Кыргыз гезиттер архиви

  Кадыр түн тостуңарбы?

Ак кочкордой бала берсин бешигиңе,
Агып келсин ырыс, кут эшигиңе

Орозо айында жарамазан айтуу эзелтеден келаткан кыргыз салты. Ошол салтты улай, "Агымдын" жигиттери Эл баатыры Сүйүнбай Эралиевдин, академик Абдыганы Эркебаевдин жана парламенттеги "Акжол" фракциясынын депутаты Турдукан Жумабекованын үйлөрүнө жарамазан айтып барышты.


Абдыганы мырза Акаевди айыптабайт
Алгач ат тизгинин коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин үйүнө бурдук. Абдыганы ага "агымчыларды" жылуу кабыл алып, өткөн күндөрдөн кеп козгоп берди. А кишинин айтымында, мурдагы бийлик учурунда азыноолак болсо да жакшы иштер жасалыптыр. "Аны бүгүнкү бийлик төбөлдөрү билсе да билбегендей түр көрсөтүп, өткөндү жамандай бергени адилеттикке жатпайт" дейт ал.


"Агымчылардан" ар нерсени күтсө болот"
Кыргыздардын үйүнүн эшиги түн тургай, күндүзү ачылбай калган заманда "акжолчу" депутат Турдукан Жумабекованын өргөөсүнө барганыбызда, үйүнүн эшиги ачылып турганын көрүп таңгалдык. Ошого жараша Турдукан айымдын ички жандүйнөсү да ачык, таза экенине күбө болдук. "Гезитиңердин өткөн санына мени саясый технолог жалдатып, жердеш агаларым Осмонбек Артыкбаев менен Тайырбек Сарпашевдин ордун басууга жан үрөп аракет жасоодо маанисинде чымчып өтүпсүңөр. Силердин тамашаңарды туура кабыл алам. Журналист журтчулугун абдан сыйлайм" деди.


Түнкү саат он экиде
Шаардыктар кадыр түндү кандай тосуп атканын билүү максатында борбордук мечиттин босогосун аттадык. Мечитте 10 миңдей адам чогулуптур. Кадыр түн, жарамазан туурасында Бишкек казыятынын казысы, борбордук мечиттин имам-хатиби Молдошакир Маматов буларга токтолду.
- Биссмиллахи Рахмани рахиим. Бүгүн Орозо айынын эң берекелүү түнү - кадыр түндө турабыз. Кадыр түндүн мааниси Алла Таала миң айлык ибадаттан абзел деген. Демек, бүгүн эки ирет намаз окуп коюш керек. Ибадат кылгандарга кыргыздын сооп алайын деген жигиттери он килден аш басып, ооз ачтырып жатышат. Бул түндө пенделер бири-бирин кечиришип, араздашуудан алыс болуп, Кудайдан жакшылык тилеши абзел. Жалпы жонунан Кыргызстанда эки миңден ашуун мечитте кадыр түн тосулуп жатса, борбор калаада 45 мечит элге жык толгон.
- Жарамазан айтуу мусулманчылыкка жатабы?
- Жарамазан айтуу шарыятта жок. Бирок, бул бабалардан калган салт. Жарамазандын максаты - орозо айынын келгендигин билдирүү. Негизи, шарыятта жарамазан айтып келгендерди кубандырып бир нерсе бергенге уруксат. Андыктан, жакшы тилек менен келгендерге жакшылык кылуу парзыбыз.


Эл баатырынын батасы
Кыргыз поэзиясынын алпы, Эл баатыры Сүйүнбай Эралиев абанын үйүнө баш бактык. Токсонго таяп калган Эл акыны жарамазаныбызды аягына чейин укту. Бир маалда каалгый басып келип учурашты. Жарамазандын ырымын жасады.


"Агымчы" жигиттердин вариантындагы жарамазан
Ассалоому алейкум жарамазан,
Он эки айда бир келген орозо жан,
Жарамазан айтып келдик эшигиңе,
Ак кочкордой бала берсин бешигиңе.
Ак тилектен биз келдик "Агым" жактан,
Агып келсин ырыс, кут эшигиңе!

Орозо айы сиздерге ыйман берсин,
Ортобузга ылайым сыйдан берсин.
Аруу тилек, максаттар ишке ашып,
Сиздер күткөн бакытты ылдам берсин.
Кудай өзү жар болуп, үй-бүлөгө,
Кайрымдуу кыз, келинден, уулдан берсин.

Жарамазан кыргыздын салты экен,
Салтты билүү кыргыздын баркы экен.
Жарамазан айтып келген шок жигиттер,
Куттуу үйдөн курут, май алчу экен.
Ага, жеңе, карындаш, эжекелер,
Алкыш айтып аларга калчу экен.

Чака-мискей кылдырайт, май томуруп жатабы?
Күбүр-шыбыр болушат, акча санап жатабы?
Кыргыз уулу кымпыйып, жатка санап жатабы?
Антпегиниң агатай, ак наныңдан берегой,
Ак пейилдүү жеңем менен ак батага келегой.
Айда-жылда бир келдик, сараңданба жеңе, кой!
Даярдагандар
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, Мелис СОВЕТ уулу