчу болсо, аны тез аранын ичинде дарылоочу атайын жайлар ачылган. Бирок, 25-августтагы статистикага ылайык, жаныбар атын алган вируска каршы 8000 даана "тамфлю" дарысы бар. Адистердин баамында, мындай өлчөмдөгү дармек эч нерсеге жетпейт. Андыктан, өкмөткө эмес өзүңө ишенип, ооруп калгандан алыс болууга аракет кылгыла.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ