Кыргыз гезиттер архиви

Рубрика каармандары - адабият жана медиа-бизнестин
айым өкүлдөрү. Бири азыркы адабият акыбалынан кеп салса,
экинчиси Кыргызстандагы медиа бизнес мүмкүнчүлүктөрүнө баа берип,
ишкердик сырларынан бөлүшөт.
Адабият
Топчүгүл айым Журналисттер жана Жазуучулар союзунун мүчөсү. 100дөн ашуун илимий жана публицистикалык макалалардын, "Кыз бала", "Жан шерик", ж.б. китептердин автору, 2007-жылдан бери дүйнөдө адабиятты улуттар арасындагы баарлашуу куралы катары даңазалаган ПЕН (poet, essayist, novelist) уюмунун Борбордук Азиядагы борборунун вице-президенти.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА:
"Калем адам жынысына карабайт"
Эгемендүүлүктү алгачкылардан болуп калемгерлер туйган. Ошол жылдары публицистикалык макалалар гезит беттерин ээлеп, көбү публицист болуп кетишкен. Бул оперативдүү жанр ошол мезгилдин талабы болчу. Алар көкүрөгүндө эркиндикти сезип, колдон-буттан тушаган соцреализмден, советтик идеологиядан арылганы менен жазуучу катары өзүн көрсөтүүгө келгенде уюштуруучулук жактан биртоп эле кыйналып калышты. Чыныгы акын-жазуучулар четке сүрүлүп, чөнтөгүндө тыйыны бар, сүйлөм түзө алган эле кишилер китеп чыгара башташты. Жазуучулук чөйрөдө ошондой катмар тамыр жайып кетти. Жеке менчик типографиялар жүзгө жетиптир, көпчүлүгүндө басылган китептердин көркөмдүк да, полиграфиялык да сапатына көңүл бурулбайт.
??
Өзүңөргө белгилүү болгондой, Жазуучулар союзу структуралык кризистерге тушукту. Биздин жазуучулар бекем, туруктуу союзга муктаж. Китептери жарык көрүп, башка тилдерге которулушу зарыл. Анда бир гана жазуучулар эмес, адабиятчы, адабий сынчылар, котормочулар топтолушу шарт. Бүгүнкү союздарга менеджмент керек. Мурдагыдай китеп жазып коюп, каражатты мамлекеттен күтпөй, дүйнөлүк стандарттарга теңелүүгө мезгил келди. Демократиянын жоопкерчиликти адамдын өзүнө таккан жагдайы бар.
??
Кыргыз адабиятынын бүгүнкү өксүгү - адабий сын деген жок. 2007-жылы Финляндияга барып жазуучулар коомунун жыйынына катышып келгем. Китеп дүкөн ушундай көп экен Хельсинкиде. Сырына кызыксам, ал жерде канча жазуучу болсо, ошончо сынчы бар экен. Ошол сынчылар эле окурман журтка китептерди ылгап, иргеп берип коет тура. А биз чыккан китептерге сын-пикир айткандын ордуна мактамайга өтүп алдык.
??
Эларалык аренада адабият жаатында ПЕН-борборлор иш алпарат. Бул адабий уюм эмес, мындай борборлор ошол адабият, журналистика жаатындагы укук коргоочу мекеме. Алардын ою, пикири эркин айтылышына шарт түзүү. Эларалык уюмдарга долбоор жазуу менен акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларынын таралышына көмөктөшөт. Кыргызстанда 10го жакын майып акын-жазуучу бар. Жакында эле Стамбул шаарында өткөн ПЕН жыйынында ушундай калемгерлердин китептерин чыгарууну сунуштадым. Буга эки-үч жылдан бери аракет кылып жүрөм. Эмки жылы Бишкекте өтө турган эларалык конгрессте Урал-Алтай эпикалык чыгармалары талданат.
??
Үч жыл мурун Кыргызстандагы жазуучу кыз-келиндердин конгрессин өткөргөнбүз. Анын түшүмү - кыз-келиндердин чыгармалары камтылган альманах финн, орус, англис тилдерине которулуп чыкты. Бир кезде "Мага акын келин эмес, катын келин керек" деген курч макалам чыккан. Байкасам, калем кармаган кыз-келиндердин көбүнүн турмушу бузулган. Аялга чыгармачылык менен үй-бүлөнү тандоо шарты коюлат. Поэзия деген поэзия, чыгарма деген чыгарма. Бирок, түркөй мамиле менен көбүнесе күйөөлөрү ошол чыгармаларынан жаңжал чыгарып, кол көтөрүшөт экен. Чыгармачыл аял зордук-зомбулукка ириде өз үйүндө кабылат. Экинчиден, аял кишиде ички цензура күч. Бул нерсе өзүмдө да болгон. Көкүрөктөгү нерсени кээде коомдон - ата-энең, туугандарың же балдарыңдан тартынып жаза албайсың. Кыз-келиндердин чыгармачылыгы бийик деңгээлге чыгышы үчүн көп тосмолорду жарып өтүп, стереотиптерди талкалап, цензуралардын бар түрүнө туруштук бере билишибиз керек. Аял өзүнүн кыйындыгын, отурган креслосуна, жетишкен ийгилигине чындап татыктуу экенин далилдеши өтө татаал. Анүчүн катарыңдагы эле эркектен 10 эсе көп иштейсиң. Коом ушундай экен. Бирок, чыгармачылыкта гендердик стереотип болушу натура. Калем адамдын жынысына карабаган нерсе. Жазуучу кыз-келиндерге айтарым, ырас колуңа Кудай калем карматкандан кийин көкүрөктөгүнү жазыш керек, айтыш керек.




  Медиа-бизнес

Медиа-бизнесте Айнура айым 10 жылдан ашуун иш алпарат. Адегенде жөнөкөй журналист катары теледен башат алса, ушул тапта медиа-бизнес жаатында иш алпарган корпорацияны жетектейт.

Айнура
ТОКТОШЕВА:
"Рекламасыз ири ишкананын да тили жок"
- Медиа-бизнесте 10 жылдан берки өсүш, дегеле өнүгүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүктөр барбы?
- Алгач баштаганыбызда "Реклама жөнүндөгү" мыйзам да жок эле. Ал жылдары рекламалык блок деген да түшүнүк жашаган эмес. Азыр бул тармакта абал алдаканча жакшырган. Кандай ишкер болбосун, рекламанын касиетин сезбей кое албайт. Ансыз ал тили жок, өндүргөн буюмун же көрсөткөн кызматын элге жеткире албайт.
- Медиа-бизнестин өнүгүшүнө рекламалык кардарлардын катмары кеңири элеби?
- Биз тамашалап, компанияларды "кит", "акула" деп бөлүп коебуз. Булар өтө эле аз санда. Бирок, башкысы таптакыр жок эмес. Ал эми рекламага ушул эле биртоп жетишерлик нерсе.
- Рекламага көзөмөл мамлекет тараптан болгону туурабы же агенттик өздүк цензурага сала алабы?
- Үй-бүлөлүк шарттарга жараша, бир жылдары Казакстанда да рекламалык агенттикте иштегем. Мындан бир нече жыл мурун эле ал жакта рекламага катуу көзөмөл жасалчу. Бизде эми-эми көзөмөл колго алынып келатат. Мисалы, дүйнөлүк бренддердин рекламалары борбордук кеңсеси тарабынан ар өлкөгө таркалат. Ушул жерде айрым агенттиктер кыргыздын менталитетин эске алышпайт. А бул эң маанилүү нерсе. Бир ирет ун рекламасы эфирден кетип атат. Сюжети боюнча Кожо Насреддин эшегин минип келет да, ар кайсы ундан жасалган нанды жеп көрүп тандап отуруп, чет өлкөлүк унду мактайт. Байкап калып, ошол роликти эфирден алдырып салгам. Анткени, кыргыз нан тандабайт. Дагы бир чоң көйгөй ошол роликтерди кыргызчалатканда чыгат. Мындай нерселерге албетте, мамлекет көзөмөл жүргүзгөнү оң.
- Журналисттик чыгармачылыктан неге бизнес жагына ооп кеттиңиз?
- Студент кезде "Сары өзөн" телекомпаниясынын тапшырмасы менен съемкага чыккам. Биз барган ишкана маалыматы жаңылык өлчөмүнөн ашып кеткендиктен, аларга акы төлөп толук сюжет жасатууну сунуштагам. Алар макул болуп, 15000 сомдук рекламалык материал даярдаган элем. Ошол сюжет багытымды медиа-бизнеске буруп койгон. Бирок, ошол эле журналисттик чөйрөдө - кыргыз телерадиосунда, "Европа" компаниясында, андан сырткары биртоп ири ишканалардын рекламалык бөлүмдөрүн жетектеп жүрдүм. "Миң кыял FM" радиосун нөлдөн баштаган элек, азыр бутуна туруп калды. Буга да өз салымым бар деп айталам. Жүрөгүндө чыгармачыл адам бизнес, каржы маселесине келгенде деле чыгармачылык менен мамиле кылат.
- Ар бир эле журналист рекламанын тилин таап кете албайт…
- Рекламалык агенттин өзүнө да башкаларды тартып алчу касиетине ээ тил талап кылынат. Мактангандай болбоюн, бул жагынан мага жаратылыш аянбаптыр. Радиодо иштеп жүргөнүмдө реклама мүнөтүн метрлик телеканалдын мүнөтүнөн да кымбат сатыпмын. Муну кесиптештерим азыр да кеп кылып калышат. Медиа-бизнесте биртоп жылдан бери жүрүп майда-чүйдөсүнө чейин үйрөндүм. Үйрөнө элегим канча. Азыр деле семинар, тренингдерден калбайм. Медиа, реклама чөйрөсүндөгү жаңылануулардан кабар алып, өздөштүрүүгө тырышам. Эгерде бир пиар-кампания баштап алсам, баш-отум менен кирип кетем. Рекламалык агент катары иш баштап эле, бара-бара консультантка айландым. Анткени, компанияларды кыдырып жүрсөң, жетекчилери сенден кеңеш сурашат. Ар бирине анын компаниясын өзүмкүндөй көрүп, билгенимди бүт айтып бере берем. Акы төлөсүн деп күтпөй эле ишине идея кошом. Убагында кеңешимди угуп, ийгилиги арткан кардарларым жакшылыкты эч унутушпайт.
- Иште кандай принциптерди жетекчиликке аласыз?
- Еврей, орус, өзбектер менен көп иштедим. Патриотмун, бирок, менде тууганчылык же ишке "кыргызчылык" мамиле жок. Кол алдымдагылар мейли түндө, мейли күндүз, мейли иш жума, мейли демалышта иштесин, болгону берилген тапшырманы так, сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарып бергени мага жетиштүү. Эртең менен 9да келип, кечки саат 5те кетүү керек деген сапатка эмес, сан үчүн иштөө тартибин кабылдай албайм. Ичкиликти ашкере таткандар менен иштешким келбейт. Анан да айым болгон соң, жетекчисиңби же ишкерсиңби, эң биринчи айым бойдон калыш керек. Жаратылыштан алган мүнөздөн айрылбай, аялзатына тийиштүү назиктикти сактаганы оң. Анткени, коомдо кандай кыйын ишкер айым болсоң да, үйдө энелик, кожейкелик милдет күтөт.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы